Кайта келүү

 Конъюнктура: 28 апрель - 8 май



Толкунбек Абдыгулов Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Улуттук банктын Төрагасынын милдетин аткаруучу кызматына Абдыгулов Толкунбек Сагынбековичти дайындаган Жарлыкка кол койду.  

 

МААЛЫМАТ  

АБДЫГУЛОВ Толкунбек Сагынбекович  

Толкунбек Абдыгулов 1976-жылы 7-июлда Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.  

1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин Эл аралык экономикалык мамилелер адистигин; 1999-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин Банк иши (Магистр даражасы ) адистигин; 2005-жылы Япониядагы Нагойи университетинин "Өнүгүү экономикасы" адистигин (Магистр даражасы); 2007-жылы АКШнын Түндүк Техас университетинин "Мамлекеттик башкаруу" адистигин (магистр даражасы) аяктаган.  

Эмгек жолу 

[1997-2000] Улуттук банктын Инвестициялар жана техникалык жардамдарды координациялоо боюнча дирекциясынын экономисти  

[2000-2001] Улуттук банктын Инвестициялар жана техникалык жардамдарды координациялоо боюнча дирекциясынын улук экономисти  

[2001-2003] Улуттук банктын Инвестициялар жана техникалык жардамдарды координациялоо боюнча дирекциясынын жетектөөчү экономисти  

[2005-2005] Улуттук банктын Финансы бөлүмүнүн жетектөөчү экономисти  

[2005-2006] Улуттук банктын Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы экономисти  

[2006-2006] "Маалымат келечеги" коомдук фондунун директору  

[2007-2008] Дүйнөлүк Банктын Чыгыш Европанын жана Борбордук Азиянын финансы рыногун жана жеке секторун өнүктүрүү департаментинин консультанты 

2008 - жылдан тартып азыркы мезгилге чейин Борбордук Азиядагы Америка Университетинин экономика кафедрасынын ага окуутуучусу  

[2008 -2009] Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Экономика жана социалдык саясат бөлүмүнүн экономика сектору боюнча эксперт  

[2009-2010] Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча Борбордук агенттигинин Стратегиялар жана программалар кызматынын жетекчиси  

[2010 -2010] Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу  

2010 - жылдын декабрь айынан тартып азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын Экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Эксперттик форумунда 2014-жылдын 1-чейрегинин жыйынтыгы талкууланды 

 

Улуттук банкта мурдатан өткөрүлүп келген Эксперттик форум болуп өттү, анда 2014-жылдын 1-чейреги үчүн экономиканын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, акча-кредит саясаты жана 2014-жылдагы негизги экономикалык кырдаалдар талкууга алынды. Иш-чарага Улуттук банктын жетекчилигинин өкүлдөрү, банк чөйрөсүндөгү, эл аралык уюмдардын жана илимий чөйрөнүн эксперттери катышты.  

Экономика башкармалыгынын начальниги Сейилбек Урустемов өзүнүн кыскача экономикалык баяндамасында төмөнкүлөрдү маалымдады: январь-март айларында ИДӨ өсүшү 5,6%, ал эми 2013-жылдын ушул мезгилинде 8,8% түзөт, ИДӨ көлөмү, "Кумтөр" алтын кенин казып алуу ишканасын эске албаганда, өткөн жылдын 1-чейрегиндеги 6,4% салыштырганда 4,9% өскөн. Экономикалык өсүш курулуш, өнөр жай жана соода секторундагы алгылыктуу динамикага шартталган. Доллар эквивалентинде акча которуулардын көлөмүнүн азайышы байкалууда, бул көбүнчө Россияда доллардын алмашуу курсунун жогорулашы менен байланыштуу болгон. Ошону менен бирге эле ал, рубль түрүндө акча которуулардын номиналдык көлөмүнүн өсүшү алгылыктуу бойдон каларын да билдирди.  

