Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын
2025-жылдын 20-январы
№ 2025-Исх-07/424
катына тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча
СТРАТЕГИЯЛЫК ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ (САП)
Стратегиялык көрсөткүч: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) ишинде коррупциялык аракеттердин жоктугу Максаттуу индикаторлор: Улуттук банктын ишинин ачык-айкындуулугу жана отчёттуулугу, калктын Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө болгон ишеними, ишкердик беделинин деңгээли, Улуттук банктын аброю жана анын ишине банк сектору менен тышкы өнөктөштөрдүн (борбордук банктар, эл аралык финансы уюмдары) ишеними Ички контроль: Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Абсатаров Марат Мамажанович Тышкы мониторинг: AИК (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш, жарандык коом, бизнес-ассоциациялар) |
|||||||||
Стратегия-лык максаты |
Коррупция-га каршы чара |
Милдеттер |
Иш-аракет же иш-чара |
Аткаруучу |
Жылдар боюнча аткаруу мөөнөтү: 2023-2024-2025 |
Каржылоо булактары |
2024-жылдын IV чейреги ичиндеги натыйжа |
||
I жыл |
II жыл |
III жыл |
|||||||
I. Коррупциялык аракеттерге мониторинг |
Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүгө жарандык коомдун институттарын тартуу |
Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүгө жарандык коом институттарынын активдүү катышуусуна жол берүү |
Калкка, жарандарга жана уюмдарга коррупциялык фактылар, аларды жасаганга өбөлгө түзгөн себептер жана шарттар жөнүндө билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген коомдук кабылдаманын, ишеним телефондорунун үзгүлтүксүз иштешин жана натыйжалуулугун камсыз кылуу |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу |
Маалыматты жеткирүү ыкмаларынын иштешине мониторинг жүргүзүү жана камсыз кылуу |
Маалыматты жеткирүү ыкмаларынын иштешине мониторинг жүргүзүү жана камсыз кылуу |
Маалыматты жеткирүү ыкмаларынын иштешине мониторинг жүргүзүү жана камсыз кылуу |
Сарптоолорду талап кылбайт |
Улуттук банкта «коррупция тууралуу билдир» түз байланыш телефону иштейт, анын номери Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган. |
Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүнү ченемик-укуктук жактан камсыздоо |
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунда коррупциялык ченемдерди алдын алуу |
Улуттук банкка экспертизага келип түшкөн ченемдик укуктук актыларга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү. Бизнес-коомчулук, жарандар жана мамлекеттик органдар менен коомдук талкууларды өткөрүү, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо |
Юридика башкармалыгы, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы, Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы, Акча-кредит саясаты башкармалыгы, Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү, Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы, Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы, Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы |
Ченемдик укуктук актыларга туруктуу негизде коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү |
Ченемдик укуктук актыларга туруктуу негизде коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү |
Ченемдик укуктук актыларга туруктуу негизде коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү |
Сарптоолорду талап кылбайт |
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна, анын ичинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча тиешелүү экспертизалар жүргүзүлдү. I. Улуттук банк Башкармасы тарабынан акча-кредит саясаты маселелери боюнча төмөнкү токтомдор кабыл алынган: 1. 2024 жылдын 28-октябрындагы № 2024-П-07/56-1-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө»; 2. 2024-жылдын 25-ноябрындагы № 2024-П-07/62-1-(ДКП) «2024-жылдын III чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүдө отчет»; 3. 2024-жылдын 25-ноябрындагы № 2024-П-07/62-2-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө»; 4. 2024-жылдын 25-ноябрындагы № 2024-П-07/62-3-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумдарынын 2025-жылга каралган графиги жөнүндө»; 5. 2024-жылдын 18-декбрындагы № 2024-П-07/68-1-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-жылга карата акча-кредит саясаты жөнүндө билдирүүсү тууралуу»; 6. 2024-жылдын 18-декбрындагы № 2024-П-07/68-2-(ДКП) «2025-жылга милдеттүү резерв түзүү графиги тууралуу». II. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтом долбоорлору коомдук талкууга жөнөтүлдү: 1. Микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар тарабынан банктык төлөм карталарын чыгаруу жагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». 2. «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 3. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча «Кыргыз Республикасынын кээ бир ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»; 4. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 2020-П-12/45-3-(НПА))» 5. 