Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Ченемдик актылары" 

журналынын 2009 жылдын № 4 саны 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы №3/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому (Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинде 2008-жылдын 22- февралындагы 10-08 номеринде каттодон өткөн) 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-январындагы № 5/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы № 38/11 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоого өзгөртүүлөрдү киригүү тууралуу токтому 

3. Кыргыз Республикасын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 13-февралындагы № 6/3 "Жаңы түзүлүп жаткан банктар үчүн уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16.01 № 3\2 токтому 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2008-жылдын 22.02 

№ 10-08 регистрациялык номери 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 

21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Бул токтом күчүнө кирген учурга карата банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн бузууга жол беришкен банктар, банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн 2008-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Улуттук банктын талаптарына ылайык келтиришсин. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн. 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.  

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.  

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага үчүн  

Улуттук банктын Төрагасынын 

милдетин аткаруучу 

Абдыбалы тегин С. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

1. 9.1 пунктунда "ар бир банктык эмес уюмга" сөздөрүнөн кийин 8-шилтеменин тексти төмөнкү редакцияда алмаштырылсын: 

"8 Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдын 31-статьясына ылайык".  

 

2. "9. Ар бир банктык эмес уюмга кайсы болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү" деп аталган бөлүгү төмөнкү мазмундагы 9.3, 9.4 жана 9.5 пункттары менен толукталсын: 

"9.3. Эгер коммерциялык банк анын таза суммардык капиталынын 10 пайызынан жогору болбогон өлчөмүндө кайсы болбосун банктык эмес уюмдун капиталына инвестициялоого (акциялар менен соода кылуу максатында эмес, узак мөөнөттүү инвестициялоо максатында) ниет кылып жатса, анда бул учурда банк инвестициялоо башталганга чейин 40 календардык күн ичинде төмөнкү документтердин/маалыматтардын кошо тиркелиши менен бул тууралуу Улуттук банкка жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү

1) инвестициялоонун максаттары жана шарттары жөнүндө маалымат; 

2) кийинки эки жыл ичиндеги инвестициянын кирешелүүлүгүнүн эсеби; 

3) уюм жөнүндө жалпы маалымат (аталышы, жайгашкан жери, уюштуруу-укуктук формасы, ишинин түрү, рынокто кайсы убакыттан бери иштейт, менчик ээлери жана жетекчилер тууралуу маалымат); 

4) банктык эмес уюм менен банктын инсайдерлеринин же аффилирленген жактарынын ортосундагы жалпы кызыкчылыктардын болушу тууралуу маалымат; 

5) банк тарабынан бул уюмга кайсы бир мезгилде берилген кредиттери жана каржылоонун башка түрлөрү жана алардын ордун жабуу жөнүндө маалымат; 

6) акыркы эки жыл үчүн уюмдун финансылык отчету (мүмкүн болушунча тышкы аудитор тарабынан тастыкталган); 

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банк кайсы болбосун кошумча маалыматты сураганга укуктуу. 

9.4. Банк тарабынан көзкаранды же туунду компаниянын түзүлүүсүндө же сатылып алынышында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 49-2-статьясынын талаптары аткарылууга тийиш.  

9.5. Улуттук банк болжолдонуп жаткан инвестициялоо башталганга чейин 10 күн мурда инвестициялоону токтотуп туруу, ошондой эле банк каражаттарды инвестициялагандан кийин кайсы учурда болбосун, төмөнкү учурларда, инвестициялоону токтотуу же аны чектөө жөнүндө талапты жөнөтүүгө укуктуу: 

- акыркы инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары же болбосо тышкы көзөмөлдүн чегинде алынган маалыматтар банктын финансылык туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө же банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлордун кызыкчылыктарына коркунучтун бар экендигин көрсөтсө

