Кайта келүү
 Конъюнктура: 22 - 26 апрель


Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги отурумунда төмөнкү маселелер каралган жана тиешелүү токтомдор кабыл алынган.  

 

· "Банктардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен жүргүзгөн операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (№ 13\9);  

· "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына БФКМдердин мезгил-мезгили менен берилүүчү отчету жөнүндө маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"(№ 13\10); 

· "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн, № 5/7- "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"  

· "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 54/1- "Төлөм жүгүртүүсүнүн Мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (№ 13\13); 

· "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы жөнүндө" (№ 13\18). 

 

 

Кыргызстан менен Россия банк тармагындагы кызматташтыгын кеңейтет.  

 

Жакын арада Кыргызстандын банк рыногу жаңы катышуучу жана заманбап талапка жооп берген кызмат менен толукталышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Заир Чокоев 2013- жылдын 22-апрелинде Москва шаарында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп барган делегациянын курамында XV кыргыз-россия Өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз - Россия Ишкерлер Кеңешинин II- жыйынын жыйынтыгы боюнча билдирди. Ишкерлер Кеңешинде банк жана финансы тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулап жатып, иш чаранын катышуучулары бир нече маселеге токтолушту. Анын алкагында, "Инвесторгбанк" акционердик коммерциялык банкы Кыргызстанда туунду ишканасын ачууну, ал эми "Инвестицилык Соода Бизнес Холдинги" ачык акционердик коому "Залкар Банк" ачык акционердик коомунун акцияларынын көзөмөл пакетин сатып алуу тууралуу сөз болгон.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Заир Чокоев: " Учурда "Инвесторгбанктын" Кыргызстанда туунду ишканасын ачуу тууралуу сунушу Россиянын борбордук банкы "Центробанкта" каралууда. Эгерде, тескөөчү уруксат берсе, анда банк талапка ылайык документтерди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жөнөтөт. Россиянын бирден бир эң ири жана туруктуу банкынын Кыргызстанда ачылышын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кубаттайт. "Инвесторгбанк" - финансылык жактан күчтүү, туура багыттарды көздөгөн институт. Андыктан, алардын бай тажрыйбасы банк тармагындагы атаандаштыкты күчөтүп, коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жогорулатууга таасир этмекчи ".  

Заир Чокоев "Инвестициялык Соода Бизнес Холдинг" ачык акционердик коомунун "Залкар Банк" ААКсынын акцияларынын көзөмөл пакетин (90%) сатып алуу сунушун талкуулап жатып, банктын калган 10% акциясын Мамлекеттик мүлк фондусу сатып алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россиянын "Инвестициялык Соода Бизнес Холдинги" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, россиялык ААК инвестициясын коргоо боюнча келишимге кол коюшаарын кошумчалады.  

Өкмөттөр аралык жыйында, айыл чарбасы, энергетика, машина куруу, кайра иштетүү өнөр жайы, ошондой эле, финансы жана банк тармагындагы кызматташуу долбоорлору , анын ичинде, камсыздоо, россиялык финансы институттары тарабынан кыргыз кесиптештерине заманбап банктык продукт сунуштоо маселеси талкууланды. Ошентип, "НОВИКОМБАНК" ЖАК АКБ Кыргызстандын коммерциялык банктарына банк тармагындагы инструменттерди колдонууну сунуштады.  

Жогорудагы негизги маселелер боюнча, XV кыргыз- россиялык өкмөттөр аралык жыйында мындан ары Кыргызстан менен Россиянын банк тармагында өз ара кызматташуусу максатында катышуучулар токтомго кол коюшту. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги Мамлекеттер аралык банктар кеңешинин 46-чы жыйынына катышты.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги 2013-жылдын 26-апрелинде Москва шаарында Мамлекеттер аралык банктар Кеңешинин 46-чы жыйынына катышып, анда 2012-жылдагы мамлекеттер аралык банктардын (МАБ) ишмердиги каралып, МАБ финансылык абалы жана аны турукташтыруу шарттары, МАБ Кеңештин төрагасын шайлоо жана башка маселелер талкууланды.  