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». 6. 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Активдерди классификациялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу жана ага байланыштуу потенциалдуу жоготууларды жана зыяндарды жабуу үчүн резервге чегерүүлөр» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнундө. III. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын төмөнкү токтом долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлдү: 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата атайын классификацияны колдонуу жана 2006-жылга чейин чыгарылган АКШ долларынын банкноттору менен операцияларды жүргүзүүдө төлөм каражатынын статусун жоготпогон комиссияларды белгилөө маселелери боюнча; 2. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 3. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу. IV. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору кабыл алынды: 1. 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 2. 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 2024-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («токтотуп туруу мезгили» аныктамасын киргизүү маселеси боюнча); 3. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2024-жылдын 27-декабрында № 2024-П-12/71-2-(НПА); 4. 2024-жылдын 4- декабрындагы № 2024-П-12/64-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтом; 5. 2024-жылдын 31-октябрындагы № 2024-П-12/58-2-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом; 6. 2024-жылдын 31-октябрындагы № 2024-П-12/58-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом; 7. «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому кабыл алынды; 8. «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому кабыл алынды; 9. 2024-жылдын 13-декабрындагы № 2024-П-09/67-2-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө»; 10. 2024-жылдын 30-октябрындагы № 2024-П-09/57-3- (НПА) «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана «Борбордук депозитарий» ЖАК ортосундагы негизги депозитарий катары «Борбордук депозитарий» жабык акционердик коому тарабынан депозитардык эсеби жүргүзүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө Башкы макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу». |
|
|
Мүмкүн болуучу операциялык, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана алардын Улуттук банктын ишине таасирин азайтуу боюнча чаралар комплексин ишке ашыруу |
Улуттук банктын бизнес-процесстеринде операциялык жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана текшилөө |
Улуттук банктын операциялык тобокелдиктерин, инциденттерди, тобокелдик жагдайларды жана бизнес-процесстерди талдоонун негизинде төмөндөтүү боюнча системалык (жалпы банктык) чараларды иштеп чыгуу |
Операциялык тобокелдиктер жана бизнес-процесстер бөлүмү жана түзүмдүк бөлүмдөр |
Коррупциялык тобокелдик аныкталган учурда маалымат берүү |
Коррупциялык тобокелдик аныкталган учурда маалымат берүү |
Коррупциялык тобокелдик аныкталган учурда маалымат берүү |
Сарптоолорду талап кылбайт |
2024-жылдын IV чейрегинде түзүмдүк бөлүмдөрдө коррупциялык көрүнүштөргө байланыштуу операциялык тобокелдиктер катталган эмес. |
II. Ачык-айкындуулукту жана отчёттуулукту камсыз кылуу үчүн коррупцияга каршы стандарттарды жана механизмдерди ишке киргизүү |
Улуттук банкта коррупцияга каршы саясаттын деңгээлин жогорулатуу, бизнестин ак ниеттүүлүгү жаатында эл аралык сертификациялоо |
KMС ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр»улуттук стандартынын ишке киргизилишин изилдөө |
KMС ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр» улуттук стандартынын ишке киргизилишин изилдөө. Чет өлкөлүк борбордук банктарда бул стандартты ыңгайлаштыруу маселеси |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, Ички аудит бөлүмү |
ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр» эл аралык стандартты чет өлкөлүк борбордук банктарда ишке киргизүү тажрыйбасын изилдөө |
ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр» эл аралык стандартты чет өлкөлүк борбордук банктарда ишке киргизүү тажрыйбасын изилдөө |
Улуттук банкта ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр» стандартын ишке киргизүүнүн актуалдуулугун карап чыгуу жана зарыл учурда Улуттук банктын 2025-жылга жана кийинки жылдарга бюджетине ишке киргизүүгө жана сертификациялоого каражат бөлүү |
Улуттук банктын бюджети |
ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы» эл аралык стандартты ишке киргизүүнүн ушул пункту боюнча көрсөтүлгөн стандартты киргизүүнүн ыкмаларын жана методдорун иликтөө боюнча иш жүргүзүлүп жатат. |
Жеке адамдар жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүгө байланыштуу сатып алуулар процессинде Улуттук банктын жеке адамдар жана юридикалык жактар менен байланышсыз жана автоматташтырылган өз ара аракеттенүү-нү ишке киргизүү |
Улуттук банктын сатып алуу процесстеринде адам факторун минималдаштыруу максатында сатып алуулар системасын автоматташтыруу |
