Кайта келүү
 Конъюнктура: 17 - 21 декабрь


«Акылинвестбанк» ААКсы белгиленген талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2012-жылдын 6-августундагы № 33/1 токтому менен бул банкка киргизилген тике банктык көзөмөлдүк режими, Көзөмөл боюнча комитеттин 2012-жылдын 10-декабрындагы №50/1 токтомуна ылайык 2012-жылдын 7-декабрынан тартып токтотулган. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: КМШ мамлекеттер-катышуучулардын интеграцияланган валюта рыногун уюштуруу жагында кызматташтык жөнүндө Макулдашуу, Кыргызстандын банктарына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. 

2012-жылдын 5-декабрында Түркмөнстанда болуп өткөн КМШ мамлекеттеринин башчылары кеңешинин отурумунда, бул шериктеш мамлекеттердин жетекчилери КМШ мамлекеттер-катышуучулардын интеграцияланган валюта рыногун уюштуруу жагында кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту.  

Улуттук банк, бул документке кол коюу аркылуу Кыргыз Республикасынын банктары үчүн алгылыктуу жетишкендик болуп саналат деп билдирген, анткени бул КМШ өлкөлөрүнүн валюта рынокторунда катышуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт жана ушундай эле мүмкүнчүлүктөр бул өлкөлөрдүн коммерциялык банктарына да берилет.  

Бул Макулдашуунун алкагында КМШ мамлекеттери, бул мамлекеттердин резидент банктарына сунушталган алгылыктуу шарттардан кем эмес шарттарда өз валюта рынокторуна кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттенишет. Мындан тышкары, макулдашууга кол коюу менен мындан ары улуттук валюта рыногун өнүктүрүү үчүн мыйзам актыларын иштеп чыгууда, жалпысынан бул мамлекеттердин валюта рынокторунун түптөлүшүнө өбөлгө түзөт. Келечекте бул Макулдашууну жүзөгө ашыруу менен КМШ мамлекеттер-катышуучулардын өз ара интеграцияланышы аркылуу улуттук рыноктордун ликвиддүлүгүн жогорулатууга жетишилет.  

КМШ мамлекеттери-катышуучулардын интеграцияланган валюта рынокторун уюштуруу чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө макулдашуу, КМШ өлкөлөрүндө улуттук валюталарды өз ара конвертирленүүсүнүн натыйжалуу механизминин укуктук базасын түзүүгө жана тышкы соода ишкердикти жүзөгө ашырууда улуттук валютанын пайдаланышын жогорулатууга багытталган. Мында белгилей кетүүчү нерсе, Макулдашууга кол коюу аркылуу бардык КМШ өлкөлөрү үчүн бирдиктүү валютасы менен валюталык союзду түзүү дегендик эмес. Интеграциянын бул баскычында КМШ өлкөлөрү мурдагыдай эле, өз улуттук валюталарын пайдаланышат.  

 

 

2012-жылдын 20-декабрында "МКК "Финанс Кредит Строй" ЖЧКСына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөө үчүн эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №473 күбөлүк берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Раззаков атындагы көчө, 33/2-2. 

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин күбөлүктөрү жокко чыгарылган: 

 

1. МКК "МТ Капитал" ЖЧКсына 2008-жылдын 11-октябрында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөө үчүн берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №173 күбөлүгү, Ресурстун жоктугуна байланыштуу уюштуруучунун өзүн-өзү жоюу жөнүндө 2012-жылдын 19-декабрындагы №2 чечимине ылайык, 2012-жылдын 19-декабрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чуйков көчөсү, 82/40; 

2. МКК "ЗАБЕМА" ЖЧКсына 2011-жылдын 21-сентябрында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөө үчүн берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №395 күбөлүгү, каражаттын жоктугуна байланыштуу уюштуруучунун өзүн-өзү жоюу жөнүндө 2012-жылдын 20-декабрындагы чечимине ылайык, 2012-жылдын 21-декабрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү, 428. 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Клирингдик система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 17-ноябрынан 21- ноябрынан чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр  

(отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде 

16 643 044 880,66 

45 639 

1 737 777 804,38 

41 873 

14 905 267 076,28 

3 766 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%) 

100,0 

100,0 

10,4 

91,7 

89,6 

8,3 

анын ичинде 

(%) : 

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары 

0,1 

1,7 

0,8 

1,9 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

20,7 

14,6 

28,9 

15,4 

19,8 

5,1 

БК кириш  

21,4 

31,7 

17,3 

34,2 

21,8 

3,9 

СФ чыгыш  

0,02 

0,3 

0,1 

0,3 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

0,2 

3,1 

1,9 

3,4 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде 

14 475 081 886,38 

47 753 

1 527 461 115,14 

44 585 

12 947 620 771,23 

3 168 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши  

Абсолюттук мааниде 

2 167 962 994,29 

-2 113 

210 316 689,24 

-2 712 

1 957 646 305,05 

598 

15,0 

-4,4 

13,8 

-6,1 

15,1 

18,9 

 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

… карата абал боюнча 

2012-жылдын 

14-декабрына карата 

2012-жылдын 

21-декабрына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда) 

162 539 

165 210 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде: 

- банктарда 

- соода түйүндөрүндө 

 

866 

605 

261 

 

866 

605 

261 

Банкоматтардын саны 

252 

252