Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын
2024-ж.11-июлундагы
№ 2024-Исх-022-07/5623
катына тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча
стратегиялык иш-аракеттер планы (САП)
Стратегиялык көрсөткүч: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) ишинде коррупциялык аракеттердин жоктугу Максаттуу индикаторлор: Улуттук банктын ишинин ачык-айкындуулугу жана отчеттуулугу, калктын Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө болгон ишеними, ишкердик беделинин деңгээли, Улуттук банктын аброю жана анын ишине банк сектору менен тышкы өнөктөштөрдүн (борбордук банктар, эл аралык финансы уюмдары) ишеними Ички контролдоо: Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу Кешикбаев Азиз Асылбекович Тышкы мониторинг: AИК (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш, жарандык коом, бизнес-ассоциациялар) |
|||||||||
Стратегия-лык максаты |
Коррупция-га каршы чара |
Милдеттер |
Иш-аракет же иш-чара |
Аткаруучу |
Жылдар боюнча аткаруу мөөнөтү: 2023-2024-2025 |
Каржылоо булактары |
2024-жылдын II чейреги ичиндеги натыйжа |
||
I жыл |
II жыл |
III жыл |
|||||||
I. Коррупциялык аракеттерге мониторинг |
Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүгө жарандык коомдун институттарын тартуу |
Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүгө жарандык коом институттарынын активдүү катышуусуна жол берүү |
Калкка, жарандарга жана уюмдарга коррупциялык фактылар, аларды жасаганга өбөлгө түзгөн себептер жана шарттар жөнүндө билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген коомдук кабылдаманын, ишеним телефондорунун үзгүлтүксүз иштешин жана натыйжалуулугун камсыз кылуу |
Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт) |
Маалыматты жеткирүү ыкмаларынын иштешине мониторинг жүргүзүү жана камсыз кылуу |
Маалыматты жеткирүү ыкмаларынын иштешине мониторинг жүргүзүү жана камсыз кылуу |
Маалыматты жеткирүү ыкмаларынын иштешине мониторинг жүргүзүү жана камсыз кылуу |
Сарптоолорду талап кылбайт |
Улуттук банкта «коррупция тууралуу билдир» түз байланыш телефону иштейт, анын номери Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган. Отчеттук мезгилде коррупция тууралуу билдирүүлөр келип түшкөн эмес. |
Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүнү ченемик-укуктук жактан камсыздоо |
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунда коррупциялык ченемдерди алдын алуу |
Улуттук банкка экспертизага келип түшкөн ченемдик укуктук актыларга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү. Бизнес-коомчулук, жарандар жана мамлекеттик органдар менен коомдук талкууларды өткөрүү, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо |
Юридика башкармалыгы, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы, Төлөм системалары башкармалыгы, Экономика башкармалыгы, Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү, Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы, Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы, Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы |
Ченемдик укуктук актыларга туруктуу негизде коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү |
Ченемдик укуктук актыларга туруктуу негизде коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү |
Ченемдик укуктук актыларга туруктуу негизде коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү |
Сарптоолорду талап кылбайт |
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна, анын ичинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча тиешелүү экспертизалар жүргүзүлдү. Улуттук банк Башкармасы тарабынан акча-кредит саясаты маселелери боюнча төмөнкү токтомдор кабыл алынган: 1. 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 2024-П-07/20-1-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө»; 2. 2024-жылдын 27-майындагы № 2024-П-07/24-1-(ДКП) «2024-жылдын I чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет»; 3. 2024-жылдын 27-майындагы № 2024-П-07/24-2-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө». Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору коомдук талкууга жөнөтүлдү: 1) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына күрөөлүк коэффициент, айыптык санкциялардын (үстөк айыптын) өлчөмү жана банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 2) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүүнүн ички жол-жоболору жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 3) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (банк эмес финансы-кредит уюмдардын ишине тиешелүү); 4) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына шайкеш келтирүү боюнча)»; 5) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (активдерди классификациялоо, кредиттик тобокелдик бөлүгүндө); 6) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Банк эмес финансы-кредит уюмдардын ислам каржылоо принциптери бөлүгүндө мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө). Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү токтом долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлдү: 1) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын рейтингдик агенттиктерди таануу маселеси боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 2) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат коопсуздугунун аудити маселеси боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». Төмөнкү мыйзамдар кабыл алынган: 1) ««Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2024-жылдын 10-майында кол коюлган). 2) “Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2024-жылдын 20-майында кол коюлган №87).
