Кайта келүү

 Конъюнктура: 20 - 24 май




Бишкек шаарында "Өтүү багыты жана келечекке жол" темасында эл аралык конференция болуп өттү.  

2013-жылдын 20-майында Бишкек шаарында Кавказ жана Борбордук Азия (КБА) өлкөлөрүнүн тажрыйбасынын негизинде, "Өтүү багыты жана келечекке жол" деп аталган эл аралык конференция өткөрүлдү.  

Эл аралык валюта фонду, Реконструкциялоо жана өнүктүрүүнүн Европа банкы (ЕБРР), Швейцария экономикасынын маселелери боюнча Мамлекеттик секретариат (SECO) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы иш-чаранын уюштуруучуларынан болушту.  

Конференцияга ЭВФ, ЕБРР, SECO, Дүйнөлүк банктын, КМШ жана Европа союзунун, ошондой эле Молдова, Нидерланды, Польша, АКШ, Түркия, Эстония, Япония өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү, алдыңкы окумуштуулар, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери, биздин өлкөнүн мамлекеттик башкаруу органдарынын, илимий изилдөө мекемелеринин, финансы секторунун, ошондой эле Кыргызстандын атынан биринчи вице-премьер-министр Д.Оторбаев, Улуттук банктын Төрагасы З. Асанкожоева, Кыргыз Республикасынын Экономика министри Т.Сариев жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты. 

Конференциянын катышуучуларына кириш сөз менен Президент Алмазбек Атамбаев, андан соң премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев кайрылышты. Ошондой эле конференциянын катышуучуларынын алдында ЭВФтин директор-бөлүштүрүүчүсүнүн орун басары Мин Чжу мырза чыгып сүйлөдү.  

"Толук эмес өткөөл мезгилдин өксүктөрү жана тобокелдиктери. Экономика кандай жолдор менен ийгиликтүү өнүгөт?" деген негизги доклады менен Калифорния университетинин профессору Жерар Роланд, Беркли тааныштырды.  

Конференциянын максаты - Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү совет доорунан кийинки жыйырма жылдык өткөөл мезгилдин тажрыйбасы жана сабактары, ошондой эле келечекке карата саясат чөйрөсүндөгү артыкчылыктар жана милдеттер жөнүндө пикир алмашуу. ЭВФ туруктуулук, өсүш, өзгөрүлмөлүүлүк жана диверсификациялоо маселелерине көңүл буруп, ЕБРР жеке сектордун катышуусу жөнүндө маселелерди карайт, ал эми Дүйнөлүк банк өсүш, адам капиталы жана инфраструктурага инвестициялоолор боюнча маселелерди талкууга сунуштайт.  

Конференциянын алкагында төрт сессия өткөрүү каралган: "Өтүү багыты", "Келечекке тапшырмалар жана артыкчылыктар", "Өсүшкө көмөк көрсөтүү жагында макроэкономикалык саясат иш-чаралары" жана "Өсүшкө көмөк көрсөтүү үчүн түзүмдүк реформалар".  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы АКШнын Борбордук Казыналыгынын жана АКШ Финансы министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту.  

Жолугушуу Бишкек шаарында "Өтүү багыты жана келечекке жол" деп аталган эл аралык Конференциянын алкагында болуп, анда Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү тенденциялары жана финансы секторунун күндөлүк көйгөйлөрү талкууга алынды. Айрыкча, кредиттик ресурстарга жогорку пайыздык чендер жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө сөз болду.  

Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери учурда өзгөчө маанилүү экендигин эске алып, тараптар бул багытта мындан ары кызматташууну бекемдөөнү чечишти. АКШнын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү биздин өлкөгө көзөмөл блогунун кызматкерлеринин финансылык сабаттуулугун арттыруу жана аларды окутуу программасын ишке ашырууда техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Швейцариянын экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчысы менен жолугушту.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Зина Асанкожоева, өтүп жаткан жылдын 20-майында мамлекеттик катчы жана SECOнун экономикалык кызматташуу боюнча башчысы Мария-Габриель Инайхен-Флайш, SECO Макроэкономикалык колдоо департаментинин башчысы Моника Рубиолла жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Лоран Ги менен жолугушту.  

