Кайта келүү

 Конъюнктура: 30-сентябрь - 4-октябрь


Улуттук банк билим берүү долбоорлорун жандандырууда 

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле Борбордук банктын ишинин өзгөчөлүгү менен тааныштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир катар билим берүү долбоорлорун ишке ашыра баштады.  

Атайын программанын алкагында - семинарлар, тренингдер, тегерек столдор, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги менен жолугушуулар дайыма уюштурулуп, анда актуалдуу экономика жана финансы маселелерине арналган лекциялар окулуп, журналисттер менен талкуулар жүргүзүлөт.  

Улуттук банктын Төрагасы Зина Асанкожоева: "Мындай ишмердикти Улуттук банк бир нече жыл бою уюштуруп келген. Бүгүнкү күндө, финансылык сабаттуулук жарандардын жакшы жашоосуна жетишүүгө гана эмес, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө да таасир этмекчи. Ушуга байланыштуу, Улуттук банктын аткарган иши, акча-кредиттик саясаты жана башка процесстер тууралуу маалымат берүү актуалдуу жана талапка ылайык келет. Муну биз журналисттердин Улуттук банкка жөнөткөн суроолорунан да көрүп жатабыз. Менимче, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусуна өткөрүлгөн тегерек стол бул багытта материалдарды даярдоого көмөк көрсөтөт деп ойлойбуз. Азыркы учурда биздин милдет - калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу менен алардын экономика тармагында натыйжалуу багыт алышына өбөлгө түзүп, учур талабына жараша финансылык кызматтардан пайдалануу менен тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, жашоо шарттарын жакшыртса деген максатыбыз бар".  

Ушул жылдын 30-сентябрда Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте журналисттер үчүн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу" темасында тегерек стол уюштурду. Иш-чарага Улуттук банктын жетекчилиги жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери катышышты. Республикадагы акча-кредиттик саясат, банктык көзөмөл жана төлөм системасын өнүктүрүү боюнча лекцияларын окуу менен алардын багыттары боюнча кеңири маалыматты түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери беришти.  

Журналисттердин айтымында, баяндамачылар койгон максаттарына жетишип, маалыматтарды жөнөкөй жана мазмундуу түшүндүрө алышкан. Алдыда өтүлүүчү семинарлардан журналисттер, алтын валюта камдары, нак акчаны жүгүртүү системасы, кредиттик операциялар жана банктык мекемелерге көзөмөлдүк жүргүзүү тууралуу кеңири маалымат алуу ниетин билдиришти.  

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, Улуттук банктын башкы артыкчылыктуу багытынан болуп саналат. Бул багытта максаттуу иш аракеттер көрүлүүдө. Алсак, "Биринчи радиодо" жума сайын "Улуттук банк билдирет" программасы кыргыз жана орус тилдеринде, ал эми ай сайын "ЭлТР" телеканалында ушул эле аталышта көрсөтүү эфирге чыгат. Ар бир программада Улуттук банктын иши боюнча актуалдуу темалар козголот. 

 

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайтарылып алынган: 

Жеке ишкер О.Г. Кудряшовага 2013-жылдын 01-октябрында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 14-майында берилген №5110 лицензиясы жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Кант шаары, Ленин көчөсү н/ж, "Евросеть" байланыш салону. 

 

 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 30-сентябрынан 04-октябрына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

18 911 826 151,04 

69 469 

2 270 047 769,06 

64 410 

16 641 778 381,98 

5 059 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

12,0 

92,7 

88,0 

7,3 

анын ичинде (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,1 

1,2 

1,1 

1,3 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

23,1 

20,8 

35,1 

22,3 

21,5 

1,7 

БК кириш 

12,9 

27,4 

12,2 

29,1 

13,0 

5,2 

СФ чыгыш 

0,7 

5,1 

5,6 

5,5 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

1,4 

16,8 

11,9 

18,1 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

17 268 915 124,09 

54 360 

1 737 135 715,73 

50 776 

15 531 779 408,36 

3 584 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

1 642 911 026,95 

15 109 

532 912 053,33 

13 634 

1 109 998 973,62 

1 475 

%  

9,5 

27,8 

30,7 

26,9 

7,1 

41,2 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын  

27- сентябрына карата  

2013-жылдын  

04-октябрына карата  

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

220 664 

222 575 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1170 

653 

517 

 

1170 

653 

517 

Банкоматтардын саны  

297 

303