Кайта келүү

МКК "Нактаб" ЖЧКсынын күбөлүгүн кайтарып алуу жөнүндө  

 

МКК "Нактаб" ЖЧКсынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын жана Улуттук банктын талаптарын сактабагандыгы жана Улуттук банктын жазма буйруктарын бекитилген мөөнөттө аткарбагандыгы үчүн, Компаниянын жүргүзгөн ишинде РППУнун шайкеш эмес өлчөмдөрү сыяктуу банк практикасында алгылыксыз жана коопсуз эмес иштердин белгилеринин болгондугу, ФОЭСке жана Улуттук банктын ченемдик укук актыларына ылайык эсепти жүргүзүүгө жөндөмсүздүгү менен туура эмес маалымат бергендиги үчүн, ошондой эле Компания микрокредиттөө боюнча 4 жылдан ашык операцияларды жүргүзбөгөндүгүнө байланыштуу Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдары жөнүндө" мыйзамынын 35-беренесинин 8-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялары жөнүндө" жобонун 3.8-пунктун, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун 2.1-пунктунун "х" пунктчасын жетекчиликке алуу менен МКК "Нактаб" ЖЧКсына берилген Улуттук банктын 2008-жылдын 28-ноябрындагы №128 күбөлүгү, 2014-жылдын 16-январынан тартып, кайтарылып алынган. 

 

 

"Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууну алдан алуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү белгилейт:  

- "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиптери жөнүндө" (Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 токтому менен бекитилген) жобонун 3-бөлүмүнүн 3.3-пунктуна ылайык - алмашуу операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар болгон шартта чет өлкө валютасын сатып алуудан же сатуудан баш тартууга жол берилбейт;  

- жогоруда белгиленген жобонун 3.4-пунктуна ылайык - төлөм каражаты статусун жогото элек, акча белгилеринин чыгарылган жылына, наркына карата ыйгарым укук берилген банктар, алардын алмашуу пункттары жана алмашуу бюролору чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмашууда ар башка курстарды бекитүүгө жана кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүгө укугу жок.  

Көрсөтүлгөн талаптарды бузган учурда, лицензиясын кайтарып алууну кошо алганда, Улуттук банк мыйзамдарда каралган таасир этүүнүн катуу чаралары көрөт. Андан тышкары, укук бузган жана/же шектүү жана күмөндүү операциялар менен бүтүмдөрдү жасагандыгы үчүн алмашуу бюролорунун жетекчилери жеке жоопкерчиликке тартылат.  

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген талаптарды милдеттүү түрдө аткаруу, колдонуудагы мыйзамдарга каршы келген иштерди жасоого жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары менен кызыкчылыгын кемсинтүү иштерине жол бербөө тууралуу эскертет. 

 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайра кайтарылган: 

2014-жылдын 17-январынан тартып, жеке жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Бизнес-Партнер-Кредит" ЖЧКсынын эсептик каттоодон өтүү жөнүндө 2008-жылдын 19-февралындагы № 111 күбөлүгү жокко чыгарылган, өзүн-өзү жоюу жөнүндө 2013-жылдын 25-декабрындагы №2 протокол. Юридикалык дарек: Бишкек ш., "Көк-Жар" жаңы конушу, Тон көч., 231. 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр  

системасы бардыгы 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс системасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

Көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2014-жылдын 13-январынан тартып 18-январды кошо алган мезгил аралындагы көрсөткүчтөр (отчет мезгили) 

Абсолюттук мааниси  

16 096 345 895,19 

68 203 

1 952 982 805,22 

63 776 

14 143 363 089,97 

4 427 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

12,1 

93,5 

87,9 

6,5 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары  

0,1 

2,1 

1,0 

2,2 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

7,7 

2,5 

11,8 

2,6 

7,1 

0,8 

БК кириш  

14,5 

36,2 

22,2 

38,2 

13,5 

8,2 

СФ чыгыш  

0,5 

4,6 

4,5 

4,9 

0,0 

0,0 

СФ кириш 

1,1 

16,4 

9,1 

17,5 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрү  

Абсолюттук мааниси  

23 258 233 244,54 

76 721 

2 516 281 177,63 

72 073 

20 741 952 066,90 

4 648 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

-7 161 887 349,35 

-8 518 

-563 298 372,41 

-8 297 

-6 598 588 976,93 

-221 

-30,8 

-11,1 

-22,4 

-11,5 

-31,8 

-4,8 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

11.01.2014 

18.01.2014 

Чыгарылган карталардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

249 438 

252 629 

Рos-терминалдардын саны:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1233 

676 

556 

1233 

676 

556 

Банкоматтардын саны  

335 

335