2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны
ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Иш-чаралар Планы
(2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн)
Ички контролдоо: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Абсатаров Марат Мамажанович |
||||||
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
№ |
Милдеттер |
Иш-чаралар |
Ишке ашыруу мөөнөттөрү |
Күтүлүүчү натыйжалар |
Жооптуу аткаруучулар |
Каржылоо булактары |
1 |
Коррупциялык аракеттерге мониторинг |
1.1. Калкка, жарандарга жана уюмдарга коррупциялык фактылар, аларды жасаганга өбөлгө түзгөн себептер жана шарттар жөнүндө билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген коомдук кабылдаманын, ишеним телефондорунун үзгүлтүксүз иштешин жана натыйжалуулугун камсыз кылуу |
үзгүлтүксүз негизде |
Улуттук банкта «коррупция тууралуу билдир» түз байланыш телефону иштейт, анын номери Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган. Отчеттук мезгилде коррупция тууралуу билдирүүлөр келип түшкөн эмес. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу |
Сарптоолорду талап кылбайт |
1.2. Улуттук банкка экспертизага келип түшкөн ченемдик укуктук актыларга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү. Бизнес-коомчулук, жарандар жана мамлекеттик органдар менен коомдук талкууларды өткөрүү, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо |
үзгүлтүксүз негизде |
Коомдук талкууга снушталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун саны, жөнгө салуучу таасирин талдоолордун, ченемдик укуктук актыларды талкуулоо боюнча жолугушуулардын/сүйлөшүүлөрдүн саны, ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жүргүзүлгөн коррупцияга каршы экспертизанын саны |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮУ, УМН, УПС, ЭУ, УДКО, ОЗПП, УДН, УФСО, УБИЗ |
Сарптоолорду талап кылбайт |
||
2 |
Иштин натыйжалуулугун жана ачыктыгын, ошондой эле Улуттук банктын кызматкерлерин мотивациялоону камсыз кылуу |
2.1. Жарандык коом институттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана бизнес түзүмдөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү; Эффективдүү кайтарым байланыш системасын түзүү; Улуттук банктын иши жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу |
үзгүлтүксүз негизде |
Улуттук банктын пресс-релиздеринин саны, Улуттук банктын кызматкерлеринин катышуусундагы иш-чаралардын саны, Улуттук банктын иши боюнча ишкер басма сөз жана электрондук ЖМКлардын саны, басылмалардын серияларын чагылдыруулардын/чыгаруулардын саны |
УКМС, ТБ |
Сарптоолорду талап кылбайт |
2.2. Сатып алуулар процессинде Улуттук банктын жеке адамдар жана юридикалык жактар менен байланышсыз өз ара аракеттенүүсүн автоматташтырууну киргизүү. |
2025-2027 жж. |
Улуттук банкта сатып алуулар порталы иштейт, сатып алуулар боюнча иш мүмкүн болушунча автоматташтырылган. |
ООЗРИ, УАДБ |
Улуттук банктын бюджети |
||
3 |
Улуттук банктын кызматкерлеринин коррупциялык мотивациясын төмөндөтүү |
3.1. Жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана кадрдык потенциалды сактоо үчүн шарттарды жакшыртуу, Улуттук банкта иштин кадыр-баркын жана жагымдуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктердин болушун төмөндөтүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу |
2025-2027 жж. |
Улуттук банк жана кадрларды тандоо тутумун жакшыртуу боюнча чараларды көрдү. |
ОРП, ОБ, башка ТБ |
каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. |
4 |
Улуттук банкта коррупцияга каршы идеологияны, моралдык-этикалык, адеп-ахлактык жана баалуулук багыттарды калыптандыруу |
4.1. Улуттук банктын кызматчылар тарабынан этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө Улуттук банктын тарабынан Коррупцияны алдын алуу боюнча, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар кызматтык милдеттерин аткарууда чынчылдык, калыстык, ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана жогорку этикалык ченемдердин принциптерин популярдаштыруу жөнүндө маалыматтык-пропагандалык ишти туруктуу негизде жүргүзүү |
Жыл сайын негизде |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын коррупцияга каршы туруктуу жүрүм-турумун калыптандыруу, кызмат өтөөдө этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо жөнүндө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу маалыматтык-пропагандалык ишти жүргүзүү боюнча атайын программалар иштелип чыкты жана ишке ашырылып жатат |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ОРП, ОУ, УКМС, башка ТБ |
каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. |
5 |
Жаңы кабыл алынган коррупцияга каршы мыйзам актыларын колдонууга байланыштуу Улуттук банктын кызмат орундарын ээлеген адамдардын потенциалын жогорулатуу |
