Кайта келүү

 Конъюнктура: 25 - 29 ноябрь

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы отурумунда төмөнкү токтомдор кабыл алынган: 

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвидүүлүктү колдоо максаттары үчүн кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" (2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45\12) 

2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/15 "Чет өлкө валюталарынын расмий курстарын кыргыз сомуна карата белгилөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45\13) 

3. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктык кызматтар жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр үчүн баа түзүү саясаты маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" (2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45\14) 

4. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына топтук кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" (2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45\15) 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-сентябрындагы №529 токтому менен Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору жана "Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору жактырылган.  

Жогоруда аталган долбоорлор "Банктык мыйзамдар/Талкуулоо үчүн мыйзам долбоорлору" бөлүгүндө жайгаштырылган.  

 

 

Коомдук кабылдама тууралуу 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Коомдук кабылдамага Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-мартындагы "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзам талаптарына ылайык келбеген кат жүзүндө кайрылуулар (сунуштар, билдирүүлөр жана даттануулар) келип түшкөндүгүн жарандарга маалымдайт. Көбүнчө, кат ээсинин кол тамгасы, почта даректери, жооп кайтаруу үчүн дарек, кат ээсинин маалыматтарды үчүнчү жакка өткөрүү үчүн макулдугу көрсөтүлбөйт; кол жазма даана эмес чагылдырылат, ушундан улам маалыматты так түшүнбөй калуу маселеси орун алууда.  

Улуттук банк финансылык мекемелердин операциялык ишкердигине кийлигишүүгө укугу жок болгондуктан жана мындай өтүнүч каттар боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн республиканын коммерциялык банктарына жана башка мекемелерине кайрылуу зарыл болгондуктан, жарандардын макулдугу жок болуп, ошондой эле алардын кат аркылуу кайрылуусунда жогоруда көрсөтүлгөн талаптар сакталбагандыктан, жооп берүү мүмкүнчүлүгү четке кагылууда.  

Жогоруда белгиленгендердин негизинде Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна жана 6-беренесине ылайык, кат жүзүндө кайрылууларга карата коюлган талаптарды аткаруу зарылчылыгына көўүлүўүздөрдү бурат. Мында, өз кайрылуусунда жаран төмөнкүлөрдү милдеттүү түрдө көрсөтүүгө тийиш: 

1. Кайрылуу жөнөтүлүп жаткан уюмдун аталышы, же кызмат адамынын аты-жөнү

2. Өз аты-жөнү 

3. Жооп кайтарылуучу толук почта дареги, байланышуу телефон номери (иштеген жеринин, үйүнүн, уюлдук телефонунун); 

4. Маўызы так жана кол жазма түшүнүктүү болушу зарыл; 

5. Кол тамгасы жана күнү

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптардын бири аткарылбаган учурда, кат жүзүндө кайрылуу толук эмес болуп саналат жана ал кароого алынбайт.  

Мындан тышкары Улуттук банк, кат ээсинин (жарандын) кайрылуусунда анда камтылган маалыматты үчүнчү жактарга таркатуу мүмкүнчүлүгүнө макулдугун же болбосо макул эместигин көрсөтүүнү өтүнөт.  

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-мартындагы "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамына ылайык, кат жүзүндө кайрылууларды кароо мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 30 күндү түзөөрүн маалымдайбыз. 2014-жылдын 1-январынан тартып бул мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет, ага ылайык жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөтү 14 күнгө чейин кыскарган.  

Жарандардын кат жүзүндөгү кайрылууларын кароо маселелери боюнча Улуттук банктын Үмөталиев атындагы көчөсү, 101 дареги боюнча Коомдук кабылдамага; же 669009, 669008 телефондору боюнча; же болбосо pr@nbkr.kg. электрондук дареги аркылуу кайрылсаўыздар болот.  

 

 

Улуттук банктын Эксперттик форумунда 2013-жылы орун алган экономиканын негизги жагдайлары талкууга алынды 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Бишкекте Эксперттик форум өткөрүп, анын жүрүшүндө катышуучулар Улуттук банктын 2013-жылы ичиндеги акча-кредит саясатынын жыйынтыгын чыгарышты.  

Эксперттик форумда Улуттук банктын жетекчилиги, бир катар башкармалыктарынын начальниктери, ошондой эле мамлекеттик жана жеке секторлордун, эл аралык уюмдардын жана жогорку окуу жайлардын экономисттери жана финансылык эксперттери өлкөнүн 9 айы ичиндеги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө, акча-кредит саясатынын параметрлерин, өтүп жаткан жылга жана кийинки жылдарга пландарды жана болжолдоолорду талкууга алышты.  

Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын Акча-кредит саясаты бөлүмүнүн начальниги Насиба Имаралиева 2013-жылдын январь-сентябрь айлары боюнча кыскача экономикалык баяндама берди. Алсак, бул мезгил ичинде ИДӨ өсүшү - 9,2%, ал эми "Кумтөр" алтын кен казып алуу ишканаларынын салымын кошпогондо - 6,1% түзгөн. Кароого алынган мезгил ичинде мамлекеттик бюджеттин кирешелери жана чыгашалары теңдештирген. Бюджет тартыштыгы 9 ай ичинде ИДӨгө карата 2,2% же 5,2 млрд. сом, ал эми 2013-жылдын акырында 4,8% же 16,9 млрд. сом чегинде калыптанышы мүмкүн. Өтүп жаткан жылы да бюджеттин тегиз аткарылбай калуу тажрыйбасы сакталууда, ушуга байланыштуу ноябрь жана декабрь айларында мамлекеттик финансы секторлору тарабынан экономикага олуттуу көлөмдөгү акча агымы күтүлүүдө. Ал эми бул келерки мезгилде инфляциялык басым көрсөтө тургандыгын маалымдады.  

Тышкы соодада орун алган жагдай боюнча Н.Имаралиева соода теўдеминин тартыштыгынын өсүшүн белгиледи. Мында импорт көлөмү - 13,3%, ал эми экспорт - 4,1% өскөн. Ошол эле учурда, жеке адамдардын акча которууларынын өсүш арымынын басаўдашы байкалган. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде акча которуулар көлөмүнүн өсүшү 12-15% чейин жеткен болсо, өтүп жаткан жылдын 9 айы ичинде бул көрсөткүч 9% барабар болгон.  

Жыл башынан берки акча-кредит саясатынын өзгөчөлүктөрү тууралуу Н.Имаралиева 2013-жылы Улуттук банк валюта рыногунда аз көлөмдө катышкандыгын, ошондой эле өлкөнүн банк тутумунда үстөк ликвиддүүлүк деўгээлинин төмөндөөсүн белгилеп, Улуттук банк тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максаттарында жүргүзүлүп жаткан кредиттик аукциондору тууралуу баяндап берген, анын алкагында каражаттар финансылык институттарга 3 жана 6 айлык мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгү менен сунушталат. Учурда айкын жайгаштыруу көлөмү 775,8 млн. сомго чейин жеткен.  

Улуттук банктын адистери сунуштаган маалыматты талкуунун жүрүшүндө Форумдун катышуучулары жигердүү катышкан. Өзгөчө көз карандысыз эксперттерди, Кыргызстандын импорттон көз карандылыгы, "Кумтөр" ишканасындагы жагдайдын өнүгүү варианттары, өлкөдө өндүрүш көлөмүнүн, анын ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн начарлоосу жана көптөгөн башка темалар боюнча маселелер кызыктырган.  

Акча-кредит чөйрөсүнүн өнүгүшүнө таасирин тийгизиши ыктымал болгон тобокелдиктер жана коркунучтар тууралуу суроолорго жооп берүү менен Улуттук банктын адистери алардын пайда болушуна түрткү берүүчү үч факторду белгилеп кетишкен. Мында сөз, "Кумтөр" ишканасы боюнча маселелердин чечилиши жагында белгисиздик, жеке трансферттердин агылып кирүүсүнүн басаўдашы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгаша операцияларын бирдей эмес жүргүзүү тажрыйбасы тууралуу болгон.  

"Кумтөр" темасына кошумчалап Экономика министрлигинин Макроэкономикалык талдап-иликтөөлөр бөлүмүнүн начальниги Насирдин Шамшиев Centerra Gold Inc компаниясынын жетекчилиги бул жылга каралган планды толугу менен аткарууга милдеттегендигин билдирген. Ал "Өлкө экономикасы бул ишкананын ишкердигинен кыйла көз каранды жана азырынча бизде "Кумтөргө" альтернатива жок. Бүгүнкү күндө бул маселени чечүүнүн үч варианты бар, алар ушул жылдын акырына чейин кароого алынат" - деп маалымдады. 

