Кайта келүү

 Конъюнктура: 16 - 20 декабрь



Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 20-декабрындагы отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган:  

· өлөм жүгүртүүсүнүн мамлекеттик классификаторуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (№ 51\2); 

· "Кыргыз каганатынын доору" сериясындагы "Улуу Кыргыз каганаты" коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгаруу жана бөлүштүрүү жөнүндө" (№ 51\11) 

· "Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугу жөнүндө отчёту тууралуу" (№ 51\1) 

· "2014-2017-жылдар аралыгында банк секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу" (№ 51\8) 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган:  

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 18-ноябрындагы "Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жобосун жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын регулятивдик таасир этүүлөрүн иликтөө боюнча нускоону бекитүү жөнүндө" №46/11 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (№ 52\2);  

· "Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" № 52\6; 

· "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөөгө карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" (№ 52\7); 

· "Улуттук банктын БФКМдерди лицензиялоо маселелери боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (№ 52\8); 

· "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (№ 52\9). 

 

 

Улуттук банктын жана Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жетекчилери өлкөнүн банк секторун өнүктүрүү багыттарын талкуулашты. 

 

Улуттук банктын жана Кыргызстан Банктар бирлигинин өкүлдөрү катышкан жолугушууда Кыргызстандын банк секторун 2014-2017-жылдар аралыгында өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, ошондой эле Улуттук банктын акча-кредит саясатынын жаңы инструменттерине өтүүсүн талкуулашкан.  

 

Бишкек шаарында Улуттук банктын жетекчиси Зина Асанкожоева төрагалык кылган коммерциялык банктардын жетекчилеринин катышуусу менен тегерек стол болуп өттү. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Банктар бирлигинин өкүлү катары анын башчысы Анвар Абдраев катышты. 

З. Асанкожоева: Улуттук банктын Банктар бирлиги жана коммерциялык банктар менен биргеликте иштеп чыккан банк секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын долбоорунда, негизги реформалар чагылдырылгандыгын жана ал Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашырууга багытталгандыгын, ошондой эле Өкмөттүн 2013-2017-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Программасынын максаттарына жетүү чагылдырылгандыгын белгиледи. "Долбоорду ишке ашыруу - банк рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө, банктар тарабынан берилген кредиттерге пайыздык чендерди төмөндөтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт. Өлкөдө экономикалык жана саясий туруктуулук сакталган учурда, банк секторунун экономиканын өнүгүүсүнө кошкон салымы жогорулайт. Мында ички дүң өнүмгө (ИДӨ) карата активдердин үлүшү 46% жетет, ал эми кредиттер менен депозиттердин үлүшү ИДӨгө карата тиешелүүлүгүнө жараша 17,8% жана 18,7% жетет. Банк тутумунда кредиттердин орточо салмактанып алынган пайыздык чени төмөндөйт", - деп Улуттук банктын башчысы белгилеп өттү

Акча-кредит саясатынын жаңы баскычына өтүү тууралуу республикабыздын борбордук банкынын Төрагасы, бүгүнкү күндө Улуттук банк ушул иштин үстүндө жигердүү иштеп жатканын белгилөө менен "Акча-кредит саясатынын максаты, мурдагыдай эле - баанын туруктуулугуна жетишүү. Бирок иш-аракеттер пайыздык каналдын жигердүү иштешине багытталат. 2014-жылы ичинде акча-кредит саясатынын инструменттер түзүмүнө бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү пландаштырылууда. Анын ичинде эсептик ченди аныктоо механизми өзгөртүлүп, "овернайт" депозити жана "7 күндүк кредит" сыяктуу жаңы кошумча инструменттер ишке киргизилет, - деп маалымдады. 

Улуттук банк, келерки 4 жылдык мезгилге банктардын бизнес-стратегияларын иштеп чыгууда, экономиканын чыныгы секторун өнүктүрүүдө банк секторунун аткарган ролун жогорулатууга, сунушталып жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга жана жалпы банк тутумуна ишенимди бекемдөөгө мүмкүндүк берген өлкөнү өнүктүрүүнүн максаттуу багыттарына басым жасоого чакырат. Ошол эле учурда коррупцияга каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. Борбордук банк коммерциялык банктар менен биргеликте банк секторундагы коррупцияга каршы күрөшүү жана изин жашыруу схемаларына бөгөт коюу чараларын көрүүгө тийиш, - деп З. Асанкожоева тегерек столдун катышуучуларына кайрылды.  

Кыргызстан банктар бирлигинин башчысы А. Абдраев, азыркы учурда банк секторунун негизги максаты - калктын банктарга болгон ишенимин жандандыруу жана сандык, сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу зарылчылыгын белгилеп өттү. Ал ошондой эле, өлкөнүн жана банктардын рейтингге ээ болуу маселесине өтүүнү сунуштады. "Бул жергиликтүү банктарыбыздын эл аралык өнүгүү деңгээлине жетишүүгө мүмкүндүк берет жана пикир алышууну мындай иштиктүү-тил табышуу форматында өткөрүү натыйжалуу", - деп А. Абдраев белгиледи.  

Тегерек столдун жүрүшүндө коммерциялык банктардын жетекчилери банк сектору чөйрөсүндөгү актуалдуу темаларды айтышып, аларды ишке ашыруунун милдеттери жана ыкмалары талкууга алынды. Анын ичинде калктын финансы ресурстарынан пайдалануусун камсыздоо көйгөйүнө, жаңы банктык продукттарды ишке киргизүү зарылчылыгына, төлөм системасын өнүктүрүүгө, финансылык сабаттуулукту жайылтууга жана көптөгөн башка маселелерге көңүл бурулду.  

Жолугушунун жыйынтыгында Улуттук банктын башчысы, тегерек столдун катышуучуларына ыраазычылык билдирүү менен мындай иш-чараларды чейрек сайын өткөрүп турууну сунуштады.  

Кезектеги жолугушуу 2014-жылдын февралң айына белгиленди.  

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 16-декабрынан 20-декабрына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

17 866 800 376,73 

60 331 

1 938 119 124,87 

56 620 

15 928 681 251,86 

3 711 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

10,8 

93,8 

89,2 

6,2 

анын ичинде (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,1 

1,3 

0,7 

1,4 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

15,3 

15,5 

27,0 

16,4 

13,9 

1,1 

БК кириш 

23,5 

36,3 

20,4 

38,4 

23,9 

4,1 

СФ чыгыш 

0,1 

0,9 

0,5 

0,9 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

1,0 

14,8 

8,9 

15,8 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

73 154 824 016,63 

250 186 

7 783 914 169,87 

234 306 

65 370 909 846,76 

15 880 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

1 240 704 009,31 

3 471 

169 047 722,63 

3 369 

1 071 656 286,69 

102 

%  

7,5 

6,1 

9,6 

6,3 

7,2 

2,8 

 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын 

13 декабрына карата 

2013-жылдын 

20-декабрына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

242 100 

244 507 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1227 

673 

554 

 

1232 

676 

556 

Банкоматтардын саны  

330 

332