Кайта келүү
 Конъюнктура: 06 - 17 май


Эксперттик форумда акча-кредит саясаты боюнча 2013-жылдын I чейрегинин жыйынтыгы талкууланды 

 

Бишкек шаарында 14-майда адаттагыдай эле 7- Эксперттик форум өткөрүлдү, аны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы уюштурду. Иш-чарага КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктери, банк тармагындагы эксперттер, эл аралык уюмдар менен илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. 

Күн тартибинде акча-кредит саясаты боюнча 2013-жылдын I чейрегинин жыйынтыгы жөнүндө бир эле маселе талкууланды. 

Форумду ачып жатып, Абдыбалы тегин Сүйөркул катышуучуларды талкууга активдүү катышууга чакырып, алардын айтылган пикир, сунуштары келечектеги акча-кредит саясатын аныктоодо эске алынаарын билдирди.  

КР Улуттук банкынын Экономика башкармалыгынын начальниги Сейилбек Урустемов өлкөдөгү экономикалык абалга кыскача токтолуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүргүзүп жаткан акча-кредит саясаты, келечектеги болжолдоолор жана анын багыттары тууралуу билдирди. Анын айтымында 2013-жылдын I чейрегинде ИДӨ 7,6 % түзгөн. Экономикадагы өсүү, негизинен, "Кумтөр" алтын кен өнөр жайындагы өндүрүштүн жанданышынан улам камсыздалган. Болжолдуу маалыматтарга таянсак, январь-апрель айларында өлкөдөгү ИДӨ 8,2% жогорулаган. Талкуу учурунда ички суроо-талап көпчүлүк учурда чет өлкөлөрдөн жеке адамдар тарабынан которулган акча каражаттарына байланыштуу экени айтылды. Анда акча которуу агымынын өсүшү сакталууда, бирок анын басымы басаңдай түшкөнү байкалгандыгы тууралуу сөз болду. Эксперттин айтымында мындай жагдай Россиянын экономикасындагы өсүүнүн төмөндөшүнө байланыштуу, анткени, Кыргызстандагы мигранттардын көпчүлүгү ушул өлкөдө эмгектенишет. Жыл башынан берки акча-кредит саясаты тууралуу айтып жатып, ал I чейректе Улуттук банк Банктар аралык валюталык рынокто (БАВР) интервенция жасабаганын билдирди. Бирок, апрелң айында АКШ долларын сатуу операциясы жүргүзүлүп, анда 14,7 млн. доллар өлчөмүндө сатылгандыгы катталган. 

Былтыркы жылдын соңунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик аукцион өткөрүү механизми аркылуу 6 ай аралыгында кайра каржылоону киргизген. Бул банктарга башкаруудагы өтүмдүүлүгүн арттырып, каражаттарынын көлөмүн көтөрүп, экономикадагы реалдуу секторду кредиттөөгө өбөлгө болмокчу. Учурда кредиттик аукцион аркылуу кредиттөөнүн көлөмү 132 млн сомду түзүүдө.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредит саясаты монетардык түзүмдү чектөө менен, жогорку азык-түлүктүк эмес инфляцияны эске алууда. Бул жылы эксперттердин эсеби боюнча, дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү мол болушу күтүлүүдө. Дүйнөлүк рынокто азык-түлүктүн индекстик баасы баштапкы деңгээлде кармалууда, бир гана сүт азыктарына баа кымбаттаган. I чейректин жыйынтыгы боюнча инфляциянын жылдык көрсөткүчү 7,8% түзгөн. С. Урустемов учурдагы абага баа берүүдө, эгерде күтүүсүздүк болбосо, анда 2013-жылдын акырында инфляция 7% тегерегинде кармалышы ыктымал экендигин билдирди. 

Быйылкы жылдагы бюджеттеги ресурстук бөлүктүн чектелиши, анын ичинде "Кумтөр" кенинин айланасындагы белгисиз абал, ошондой эле дүйнөлүк экономиканын начарлашы, жергиликтүү экономикадагы негизги чакырыктардын бири болууда. Анын ичинде Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болгон мамлекеттердеги экономикалык өсүүнүн жайлашы, тышкы суроо-талаптын солгундашы байкалууда. Анын айтымында, жогорудагы жагдайлар негизги тобокелдикти жараткандыктан, ага байкоо салуу абзел.  

Форумдун катышуучуларынын көпчүлүгү Улуттук банкка инфляциянын арымын кармап туруу үчүн катаал акча-кредит саясатын жүргүзүүнү сунуштады. Андан тышкары, кайра каржылоо боюнча механизмдерди күчөтүүнү да өтүнүштү. Ошондой эле Өкмөт Борбордук банкка башка мамлекеттик органдар менен кызматташууну күчөтүүнү, учурдагы баскычта финансылык кеңешчинин ролун кылдат изилдеп чыгуусун сунуштады.  

КР Эксперттик форуму. Улуттук банктын Эксперттик форуму адатта ар бир чейрек сайын уюштурулат. Анын негизги максаты эксперттик талкууда актуалдуу деп саналган макроэкономикалык темалар, айрыкча, акча-кредит саясатынын негизи катары өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоодо көз карандысыз экономисттердин сунуштарын иштеп чыгуу болуп эсептелинет.  

 

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелери жана алмашуу бюролоруна лицензиялар берилген: 

 

Жеке ишкер Н.О. Султановага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 8-майында №5098-лицензия берилген, катталган номери № 3089. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, "Дордой" соода комплекси, түндүк унаа токтоочу жайы. 

Жеке ишкер А.Д.Исаевага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 9-майында №5099-лицензия берилген, катталган номери № 3090. Юридикалык дареги: Кант шаары, Ленин көчөсү, 74 ("Народный" соода үйү). 

Жеке ишкер А.О. Джакыповага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 14-майында №5100-лицензия берилген, катталган номери № 3091. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү, 1, №8- павильон, "Мурас-Спорт" ЖЧКсынын аймагында. 

Жеке ишкер О.Г. Кудряшовага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 14-майында №5101-лицензия берилген, катталган номери № 3092. Юридикалык дареги: Кант шаары, Ленин көчөсү, номери жок, борбордук өтмөк, "Евросетң" байланыш салону. 

Жеке ишкер Н.С. Божановго нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 15-майында №5102-лицензия берилген, катталган номери № 3093. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Киев көчөсү, 112. 

 

2013-жылдын 6-майынан тартып, "МКК "Финкред" ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө 2011-жылдын 23-июнунда берилген №380-эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк кайтарып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Лермонтов көчөсү, 35а. 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 06-майынан 17-майына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

27726745410,00 

91 057 

3003344814,74 

85 325 

24723400595,26 

5 732 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

10,8 

93,7 

89,2 

6,3 

анын ичинде (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,1 

1,8 

1,1 

1,9 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

13,1 

8,4 

19,1 

8,9 

12,4 

1,0 

БК кириш 

13,5 

39,5 

19,9 

42,0 

12,7 

3,1 

СФ чыгыш 

0,4 

4,3 

4,1 

4,5 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

0,8 

7,7 

7,6 

8,2 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

16178456666,03 

49 572 

1616304722,52 

46 305 

14562151943,52 

3 267 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

11548288743,97 

41 485 

1387040092,22 

39 020 

10161248651,74 

2 465 

%  

71,4 

83,7 

85,8 

84,3 

69,8 

75,5 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын 

8-майына карата 

2013-жылдын 

17-майына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

198 307 

199 795 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1046 

785 

261 

 

1046 

785 

261 

Банкоматтардын саны  

272 

272