Иш-чаранын жыйынтыгында көз карандысыз эксперттер Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатын толук колдоого алышып, учурдагы багытты сактоону сунушташкан, ошондой эле экономика абалына объективдүү баа берүүгө жана макроэкономикалык жөнгө салуу жагында сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген мындай Эксперттик форумдарды өткөрүү натыйжалуу экендигин белгилешкен.  

Маалымат үчүн:  

Улуттук банктын Эксперттик форуму, эрежедегидей эле, чейрек сайын бир жолу өткөрүлүп турат. Анын негизги максаты, көз карандысыз экономисттер менен акча-кредит саясаты маселесине өзгөчө басым жасоо аркылуу сунушталган актуалдуу макроэкономикалык темаларды талкуулоонун негизинде өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу саналат.  

 

 

"Сестерций" кредиттик союзунун лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө  

"Сестерций" кредиттик союзу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 32-беренесине, "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамынын 30 жана 33-беренелерине, "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун 10.2-пунктунун 1 жана 4-пунктчаларына, "Кредиттик союздарга карата көрүлүүчү таасир этүү чаралар жөнүндө" жобонун 3.8-пунктуна, ошондой эле Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун 2.1-пунктунун "т" пунктчасына таянуу менен, "Сестерций" кредиттик союзуна 2005-жылдын 12-августунда берилген №496 лицензия, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан 2013-жылдын 16-ноябрынан тартып кайтарып алган.  

 

"Кут Ордо" кредиттик союзунун лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө 

"Кут Ордо" кредиттик союзу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 32-беренесине, "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамынын 30 жана 33-беренелерине, "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун 10.2-пунктунун 1 жана 4-пунктчаларына, "Кредиттик союздарга карата көрүлүүчү таасир этүү чаралары жөнүндө" жобонун 3.8-пунктуна, ошондой эле Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобосунун 2.1-пунктунун "т" пунктчасына таянуу менен, "Кут Ордо" кредиттик союзуна 2007-жылдын 3-майында берилген №523 лицензия, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан 2013-жылдын 16-ноябрынан тартып кайтарып алган. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы финансылык көз боемочулардын жигердүү иш алып барып жаткандыгын эскертет 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Коомдук кабылдамасына, Улуттук банктын өлкөнүн коммерциялык банктары менен биргеликте өткөрүп жаткан улуттук лотереясы боюнча толук маалымат алуу үчүн жарандардын кайрылуулары көз кездешүүдө. Улуттук банкка ушул күнгө чейин түшүп жаткан маалыматтарга ылайык, белгисиз адамдар өздөрүн белгилүү компаниялардын жана мамлекеттик финансы мекемелердин кызматкерлери катары тааныштырышып, жарандарга электрондук алтын карт жана ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык утуп алгандыгын билдиришип, ал эми бул сыйлыкты алуу үчүн анчалык чоў эмес суммадагы акча төлөө зарылчылыгын маалымдашкан. Башка версия боюнча, көз боемочулар смс-билдирүүнү жөнөтүү аркылуу жарандарды лотереяга катышууга чакырышкан, анда башкы байге квартира, автоунаа жана акчалай төлөөлөр көрсөтүлгөн, мында алар Улуттук банктын лицензиясына шилтеме келтиришип, белгилүү бир сумманы банктык эсепке которууну өтүнүшкөн.  

Жогоруда белгиленгендердин негизинде Улуттук банк төмөнкүлөрдү маалымдоону зарыл деп эсептейт: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лотерея жана утуштарды өткөрбөйт жана мындай чараларга катышпайт.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы финансылык пирамидаларды, лотереяларды, акча байгелерин ойнотууну уюштуруу менен алектенишкен компанияларга лицензия беришпейт. Мындай учурларда Улуттук банктын уруксат берүүчү документтерине шилтеме келтирүү укук чегинен тышкары болуп саналат жана жарандар мындай жагдайда лотереяны же баалуу байгелерди/акчалай сыйлыктарды ойнотууну өткөрүү боюнча уюмдардын ишинин мыйзам чегинде жүргүзүлүп жаткандыгын кошумча текшерүүсү зарыл. Мында, кулактандырууларда чагылдырылган компанияларга жана уюмдарга же укук коргоо органдарына кайрылуу максатка ылайыктуу.  

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын банктарына ишкердиктин "ойнотулуучу" чөйрөсүнө, анын ичинде акча-буюм лотереяларды, ошондой эле мындай лотереяларды банктык жайларда өткөрүү же болбосо аларды жарнамалоодо катышууга тыюу салынган. Мындай лотереяларда, утуштарда же финансылык пирамидаларда кайсыл бир финансылык институттар тууралуу сөз кылуу, финансылык алдамчылык белгиси болуп саналат.  

