Кайта келүү

 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган: 

· «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 7 күндүк кредити жөнүндө жобо” тууралуу (№ 2\5); 

· Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/11 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан улуттук валютада депозиттик операциялардын ишке ашырылышы тартиби жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (№ 2\6); 

· Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (№ 2\7); 

· Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана алардын ордун жабуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (№ 2\8); 

· Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “овернайт” кредити жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (№ 2\9); 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (№ 2\15).  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өткөн 2013-жылдын жыйынтыгын чыгарды  

Жылдын 28-январында Улуттук банкта 2013-жылда ишке ашырылган акча-кредит саясатынын алдын ала жыйынтыгына арналган, борбордук банктын төрагасынын орун басарлары Заир Чокоев жана Абдыбалы тегин Суеркул мырзалардын катышуусу менен пресс-конференция өткөн.   

Улуттук банктын башчысынын орун басары З.Чокоев 2013-жыл үчүн акча-кредиттик көрсөткүчтөр жана банк тутумунун негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды сунуштоо менен “Акча базасы 13,5 % көбөйүп, 73,1 млрд. сомго жеткендигин, ал эми республиканын банк секторунун активдери 31% өскөндүгүн” белгилеген. Иштеп жаткан коммерциялык банктардын кредит портфели 15%, депозиттер 19% көбөйгөн. Кредиттер боюнча пайыздык чендердин төмөндөп жаткандыгы байкалып, жыл жыйынтыгы боюнча инфляция мааниси 4% түзгөн. 2013-жыл өлкө үчүн ийгилик коштогон жылдан болгон. Муну ИДӨнүн 10,5 % өсүшү тастыктоодо. Бул өнөр жай сектору чөйрөсүндө, соода жүргүзүүдө, айыл чарбасында жана бир катар башка секторлордо камсыз кылынган өсүштүн натыйжасы экендигин, Төраганын орун басары баса көрсөткөн.  

Улуттук банктын акча-кредит саясатынын негиздерин өзгөртүү темасына кайрылуу менен пресс-конференциянын катышуучулары, пайыздык чендердин реалдуу экономикага таасирин күчөтүү болжолдонуп жаткандыгын, мында, акча-кредит саясаты мурдагыдай эле, баанын туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп туруу максатын көздөй тургандыгын белгилешкен. 

Эсептик ченди аныктоо механизми да өзгөртүлүүдө. Учурда анын өлчөмү Улуттук банктын ноталарынын кирешелүүлүгүнө байланыштырылып, аныкталат. Болжол менен алганда өтүп жаткан жылдын март айынан тартып эсептик чен өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталып турат. Чечим, өлкөдө түптөлгөн экономикалык жагдайга, орун алган тенденцияларга, болжолдоолорго таянуу менен кабыл алынат. Улуттук банктын негизги пайыздык чени катары эсептик чен, акча-кредит саясатынын кандай багытта ишке ашырылаары тууралуу рынокко белги берет. Улуттук банктын акча-кредит саясатынын пайыздык трансмиссиондук каналынын рыноктук чендерге жана кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө таасирин күчөтүү, мына ушул жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөрдүн максаты болуп саналат. 

Ликвиддүүлүк менен каныктыруу сыяктуу эле, андан арылтуунун жаўы инструменттерин колдонууга киргизүү маселеси коомдук талкуудан өткөрүлдү. “Овернайт” жана “7 күндүк кредиттер” колдонууга киргизилет. Башкача айтканда, коммерциялык банктар өз операцияларын кайра каржылоо үчүн Улуттук банктан каражат алып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Негизинен, ресурстардан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүнүн эсебинен бул кредиттер, банк тутуму үчүн өзгөрүлмөлүү пайыздык чени менен узак мөөнөттүү инструменттен болуп калат.  

Улуттук банк тарабынан 2013-жылы банк тутумун ликвиддүүлүк менен камсыз кылуу жагында акча-кредит саясатынын жаўы инструменти колдонууга киргизилген. Экономиканын реалдуу секторун кредиттөө көлөмүн арттыруу, ошондой эле Улуттук банктын пайыздык чендерин төмөндөтүү максатында Улуттук банк кайра каржылоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүүнү баштаган. кредиттик аукциондордун алкагында, өткөн жыл ичинде 970,9 млн. сом жайгаштырылган. Алар боюнча орточо салмактанып алынган чен 5,70 пайызын түзгөн.  

