Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" депозиттери жөнүндө 

Улуттук банк 2014-жылдын 17-февралында акча-кредит саясатынын жаңы инструментин - "овернайт" депозитин колдонууга киргизет. Бул, коммерциялык банктарга каражаттарды белгилүү бир пайыз алдында Улуттук банкка бир түнгө депозитке жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.  

2014-жылдын 13-февралында Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети "овернайт" депозиттери боюнча ченди 1,00 пайыз деңгээлинде белгилөө чечимин кабыл алган.  

Жаңы инструменттин колдонууга киргизилиши акча-кредит саясатынын пайыздык каналынын реалдуу экономикага таасирин күчөтүүгө багытталган. Баа туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп туруу мурдагыдай эле, акча-кредит саясатынын максаты бойдон калат. 

Жаңы мүмкүнчүлүк коммерциялык банктарга талап боюнча төлөнүүчү өз депозиттери жана кардарлардын күндөлүк эсептери боюнча пайыз саясатын кайрадан карап чыгуу менен накталай түзүүчүлөрдү азайтуунун эсебинен, банк тутумуна акча агымын арттырууга түрткү берет.  

 

 

Улуттук банк - сомдун курсу кескин түшүп кетишине тынчсызданууга негиздер жоктугун билдирет  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 12-февраль күнү пресс-конференция өтүп, журналисттер менен борбордук банктын төрагасынын орун басары Суеркул Абдыбалы тегин жана банктын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниги Раушан Сейткасымова жолугушуп, Кыргызстандын валюта рыногунда орун алып жаткан жагдай жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу максатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришкен.  

Өз сөзүндө Абдыбалы тегин Суеркул мырза, коңшу өлкөлөрдүн валюта рынокторунда түптөлгөн жагдайга байланыштуу тынчсыздануу үчүн эч кандай себептер жок экендигине ишендирип, калайык-калкты жана коммерциялык банктарды мындай ызы-чууга алдырбай, ыргактуу иштөөгө чакырган. Ошондой эле ал, республиканын валюта рыногундагы жагдай туруктуу экендигин, кескин өзгөрүүлөр болбой тургандыгын баса белгилеген.  

Төраганын орун басары жыл башынан бери Улуттук банк 61,78 млн. доллар суммасына 4 интервенция ишке ашыргандыгын маалымдап, теңгенин девальвациясынан кийинки 11-февралда ишке ашырылган 27,13 млн. доллар чегиндеги акыркы интервенция рыноктогу жагдайды текшилөөгө мүмкүндүк бергендигин билдирип, "бизде улуттук валютанын курсунун кескин түшүп кетишине түрткү берген себептер жок. Биз импорттоп алуучу өлкөбүз, ал эми Россия жана Казакстан - экспортер өлкөлөрдөн. Экономикабыз да алардыкынан түп тамырынан айырмаланат", - деп түшүндүрмө берген.  

Ал эми Р.Сейткасымова Улуттук банк тышкы финансылык рыноктордогу жана ички валюта рыногундагы жагдайларга туруктуу көз салып тураарын белгилеп, банк системасы мүмкүн болуучу суроо-талап көлөмүн канааттандырууга жетиштүү өлчөмдө чет өлкө валютасына ээ экендигин билдирген. Мындан тышкары, калк арасында кооптонууларга жол бербөө жана алмашуу курсунун кескин өзөрүшүн текшилөө максатында Улуттук банк, зарылчылык келип чыккан учурда нак валюта рыногунда сыяктуу эле, накталай эмес валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзө тургандыгын белгилеген.  

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү банк өкүлдөрүнүн түшүндүрмөлөрүн угуу менен доллардын мындан аркы курсу, сомдун туруктуулугу жана атаандашууга жөндөмдүүлүгү, Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна интеграцияланышы, ошондой эле сырттан капитал тартуу менен иштеген банктардын абалына тиешелүү бир катар суроолорду беришип, жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.  