 

Кыргыз Республикасында нак акча жүгүртүлүшүнүн 2013-жылдын I чейрегиндеги абалы тууралуу отчет 

2013-жылдын 1 - апрелине карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 56 699,7 млн. сомду түзгөн, анын ичинен 3 223,7 млн. сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми калганы банк тутумунан тышкары колдонууда турган (өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда, 8 360,4 млн. сомго же 17,3 пайызга көп).  

2013-жылдын I чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республиканын бүтүндөй аймагынан 156 141,8 млн. сом келип түшкөн, бул 2012-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда, 42 124,9 млн. сомго же 36,9 пайызга көп.  

Коммерциялык банктардын кассаларынан 2013-жылдын I чейрегинде 156 988,7 млн. сом берилген, бул 2012-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда, 43 156,2 млн. сомго же 37,9 пайызга көп.  

Коммерциялык банктардын кассаларына нак акча кайтарымдуулугу 2013-жылдын I чейрегинде 99,5 пайызды түзгөн (2012-жылдын I чейрегине салыштырганда, 0,7 пайыздык пунктка азайган). 

Коммерциялык банктардын кассаларына 2013-жылдын I чейрегинин ичинде акча кайтарымдуулугунун областтар боюнча өзгөрүүсү

 

пайыздарда 

 

2012-жыл 

2013-жыл 

Четтөөлөр 

Бардыгы болуп республика боюнча 

 

100,2 

 

99,5 

 

-0,7 

Бишкек шаары 

108,4 

104,0 

-4,4 

Баткен обл. 

86,7 

96,3 

9,6 

Жалал-Абад обл. 

88,3 

90,0 

1,7 

Ысык-Көл обл. 

83,6 

88,6 

5,0 

Нарын обл. 

67,0 

77,2 

10,2 

Ош обл.  

68,4 

96,2 

27,8 

Ош шаары 

106,3 

102,8 

-3,5 

Талас обл. 

74,9 

78,2 

3,4 

Чүй обл.  

103,6 

100,0 

-3,6 

 

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин күбөлүктөрү жокко чыгарылган, кайтарып алынган.  

 

1. 2013-жылдын 24-апрелинен тартып, "Фортуна" МКК ЖЧКсына 2009-жылдын 13-мартында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген №196- эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк, Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги №136- чечими менен кайтарып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Термечиков көчөсү, 8-40 а. 

2. 2013-жылдын 24-апрелинен тартып, "Каусар ислам МКК" ЖАКка 2011-жылдын 8-апрелинде жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген №355- эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк, Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги №136- чечими менен кайтарып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш.,Москва көчөсү, 194-88. 

3. 2013-жылдын 25-апрелинен тартып, "Береке-15" МКК ЖЧКсына, өзүн-өзү жоюуга байланыштуу, 2011-жылдын 4-майында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген №366- эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы. Түп району, Түп айылы. Мокоев көчөсү 46/7. 

4. 2013-жылдын 26-апрелинен тартып, "Trust Company" МКК ЖЧКсына, өзүн-өзү жоюуга байланыштуу, 2008-жылдынн 31-декабрында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген №185- эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Ош көчөсү, 56.  

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

  

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 22-апрелинен 26- апрелине чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

15 793 530 046,76 

47 606 

1 485 267 376,16 

44 566 

14 308 262 670,60 

3 040 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

9,4 

93,6 

90,6 

6,4 

анын ичинде (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,05 

1,4 

0,5 

1,5 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

12,8 

9,4 

20,6 

9,8 

12,0 

3,1 

БК кириш 

17,4 

40,6 

20,0 

43,0 

17,2 

5,4 

СФ чыгыш 

0,01 

0,1 

0,1 

0,2 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

0,1 

1,8 

1,2 

1,9 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

13 603 914 981,08 

47 136 

1 410 536 056,09 

44 221 

12 193 378 924,99 

2 915 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

2 189 615 065,68 

470 

74 731 320,07 

345 

2 114 883 745,61 

125 

%  

16,1 

1,0 

5,3 

0,8 

17,3 

4,3 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын 

19-апрелине карата 

2013-жылдын 

26-апрелине карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

194 651 

196 304 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1048 

787 

261 

 

1048 

787 

261 

Банкоматтардын саны  

272 

272