5.1. Улуттук банктын кызматчылары үчүн коррупцияга каршы мыйзамдарды колдонуу боюнча окуу тренингдерин уюштуруу |
Жыл сайын негизде |
Окуу системасынын программасынын негизинде Улуттук банктын кызматчылары үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында жаңыдан кабыл алынган мыйзам актыларын колдонуу боюнча окуу тренингдери өткөрүлдү |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ОРП, башка ТБ |
каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. |
6 |
Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу институттун ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу |
6.1. Кемчиликтерди жана ылайык келбестиктерди четтетүү, аларды коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү жана аткаруу бийлигинин Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу боюнча иштин натыйжалуулугуна жетүү максатында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун укуктук абалын, функцияларын жана ишинин негизги багыттарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана талдоо жүргүзүү |
2025-жылдын 1-чи жарымы |
Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары кабыл алынды. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулар мамлекеттик жана муниципалдык кызматта ак ниеттүүлүктү камсыз кылууда натыйжалуу звено болуп саналат |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ОРП, ЮУ |
каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. |
6.2. Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук банктын маалыматын/ үзгүлтүксүз отчетторун жайгаштыруу |
үзгүлтүксүз негизде |
Улуттук банктын расмий сайтында маалыматты/Коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча Улуттук банктын кезектеги отчеттору жайгаштыруу |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, УКМС, УАДБ |
Сарптоолорду талап кылбайт |
||
7 |
Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатуу |
7.1. Финансылык данакер кызматын түзүү, иш тартибинин укуктук статусун аныктоо, түзүү, мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара иш алып баруу. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү. Каржылоо тартибин аныктоо |
2025-жылдын 1-март |
Кыргыз Республикасында финансылык данакердин институту ишке ашырылган |
ОЗПП ЮУ УМН, УБН, УННО, УПС |
Сарптоолорду талап кылбайт |
8 |
Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү |
8.1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталган чаралардын комплексин кабыл алуу |
2025-2027 жж. |
Жыл сайын накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталып кабыл алынган чараларга талдоо жүргүзүлөт |
УПС |
каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. |
9 |
Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнүктүрүү |
9.1. Кыргыз Республикасынын дүйнөнүн ар кайсы региондорунда ФАТФ (Акчанын изин жашыруу менен күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобу) тиби боюнча түзүлгөн тогуз региондук топтун бири болуп саналган Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразия тобуна (ЕАГ) катышуусу |
|
Улуттук банк абройлуу эл аралык уюмдарда активдүү катышууда, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы өнөктөштүк мамилелерди кеңейтип жана тереңдетип, өлкөнүн коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуулук индикаторлоруна ылайык келүүсүнө карата сунуштамалардын аткарылышын, ошондой эле бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылышын камсыз кылат |
УБН, УМН, УПС, ЮУ |
каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. |
10 |
Коррупцияга каршы иш-чараларды өз убагында жана толук финансылык камсыздоо |
10.1. Улуттук банктын Планын ишке ашыруу боюнча коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоо |
Жыл сайын негизде |
Пландан келип чыккан коррупцияга каршы иш-чаралар Улуттук банктын бюджетинен жана башка мүмкүн болгон булактардан каржылоо менен камсыз болгон, бул аларды натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮУ, башка ТБ |
каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. |
11 |
Пландуу иш-чараларды актуалдаштыруу, жаңы милдеттерди коюу жана коррупциянын азыркы чакырыктарына жана коркунучтарына ылайык келген коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу |
11.1. Коррупцияга каршы пландуу иш-чаралардын I этабын ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу жана 2028–2030-жылдарга Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын II этабынын долбоорун иштеп чыгуу |
2027-жылдын 2-чи жарымы |
Талдоонун негизинде 2028–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар Планы даярдалды жана бекитилди (II этап) |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, башка ТБ |
Сарптоолорду талап кылбайт |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу М. Абсатаров