«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (төлөм уюмдары тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу бөлүгүндө) мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Улуттук банк Башкармасынын электрондук акчаларды жана агенттин мобилдик тиркемесин жөнгө салуу маселелери боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга коюлган. |
|
|
Мүмкүн болуучу операциялык, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана алардын Улуттук банктын ишине таасирин азайтуу боюнча чаралар топтомун ишке ашыруу |
Улуттук банктын бизнес-процесстеринде операциялык жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана текшилөө |
Улуттук банктын операциялык тобокелдиктерин, инциденттерди, тобокелдик жагдайларды жана бизнес-процесстерди талдоонун негизинде төмөндөтүү боюнча системалык (жалпы банктык) чараларды иштеп чыгуу |
Операциялык тобокелдиктер жана бизнес-процесстер бөлүмү жана түзүмдүк бөлүмдөр |
Коррупциялык тобокелдик аныкталган учурда маалымат берүү |
Коррупциялык тобокелдик аныкталган учурда маалымат берүү |
Коррупциялык тобокелдик аныкталган учурда маалымат берүү |
Сарптоолорду талап кылбайт |
2024-жылдын II чейрегинде түзүмдүк бөлүмдөрдө коррупциялык көрүнүштөргө байланыштуу операциялык тобокелдиктер катталган эмес. Операциялык тобокелдиктерге мезгил-мезгили менен өзүнө-өзү баа берүүнүн жүрүшүндө айрым бөлүмдөр алдамчылык тобокелдигинин пайда болуу ыктымалдуулугунун төмөндүгүн көрсөтүшкөн. Тобокелдиктин бул түрүнө жол бербөө максатында түздөн-түз жетекчилер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кызматкерлер тарабынан маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенмелерге кол коюлган. |
II. Ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн коррупцияга каршы стандарттарды жана механизмдерди ишке киргизүү |
Улуттук банкта коррупцияга каршы саясаттын деңгээлин жогорулатуу, бизнестин ак ниеттүүлүгү жаатында эл аралык сертификациялоо |
KMС ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр”улуттук стандартынын ишке киргизилишин изилдөө |
KMС ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр” улуттук стандартынын ишке киргизилишин изилдөө. Чет өлкөлүк борбордук банктарда бул стандартты ыңгайлаштыруу маселеси |
Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт), Ички аудит бөлүмү |
ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр” эл аралык стандартты чет өлкөлүк борбордук банктарда ишке киргизүү тажрыйбасын изилдөө |
ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр” эл аралык стандартты чет өлкөлүк борбордук банктарда ишке киргизүү тажрыйбасын изилдөө |
Улуттук банкта ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр” стандартын ишке киргизүүнүн актуалдуулугун карап чыгуу жана зарыл учурда Улуттук банктын 2025-жылга жана кийинки жылдарга бюджетине ишке киргизүүгө жана сертификациялоого каражат бөлүү |
Улуттук банктын бюджети |
ISO 37001:2016 «Паракорчулукка каршы күрөшүү менеджментинин системасы” эл аралык стандартты ишке киргизүүнүн ушул пункту боюнча көрсөтүлгөн стандартты киргизүүнүн ыкмаларын жана методдорун иликтөө боюнча иш жүргүзүлүп жатат |
Жеке адамдар жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүгө байланыштуу сатып алуулар процессинде Улуттук банктын жеке адамдар жана юридикалык жактар менен байланышсыз жана автоматташтырылган өз ара аракеттенүү-нү ишке киргизүү |
Улуттук банктын сатып алуу процесстеринде адам факторун минималдаштыруу максатында сатып алуулар системасын автоматташтыруу |
Улуттук банкта сатып алуулардын автоматташтырылган системасын киргизүү |
Сатып алууларды уюштуруу жана мүлктү сатуу бөлүмү, Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы |
Тех. тапшырмаларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү, Улуттук банктын бюджетине каражаттарды киргизүү |
Сатып алуу комиссиясын түзүү, сынак жарыялоо |
Сынактын жеңүүчүсүн аныктоо, пилоттук долбоорду иштеп чыгуу, ишке ашыруу |
Улуттук банктын бюджети |
1. Борбордук банктарга мурда жөнөтүлгөн суроо-талаптар боюнча төмөнкү борбордук банктардан жооптор алынды: - Польша Элдик банкы; - Түркия Республикасынын Борбордук банкы; - Казакстан Республикасынын Улуттук банкы; -Швейцариянын Улуттук банкы (офлайн консультация алынды); - Армения Республикасынын борбордук банкы; - Беларусь Республикасынын Улуттук банкы; - Грузиянын Улуттук банкы. 2. Казакстан Республикасынын Улуттук Банкына тактоочу суроо-талап жөнөтүлдү. 3. Жумушчу топтун отуруму 2024-жылдын 25-июнунда өткөрүлдү. 4. ОООЗРИ жана ООРБП менен биргеликте Улуттук банктын сатып алуу процесстеринин 2-жогорку деңгээлинин моделдерин сыпаттоо боюнча иштери жүргүзүлдү. 5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Сатып алуу процессин санариптештирүүнүн учурдагы абалы жөнүндө» протоколдук тапшырмасы аткарылды (АСЭД № 50684636 2024-жылдын 25-июну). |