үгүнкү күндө тышкы сектордогу абал өзгөрүүсүз бойдон калууда. Төлөм теңдеминин алгылыктуу болушуна карабастан, күндөлүк операциялар эсептеринин тартыштыгы өсүүдө. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча 2013-жылдын 1-чейрегиндеги көрсөткүчтөрүнө салыштырганда экспорт 0,6%, импорт-1,2% кыскарган. Соода балансынын маселелери жана күндөлүк операциялар эсептери Өкмөт тарабынан кылдат көзөмөлгө алынышын талап кылынат. Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруу өндүрүшү актуалдуу бойдон калууда", - деп баса белгилеп өттү ал.  

С.Урустемов валюта рыногу тууралуу, жыл башынан бери долларга карата сомдун курсу 10,8% нарксызданган. "Буга тышкы таасирлер - Россиядагы доллардын алмашуу курсуна байланыштуу жагдай жана Казакстан Улуттук банкынын теңгени бир учурда девальвациялоо чечими себеп болгон. Ички валюта рыногунда белгилүү бир ажиотаж жаралып, Улуттук банк ага карата бардык зарыл чараларды көрдү жана маалымат берүү иштерин жүргүздү. Учурда валюта рыногундагы жагдай турукташты. Улуттук банк, ички валюта рыногундагы жагдайга жана негизги соода өнөктөш өлкөлөрдүн рынокторундагы кырдаалга көз салуусун улантууда,- деп билдирип, биз өзгөрүлмө алмашуу курсунун учурдагы режиминде иштей берүүнү улантабыз", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.  

С. Урустемовдун маалыматы боюнча инфляциянын жылдык маанидеги деңгээли 7,1% түзөт. Албетте, сомдун нарксызданышы бааларга кандайдыр бир таасирин тийгизет, ал инфляция деңгээлинин өсүшүнө алып келиши мүмкүн, бирок кескин өсүп кетүүлөр деле күтүлбөйт. Бул жылы Улуттук банк акча кредит саясатынын жаңы негизине өтүү, буга чейин 28-күндүк ноталардын кирешелүүлүгүнө байланган, эсептик ченди аныктоо механизмин өзгөртүү сыяктуу бир катар жаңылыктарды киргизүүдө. Ушул жылдын февраль айынан тартып, эсептик чендин өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат. 28-апрелде болуп өткөн кезектеги отурумда эсептик чендин өлчөмүн мурунку деңгээлде -6% өзгөрүүсүз калтыруу чечими кабыл алынган. Эсептик ченди аныктоо механизмин өзгөртүү менен катар эле жаңы инструмент - "овернайт" депозити киргизилди. Буга чейин колдонууда болгон инструмент - "овернайт" кредитинин ордуна, эсептик чендин айланасында "пайыздык коридор" түзүлдү. Анын "төмөнкү чеги" болуп "овернайт" депозиттери боюнча чен саналат, ал бүгүнкү күндө 1,5% түзөт, ал эми "жогорку чеги" болуп 9% барабар болгон "овернайт" кредиттери боюнча чен саналат. Орто мөөнөткө каралган мезгил ичинде коюлган милдет болуп, пайыздык трансмиссиондук каналды иштетүү жана пайыздык чендердин рынокто Улуттук банктын эсептик ченинин өлчөмүнүн өзгөрүшүнө таасирлениши саналат.  

Жеке трансферттердин түшүүлөрүнүн басаңдашы жана Финансы министрлиги тарабынан бюджеттик операциялардын тегиз бөлүштүрүлбөшү тажрыйбасынын сакталышы жергиликтүү экономикадагы негизги чакырыктардан болуп белгиленген.  

Талкуулоонун жүрүшүндө эксперттер тарабынан сом курсун турукташтыруу, кескин өзгөрүүлөрдү болтурбоо максатында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чаралар жана Бажы бирлигине кирүү боюнча маселелер жөнүндө сөз козголду.  

Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниги Раушан Сейиткасымова, өз кезегинде эксперттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзгөрүүлөрдү алдын алуу боюнча даяр форма (рецепт) жок деп билдирген. "Эгерде экономикалык каатчылыкты болжолдоо жолдору эксперттерге маалым болсо, анда 1997-жылы Азияда, 1998-жылы Россияда 2008-жылы дүйнөлүк каатчылыктар болмок эмес. Мындай жагдайлардан сабак алууга жана аларды эске алуу менен иш багытын аныктоо болот. Маржаны чектөө боюнча келип түшкөн сунуштар боюнча Улуттук банк, валюта рыногуна тиешелүү айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү коомчулукка талкууга жөнөттү".  

 

УЛУТТУК БАНКТЫН МААЛЫМАТЫ  

Улуттук банк, акча-кредит саясаты темасындагы эксперттик форумду мурдагыдай эле чейрек сайын өткөрүп турат. Улуттук банктын акча-кредит саясатынын алдын ала берилген жыйынтыктарын көз карандысыз эксперттер менен талкуулоо, иш-чаранын негизги максаты. Форумдун катышуучулары менен иш алып баруунун жыйынтыгы Улуттук банк тарабынан келерки мезгилге карата акча-кредит саясатын иштеп чыгууда эске алынат, ошондой эле ал Улуттук банктын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган маанилүү элемент болуп саналат.  

Акча-кредит саясатынын максатын, мазмунун жана натыйжаларын талкуулоо жана түшүндүрүү акча-кредит саясатынын натыйжалуулугунун бирден бир критерийлеринен болуп саналат. Ушуга байланышуу жана 2013-2017-жылдары туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын аткаруу менен акча-кредит саясатынын мазмуну жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка дайыма маалымат берүү ишке ашырылып турат, ал калайык-калктын жана рынок катышуучуларынын ишенимин арттырууга, ошондой эле инфляциялык күтүүлөрдү төмөндөтүүгө багыттаган. Катышуучулардын чөйрөсүн кеңейтүү жана талкуулоого өлкөнүн аймактарынан көз карандысыз эксперттерди тартуу максатында, Улуттук банк Эксперттик форумдарды областтарда жылына эки жолу өткөрүп турат. 

 

 

 

МКК "Амир Кэн" ЖЧКсына берилген күбөлүктү кайра кайтаруу жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын сактабагандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамдын 32-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамдын 28-беренесине, "Улуттук банк тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө" жобого, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген "Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун 2.1-пунктунун "х"-пунктчасына таянуу менен, Көзөмөл боюнча комитети тарабынан МКК "Амир Кэн" ЖЧКсынын күбөлүгү 2014-жылдын 28-апрелинен тартып кайтарылып алынган.  

Улуттук банк Башкармасы 2014-жылдын 28-апрелинде эсептик ченди 6,0 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган.  

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик каттоо ченинин өлчөмү жөнүндө отурумунун пресс-релизи  

 

Өтүп жаткан жылдын 1-чейрегинде КБИнин айкын деңгээли болжолдонгон көрсөткүчтөн 0,4 пайыздык пунктка жогору көрсөткүчтө түптөлүп, жылдык мааниде 4,7 пайызды түзгөн, анын ичинде азык-түлүктөн башка товарлар инфляциясы тескерисинче 0,1 пайыздык пунктка төмөндөгөн учурда, азык-түлүк товарларынын инфляциясы боюнча факт Улуттук банк берген баадан 1,0 пайыздык пунктка жогору болгон. Тышкы таасирлерден улам сомдун нарксызданышынан жаралган инфляцияга болгон негизги басым 2014-жылдын март айында билинди: март айы үчүн инфляция 2,1 пайызды түзгөн, мында мурунку жылдардагы март айынын орточо мааниси 0,7 пайыздан жогору болгон эмес. Сомдун нарксызданышы айрым импорттолуучу товарлардын кымбатташына алып келген. Сомдун нарксызданышынын инфляцияга түздөн-түз тийгизген таасири Улуттук банк тарабынан көрүлгөн чаралар менен жумшартылган. Апрель айында валюта рыногундагы жагдай турукташкан.  