Улуттук банктын 2013-жылдагы ишинин негизги жыйынтыктарына токтолуу менен пресс-конференциянын катышуучулары журналисттердин башка суроолоруна да жооп беришкен. Өлкөдө доллардын курсунун өсүп жатышына тиешелүү З.Чокоев: “Бүгүнкү күндө валюта рыногунда түптөлгөн жагдай доллардын курсунун күч алышы бардык өлкөлөр туш болгон дүйнөлүк тенденция болуп саналат. Учурда, орус рубли да алсызданууда. Россия Федерациясынын Борбордук банкы рублдин курсун токтотуу жагында чара көрүлбөй тургандыгын билдирген, бул туура позиция. Мындай жагдайда биз, курсту кандай болбосун ыкмада токтотуу жагында саясый чечимди кабыл алган Белоруссиядагы тарыхый учурду эске алууга тийишпиз. Анын натыйжасында өлкө эл аралык камдарынын теў жарымынын айрылып, ал эми инфляция деўгээли 180% жеткен. Ошентип, курсту токтотуу жагында чара көрүү, элдин келечектеги жашоо шартына кандайдыр бир деўгээлде кедергисин тийгизиши ыктымал”, - деп сөзүн жыйынтыктаган.  

Абдыбалы тегин Суеркул мырза бул теманы улантуу менен сомдун курсунун төмөндөшүнө тышкы фактор, атап айтканда АКШда акча саясаты өзгөргөндүгүн, рынокто баалуу кагаздарды сатып алуу көлөмүнүн кыскаргандыгын белгилеп, бул долларга суроо-талаптын артышына алып келгендигин белгилеген.  

Пресс-конференциянын жүрүшүндө ошондой эле, финансы жана валюта рыногуна, тышкы карызга, мигранттардын акча которууларына, Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна өтүшүнүн кесепеттери, эл аралык камдар жана Улуттук банктын ноталарына тиешелүү темалардын тегерегинде сөз болгон.  

Абдыбалы тегин Суеркул эл аралык камдардын көлөмү жана Улуттук банктын ноталарына тиешелүү журналисттердин суроолоруна: “Жыл ичинде дүў эл аралык камдар 8,3% көбөйүп, 2 млрд. 238 млн. долларды түзгөндүгүн, өткөн жылы Улуттук банк 44 млрд. сомго нота чыгаргандыгын белгилеп, жыл акырына карата нота калдыгы 6,6 млрд. сомду түзгөндүгүн” белгилөө менен өз сөзүн жыйынтыктаган.  

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

 

· "Евро Капитал" Ломбард ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүукугуна 2014-жылдын 31-январында №5121 лицензия берилген. Юридикалык дареги Бишкек шаары, Абдрахманов көч., 125.  

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрүжокко чыгарылган, кайра кайтарылган: 

· 2014-жылдын 27-январынан тартып, жеке жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө “Түгөлбай” МКК ЖЧКсынын эсептик каттоодон өтүүжөнүндөгү2010-жылдын 11-февралындагы № 272 күбөлүгүжокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата ш., Советский көч., 76/2. 

· 2014-жылдын 28-январынан тартып, жеке жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө "ДЖУР-АС" МКК ЖЧКсынын эсептик каттоодон өтүүжөнүндөгү2011-жылдын 28-январындагы № 337 күбөлүгүжокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Ибраимов көч., 32-17 (чыныгы дареги Бишкек ш., 12-мкр., ДК, 2-кабат, 208-каб.). 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы бардыгы 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс системасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2014-жылдын 27-январынан тартып 31-январды кошо алган мезгил аралындагы көрсөткүчтөр (отчет мезгили) 

Абсолюттук мааниси  

16 172 995 224,93 

63 534 

1 717 368 406,13 

60 153 

14 455 626 818,80 

3 381 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгүүлүшү(%)  

100,0 

100,0 

10,6 

94,7 

89,4 

5,3 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүүбанктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,05 

1,1 

0,5 

1,2 

0,0 

0,0 

БК чыгыш 

16,5 

14,4 

32,9 

15,1 

14,6 

1,0 

БК кириш  

13,8 

32,3 

12,6 

33,9 

13,9 

4,5 

СФ  чыгыш  

0,02 

0,5 

0,2 

0,6 

0,0 

0,0 

СФ  кириш 

1,5 

13,4 

14,3 

14,2 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрү 

Абсолюттук мааниси  

23 258 233 244,54 

76 721 

2 516 281 177,63 

72 073 

20 741 952 066,90 

4 648 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдүчеттетүү 

Абсолюттук мааниси  

-7 085 238 019,61 

-13 187 

-798 912 771,50 

-11 920 

-6 286 325 248,10 

-1 267 

-30,5 

-17,2 

-31,7 

-16,5 

-30,3 

-27,3 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

25.01.2014 

03.02.2014 

Чыгарылган карталардын жалпы саны   

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

 

256 040 

259 241 

Рos-терминалдардын саны:  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө    

 

1233 

676 

556 

 

1249 

689 

560 

Банкоматтардын саны  

338 

339