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары акыркы берилген суроо боюнча түшүндүрмө берип, Казакстан капиталы менен иштеген коммерциялык банктардын иши теңге түрүндөгү милдеттенмелер жана активдер өлчөмүнө жараша болоорун баса белгилеп, "албетте, теңгенин девальвациясы аларга да таасир этет. Азырынча алдын ала аныктама берүү кыйын, бардыгы ушул айдын акырына маалым болот. Учурда банктар штаттык режимде иштеп жатат, демек кооптонуу үчүн негиздер жок," - деп, сөзүн жыйынтыктаган 

 

 

Казак теңгесинин девальвацияланышы жөнүндө маалымат  

Казакстан Улуттук банкы 2014-жылдын 11-февралында 1 АКШ доллары үчүн 155,56 теңгеден тартып, болжол менен алганда 185 теңгеге чейин казак теңгесинин бир жолку девальвациясын ишке ашырган. Буга кошумча Казакстан борбордук банкы интервенция көлөмүн төмөндөткөндүгүн жана 1 АКШ доллары үчүн 185 теңгеден плюс/минус 3 теңгеге өзгөрүп туруу чегин белгилегендигин маалымдаган.  

Ошентип, номиналдык мааниде алганда теңге 30 теңгеге түшүп, болжол менен алганда 19% нарксызданган. Ошондой болсо да, теңгенин алмашуу курсунун катталган режими сакталып калууда.  

Улуттук банк бул чараны Казакстандын экономикасы дүйнөлүк экономикага тыгыз интеграцияланып жаткандыгы жана дүйнөлүк финансылык, товардык рыноктордогу жагдайларды эске албай кое албагандыгы менен түшүндүргөн. Ошентип, жыл башынан бери теңге АКШ долларына карата 20,1 % девальвацияланган Казакстан Бажы союзунун мүчөсү болуп саналгандыктан, Россия жана Белоруссия экономикасында орун алып жаткан жагдайлар Казакстандын экономикалык абалына түздөн-түз таасирин тийгизгендей эле, Казакстандагы жагдай аларга да таасирин тийгизиши мүмкүн. Мисал катары алып көрсөк, өткөн 2013-жылы Белорусь Республикасы АКШ долларына карата өз рублин 11,1 % девальвацияоого мажбур болгон. Ал эми 2014-жылдын баш жагынан тартып 11-февральга чейинки аралыкта белорус рубли 1,7% чейин нарксызданган. Натыйжада, белорус рубли 12,8% алсызданган.  

Орус рубли 2013-жылы жана ушул жылдын 11-февралына чейинки мезгил ичинде АКШ долларына карата 7,5% басаңдаган. Натыйжада, орус рубли 14% алсызданган. 2013-жылы кыргыз сомунун АКШ долларына карата катышы 3,9% , ал эми 2014-жылдын баш жагынан 11-февралга чейин дагы 3,9% төмөндөгөн. Жыйынтыгында, сом 7,8% алсызданган.  

Казак теңгеси буга чейин 2009-жылдын 4-февралында девальвацияланган эле, бул Казакстан Улуттук банкы АКШ долларынын теңгеге карата алмашуу курсунун тең салмактуу маанисин, 1 доллар үчүн 120 теңгеден 150 теңгеге чейин жогорулатуу аркылуу өзгөргөн шартта келип чыккан. Башкача айтканда өзгөрүү чеги плюс/минус 3% же 5% деңгээлин түзгөн. Ошентип, АКШ долларынын алмашуу курсунун бир учурдагы өсүшү 25% түзгөн.  

2008-жылдагы глобалдуу финансылык кризистин жана Россиядагы ошол учурдагы экономикалык жагдайдын казак теңгесинин наркынын кескин өзгөрүүсүнө кесепетин тийгизген.  

Кыргыз Республикасынын валюта рыногундагы жагдай алардан бир аз айырмаланат, анткени биздин өлкөдө дүйнөлүк рыноктордо орун алып жаткан өзгөрүүлөргө жана ички макроэкономикалык жагдайга ыңгайлашууда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтө алган өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режими колдонулат. 2013-жылы АКШ долларынын сомго карта алмашуу курс туруктуу сакталгандыктан, Улуттук банктын кийлигишүүсү талап кылынган эмес. Мына ошондуктан, Улуттук банк жылдын 1-жарымында 14,7 млн. көлөмдөгү АКШ долларын сатуу боюнча бир жолку интервенцияны ишке ашырган эле. Быйылкы жылы башкача жагдай түптөлүүдө, Россиядагы, эми Казакстандагы жагдайлардан улам, валюта рыногуна басым жасалууда. Ушуга байланыштуу Улуттук банк, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында 21-январда 9,9 млн., 24-январда 17,5 млн., 5-февралда - 7,25 млн. АКШ доллары көлөмүндө 3 интервенцияны ишке ашырган. Жыйынтыгында, 2013-жылдагы интервенциялардын көлөмү 34,65 млн. долларды түзгөн.  