Кыргыз Республикасына Швейцария тарабынан көрсөтүлгөн колдоо үчүн М.Г.Инайхен-Флайшка терең ыраазычылыгын билдирүү менен Улуттук банктын Төрагасы З.Асанкожоева: "Көз карандысыздыкка жетишүү жагында республикага сиздер тараптан баа жеткис көмөк көрсөтүлдү. Швейцария Улуттук банкы бизге, накталай акча, төлөм системаларын өнүктүрүү, тобокелдик менеджменти, акча-кредит саясаты жана финансылык программа маселелери боюнча колдоо көрсөтүп, Улуттук банктын кызматкерлери үчүн окутуу семинарларын жана тажрыйбаларды уюштуруп келет" - деп кайрылды. 

Улуттук банктын башчысы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы тараптардын кызматташуусуна токтолуу менен, "Расмий статистикага кирбеген товарларды чек ара жанында сатуу жана реэкспорттоо", ошондой эле "Кыргызстандагы керектөө товарлары боюнча баа түзүү механизми" деп аталган эки долбоор-изилдөөлөрдү каржылоо жагында SECO көрсөткөн жардамды өзгөчө белгилеп өттү. "Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү алдында биринчи долбоор кыйла актуалдуу"- деп З. Асанкожоева баса белгиледи.  

"Өлкөнүн финансы секторуна көзөмөлдүктү жакшыртуу үчүн SECO тарабынан грант түрүндө 1 млн. АКШ доллары бөлүнгөн. Улуттук банк Дүйнөлүк банк, SECO жана Улуттук банктын ортосунда гранттык каражаттарды пайдалануу боюнча үч тараптуу Меморандум түзүүгө даяр. Биз бул кадамдар долбоорду ишке ашырууну тездетет жана финансы секторуна көзөмөлдүктү жакшыртуу жагындагы бардык тапшырмаларды аткарууга жардам берет деп ишенебиз",- деп З.Асанкожоева белгиледи.  

М.Г. Инайхен-Флайш өз кезегинде, Швейцария бир нече ондогон жылдардан бери Борбордук Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да колдоо көрсөтүп келе жатканын жана келечекте да бул ишти улантууга даяр экендигин билдирип өттү. "Кыргызстандын Улуттук банкы биздин негизги өнөктөшүбүз. Биз жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу жагында кызматташууну улантууга даярбыз", - деп билдирди.  

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан жана Швейцария өлкөлөрүнүн ортосунда келечектүү жана жемиштүү кызматташуудан үмүттөнөөрүн билдиришти.  

 

ЭВФ, SЕКО, ЕБРР жана Улуттук банк 20 жылдык өткөөл мезгилдин жыйынтыктарын, ошондой эле Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүн мындан ары өнүктүрүү келечегин талкууга алышты.  

Эл аралык валюта фонду, Реконструкциялоо жана өнүктүрүүнүн Европа банкы (ЕБРР), Швейцария экономикасынын маселелери боюнча Мамлекеттик секретариат (SECO) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы биргелешип уюштурган Бишкек шаарында 19-20-майда болуп өткөн жогорку деңгээлдеги конференцияда жыйырма жылдык өткөөл мезгилдин тажрыйбасы жана сабактары, ошондой эле келечекке карата артыкчылыктар каралды. Конференциянын жүрүшүндө макроэкономикалык саясаттын иш-чараларына жана аймактарда туруктуу, диверцификацияланган жана инклюзивдүү өсүүнүн жогорку арымын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон түзүмдүк реформаларга өзгөчө көңүл бурулду.  

