Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө » мыйзамы 

4-берене. Ушул Мыйзамга ылайык корголууга жаткан депозиттер  

1. Ушул Мыйзамга ылайык кепилденген учур келгенде депозиттер боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, ар бир аманатчыга баарысы 200 миң сомдон көп эмес компенсация төлөнүп берилет. 


Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамы 

5-1-глава Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана микрофинансы уюмдарынын жоопкерчиликтери 

35-2-статья. Кредиттөөгө карата минималдуу талаптар  

1. Микрофинансы уюмдары кредиттөөнү жана башка кызматтарды көрсөтүүнү кардарларга карата ак ниеттүүлүк, ачыктык, аныктык принциптеринде, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, коммерциялык жана банктык жашыруун сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырат. 

Микрофинансы уюмдары коммерциялык кредиттер катары тартылган каражаттарды жайгаштырууда алардын ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн иштин максаттарына ылайык келүүсүн камсыз кылууга милдеттүү

2. Микрофинансылык уюмдар кредиттөө боюнча кызматтарды көрсөтүүдө төмөнкү минималдуу талаптардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

1) микрофинансы уюму тарабынан берилүүчү кредит боюнча натыйжалуу пайыздык ставкасы кредитти берүү датасына декларацияланган (жарыяланган) натыйжалуу пайыздык ставканын маанисинен ашпоого тийиш; 

2) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин кардарлар (мүмкүн болуучу карыз алуучулар) үчүн кредиттик продукциянын толук наркы жөнүндө маалыматты кошуп алганда, кредиттерди берүүнүн шарттары тууралуу маалыматтарды кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик жана/же расмий тилде толук ачуу камсыз кылынууга тийиш. Маалыматтын формасы ар түрдүү кредит берүүчүлөрдүн кредиттик продукцияларын салыштыруунун мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн унификацияланган жана тутумдаштырылган болууга тийиш; 

3) кредиттик келишим түзүлгөнгө чейин, өзгөчө карыз алуучунун жалгыз турак жайы күрөө катары берилгенде, карыз алуучунун иш менен камсыз болуу, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелеринин көрсөткүчтөрү, чыгымдарынын көлөмү, багуусундагы адамдардын саны ж.у.с. кошуп алганда, карыз алуучунун иш жүзүндөгү төлөө жөндөмдүүлүгү иликтенүүгө тийиш; 

4) кредиттик келишимдин шарттарына кошумча жыйымдарды, микрофинансы уюмдары алуучу жана төлөнүүчү комиссиялык жана башка төлөмдөрдү жана жарыялангандан тышкаркы микрокредит боюнча келишимди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу, ошондой эле карыз алуучу менен келишилгенге көз карандылыктан тышкары акы алынуучу негиздеги башка кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат; 

5) типтүү кредиттик продукциялар жана аларга карата келишимдер унификацияланган болууга тийиш; 

6) кредиттик келишимдин тексти кабылдоо жана түшүнүү үчүн так жана жеткиликтүү болууга тийиш. Мында келишимдин тили - мамлекеттик же расмий тил карыз алуучунун тандоосу боюнча аныкталууга тийиш; 

7) келишимде тиешелүү келишим түзүлгөндөн кийин, кардар акча каражатын алганга же болбосо келишим боюнча лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү жүзөгө ашырган учурга чейинки мезгилде кардардын кредит алуудан (лизинг боюнча сунушталган кызмат көрсөтүүдөн) акысыз негизде баш тартууга укугу каралуусу тийиш; 

8) келишимде алган кредитти (лизингди) кайтарып берген күнгө чейин отуз күн мурда бул тууралуу микрофинансы уюмуна маалымдоо менен кандай болбосун убакытта кандайдыр бир айыптык санкцияларсыз кредиттин (лизингдин) ордун мөөнөтүнөн мурда жабууга кардардын укугу каралууга тийиш; 

9) кардарга кол койдурулуп келишим боюнча өзү кабыл алган милдеттенмелерди аткарбоонун же талаптагыдай аткарбоонун бардык кесепеттери түшүндүрүлүүгө тийиш; 

10) карыз алуучулар кайрылганда иш жүзүндөгү карыздын өлчөмү жөнүндө так маалымат жана кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - төлөмдөрдүн жаңы графиги берилүүгө тийиш; 

11) кардар - жеке жак, анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкер менен кредиттик келишимде белгиленген негизги сумма жана пайыздар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыз үчүн бышмана (айып акылар, туумдар) боюнча пайыздын өлчөмү кредит боюнча келишимде көрсөтүлгөн номиналдуу пайыздык ставкадан ашык болбошу керек. Мында кредиттин колдонулушунун бүткүл мезгили үчүн эсептелген бышмананын (айып акылардын, туумдардын) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынын ашпоого тийиш; 

12) кардар даттанууларды кароонун жол-жобосу жөнүндө жана микрофинансы уюмунда суроо-талаптарды, даттанууларды алуу жана аларды кароо үчүн жооп берүүчү байланыш адамы тууралуу маалымдалган болушу керек; 

13) эгерде бул карыз алуучунун укуктарын жана милдеттерин начарлатса, микрофинансы уюму кредиттик келишимдин шарттарын бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө же толуктоого укуксуз; 

14) келишимге ылайык карыз алуучуга күрөө мүлкүн сатып алууга артыкчылыктуу укук берилүүгө тийиш. 

 

  


“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо  

4.2. Кредиттик келишимдин корутундусу  

38. Кардарга кредит берүү чечими кабыл алынгандан жана ал менен бардык шарттар талкуулангандан кийин карыз алуучу менен Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик келишим түзүү зарыл.  

