Кайта келүү

ЭЛКАРТ  бардык учурда жардамга келген универсалдуу карта!  

ЭЛКАРТ банктык төлөм картасы  Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында жана анын чегинен тышкары 7 күн ичинде 24 саат бою банктык эсепте сакталып турган акча каражаттарыңызды ыңгайлуу жана ишенимдүү тескөө мүмкүнчүлүгү каралган заманбап каражат.  

Элкарт картасы каалаган учурда жана тез арада төмөнкүлөрдү ыңгайлуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет:   

  

1. Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында жана анын чегинен тышкары акча каражаттарды нак акчага айландыруу; 

2. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө

3. Акча которуу системасынан, электрондук капчыктардан жана башка төлөм кызматтарынан ЭЛКАРТ карталарына акча каражаттарын которуу; 

4. Смартфон аркылуу ELCART Pay функциясын колдонуу менен байланышсыз төлөмдөрдү жүргүзүү

5. QR аркылуу байланышсыз төлөө

6. Башка банктардын тиркемелерине ЭЛКАРТ картасын байланыштыруу мүмкүнчүлүгү

7. Банкоматтар жана мобилдик тиркемелер аркылуу өлкөнүн бүтүндөй аймагына кайсыл болбосун ЭЛКАРТ картасына акча каражаттарды которуу; 

8. Коммуналдык кызматтар, ошондой эле мобилдик, стационардык байланыш, интернет-провайдерлердин, кабелдик телекөрсөтүүлөр жана башка кызматтар үчүн төлөө

9. Уюлдук телефон аркылуу акча каражаттардын жылышын контролдоо (SMS-билдирүү/электрондук почта кызматы). 

ЭЛКАРТ картасынын артыкчылыктары 

1. Чыгаруу баасы ыңгайлуу Банкка жана картанын түрүнө жараша 0 сомдон башталат; 

2. Комиссиялык төлөм төмөн: 

· жылдык тейлөө - Банкка жана картанын түрүнө жараша 0 сомдон башталат, 

· каражаттарды нак акчага айландыруу 0 пайыздан 0,6 пайызга чейин, 

· соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө 0 пайыз. 

3. Өлкөдөгү БАРДЫК банктардын банкоматтарында жана терминалдарында тейлөө (2100дөн ашуун банкомат жана 18000 POS-терминал); 

4. Кыргызстандын 21 банкынын ичинен каалаган банктан ЭЛКАРТ картасын алуу/кайра чыгаруу мүмкүнчүлүгү

5. Каражаттарыңыздан 7 күн ичинде 24 саат бою пайдалануу мүмкүнчүлүгү

6. Корголгон 3D коопсуздук протоколу аркылуу интернет тармагынан товарларды жана кызматтарды сатып алуу; 

7. Интернет аркылуу сатып алууларга төлөө үчүн виртуалдык картаны чыгаруу мүмкүнчүлүгү

8. Мобилдик тиркеменин жардамы менен төлөмдөрдү жана акча которууларды жүргүзүү

9. ЭЛКАРТ-UPI кобейджинг карталарын чыгаруу; 

10. ЭЛКАРТ Мобайл мобилдик тиркемесинде ар башка банктардын картасын же бир нече карталарын байланыштыруу мүмкүнчүлүгү

ЭЛКАРТ байланышсыз, магниттик жана чип коюлган төлөм карталары, төлөм карталары тармагынын эл аралык маалымат коопсуздугу стандарттарына толугу менен жооп берет. 

1-сүрөт. Картанын алдыңкы бети

Алдыңкы бетинде системанын логотиби, картаны чыгарган банк, картанын номери, картанын жарактуулук мөөнөтү жана карта ээсинин аты-жөнү көрсөтүлөт. 

2-сүрөт. Картанын арткы бети

Картанын арткы бетинде Кардарларды колдоо кызматынын телефон номерлери, Процессинг борборунун координаттары, 3 сандан турган CVV код жана картаны колдонууда коопсуздук боюнча кыскача көрсөтмө чагылдырылат. 

Карта менен бирге ПИН-код көрсөтүлгөн жабык конверт чыгарылат (эгер талап кылынса), ал “ачкыч” катары эсептелинет жана картадагы акча каражаттарын колдонууга мүмкүндүк берет. 

ЭЛКАРТ аркылуу накталай акча алуу жана товарлар жана кызматтар үчүн төлөө 

ЭЛКАРТты тейлеген пункттар ЭЛКАРТ логотиби бар стикерлер жана башка белгилер менен белгиленет. 