Конференцияда доклад жасагандар жана анын катышуучулары экономикалык өсүштүн жогорку арымын, инфляция деңгээлинин кескин кыскарышын жана экономикалык саясатты координациялоого жана аны иштеп чыгууга зарыл болгон институттарды түзүүнү кошо алганда, акыркы жыйырма жылдын олуттуу жетишкендиктерин белгилеп өтүштү. Ошол эле учурда алар, жаратылыш ресурстарынан жана акча которуулардан олуттуу көз карандылык, инфляция деңгээлинин өзгөрүшү, долларлашуунун жогорку деңгээли, социалдык чөйрө жана инфраструктураны өнүктүрүүдөгү олуттуу керектөөчүлүк, ошондой эле ачык-айкындуулук жана отчеттуулуктун дагы да жетишсиз деңгээли сыяктуу көйгөйлөр сакталып калгандыгын баса белгилешти. Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү (КЦА) алдыдагы он жылдыкта динамикалуу өнүгүп келе жаткан жана диверсификацияланган, калыптанып жаткан рынокторго ээ болгон экономикага айланууга умтулууга тийиш. Конференциянын катышуучулары, ишкердик чөйрөнү өнүктүрүүдө өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөөнү жеңүү үчүн зор күч жумшалышын камсыз кылууга - эл аралык интеграциялоо масштабын кеңейтүүгө багытталган реформалардын маанилүү экендигин өзгөчө белгилешти. Бул үчүн соода, энергетика жана суу ресурстарын пайдалануу жагында аймактык деңгээлде тыгыз кызматташуу талап кылынат.  

Конференцияга Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары жана борбордук банктардан жогорку даражалуу адамдар, Европадан, Азиядан жана АКШдан эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн өнүктүрүү боюнча өкүлдөрү катышты. Ошондой эле өткөөл экономикага дуушар болгон, Кавказ жана Борбордук Азия аймагына кирбеген өлкөлөрдөн илимий жактардын жана өкмөттүк түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө жана эл аралык финансы уюмдарынын мурдагы жетектөөчү кызматкерлерине тажрыйба бөлүшүү мүмкүнчүлүгү берилди.  

Конференциянын ишин жыйынтыктап жатып, Улуттук банктын Төрагасы Зина Асанкожоева, "Кыргыз Республикасынын расмий органдарына аймактык өнөктөштөрдү жана коллегаларды кабыл алуу өтө жагымдуу маанай тартуулады. Биз алдыда келе жаткан мезгилге карата экономикалык саясаттын негиздерин жана ишенимдүү өсүү, төмөнкү инфляция жана социалдык натыйжаларга жетишүү үчүн тиешелүү институттарды мындан ары бекемдөө жолдорун талкуулоого жетиштик",- деп белгиледи.  

ЭВФтин буйрук берүүчү директорунун орун басары, Мин Жу мырза: "ЭВФ акыркы эки он жылдыкта өткөөл процесске колдоо көрсөткөнүнө абдан кубанычтуу. Эми Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө рыноктору калыптанып жаткан өлкөлөрдүн кийинки муунуна кошулуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок, бул үчүн аларга өз жетишкендиктерин мындан ары өнүгүүсүн камсыз кылуу зарыл",- деп баса белгиледи. Ал расмий органдарды "жеке сектордун жетектөөчү ролунда туруктуу диверсификацияланган экономикалык өсүш үчүн шарттарды тартынбастан түзүүгө" чакырды.  

Конференциянын катышуучулары келечекке карата экономикалык саясат жагындагы конкреттүү артыкчылыктардын ичинен, салык-бюджет чөйрөсүндөгү кыйла так багыттарды (мисалы, карыз жана тартыштык өлчөмүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн), орто мөөнөттүү бюджеттик программаларды өнүктүрүү, инфляцияны мындан ары кыскартуу, финансы секторунда атаандаштыкты өнүктүрүү жана ишкердик чөйрөнүн жакшырышына багытталган түзүмдүк реформаларды жүзөгө ашырууну аташты. 

Швейцариянын экономика боюнча Мамлекеттик катчысы Мари-Габриэль Инайхен-Фляйш конференцияда сөз сүйлөп жатып, "Биздин өнөктөштөрүбүз болгон Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө өткөөл мезгилде колдоо көрсөтүү Швейцария үчүн артыкчылык болуп саналат. ЭВФ жана ЕБРР - техникалык жардам көрсөтүү ишинде башкы өнөктөштөр. Мындай колдоо макроэкономикалык жана финансылык туруктуулукту өнүктүрүүгө, экономикалык институттарды бекемдөөгө жана жеке секторду өнүктүрүүгө жана экономиканы диверсификациялоого өбөлгө түзгөн түзүмдүк тапшырмаларды чечүүгө багытталган", - деп билдирди.  