Улуттук банк жарандарды сак болууга жана Улуттук банктын компетенциясына кирген суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Коомдук кабылдамасына кайрылууга чакырат.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси менен жолугушту 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Зина Асанкожоева Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Рене Холенштайн менен жолугушту.  

Дипломатты кызматка дайындалышы менен куттуктап Улуттук банктын башчысы, Швейцария Улуттук банкына жана Швейцария экономикалык кызматташтык бюросуна колдоо көрсөтүп келгендиги жана көп жылдык кызматташуусу үчүн ыраазычылыгын билдирген.  

"Кыргызстан Эл аралык валюта фондусунун Швейцария мүчө-өлкөлөрүнүн тобуна кирет. Биз Швейцариянын өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалайбыз жана Швейцария Улуттук банкына техникалык жана консультациялык колдоосу үчүн, өзгөчө, Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык моделди, инфляциянын моделин түзүүдө, ошондой эле уюштуруу системасын реформалоодо, эл аралык камдарды тескөөнү өркүндөтүү жана башка көптөгөн багыттар боюнча иш алып барууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет", - деп З. Асанкожоева белгилеп кетти. 

Жыйынтыгында тараптар мындан ары да кыргыз-швейцария мамлекеттери ортосунда мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө ишенимин билдиришти.  

 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген:  

"Юни-Транс Сервис" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 27-ноябрында № 5114 лицензия берилген, каттоо № 3108. Юридикалык дареги: Ош шаары, Кулатов мкр., 21-үй, 80-кв. 

"Языковые курсы "Арип" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 29-ноябрында № 5115 лицензия берилген, каттоо № 3109. Юридикалык дареги: Чүй областы, Аламүдүн р., Ленинское айылы, А-Ата көчөсү, номери жок.  

"Грейс финанс" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 28-ноябрында № 5116 лицензия берилген, каттоо № 3110. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чүй 36/1.  

"Берен Бал-Бал" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 28-ноябрында № 5117 лицензия берилген, каттоо № 3111. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов атындагы көчө, 150. 

"Салман" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 29-ноябрында № 5118 лицензия берилген, каттоо № 3112. Юридикалык дареги: Баткен шаары, Т.Садыков атындагы көчө, номери жок, "Ак Өргө" базары, борбордук дарбаза.  

 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган/кайтарылып алынган:  

2013-жылдын 26-ноябрынан тартып МКА "Суттуу-Булак" коомдук фондусуна 2009-жылдын 25-майында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу № 175 күбөлүгү жокко чыгарылган. Коомдук фонддун байкоочулар кеўешинин жана уюштуруучуларынын 2013-жылдын 21-ноябрындагы №1 протоколу. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Ала-Бука р/ну, Достук айылы, Назарматов көчөсү, 52. 

2013-жылдын 25-ноябрынан тартып МКК "Жыйырма-БЕК" ЖЧКсына 2012-жылдын 31-январында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу № 430 күбөлүгү жокко чыгарылган. "Жыйырма-БЕК" ЖЧКсынын байкоочулар кеўешинин жана уюштуруучуларынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы протоколу. Юридикалык дареги: Нарын областы, Нарын шаары, М.Таранчы атындагы көчө, 16. 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 25-ноябрынан 30-ноябрыначейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

18 550 014 148,41 

73 914 

2 139 143 686,39 

69 756 

16 410 870 462,02 

4 158 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

11,5 

94,4 

88,5 

5,6 

анын ичинде (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,1 

1,0 

0,5 

1,1 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

18,6 

18,2 

35,1 

19,2 

16,4 

1,6 

БК кириш 

16,9 

32,1 

14,7 

33,7 

17,2 

5,3 

СФ чыгыш 

0,04 

0,5 

0,3 

0,6 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

1,6 

15,3 

14,2 

16,2 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

17 270 565 699,65 

61 606 

1 894 397 461,16 

57 680 

15 376 168 238,49 

3 926 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

1 279 448 448,76 

12 308 

244 746 225,23 

12 076 

1 034 702 223,53 

232 

%  

7,4 

20,0 

12,9 

20,9 

6,7 

5,9 

 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын 

22 ноябрына карата 

2013-жылдын 

29- ноябрына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

235 563 

238 259 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1180 

660 

520 

 

1180 

650 

530 

Банкоматтардын саны  

325 

330