· Банкоматтан накталай акча алуу 

1. Картаны банкоматтагы белгиге ылайык ресиверге салыңыз, картаны эч кандай күч-аракет жумшабастан салуу керек; 

2. Меню тилин тандайсыз (кыргыз, орус, англис); 

3. Андан кийин банкоматтын клавиатурасында (төмөндө көрсөтүлгөн) картанын ПИН-кодун терүү сунушталат, аны тергенден кийин КИРҮҮ баскычын басыңыз; 

4. Эгерде ПИН-код туура эмес терилсе, ӨЗГӨРТҮҮ баскычын басып, кайрадан териңиз. Эгерде ПИН-кодду үч жолу туура эмес терсеңиз, карта бөгөттөлөт; 

5. "Накталай акча алуу" пунктун тандаңыз. Эгерде сизге керектүү сумма тизмеде жок болсо, "Башка сумма" пунктун тандап, аны клавиатурада териңиз; 

6. Андан кийин, сизге керектүү сумманы тандаңыз; 

7. Банкомат акча каражаттарын бергенден кийин дароо картаны да алыңыз.  

 

ЭЛКАРТ Мобайл тиркемеси аркылуу акча которуулар жана кызматтар үчүн төлөө 

ЭЛКАРТ Мобайл тиркемесинин өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары: 

1. Кыргыз Республикасынын кайсы болбосун банкы тарабынан чыгарылган карттарды байланыштыруу; 

2. Кыргыз Республикасынын кайсы болбосун банкы тарабынан чыгарылган ЭЛКАРТка заматта акча которуу: 

· Телефон номери боюнча 

· Карта номери боюнча 

· QR-код боюнча 

· Өзүңүздүн картаңызга 

3. Тез төлөмдөр (уюлдук байланыш, интернет, коммуналдык төлөмдөр, ж.б. үчүн); 

4. Соода-тейлөө ишканаларында QR-код же Elcart Pay аркылуу төлөө

5. "Банктык кызмат көрсөтүүлөр" бөлүмүндө башка банктардын карталарын жана эсептерин толуктоо; 

6. Картанын балансын көрүү жана тез арада көчүрмөнү алуу, төлөмдүн абалына көз салуу; 

7. ЭЛКАРТты кабыл алган, жакын жерде жайгашкан банкоматты жана соода-тейлөө ишканаларын табуу; 

8. Коопсуздук стандарттарын жана маалыматтарды коргоо чараларын сактоо. 

Накталай акча берүү пунктунан накталай акча алуу: 

1. Кассирге картаны берип, анын талабы боюнча ПИН-кодду териңиз; 

2. Кассирге сиз алууну каалаган сумманы айтыңыз; 

3. Накталай акчаны алгандан кийин чекке кол коюп, картаны алыңыз. 

Соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө

1. Касса аркылуу төлөө үчүн картаны POS-терминалга жакындатыңыз, зарыл учурда, ПИН-кодду териңиз; 

2. Кассир чекти бергенден кийин аны товар чеги менен салыштырып текшериңиз. Сумма тегеректөөсүз көрсөтүлүүгө тийиш; 

3. Картаны алыңыз. 

Төмөнкү учурларда эмне кылуу керек...  

1. Картаңыз жоголуп кетсе же уурдалса? 

Карта жоголгон учурда Кардарларды колдоо кызматына (312) 664325, (312) 637696, (312) 637698 телефондоруна чалып, код сөздү же башка идентификациялык маалыматтарды киргизгенден кийин карта бөгөттөлөт. 

Эгерде кийинчерээк сиз жоголгон картаны тапсаңыз, аны блоктон чыгаруу үчүн картаны чыгарган банкка жазуу жүзүндө арыз менен кайрылуу зарыл.  

2. Операцияны жүзөгө ашыруудан баш тартылса? 

· Азыраак суммадагы накталай акчаны чыгарууга аракет кылыңыз. Банкоматтан жана накталай акча берүү пункттарынан накталай акча алууда банктын комиссиясын эске алыңыз; 

· ПИН-код туура терилгендигин текшериңиз; 

· Мүмкүн мурда бөгөттөлгөн карта колдонулду; 

· Эгерде банкомат убактылуу иштебей калса, жакынкы банкоматка же накталай акча берүү пункттарына кайрылыңыз.  

 

3. Банкомат же кассир картаңызды кайтарбаса? 

Картаңызды чыгарган банкка же Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз. 

4. Саякатка баруу алдында? 