ЕБРРдин башкы экономисти Эрик Берглоф: "Өсүү динамикасын кармап туруу үчүн Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү бардык секторлордо - корпоративдик, инфраструктуралык, энергетикалык жана финансы секторунда рынокту колдоп жаткан институттарды бекемдөөнү улантуусу мааниге ээ. Ошондой эле атаандаштык саясатында жана аны кийинкиде ишке ашырууда мындан ары да ийгиликтерге жетишүүсү абзел. Бул кадамдар чек ара жанындагы инфраструктураны өнүктүрүү жана аймактык экономикалык кызматташтыкты бекемдөө менен бирге өндүрүштү жана экспортту өнүктүрүүгө жана диверсификациялоого көмөк көрсөтүшөт",- деп баса белгиледи.  

 

ЭВФ, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө көзөмөлдүктү күчөтүүнү сунуш кылат 

Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү финансы-кредиттик мекемелерге көзөмөлдүктү күчөтүүлөрү жана акча-кредит саясатынын инструменттерин өнүктүрүү менен катар эле, Борбордук банктардын көз карандысыздыгын бекемдөөлөрү зарыл, - деп ЭВФтин жакынкы чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Департаментинин директорунун орун басары Юха Кахконен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ЭВФ, ЕБРР жана SECOнун катышуусу менен уюштурулган "Өтүү багыты жана келечекке жол" Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Бишкек шаарында өткөрүлгөн Эл аралык конференциясында жогоруда көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн экономикалык саясатындагы артыкчылыктарды мына ушинтип белгилеп өттү.  

Ал, бул өлкөлөрдүн экономикасы долларлаштыруунун жогорку деңгээли менен мүнөздөлүүсүн улантышууда деп белгилеп, "Бул өлкөлөрдүн финансы секторлору анчалык өнүккөн эмес. Аймакта инфляция пайыздык чендерге барабар болгудай олуттуу төмөндөгөн. Бирок, инфляция деңгээли туруксуз, ал эми кредиттер боюнча пайыздык чен жогорку бойдон калууда. Учурда, аймакта ортомчулук ишине олуттуу тоскоолдуктар, тактап айтканда макроэкономикалык шарттар, финансылык инфраструктуранын жоктугу жана финансы секторду башкаруунун алсыздыгы сакталып турууда. Инфляциянын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чараларды көрүү зарыл, ал эми акча-кредит саясаты инфляциянын өзгөрүлмөлүүлүгүн текшилөөгө багытталууга тийиш" деп маалымдады Ю.Кахконен.  

ЭВФтин өкүлү экономикалык саясат тууралуу сөз кылууда борбордук банктын көз карандысыздыгын бекемдөө менен катар эле Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн бир катар башка артыкчылыктарды да белгилеп өттү. Мында, акча-кредит саясаты трансмиссиялык механизмин өнүктүрүү, болжолдоо маалыматтарын жана үлгүлөрүн өркүндөтүү, коомчулукка маалымдоону жакшыртуу, алмашуу курсунун ролун аныктоо жана анын ийкемдүүлүгүн камсыз кылуу тууралуу да сөз болду.  

Ушуну менен бирге эле, эксперт, финансы секторун өнүктүрүү үчүн мамлекеттин ролун азайтууну, финансылык инфраструктураны бекемдөөнү жана көзөмөлдүктү күчөтүүнү сунуш кылды. "Бул өлкөлөрдө улуттук экономиканы өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар", - деп өз сөзүн жыйынтыктады Ю.Кахконен.  

 

Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү интеграциялоого умтулуулары тийиш 

Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү бүгүнкү күндүн шарттарында интеграциялоого умтулуулары тийиш. Бул тууралуу Калифорния университетинин профессору Жерар Роланд, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ЭВФ, Реконструкциялоо жана өнүктүрүүнүн Европа банкы жана Швейцария маселелери боюнча Мамлекеттик катчылыктын (SECO) катышуусу менен уюштурулган Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн "Өтүү багыты жана келечекке жол" деп аталган эл аралык конференциясында билдирди.  