|
III. Улуттук банктын ишинин ачыктыгын жана калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу |
Жарандык коом институттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана бизнес түзүмдөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү; Натыйжалуу кайтарым байланыш системасын түзүү; Улуттук банктын иши жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу |
Улуттук банктын ишинин ачыктыгын жогорулатуу жана маалыматтык айкындуулукту камсыз кылуу |
Улуттук банктын катышуусу менен болгон иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чагылдыруу, анын ичинде борбордук коомдук-саясий, ишкердик басма сөз жана электрондук ЖМКлардын атайын маалыматтык аянтчаларында Улуттук банктын иши жөнүндө бир катар басылмаларды чыгаруу |
Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгы, түзүмдүк бөлүмдөр |
Улуттук банктын пресс-релиздери, Улуттук банктын кызматкерлеринин катышуусундагы иш-чаралар, Улуттук банктын иши жөнүндө басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарындагы ишкердик басылмалар, чыгарылыштардын серияларын чагылдыруу/чыгаруу |
Улуттук банктын пресс-релиздери, Улуттук банктын кызматкерлеринин катышуусундагы иш-чаралар, Улуттук банктын иши жөнүндө басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарындагы ишкердик басылмалар, чыгарылыштардын серияларын чагылдыруу/чыгаруу |
Улуттук банктын пресс-релиздери, Улуттук банктын кызматкерлеринин катышуусундагы иш-чаралар, Улуттук банктын иши жөнүндө басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, ишкердик басылмалар, чыгарылыштардын серияларын чагылдыруу/чыгаруу |
Сарптоолорду талап кылбайт. |
2024-жылдын II чейреги ичинде 45 пресс-релиз даярдалып, Улуттук банктын расмий сайтында жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларында мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырылган. Улуттук банктын жетекчилигинин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу менен отчеттук мезгил ичинде Бишкек шаарында жана региондордо төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлдү: 2 пресс-конференция; Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын ЖМК өкүлдөрү үчүн 2 окуу семинары. 2024-жылдын 1-апрелинен 30-июнуна чейин республикалык басма сөз каражаттарында, ошондой эле интернет басылмаларында Улуттук банктын ишине тиешелүү 3093 билдирүүлөр катталган. |
Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук банктын маалыматын/ үзгүлтүксүз отчетторун жайгаштыруу |
Коррупцияга каршы аракеттенүү маселеси боюнча Улуттук банктын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу |
Улуттук банктын расмий сайтында маалыматты/Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук банктын кезектеги отчетторун жайгаштыруу |
Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт), Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгы, Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы |
Отчетту чейрек сайын жайгаштыруу, жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтардын жыйындысы |
Отчетту чейрек сайын жайгаштыруу, жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтардын жыйындысы |
Отчетту чейрек сайын жайгаштыруу, жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтардын жыйындысы |
Сарптоолорду талап кылбайт |
II чейректин жыйынтыгы боюнча отчет Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылат |
|
IV. Улуттук банктын кызматкерлеринин паракорчулукка жана мыйзамсыз жүрүм-турумуна каршы ишкердик этиканы жана баалуулуктарды калыптандыруу |
Улуттук банктын кызматында абийирдүүлүктү камсыздоо |
Улуттук банктын кызматкерлерин этика ченемдерин сактоо боюнча окутуу |
Улуттук банктын кызматкерлерин этика ченемдерин сактоо боюнча үзгүлтүксүз окутуу өткөрүү.. Жаңыдан кабыл алынган кызматкерлерди Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-декабрындагы № 79/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлеринин жүрүм-турум кодекси менен тааныштыруу |
Персонал менен иш алып баруу бөлүмү |
Улуттук банктын 30% кем эмес кызматкерлерине этика ченемдерин сактоо маселелери боюнча жыл сайын окутуу өткөрүү |
Улуттук банктын 30% кем эмес кызматкерлерине этика ченемдерин сактоо маселелери боюнча жыл сайын окутуу өткөрүү |
Улуттук банктын 30% кем эмес кызматкерлерине этика ченемдерин сактоо маселелери боюнча жыл сайын окутуу өткөрүү |
Сарптоолорду талап кылбайт |
2024-жылдын II чейрегинде жумушка жаңыдан кабыл алынган 15 кызматкер (жалпы сандан 2%), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлеринин кесиптик этика ченемдеринин кодекси менен тааныштырылды Мында, белгилей кетүү керек, жумушка жаңы кабыл алынган бардык кызматкерлер (100%) этика ченемдерин сактоо маселелери боюнча окутуунун ушул баскычынан өтүшөт |
|