39. Банк менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим жана ага кошо тиркелүүчү банк кардарынын укуктары, чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги, ошондой эле банк менен кардар ортосунда түзүлүүчү башка келишимдер макулдашуунун негизинде мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт (зарыл учурда келишим башка тилге которулушу мүмкүн), мында кредиттик келишимдин тексти карыз алуучуга түшүнүктүү болууга тийиш. Кредиттик келишим шарттарынан улам келип чыккан кардардын укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүкчөдө көрсөтүлүүгө тийиш. Кредиттик келишимдин жана ага карата бардык тиркемелердин бүтүндөй тексти бирдей болууга жана кеминде 12 шрифт менен берилүүгө тийиш.  

 

40. Келечекте аны кайтаруу боюнча проблемалардын келип чыгышына жол бербөө максатында, кредиттик келишимди түзүүдө кредит берүү жана аны төлөө боюнча бардык шарттар сүйлөшүлүүгө тийиш, мында эгерде ал карыз алуучунун укугунун чектелишине жана/же милдеттеринин көбөйүшүнө алып келсе, банк кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укугу жок. Мында, эгерде бул укук кредиттик келишимде кардарга маалымдоо мөөнөтүн (кеминде 30 күн мурда) белгилөө менен, ошондой эле өзгөртүүнүн так статьялары, шарттары жана максималдуу/минималдуу чектери тизмегин көрсөтүү менен сүйлөшүлгөн учурларды эске албаганда, кредиттик келишимде алгач белгиленген шарттарды бир тараптуу негизде өзгөртүүгө банктын укугу жок. Карыз алуучу менен кредитти жана ал боюнча пайыздарды төлөө графигин түзүү учурунда, кредиттин максатына жана карыз алуучунун иш багытына, карыз алуучу сунуштаган жана ал банк тарабынан текшерилген бизнес-планга, ошондой эле акча каражаттарынын болжолдуу жылышына көңүл буруу максатка ылайыктуу. Карызды төлөө графигинде, кеминде кредит берүү суммасы, ал боюнча пайыздык чен, берилген күнү, негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө суммасын көрсөтүү менен план боюнча төлөө күндөрү, ошондой эле кредит боюнча карыз калдыгы камтылууга тийиш. Төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Аны түзүү каралбаган кредиттик продукттар боюнча (эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттар, кредиттик линиялар ж.б.) карызды төлөө графиги талап кылынбайт.  


Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майы N19/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын кардарларга-жеке адамдарга кредиттерди берүүсүнө карата талаптар жөнүндө» токтому 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган бардык коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы кардарлар-жеке адамдар, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкерлер менен түзүлгөн кредиттик келишимдерде, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча айыптык төлөм, туумдар боюнча пайыз өлчөмү келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча пайыздык ченден ашпаган өлчөмдө белгилешсин. Мында, кредит колдонулуп жаткан бүтүндөй мезгил ичинде ага чегерилген айыптык төлөм, туум өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20% ашпоого тийиш.   


Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоо  

6. Банк кардарга эсеп ачуу учурунда документтердин каралган формаларын толтуруу эрежелери, чегерилген пайыздарды эсептөө тартиби жана башка маселелер боюнча милдеттүү түрдө түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш.  

7. Аманаттар (депозиттер) боюнча пайыздар, банктык банктык банктык аманат (депозит) келишимдери боюнча аманат суммасы банкка келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып, ошол сумма кардарга кайтарылып берилген же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча кардар эсебинен алынып салынган күнгө чейинки күнгө карата чегерилет.  


Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 "Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө"жобо  

9. Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө кандай болбосун келишим түзүүгө чейин керектөөчү сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр боюнча толук чечмеленген маалыматка ээ болууга тийиш. Сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары жана наркы тууралуу маалыматтарды берүүдөн баш тартууга жол берилбейт. ФКУ, сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттары, аларга байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер жана мыйзамдарда каралган алардан улам келип чыккан кесепеттер жана жоопкерчиликтер тууралуу маалыматты керектөөчүгө маалымдоо үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.   

 

24. ФКУ кайрылууларды кароо жол-жобосун иштеп чыгууга милдеттүү. Кайрылууларды кароо жол-жобосу ушул жобонун, мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш, бул менен бирге ага ошол талаптарга каршы келбеген башка ченемдер киргизилиши мүмкүн. ФКУда кайрылууларды кароо жол-жобосунун иштелип чыккандыгы, кайрылууларды берүү ыкмалар (каналдары), ошондой эле даттануулар жана сунуштар катталган китепченин бардыгы тууралуу маалымат керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерде (маалымат такталары ж.б.у.с.) жайгаштырылууга тийиш. Кайрылууларды кароо жол-жобосунун электрондук версиясы (керектөөчүгө тиешелүү бөлүгү) ФКУнун расмий интернет-сайтында (болгон шартта), анын шилтемеси - ФКУнун расмий интернет-сайтынын башкы бетинде жайгаштырылууга тийиш. ФКУ, керектөөчүнүн талабы боюнча кайрылууларды кароонун белгиленген тартиби боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.   

42. Керектөөчүнүн ФКУга жолдогон жазуу жүзүндөгү кайрылуусу отуз календардык күндөн кечиктирилбестен каралууга жана ага жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлүүгө тийиш. Кардарлардын даттанып жана арызданып кайрылууларын (талаш маселелер) кароонун жыйынтыгы боюнча документтер белгиленген тарипте кеминде үч жыл сакталууга тийиш.