Ал баяндамасынын башталышында бул мамлекеттер жалпы коомдук мурасты байланыштырып тураарын жана бир өлкөдөгү туруксуз жагдай экинчи өлкөдөгү процесстерге таасирин тийгизе тургандыгын белгилөө менен Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө жакшы, ошондой эле начар мүнөздөмөлөрүн да берген. Бирок, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, ресурстардын чектелүүлүгү жана башка кемчиликтерге карабастан, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү экономиканы өнүктүрүүнүн ири мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Кавказ жана Борбордук Азия аймактары ийгиликтүү өсүштүн борбору болуп калышы мүмкүн. Бул баскычта - өткөөл процессте сабак алууга, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын үйрөнүүгө жана кийинки баскычка өтүүлөрү зарыл.  

Мындан тышкары ал, өлкөлөрдүн кайра жаралуу жолдору ар кандай болушу - б.а. бир өлкөгө тиешелүү кайра жаралуу жолу башка өлкөлөр үчүн алгылыксыз болуп калышы мүмкүн. Бул маселелерде Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн өнүктүрүү үлгүсүн тандоо, б.а Европа, Турция же башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу алгылыктуу болуп саналат. Башка өлкөлөрдө, алсак чыгыш менен батыштын ортосунда олку-солку болуп турган Россияда бул тандоо дээрлик жок болгон жана башкалардан тажрыйба алмашуу жана сабак алуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес.  

Ж.Роланддын айтымында, мамлекеттик аппараттын колдоосу, саясий эрк реформаларды жүргүзүүдө башкы түзүүчүлөрдөн болуп саналат. "Мамлекеттик аппарат тарабынан каршылык көрсөтүлүп жатса, бир нерсени жүзөгө ашыруу, шарттарды алмаштыруу өтө кыйынчылык жаратат. Аймактык өлкөлөрдө, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө 90-жылдарда башталган реформалар аягына чыгарылбай калган. Эгерде азыркы жана ошол мезгилдеги Кыргызстан, Грузия жана Арменияны салыштырсак, бул өлкөлөрдө реформалар жигердүү жүргүзүлгөн деп айтууга болот. Акыркы үч өлкө демократияны өнүктүрүү рейтингинде да алдыга чыгышкан", - деди ал.  

Ж.Роланд Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө алгылыктуу жагын өзүнө алуу менен, бири-биринин каталарынан улам үйрөнүүнү, тажрыйба алмашууну сунуш кылды. Өнүктүрүү перспективаларына токтолуу менен, ал мамлекетте башкаруу түзүмүн өзгөртүүсүз экономиканы диверсификациялоого, жаратылыш ресурстарын жемиштүү пайдаланууга, ички жана тышкы туруктуулукка жетишүү мүмкүн эместигин белгиледи. "Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө инфраструктуралык долбоорлорду, темир жол магистралдарын курууну, газ түтүктөрүн өткөрүүнү ж.б. маалымдоо менен ишке ашыруу зарыл. Бүгүнкү шарттарда келечеги бар аймактар үчүн бул реалдуу көрүнүш. Анткени, Европа өлкөлөрү кылымдар бою келе жаткан касташууну жеңүүгө, биригүүгө жана Евросоюз биргелешкен уюду түзүүгө жетишишти", -деп билдирди ал өз сөзүндө.  

 

 

Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө энергетикалык байлыкты тескөөнү жакшыртуу сунуш кылынды.  

ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн департаментинин орун басары Юха Кахконен, Бишкек шаарында Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы менен өткөрүлүп жаткан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, SECO, ЕБРР жана ЭВФтин катышуусунда уюштурулган "Өтүү багыты жана келечекке жол" Эл аралык конференциясында Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө энергетикалык байлыкты тескөөнү жакшыртууну сунуш кылды.  