Улуттук банктын кызматында кызыкчылыктардын каршы келип калышын баалоо жана жөнгө салуу үчүн укуктук жана институционалдык негиздерди ишке киргизүү |
Кызыкчылыктардын каршы келип калышын алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу жана өз (жеке) кызыкчылыктарынын декларациясын толтуруу маселелери боюнча окутуу |
Улуттук банктын кызматкерлерин кызыкчылыктардын каршы келип калышын алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу жана өз (жеке) кызыкчылыктарынын декларациясын толтуруу маселелери боюнча үзгүлтүксүз окутуу. Түзүмдүк бөлүмдөрдөн өз (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө маалыматтарды чейрек сайын талап кылуу |
Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, Улуттук банктын этика жана коррупциянын алдын алуу боюнча комиссиясы |
Кызыкчылыктардын каршы келип калышын алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча окутуу. Өз (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө декларация берген кызматкерлердин саны |
Кызыкчылыктардын каршы келип калышын алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча окутуу. Өз (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө декларация берген кызматкерлердин саны |
Кызыкчылыктардын каршы келип калышын алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча окутуу. Өз (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө декларация берген кызматкерлердин саны |
Сарптоолорду талап кылбайт |
II чейрек ичинде жаңыдан кабыл алынган 15 кызматкер (жалпысынан 2%) өз (жеке) кызыкчылыктары боюнча декларация толтурду. Белгилей кетүүчү нерсе, бардык жаңы кабыл алынган кызматкерлер (100%) декларацияны толтуруунун бул баскычынан өтүшөт. |
V. Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатуу |
Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынуучу субъекттер тарабынан керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча колдонмону иштеп чыгуу |
Банктык жана микрофинансылык кызматтарды көрсөтүү боюнча талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу |
Көзөмөлгө алынган финансы мекемелери тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча колдонмонун долбоорун даярдоо |
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы |
Улуттук банктын башка бөлүмдөрү менен биргеликте 2023-жылдын 4-чейрегине карата колдонмонун долбоорун иштеп чыгуу |
Документти Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында бекитүү |
|
Сарптоолорду талап кылбайт |
Комитеттин мүчөлөрүнүн курамы өзгөргөндүктөн жана Комитеттин жаңы мүчөлөрүн колдонмонун долбоору менен тааныштыруу убакыт талап кылгандыктан документ комитеттин кароосуна 2024-жылдын июлунун 2-жарымында чыгарылат |
Алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү, ишке киргизүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаш маселелерди соттон тышкаркы тартипте аныктоо |
Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаш маселелерди чечүү деңгээлин жана сапатын жогорулатуу |
Финансылык данакер кызматын түзүү, иш тартибинин укуктук статусун аныктоо, түзүү, мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара иш алып баруу. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү. Каржылоо тартибин аныктоо |
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү, Юридика башкармалыгы, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы |
Финансылык данакер институту боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү |
|
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында финансылык данакер кызматы жөнүндө» мыйзам долбоорун 2025-жылдын аягына чейин илгерилетүү |
Сарптоолорду талап кылбайт |
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 5-беренесинин 22-пунктунун талаптарын ишке ашыруу максатында Финансылык данакер кызматын түзүү боюнча сунуштарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн начальники М. Исаев Финансылык данакер кызматынынын модели жана укуктук статусун, иштөө, түзүлүү жана мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби боюнча даярдалган документтерди Дүйнөлүк банктын консультанттары менен видеобайланыш аркылуу талкуулоо жүргүздү (21.02.2024-ж.), жыйынтыгында Дүйнөлүк банктын консультанттары Финансылык данакер кызматынынын концепциясы боюнча сунуш-пикирлерин беришти. Аталган сунуш-пикирлер иштелип чыкты. Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунда каралуучу материалдарды даярдоо үчүн Юридика башкармалыгынын, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын, Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын, Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарын тескөө бөлүмүнүн, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен жумушчу топтун отуруму өткөрүлдү (24.04.2024-ж., 17.05.2024-ж.) |
Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт) А. Кешикбаев