Өтүп жаткан жылдын январь-март айларындагы экономиканын өсүш арымы 5,6 пайызды (2013-жылдын ушул мезгилинде - 8,8 пайыз), алтын кенин казып алуу боюнча "Кумтөр" ишканасын эсепке албаганда ИДӨ реалдуу 4,9 пайызды түзгөн (2013-жылдын ушул мезгилинде - 6,4 пайыз). Бүтүндөй алганда, экономикалык өсүүнү болжолдоо 2014-жылы Улуттук банк берген мурунку баалардын чегинде калат.  

Россиянын экономикасынын өсүшү басаңдаганы байкалган, ал өлкөгө акча которуулардын агылып кирүү көлөмүнө таасир эткен (доллар эквивалентинде). Алсак, доллар эквивалентинде акча которуулардын таза агылып кирүү көлөмү төмөндөп, бирок рубль номиналындагы акча которуулардын көлөмү жогорулаган, бул жалпысынан үй чарбачылыгы тарабынан суроо-талаптын сакталгандыгын күбөлөндүрөт.  

Мамлекеттик салык кызматынын алдын ала берген маалыматтары боюнча, 2014-жылдын январь-март айларындагы келип түшүүлөр пландагы 7,7 млрд. сом же 84,0 пайыз болжолдоолордун ордуна 6,4 млрд. сомду түзгөн. Мурунку жыл менен салыштырмалуу салыктар менен төлөмдөрдүн келип түшүүсү 32,2 млн. сомго же 0,5 пайызга жогорулаган. Мамлекеттик бажы кызматы боюнча 2014-жылдын январь-март айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн келип түшүүлөрү пландагы 7,7 млрд. сом же 96,9 пайыз болжолдоолордун ордуна 7,5 млрд. сомду түзгөн. 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш арымдар 110,4 пайызды түзгөн же 701,6 млн. сомго көбүрөөк чогултулган.  

Ошентип, бир жагынан, тышкы суроо-талаптын кыскарган тобокелдигин эске алуу менен, экинчи жагынан, керектөө бааларынын өсүп кетүү тобокелдигинин жогорулашынан улам, Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди апрель айында 6,00 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган. Анткен менен, инфляциянын келечектеги динамикасы эсептик ченди кайра карап чыгууга алып келиши мүмкүн.  

 

 

 

Кыргыз Республикасында нак акчаны жүгүртүүнүн 2014-жылдын 1-чейреги ичиндеги абалы жөнүндө  

 

Жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 2014-жылдын 1-апрелине карата 60 409,1 млн. сомду түзгөн, анын ичинен 3 873,1 млн. сом коммерциялык банктардын кассаларында, калган сумма - банктан тышкаркы системада жайгашкан (жүгүртүүдөгү акчалардын жалпы өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3 709,3 млн. сомго же 6,5 пайызга көбөйгөн).  

2014-жылдын 1-чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республика боюнча, жалпысынан алганда, 202 318,6 млн. сом түшкөн, ал 2013-жылдын 1-чейрегине салыштырмалуу 46 176,8 млн. сомго же 29,6 пайызга көп.  

2014-жылдын 1-чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларынан 197 641,9 млн. сом берилген, ал 2013-жылдын 1-чейрегине салыштырмалуу 40 653,2 млн. сомго же 25,9 пайызга көп.  

2014-жылдын 1-чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына нак акчалардын кайтарымдуулугу 102,4 пайызды түзгөн (2013-жылдын 1-чейрегине салыштырмалуу 2,9 пайыздык пунктка жогорулаган). 

2014-жылдын 1-чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына нак акчалардын кайтарымдуулугунун областтар боюнча өзгөрүшү 1-таблицада көрсөтүлгөн.  

 

пайыздарда 

 

 

2013-жыл 

2014-жыл 

Четтөө 

Республика боюнча бардыгы болуп  

99,5 

102,4 

2,9 

Бишкек ш. 

104,0 

108,7 

4,7 

Баткен обл. 

96,3 

99,1 

2,8 

Жалал-Абад обл. 