Картаңыздын жарактуулук мөөнөтүн текшериңиз. Мөөнөтү (жакын арада) аяктаган учурда, картаны кайра чыгаруу үчүн банкка кайрылыңыз; 

Картадагы акча каражаттар калдыгын текшерип, зарыл болгон учурда, эсебиңизди толуктаңыз. 

Карта ээлери үчүн коопсуздук эрежелери 

1. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, картаны пайдалануу укугун ишеним кат аркылуу өткөрүп берүүнү кошпогондо, картты үчүнчү жакка берүүгө тыюу салынат. 

2. Картаны коопсуз жерде сактаңыз. Картаны кимдир-бирөө алышы мүмкүн болгон жана/же картанын номерин/кол тамга үлгүсүн/CVV кодун жана башка маалыматтарды көчүрүп алышы мүмкүн болгон жерлерде калтырбаңыз. 

3. Магниттик тилкеге ​​зыян келтирбөө үчүн картаны электромагниттик нурлануу булактарына (уюлдук телефондор, телевизорлор, микротолкундуу мештер, аудио жана видео жабдуулар ж.б.) жакын жерде сактабаңыз. Товарлардын магниттик коддору колдонулуучу жерлерде төлөөдө этият болуңуз - бул банкоматтарда жана POS-терминалдарда картаны кабыл алуудан баш тартууга же туура эмес пайдаланылышына алып келиши мүмкүн. 

4. ПИН-код жашыруун сакталышы керек. ПИН-кодду үчүнчү жакка (туугандарга, кесиптештерге, досторго ж.б.) маалымдоо картаны уруксатсыз колдонууга, б.а. карт ээсине тиешелүү акча каражаттарын чыгымдоого алып келиши мүмкүн. ПИН-кодду терүү менен жүзөгө ашырылган операциялар карта ээси тарабынан ишке ашырылган катары таанылат жана талаш маселе катары кароого алынбайт. 

5. Картаны ПИН-код менен бирге сактоого, ПИН-кодду картанын өзүнө же карта менен бирге сакталган документтерге жазууга тыюу салынат. 

6. Сатып алууларды жүргүзүүдө картаңызды унутпаңыз. Транзакция аяктагандан кийин картаны дароо алып, анын аныктыгын текшерүү зарыл. 

7. Соода түйүндөрүндө карта менен бардык операциялар карта ээсинин катышуусунда жүргүзүлүүгө тийиш. 

8. Банкомат аркылуу транзакция жүргүзүү алдында банкомат адаттагыдай иштеп жаткандыгын текшериңиз, эгерде банкоматтын жанында же анын бетинде башка түзүлүштөрдү байкасаңыз, ошол банкоматты тейлеген банкка дароо маалымдаңыз жана эгерде банкоматтын экранында башка банкоматтарга өтүү сунушталса ал банкоматтарды колдонбоңуз. Банктар мындай билдирүүлөрдү жөнөтүшпөйт. 

9. Банкка берилген байланыш маалыматтарды жаңыртып туруу зарыл, бул, мисалы, карта аркылуу шектүү операция ишке ашырылса, банк карта ээси менен телефон/электрондук почта/SMS аркылуу байланышуусу үчүн зарыл. 

10. Интернет аркылуу коопсуз пайдалануу принциптерин сактоо керек жана шектүү же түшүнүксүз электрондук почта билдирүүлөрүндө же социалдык тармактар ​​аркылуу жөнөтүлгөн шилтемелерди баспаңыз. 

11. Карта ээси күтпөгөн электрондук почта билдирүүлөрүнө тиркелген файлдарды жүктөбөңүз. 

12. Карта ээси өзүнүн паролдорунун коопсуз сакталышын камсыз кылууга жана аларды эч кимге айтпоого тийиш. 

13. Карта ээси өзүнүн жеке маалыматтарын эч кимге - телефон аркылуу, жеке өзүнө же электрондук почта аркылуу ачыкка чыгарбоого тийиш. 

14. Карта ээси кайра багытталган веб-сайттын дарегин (URL) кылдат талдоо зарыл. Көпчүлүк фишинг учурларында, сайт адаттагыдай ишенимдүү көрүнгөнү менен URL-дарек түп нускасынан айырмаланышы мүмкүн (мисалы, .gov ордуна .com менен аяктайт). 

15. Браузериңизди жаңыртып туруңуз жана жаңыртып туруучу коопсуздук программаларын өз убагында орнотуңуз. 

24/7 кардарларды тейлөө

+996 (312) 63-76-96 

+996 (500) 63-76-96 

+996 (777) 63-76-96 

+996 (555) 63-76-96