- банкты банктык мыйзамдарды, Улуттук банктын жазма буйруктарын же банктын Улуттук банк менен түзгөн жазуу жүзүндөгү келишимдерин бузуу менен инвестициялоону жүзөгө ашыруу, аны операцияларды жүргүзүүнүн ишенимсиз жана туура эмес практикасына тартуу менен байланыштуу болсо; 

- банк кайсы бир себептер менен бул инвестициялоонун мониторингин жүргүзө албаса; 

- Улуттук банкка банктык эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдарынын туура келбеген иш репутациясы жөнүндө күбөлөндүргөн, ошондой эле банктык эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдарынын мурдагы иши кайсы бир юридикалык жактын банкрот болушуна же олуттуу финансылык чыгымдарына мүмкүндүк бергендиги тууралуу фактылар белгилүү болгондо; 

- банк документтерди/маалыматты толук эмес көлөмдө бергенде же болбосо, туура эмес маалыматты бергенде.  

 

3. "10. Банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмү" деп аталган бөлүк төмөнкү мазмундагы 10.2, 10.3, 10.4, 10.5, 10.6, 10.7, 10.8 жана 10.9 пункттар менен толукталсын: 

"10.2. Ушул Жобонун максаттарында банкка тиешелүү болгон же финансы ижарасы келишими боюнча банктын карамагында турган жана негизги каражат катары пайдаланылып жаткан/пайдаланыла турган кыймылсыз мүлк (курулуп жаткандарды/бекитилген кыймылсыз мүлктү кошо алганда) банктык жай катары түшүндүрүлөт.  

10.3. Банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмүнүн эсебине бардык банктык жайлар, ижарага алынган менчиктин шартын жакшыртууга капиталдык салымдар (операциялык жана/же финансылык ижаранын келишими боюнча), ошондой эле акцияларга же облигацияларга кандай болбосун салымдар же банктын туракжайларына ээлик кылган ишкананын башка ушул өңдүү карыздык милдеттенмелери жана мындай ишканаларга берилген жана/же алардын акциялары менен камсыздалган бардык кредиттер киргизилүүгө тийиш. Бардык көрсөтүлгөн активдер (финансылык ижара келишими боюнча банктык жайлардан тышкары) алардын баланстык наркы боюнча эсебине кошулат.  

Финансылык ижаранын келишими боюнча банктын карамагында турган банктык жайлар финансылык ижара боюнча милдеттенменин күндөлүк өлчөмүн эсептен алып салуу менен баштапкы наркы боюнча банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмүнүн эсебине киргизилүүгө тийиш.  

10.4. Банк бул мүлктүн баланстык наркын банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмүнүн эсебине киргизүү шартында, кызматкерлердин эмгек жана эс алуу шарттарын түзүү үчүн дайындалган кыймылсыз мүлккө ээ болушу мүмкүн. 

10.5. Эгер банк каражаттарды 10.3. пунктунда көрсөтүлгөн активдерге кошумча инвестициялоого ниеттенип жатса жана ал банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмүн бузууга алып келсе, Улуттук банктын алдынала уруксаты талап кылынат.  

10.6. Эгер банк банктык жайдын наркына кайра баалоону жүргүзүүгө ниеттенсе, анын натыйжасында банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмү бузула турган болсо, анда банк кайра баалоо жүргүзгөнгө чейин Улуттук банктын алдынала уруксатын алууга тийиш.  

10.7. Банк төмөнкү милдеттүү шарттарды аткарууда Улуттук банкка уруксат алуу үчүн кайрыла алат: 

- Улуттук банктын талаптарына ылайык, инвестициялаган учурдан тартып, 12 айдан ашпаган мөөнөттө банк банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмүн келтирүү боюнча милдеттенме катын берсе; 

- акыркы 12 ай ичинде банкка карата Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары колдонулбаса. 

10.8. Улуттук банктын уруксатын алуу үчүн банк 10.5 10.6 пункттарында көрсөтүлгөн учурлардын келип жетишине чейин 40 календардык күн ичинде Улуттук банкка жазуу жүзүндө кайрылууга милдеттүү

Улуттук банк банктын кайрылуусун Улуттук банкка документтердин келип түшкөн учурунан тартып, 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө карап чыгат.  