Улуттук банкта сатып алуулардын автоматташтырылган системасын киргизүү |
Сатып алууларды уюштуруу жана мүлктү сатуу бөлүмү, Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы |
Тех. тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү, Улуттук банктын бюджетине каражаттарды киргизүү |
Сатып алуу комиссиясын түзүү, сынак жарыялоо |
Сынактын жеңүүчүсүн аныктоо, пилоттук долбоорду иштеп чыгуу, ишке ашыруу |
Улуттук банктын бюджети |
Улуттук банктын 2023-жылдын 14-декабрындагы № 2023-Пр-16/257-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алуу автоматташтырылган системасын ишке киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2023-2025-жылдарга стратегиялык иш-аракеттер планын аткаруунун алкагында жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө буйрукка 2024-ж. 27-декабрында кол коюлду № 2024-ПР-16/317-О. Жогоруда айтылган буйруктун 2-чи пунктуна ылайык техникалык талаптарды иштеп чыгуунун мөөнөтү 2025-ж. 1-апрелине чейин узартылды. |
|
III. Улуттук банктын ишинин ачыктыгын жана калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу |
Жарандык коом институттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана бизнес түзүмдөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү; Натыйжалуу кайтарым байланыш системасын түзүү; Улуттук банктын иши жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу |
Улуттук банктын ишинин ачыктыгын жогорулатуу жана маалыматтык айкындуулукту камсыз кылуу |
Улуттук банктын катышуусу менен болгон иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чагылдыруу, анын ичинде борбордук коомдук-саясий, ишкердик басма сөз жана электрондук ЖМКлардын атайын маалыматтык аянтчаларында Улуттук банктын иши жөнүндө бир катар басылмаларды чыгаруу |
Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү, түзүмдүк бөлүмдөр |
Улуттук банктын пресс-релиздери, Улуттук банктын кызматкерлеринин катышуусундагы иш-чаралар, Улуттук банктын иши жөнүндө басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарындагы ишкердик басылмалар, чыгарылыштардын серияларын чагылдыруу/чыгаруу |
Улуттук банктын пресс-релиздери, Улуттук банктын кызматкерлеринин катышуусундагы иш-чаралар, Улуттук банктын иши жөнүндө басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарындагы ишкердик басылмалар, чыгарылыштардын серияларын чагылдыруу/чыгаруу |
Улуттук банктын пресс-релиздери, Улуттук банктын кызматкерлеринин катышуусундагы иш-чаралар, Улуттук банктын иши жөнүндө басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, ишкердик басылмалар, чыгарылыштардын серияларын чагылдыруу/чыгаруу |
Сарптоолорду талап кылбайт. |
2024-жылдын IV чейреги ичинде 22 пресс-релиз даярдалып, Улуттук банктын расмий сайтында жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларында мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырылган. Улуттук банктын жетекчилигинин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу менен отчёттук мезгил ичинде 2 пресс-конференция өткөрүлдү. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып 31-декабрга чейин республикалык басма сөз каражаттарында, ошондой эле интернет басылмаларында Улуттук банктын ишине тиешелүү 2932 билдирүүлөр катталган. |
Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук банктын маалыматын/ үзгүлтүксүз отчётторун жайгаштыруу |
Коррупцияга каршы аракеттенүү маселеси боюнча Улуттук банктын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу |
Улуттук банктын расмий сайтында маалыматты/Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук банктын кезектеги отчётторун жайгаштыруу |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү, Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы |
Отчётту чейрек сайын жайгаштыруу, жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтардын жыйындысы |
Отчётту чейрек сайын жайгаштыруу, жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтардын жыйындысы |
Отчётту чейрек сайын жайгаштыруу, жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтардын жыйындысы |
Сарптоолорду талап кылбайт |
IV чейректин жыйынтыгы боюнча отчёт Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылат. |
|
IV. Улуттук банктын кызматкерлеринин паракорчулукка жана мыйзамсыз жүрүм-турумуна каршы ишкердик этиканы жана баалуулуктарды калыптандыруу |
Улуттук банктын кызматында абийирдүүлүктү камсыздоо |
Улуттук банктын кызматкерлерин этика ченемдерин сактоо боюнча окутуу |
Улуттук банктын кызматкерлерин этика ченемдерин сактоо боюнча үзгүлтүксүз окутуу өткөрүү. Жаңыдан кабыл алынган кызматкерлерди Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-декабрындагы № 79/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлерин кызматтык этика нормалары кодекси менен тааныштыруу |
Персонал менен иш алып баруу бөлүмү |
Улуттук банктын 30% кем эмес кызматкерлерине этика ченемдерин сактоо маселелери боюнча жыл сайын окутуу өткөрүү |
Улуттук банктын 30% кем эмес кызматкерлерине этика ченемдерин сактоо маселелери боюнча жыл сайын окутуу өткөрүү |
