Кайта келүү

 

 Конъюнктура: 14 - 18 июль

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 16-июлундагы отурумунда төмөнкү маселелер каралып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды:  

 

· “Улуттук банк Башкармасынын “Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу” 2014-жылдын 30-майындагы №24/8 токтомунун 1-пунктун колдонууга киргизүү жөнүндө” (№ 32\4); 

· “Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерин” бекитүү тууралуу” (№ 32/5); 

· “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган банктардын капиталынын шайкештигине карата талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (№ 32/6); 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “виртуалдык валюталарды”, анын ичинде биткойндорду (bitcoin) пайдалануу жана таратуу боюнча эскертүүлөрү 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы акыркы мезгилдерде дүйнөдө “виртуалдык валюта”, анын ичинде биткойндор (bitcoin) сыяктуу жаңы кубулуштардын пайда болгонуна жана алардын таралышына көңүл буруу зарылдыгы тууралуу маалымдайт. Ошондой эле алар «криптовалюталар», «цифралык валюталар», «борбордон ажыратылган виртуалдык валюталар» (мындан ары «виртуалдык валюталар») деген аталыштар менен да белгилүү. Кыргызстанда да мындай “виртуалдык валюталарды” пайдалануу, аларды таратуу, калк арасында кеңири жайылтуу аракеттери көрүлүшү мүмкүн.   

Аны менен катар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өлкөбүздүн аймагында жападан жалгыз мыйзамдуу төлөө каражаты болуп, Кыргызстандын улуттук валютасы “сом” эсептеле турганын эстен чыгарбоо зарыл. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөө каражаты катары «виртуалдык валюталарды», биткойндорду пайдалануу биздин мамлекетибиздин мыйзамдарын бузууга жол берүү болуп саналат.   

Жогоруда айтылгандардан улам Улуттук банк, «виртуалдык валюталарды» пайдалануу менен байланышкан тобокелдиктер менен кесепеттер тууралуу калкка толук маалымат берүүнү учурдун талабы деп эсептейт.   

1. Камсыздоонун жоктугу менен байланышкан тобокелдиктер. «Виртуалдык валюталар» боюнча эч ким милдеттенме албайт жана алар материалдык (финансылык) камсыздоого ээ эмес. Мурунтан калыптанган кагаз акчалар менен банктарда сакталган нак эмес акчалардан айырмаланып, мындай «виртуалдык валюталарды» материалдык жактан кармап көрүү мүмкүн эмес, атайын бөлүштүрүлгөн электрондук түйүндөрдө гана жүгүртүлөт жана аларды ошол түйүндүн ичинде гана пайдаланууга болот.    

2. «Виртуалдык валюталардын» ачык-айкын наркынын жоктугу. Аларды сатып алуу-сатуу жана башка мурунтан калыптанган валюталарга алмаштыруу операциялары «биткойн-банкоматтар» деп аталган атайын терминалдарда же «виртуалдык валюталардын» баасын же алмашуу курсун түзгөн «виртуалдык биржаларда» же «виртуалдык алмашуу жайларында» ишке ашырылышы мүмкүн. «Виртуалдык валюталардын» наркы кайсы бир валютага же башка активге эч тиешеси болбойт, болгону анын суроо-талап менен сунушка карата түзүлгөн наркы «виртуалдык валюталардын» алмашуу курсунун өзгөрмөлүүлүгү менен баасын жоготуунун жогорку деңгээлдеги тобокелдиктерин жаратат.   

3. «Виртуалдык валюталар» менен эсептешүүдөгү тобокелдиктер. «Виртуалдык валюталарды» сатып алуу эч кандай финансылык уюмдардын ортомчулугу жок ишке ашырылат. Транзакцияны жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Системаны контролдукка алган борбор жок болгондуктан улам, мыйзамсыз транзакцияларды артка кайтаруу же даттануу жүргүзүлбөйт. Эгерде төлөм ишке ашырылып, бирок товар же кызмат көрсөтүү алына элек болсо, төлөмдү кайтарып алууга кепилдик берилбейт. «Виртуалдык валюталарды» уурдатып алган учурда, аларды кайтарып алуу мүмкүн эмес, себеби бул системада катышуучулардын жеке маалыматтарды жашыруун болуп эсептелет жана эки тараптын макулдугусуз транзакцияны кайтаруу мүмкүн эмес.    

«Виртуалдык валюталар» дүйнөдөгү бир дагы борбордук мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынбайт. Бир даражадагы түйүндүн таралышы жана кайсы бир борбордун жок болушу иш жүзүндө системаны мамлекет тарабынан же жеке жөнгө салууга болбой тургандыгына алып келет.   

Жогоруда айтылгандардан улам, алар менен байланышкан тобокелдиктерди эске алуу менен Улуттук банк, «виртуалдык валюталарды» пайдалануудан, аларды сатып алуу-сатуу жана башка валюталарга же активдерге алмаштыруу операцияларына катышуудан, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана аткарган иштерди сатып алууга жана сатууга төлөө каражаты катары «виртуалдык валюталарды» кабыл алуудан, төлөөдөн алыс болууну сунуштайт.   

Улуттук банк, «виртуалдык валюталар» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынбай тургандыгын жана бүгүнкү күндө «виртуалдык валюталар» менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу үчүн ченемдик укуктук база жоктугун билдирет.    

«Виртуалдык валюталарды» кандайдыр бир деңгээлде пайдаланган адамдар же субъектилер жогоруда баяндалган тобокелдиктерге дуушар болушат. Ошондой эле мындай иш менен алектенүүнүн аркасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берүү ыктымалдыгы менен байланышкан терс кесепеттерге учурайт.  

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

 

"Финанс Профи" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 15-июлунда № 5138 лицензиясы берилди. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын № 3129. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көч., 144. 

 

"Береке КМТ" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 15-июлунда № 5137 лицензиясы берилди. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын № 3128. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Дэн-Сяопин пр., 10-2. 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гроссовая система 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

2014-жылдын 14-июлунан тартып 18-июлун кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

37 755 176 774,08 

73 254 

1 969 114 728,34 

68 144 

35 786 062 045,74 

5 110 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

5,2 

93,0 

94,8 

7,0 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,1 

1,3 

1,4 

1,4 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

5,2 

7,5 

19,6 

8,1 

4,4 

0,7 

БКга түшкөндөр 

10,2 

50,7 

24,3 

53,9 

9,5 

7,1 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,04 

1,9 

0,8 

2,0 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,4 

8,2 

7,2 

8,8 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр  

Абсолюттук мааниси  

33 874 528 871,28 

68 029 

1 937 268 520,27 

62 815 

31 937 260 351,01 

5 214 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

3 880 647 902,80 

5 225 

31 846 208,07 

5 329 

3 848 801 694,73 

-104 

11,5 

7,7 

1,6 

8,5 

12,1 

-2,0 

  

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

11.07.2014 

18.07.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны   

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

 

310 762 

   

 

312 583 

   

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1365 

747 

618 

 

1365 

747 

618 

Банкоматтардын саны  

368 

368