90,0 

90,5 

0,5 

Ысык-Көл обл. 

88,6 

93,0 

4,4 

Нарын обл. 

77,2 

90,4 

13,2 

Ош обл.  

96,2 

97,0 

0,8 

Ош ш. 

102,8 

102,2 

-0,6 

Талас обл. 

78,3 

84,0 

5,7 

Чүй обл.  

100,0 

99,9 

-0,1 

 

 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайра кайтарылган: 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Беш кадам" ЖЧКсына 2008-жылдын 29-февралында берилген № 115 күбөлүк, уюштуруучунун өзүн-өзү жоюу жөнүндө 2014-жылдын 17-апрелиндеги №2 чечимине ылайык, 2014-жылдын 28-апрелинен тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Талас областы, Манас району, Жийде айылы, А.Султанов көч., №1. 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Дем & Ко" ЖЧКсына 2009-жылдын 26-мартында берилген № 119 күбөлүк, МКК "Дем & Ко" ЖЧКсынын уюштуруучусунун өзүн-өзү жоюу чечимине ылайык, 2014-жылдын 29-апрелинен тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, Токтогул көч., 50-2. 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Аэр энд Компани" ЖЧКсына 2010-жылдын 10-августунда берилген № 306 күбөлүк, МКК "Аэр энд Компани" ЖЧКсынын уюштуруучусунун 2014-жылдын 25-апрелиндеги өзүн-өзү жоюу чечимине ылайык, 2014-жылдын 29-апрелинен тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Өзгөн району, Мырза-Аке айыл округу, Мырза-Аке айылы, Нооруз көч., үй номери жок (багыт алуу "Алга" гаражы). 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "БАРПЫ-КРЕДИТ" ЖЧКсына 2012-жылдын 6-апрелинде берилген №446 күбөлүк, уюштуруучунун 2014-жылдын 2-майындагы №1 өзүн-өзү жоюу чечимине ылайык, 2014-жылдын 7-майынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Талас областы, Талас шаары, Сарыгулов көч., 59, ("Сымбат" соода түйүнүнүн ичинде). 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Амир Кэн" ЖЧКсына 2011-жылдын 28-апрелинде берилген № 362 күбөлүк, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2014-жылдын 24-апрелиндеги №13/7 токтомунун негизинде 2014-жылдын 29-апрелинен тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Жайыл району, Кара-Балта шаары, Энергетическая көч., үй 3 "А", кв.51. 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКА "Жолбайбеш" КФга 2003-жылдын 28-мартында берилген №17 күбөлүк, уюштуруучунун өзүн-өзү жоюу чечимине ылайык, 2014-жылдын 30-апрелинен тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы, Сарт-Аке көч., үй 28. 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык  

төлөмдөр системасы,  

бардыгы болуп 

анын ичинде 

Клиринг  

системасы 

Гроссовая  

система 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

2014-жылдын 28-апрелинен тартып 08-майын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил)  

Абсолюттук мааниси  

63 147 355 020,53 

121 829 

3 818 734 906,85 

111 868 

59 328 620 113,68 

63 147 355 020,53 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

6,0 

91,8 

94,0 

8,2 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,1 

1,1 

1,2 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

12,6 

16,8 

36,7 

18,1 

11,0 

1,5 

БКга түшкөндөр 

7,3 

34,7 

12,9 

37,5 

6,9 

3,7 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,3 

1,7 

5,0 

1,9 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,8 

12,5 

13,2 

13,7 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр  

Абсолюттук мааниси  

31 300 774 027,14 

67 330 

1 931 022 312,71 

62 778 

29 369 751 714,43 

4 552 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

31 846 580 993,39 

54 499 

1 887 712 594,14 

49 090 

29 958 868 399,26 

5 409 

101,7 

80,9 

97,8 

78,2 

102,0 

118,8 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

25.04.2014 

08.05.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

288 084 

290 395 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1330 

736 

594 

1333 

736 

597 

Банкоматтардын саны  

354 

354