Улуттук банктын 30% кем эмес кызматкерлерине этика ченемдерин сактоо маселелери боюнча жыл сайын окутуу өткөрүү |
Сарптоолорду талап кылбайт |
2024-жылдын IV чейрегинде жумушка жаңыдан кабыл алынган 24 кызматкер (жалпы сандан 4%), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлеринин кесиптик этика ченемдеринин кодекси менен тааныштырылды Мында, белгилей кетүү керек, жумушка жаңы кабыл алынган бардык кызматкерлер (100%) этика ченемдерин сактоо маселелери боюнча окутуунун ушул баскычынан өтүшөт. |
|
Улуттук банктын кызматында кызыкчылыктардын каршы келип калышын баалоо жана жөнгө салуу үчүн укуктук жана институционалдык негиздерди ишке киргизүү |
Кызыкчылыктардын каршы келип калышын алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу жана өз (жеке) кызыкчылыктарынын декларациясын толтуруу маселелери боюнча окутуу |
Улуттук банктын кызматкерлерин кызыкчылыктардын каршы келип калышын алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу жана өз (жеке) кызыкчылыктарынын декларациясын толтуруу маселелери боюнча үзгүлтүксүз окутуу. Түзүмдүк бөлүмдөрдөн өз (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө маалыматтарды чейрек сайын суроо-талап кылуу |
Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, Улуттук банктын этиканы сактоо жана коррупцияга жол бербөө боюнча комиссиясы |
Кызыкчылыктардын каршы келип калышын алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча окутуу. Өз (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө декларация берген кызматкерлердин саны |
Кызыкчылыктардын каршы келип калышын алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча окутуу. Өз (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө декларация берген кызматкерлердин саны |
Кызыкчылыктардын каршы келип калышын алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча окутуу. Өз (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө декларация берген кызматкерлердин саны |
Сарптоолорду талап кылбайт |
2024-жылдын IV чейрек ичинде жаңыдан кабыл алынган 24 кызматкер (жалпысынан 4%) өз (жеке) кызыкчылыктары боюнча декларация толтурду. Белгилей кетүүчү нерсе, бардык жаңы кабыл алынган кызматкерлер (100%) декларацияны толтуруунун бул баскычынан өтүшөт. |
V. Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатуу |
Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынуучу субъекттер тарабынан керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча колдонмону иштеп чыгуу |
Банктык жана микрофинансылык кызматтарды көрсөтүү боюнча талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу |
Көзөмөлгө алынган финансы мекемелери тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча колдонмонун долбоорун даярдоо |
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы |
Улуттук банктын башка бөлүмдөрү менен биргеликте 2023-жылдын 4-чейрегине карата колдонмонун долбоорун иштеп чыгуу |
Документти Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында бекитүү |
|
Сарптоолорду талап кылбайт |
Аткарылды. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоо боюнча финансы-кредит уюмдарынын рыноктогу жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү боюнча колдонмо Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 28/1 токтому менен бекитилди. |
Алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү, ишке киргизүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаш маселелерди соттон тышкаркы тартипте аныктоо |
Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаш маселелерди чечүү деңгээлин жана сапатын жогорулатуу |
Финансылык ортомчу кызматын түзүү, иш тартибинин укуктук статусун аныктоо, түзүү, мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара иш алып баруу. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү. Каржылоо тартибин аныктоо |
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү, Юридика башкармалыгы, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы |
Финансылык ортомчу институту боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү |
|
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында финансылык ортомчу кызматы жөнүндө» мыйзам долбоорун 2025-жылдын аягына чейин илгерилетүү |
Сарптоолорду талап кылбайт |
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 5-беренесинин 22-пунктунун талаптарын ишке ашыруу максатында эл аралык тажрыйба изилденип жатат. Улуттук банктын 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 2024-Pr-021/230-О буйругуна ылайык, «Финансылык макулдашуу кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары – Мыйзам долбоору) даярдоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында Мыйзам долбоору даярдалып, учурда Мыйзам долбоорун жана Финансылык макулдашуу кызматын ишке ашырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам пакетин андан ары ишке ашыруу боюнча иш-аркеттер көрүлүп жатат. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери
боюнча ыйгарым укуктуу М.М. Абсатаров