10.9. Берилген кредиттер боюнча карыздардын ордун жабууга банк тарабынан алынган мүлк негизги каражат катары төмөнкү шарттарды аткарууда банк тарабынан кабыл алынышы мүмкүн: 

- бул мүлк банк ишинин максаттары үчүн пайдаланылса; 

- аны пайдаланууга киргизүү мөөнөтү 18 айдан ашпоого тийиш. 

Берилген кредиттер боюнча карыздардын ордун жабууга алынган мүлк Директорлор кеңешинин чечиминин негизинде гана төмөнкү учурларда негизги каражат катары кабыл алынышы мүмкүн: 

- кабыл алынып жаткан мүлктүн наркы капиталдын таза суммардык капиталынын 10% жогору болсо; 

- мүлктү негизги каражат катары кабыл алуу банктык жайларга инвестициянын максималдуу өлчөмүн бузууга жана Улуттук банктын алдынала уруксатын алуу зарылдыгына алып келсе; 

- кабыл алынып жаткан мүлк банк кызматкерлеринин эмгек жана эс алуу шарттарын түзүү үчүн пайдаланылса. 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30.01 № 5\1 токтому 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2008-жылдын 28.02  

№ 13-08 регистрациялык номери  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы №38/11 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн 

пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында иштөө тартибинин өзгөртүлүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы №38/11 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоого сунуш кылынган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.  

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.  

5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Алапаев М.О. 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30.01 № 5\1 

токтому менен бекитилген. 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы №38/11 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин. 

 

 

1. Нускоонун 6.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"6.1. Клиринг күнүнүн регламенти 

Электрондук төлөм документтеринин файлдарын жана билдирүүлөрдү иштеп чыгуу клиринг күнүнүн регламентине ылайык ишке ашырылат, ал бир клиринг сессиясынан турат жана төмөнкүдөй мезгил аралыктарына бөлүнөт: 

 

Иштеп чыгуу мезгилинин аталышы 

Мезгил аралыгынын башталган/аяктаган убакыты 

Мезгил аралыгы 

Клиринг күнүн ачуу  

8:30 8:45 

15 мүнөт 

Электрондук төлөм документтеринин файлдарын жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

8:45 13:30 

4 саат 45 мүнөт 

Баш тыртылган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

13:30 13:50 

20 мүнөт 

Кайра клирингден өткөрүү мезгили 

13:50 14:10 

20 мүнөт 

Клиринг мезгили  

14:10 14:20 

10 мүнөт 

Катышуучулардын жыйынтыктоочу таза позициялары боюнча акыркы эсептөөлөрдү жүргүзүү 

14:20 14:30 

10 мүнөт 

Клиринг күнүн жабуу  

14:30 15:00 

30 мүнөт 

 

ПКС жөнүндө жобого ылайык клиринг күнү ичинде бир нече клиринг сессиясын өткөрүүгө болот. Клиринг күнүнүн регламенти (клиринг сессиясынын саны жана алардын мезгил аралыгы) өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкса системанын катышуучуларынын демилгеси боюнча Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомдору кабыл алынат". 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 13.02 № 6\3 токтому 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2008-жылдын 14.03  

№ 15-08 регистрациялык номери  

 

Жаңы түзүлүп жаткан банктар үчүн уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө 

 

Банк тутумунун туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо, банк тутумунун активдеринин өсүш арымын эске алуу менен коомчулуктун банк мекемелерине карата ишенимин арттыруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 31 жана 43-статьяларынын, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдын 11 жана 19-статьяларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн (резидент эмес банктардын филиалдарынын капиталына коюлган талаптарды кошо алганда) уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 600 млн. сомдон кем эмес өлчөмдө белгиленсин.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 20-сентябрындагы №61/1 "Коммерциялык банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын. 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Алапаев М.О.