Улуттук банк тышкы финансы рыноктордогу жана ички валюта рыногундагы түптөлгөн жагдайларга туруктуу көз салып турат. Эл аралык камдын 2,2 млрд. АКШ доллары көлөмүндөгү колдо болгон запасы, чет өлкө валютасына карата суроо-талаптын потенциалдуу көлөмүн канааттандырууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы калк арасында кооптонуулардын келип чыгышына жол бербөө жана алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында, накталай жана накталай эмес валюта рынокторунда интервенцияларды жүргүзүүнү улантат.  

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

· 2014-жылдын 10-февралында МКК "Айкол финанс" ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөө үчүн эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №480 күбөлүк берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Үсөнбаев атындагы көчө, 26, кв.22.  

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайтарылып алынган: 

· 2011-жылдын 19-апрелинде МКК "Шанс Плюс" ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөө үчүн берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №359 күбөлүгү, 2014-жылдын 10-февралынан тартып жокко чыгарылган. Уюштуруучунун 2014-жылдын 28-январындагы чечими. Юридикалык дареги: Нарын областы, Нарын шаары, М.Исаков атындагы көчө, номери жок.  

· 2012-жылдын 23-мартында МКК "Киреше и Ко-ГГТ" ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөө үчүн берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу № 441 күбөлүгү, 2014-жылдын 10-февралынан тартып жокко чыгарылган. Уюштуруучунун 2013-жылдын 12-декабрындагы өзүн-өзү жоюу тууралуу чечимине ылайык. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Жибек-Жолу көчөсү, 150. 

· 2007-жылдын 11-февралында МКК "Экспресс-инвест" ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөө үчүн берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу № 77 күбөлүгү, 2014-жылдын 11-февралынан тартып жокко чыгарылган. Коомдун катышуучуларынын жоюу тууралуу № 1-2014 протоколунун чечими. Юридикалык дареги: Бишкеке ш., Медеров атындагы көчө, 51.  

· 2000-жылдын 4-октябрында "Престо" кредиттик союзуна берилген №208 лицензия 2014-жылдын 12-февралынан тартып жокко чыгарылган. Кредиттик союздун катышуучуларынын 2014-жылдын 11-февралындагы жалпы жыйынынын өзүн-өзү жоюу тууралуу №19 протоколуна ылайык. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Каракол ш., Тыныстанов атындагы көчө, 29/13. 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

системасы бардыгы 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс системасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2014-жылдын 10-февралынан тартып 14-февралын кошо алган мезгил аралындагы көрсөткүчтөр (отчет мезгили) 

Абсолюттук мааниси  

20 456 157 473,37 

68 665 

2 016 780 758,01 

64 922 

18 439 376 715,36 

3 743 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

9,9 

94,5 

90,1 

5,5 

анын ичинде 

(%) :  

 

 

 

 

 

 

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,3 

1,3 

1,4 

0,0 

0,0 

БК чыгыш 

8,3 

7,5 

19,7 

7,9 

7,0 

0,9 

БК кириш  

9,5 

31,1 

15,2 

32,7 

8,9 

3,5 

СФ чыгыш 

1,1 

8,0 

10,8 

8,4 

0,0 

0,0 

СФ кириш 

1,2 

19,4 

12,4 

20,5 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрү  

Абсолюттук мааниси  

14 962 591 871,41 

53 741 

1 426 019 406,67 

50 660 

13 536 572 464,74 

3 081 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

5 493 565 601,96 

14 924 

590 761 351,34 

14 262 

4 902 804 250,62 

662 

36,7 

27,8 

41,4 

28,2 

36,2 

21,5 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

10.02.2014 

17.02.2014 

Чыгарылган карттардын  

жалпы саны (ашыкча  

чыгаргандарды  

эсепке албаганда)  

259 241 

260 953 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1249 

689 

560 

1284 

703 

581 

Банкоматтардын саны  

339 

339