Анын пикири боюнча, аймактын өлкөлөрү калыптанып жаткан рынокко ээ болгон, динамикалуу өнүгүп келе жаткан мамлекет болуу үчүн, ыкчам, аз өзгөрүлмөлүү жана кыйла инклюзивдүү жана диверсификацияланган өсүш зарыл. "Бирок, мында тоскоолдуктар жана тышкы, ички, глобалдуу тобокелдиктер болушу мүмкүн. Тышкы тобокелдиктерге: өлкөнүн таасирлер алдында алсыздыгын, аймактык жана дүйнөлүк рыноктор менен интеграцияланышынын жоктугун, ал эми ичкисине: айрым таасир этүүчү топтордун өз кызыкчылыгын көздөөсүн, институттардын, анын ичинде, отчеттуулуктун алсыздыгы жана саясий потенциалдуу белгисиздикти кошууга болот. Аймактык өлкөлөрдүн өсүшүндөгү глобалдуу тоскоолдуктар дүйнөлүк өсүштүн анык эместиги, бекем эместиги жана геосаясаттык алга жылуулары менен мүнөздөөгө болот, аймактагы экономика 1996-жылдан 2011-жылга чейин ылдам арым менен өскөн, бул жакырчылыктын кыскарышына өбөлгө түзгөн. Мында жогорку өсүш арымы теңсиздиктин төмөндөшүнө алып келген жок, аймактагы өсүү кыйла өзгөрүлмөлүүлүгү менен мүнөздөлгөн жана бирдей болгон эмес, аны менен бирге эле, андагы экономиканын өсүшү диверсификациялангандыгы менен айырмаланган эмес жана ага аймактык интеграциялоо өбөлгө түзгөн эмес",- деп белгиледи.  

Андан ары Ю.Кахконен аталган процесстердин кесепеттерин болтурбоо жана аларды жеңилдетүү максатында иш жүргүзүү зарылдыгын айтып өттү. Энергетикалык байлыктарды тескөөдөн тышкары, ал макроэкономикалык саясаттын жана финансы секторунун негиздерин бекемдөөнү, алмашуу курсунун ийкемдүүлүгүн жогорулатуу, энергетикалык байлыкты тескөөнү жакшыртууну, электр энергиясы жана суу менен камсыз кылуу максатында аймактык кызматташуу жүргүзүүнү, ошондой эле ишкердик жагдайды жакшыртуу үчүн түзүмдүк реформаларды жүргүзүүнү сунуш кылды.  

Ю. Кахконен сөзүнүн акырында Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн өнүгүүгө умтулууга жана бир канча убакыттан кийин калыптанган рынокко ээ өлкөгө айланууга чакырды. "Бийик максаттарды алдыга койгула, кайраттуулукту көрсөткүлө жана тобокелдиктер жөнүндө эсиңерден чыгарбагыла",- деп ал жол көрсөттү.  

 

Төмөнкү БФКМдердин күбөлүктөрү/лицензиялары жокко чыгарылды: 

2013-жылдын 22-майынан тартып, өзүн-өзү жоюуга байланыштуу, "МКК "МигКредит" ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө 2011-жылдын 28-ноябрында берилген, эсептик каттоо жөнүндө №415 күбөлүгү жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Токмок ш., М.Горький көчөсү, № 206. 

2013-жылдын 22-майынан тартып, өзүн-өзү жоюуга байланыштуу "Ковчег-Кредит" кредиттик союзуна 2008-жылдын 11-сентябрында берилген №535 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Кемин району, Кемин шаарчасы, Ч.Акаев көчөсү, 22 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 20-майынан 24-майына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

15 980 706 691,92 

51 763 

1 475 206 867,99 

48 430 

14 505 499 823,93 

3 333 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

9,2 

93,6 

90,8 

6,4 

анын ичинде (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,1 

1,4 

0,8 

1,5 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

11,2 

7,7 

16,6 

8,0 

10,6 

2,8 

БК кириш 

21,6 

39,0 

23,1 

41,4 

21,4 

3,4 

СФ чыгыш 

0,01 

0,2 

0,1 

0,2 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

0,1 

1,7 

1,1 

1,8 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

16 178 456 666,03 

49 572 

1 616 304 722,52 

46 305 

14 562 151 943,52 

3 267 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

-197 749 974,11 

2 191 

-141 097 854,53 

2 125 

-56 652 119,59 

66 

%  

-1,2 

4,4 

-8,7 

4,6 

-0,4 

2,0 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын 

17- майына карата 

2013-жылдын 

24-майына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

199 795 

201 275 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1046 

785 

261 

 

1046 

785 

261 

Банкоматтардын саны  

272 

272