Кайта келүү

ФАТФ миссиясы кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жагында Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан ишке алгылыктуу баа берген  

 

"Арам" акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү жагында финансылык чараларды иштеп чыгуу боюнча топтун (ФАТФ) баа берүү миссиясы ушул жылдын 24 - 25-апрелң күндөрү иш сапары менен Бишкекке келген. Эксперттер (ФАТФнын эл аралык кызматташуу боюнча баяндама даярдаган жумушчу тобуна караштуу Европа/Евразия регионалдык топторунун тең төрагасы Йенс Фюрхофф, Германия Федеративдүү Республикасынын Финансылык көзөмөл федералдык башкармалыгынын төрагасы Кристина Питцер, Люксембургдун Улуу Герцогунун камсыздандыруу маселелери боюнча комиссариатынын өкүлү Соланж Кригер, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жагында иш алып барган Евразия тобунун администратору Куралай Игембаева), Кыргыз Республикасынын терроризмди каржылоого/кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча улуттук системасынын ишиндеги калпыстыктарды четтетүү, ФАТФ тарабынан иштелип чыккан иш-чаралар планынын Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышын текшерүүгө алуу максатында Кыргызстанга келген. Бул программа Кыргызстан ФАТФ тарабынан күчөтүлгөн мониторингге алынган өлкөлөрдүн тизмесине кирген учурдан кийин, 2011-жылы иштелип чыккан. Биздин өлкө ФАТФнын 49 сунуш-көрсөтмөсүнүн ичинен 33ү боюнча "алгылыксыз" баа алышынан улам, мониторинг жүргүзүү зарылчылыгы мындай программанын кабыл алынышына негиз болгон.  

Миссиянын иш сапары алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, көзөмөл жүргүзүү органдарынын жана жеке сектордун өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөн. ФАТФ миссиясынын өкүлдөрү бул багытта жөнгө салынган улуттук системадагы алгылыктуу өзгөрүүлөрдү белгилеп, Кыргызстанга сунушталган иш-чаралардын көпчүлүгү аткарылгандыгын баса көрсөткөн.  

ФАТФ өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын көзөмөл жүргүзүү органдарынын ишине алгылыктуу баа берилген, айрыкча террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жагында Улуттук банктын жүргүзгөн иши баса белгиленген. Алсак, Улуттук банк ФАТФ планын жүзөгө ашыруунун алкагында "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча" мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгууга, "Лицензиялоо жөнүндө" мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү даярдоого катышып, "Кыргыз Республикасынын Төлөм системасы жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Көзөмөл органынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун алкагында Улуттук банк, өлкөнүн коммерциялык банктарынын жана башка финансы-кредит мекемелеринин ишине мониторинг жүргүзүп, алар тарабынан терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын бузууга жол берилген учурда аларга карата таасир этүү чараларын кабыл алып жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүп турган. Алсак, Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо кызматынын өз ара иш алып баруусунун алкагында коммерциялык банктарды, банктык эмес финансы-кредит мекемелерин жана алмашуу бюролорун кошо алганда, 760 финансы-кредит мекемесинин ишине жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү жыйынтыгы боюнча маалымат берилип, тиешелүү субүекттерге карата 578 таасир этүү чаралары колдонулган, аталган мыйзам талабын сактабагандыгы үчүн эки финансы-кредит мекемесинин лицензиялары кайтарылып алынган.  

Улуттук банктын Төрагасынын милдетин аткаруучу Заир Чокоев: "Улуттук банк, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жагында жүргүзүлгөн иштерге чоң маани берет. Бул бир гана улуттук финансы системасына ишеним көрсөтүү гана эмес, биринчи кезекте ал каражаттарды алып чыгуу жана мыйзамсыз жол менен баюу үчүн кылмышкерлердин обүектиси болушу ыктымал болгон, каражат салган аманатчылардын таламдарын коргоо маселесин чечүү болуп саналат. Жогоруда аталган системанын сапаттуу жогорку деңгээлде жөнгө салынышы - биздин өлкөнүн аброю жана анын коопсуздугун камсыз к ылуу да болуп саналат".  

Баа берүү миссиясынын иш жыйынтыгы ФАТФнын Москва шаарында ушул жылдын 16-20-июндарында өтө турган кезектеги пленардык отурумунун кароосуна сунушталат. Ошол эле жерден Кыргыз Республикасынын "кара тизмеден" чыгаруу чечими да кабыл алынат.  

УЛУТТУК БАНКТЫН МААЛЫМАТЫ  

Кыргызстанда терроризмди каржылоого/кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү системасы Финансылык кыянаттык менен күрөшүү боюнча эл аралык уюмдун сунуштарына (ФАТФ) ылайык жөнгө салынган.  

Бул ишке Кыргыз Республикасынын 14 министрлиги жана мамлекеттик ведомстволору тартылган. Системанын негизги жана координациялоосу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жүктөлгөн.  

Көзөмөл орган катары Улуттук банк, лицензияланган финансы-кредит мекемелери тарабынан банктык мыйзамдардын аткарылышына жана тиешелүү маалыматтардын Финансылык чалгындоо кызматына өз учурунда берилишине контролдук жүргүзүп, мамлекеттик орган катары милдеттүү контролдукка алынуучу мамлекеттер жана операциялар, шектүүлүктү айкындаган критерийлер тизмегин макулдашууга катышат. Улуттук банк өзү көзөмөлдүккө алган финансы-кредит мекемелеринде инспекциялоону (же ички контролдукту) жүргүзүп анын жыйынтыгы боюнча маалыматты Финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүп турат.  

Маалымат берүүгө тийиш болгон мекеме катары коммерциялык банктар ушул максатта кардарды индентификациялоону/тиешелүү текшерүүгө алууну, шектүү операцияларды аныктоону, ал операциялар тууралуу маалыматтардын өз учурунда берилишин камтыган системаны (же ички контролдукту) уюштурууга милдеттүү. Ал эми Финансылык чалгындоо кызматы алынган маалыматтарды жалпылап, аларга талдап-иликтөөлөрдүн негизинде укук коргоо органдарына тиешелүү материалдарды сунуштап турууга тийиш.  

Кыргызстанда ушул багытта жөнгө салынган системанын иши Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү" мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылып келет 

 

ФАТФ (FATF- The Financial Action Task Force) - бул, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелердин изин жашырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө дүйнөлүк стандарттарды иштеп чыккан, ошондой эле улуттук системалардын ушул стандарттарга ылайык иш алып баруусуна баа берүүнү ишке ашырган өкмөттөр аралык уюм.  

ФАТФ, 1989-жылы демилгечи болгон "Жети өлкөнүн" чечими боюнча түзүлгөн жана ушул багытта эл аралык стандарттарды иштеп чыгууну жана имплементациялоону жүргүзгөн негизги эл аралык институт болуп эсептелет. Дүйнөнүн 35 өлкөсү жана 2 уюму ФАТФ мүчөсү болуп саналат, 20 уюм жана 1 өлкө байкоочу катары катышат.  

"Арам" акчанын изин жашыруу чөйрөсүндө 5 жылда орточо алганда бир жолу текшерүүгө алынып турган 40 сунуш-көрсөтмө, ошондой эле эл аралык терроризмдин курчушуна байланыштуу 2001-жылдын 11-сентябрдагы окуядан кийин терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө атайын иштелип чыккан 9 сунуш-көрсөтмө ФАТФнын өз мандатын жүзөгө ашыруудагы негизги инструменттен болуп саналат.  

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

"Опция" ЖЧКсына чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 23-апрелинде № 5124 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көч., ү.150. 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайра кайтарылган: 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы "Ала-Тоо Финанс" МКАга 2012-жылдын 20-апрелинде берилген № 201 күбөлүк, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы "Ала-Тоо Финанс" микрокредиттик агенттигин жоюу жөнүндө" 2014-жылдын 24-мартындагы №178 токтому күчүнө киришине байланыштуу 2014-жылдын 21-апрелинен тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Чүй пр., 106. 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Куджинң" ЖАКка 2003-жылдын 29-декабрында берилген № 16 күбөлүк, уюштуруучунун 2014-жылдын 18-апрелиндеги №1 чечимине ылайык, 2014-жылдын 22-апрелинен тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Манас пр. 157/1. 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Страна Кредитов" ЖЧКсына 2007-жылдын 9-январында берилген № 16 лицензия, 2014-жылдын 21-апрелинен тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көч., № 99, 3-кв.  

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "АБН и Партнеры" ЖЧКсына 2007-жылдын 29-августунда берилген № 89 күбөлүк, уюштуруучунун 2014-жылдын 16-апрелиндеги №23/4 чечимине ылайык 2014-жылдын 22-апрелинен тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Талас областы, Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, К. Маркс көч., №49. 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Таза Коом" ЖЧКсына 2007-жылдын 25-декабрында берилген № 105 күбөлүк өзүнөн-өзү жоюулуп кетишине байланыштуу 2014-жылдын 21-апрелинен тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Талас областы, Талас району, Ак-Сай айылы, С. Кутманалиев көч., 96. 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык 

төлөмдөр системасы, 

бардыгы болуп 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гроссовая система 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2014-жылдын 21-апрелинен тартып 25-апрелди кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил)  

Абсолюттук мааниси  

33 180 796 411,10 

57 654 

1 586 597 776,97 

53 745 

31 594 198 634,13 

3 909 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын  

төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

4,8 

93,2 

95,2 

6,8 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг  

борборунун таза позициялары 

0,04 

1,5 

0,9 

1,6 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

5,0 

8,6 

17,0 

9,1 

4,4 

1,5 

БКга түшкөндөр 

13,2 

47,5 

21,3 

50,7 

12,8 

4,0 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,02 

0,8 

0,5 

0,9 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,2 

5,8 

4,2 

6,2 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр  

Абсолюттук мааниси  

24 487 885 834,70 

61 420 

1 761 344 229,72 

58 056 

22 726 541 604,98 

3 364 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

8 692 910 576,40 

-3 766 

-174 746 452,75 

-4 311 

8 867 657 029,15 

545 

35,5 

-6,1 

-9,9 

-7,4 

39,0 

16,2 

 

  

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

18.04.2014 

25.04.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

285 230 

288 084 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1327 

733 

594 

1330 

736 

594 

Банкоматтардын саны  

352 

354