Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынЧенемдик актылары”» 

журналынын 2007 жылдын 9 саны 

 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-июлунда 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 68-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 1-июну N 29/3 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Айкын убакыт ыргагыңда эсептешүүлөрдүн 

гросстук системасы жөнүндөгү

Жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын төлөө системасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү чегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы "Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндөгү" Жобонун долбоорун карап көрүү менен токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндөгү" Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Төлөө системалары башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Төлөө системалары башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыялангандыгы) тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдалсын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 11-апрелиндеги N20/1 "Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу" токтомунун аракети токтотулсун. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым Ч.К.Иманкуловага ыйгарылсын. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-июлунда 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 68-07 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 1-июнундагы 

N 29/3 токтому менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасында айкын убакыт 

ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук 

системасы жөнүндө 

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Системанын максаты жана милдеттери 

3. Системанын курамы 

4. Улуттук банк 

5. Системанын катышуучулары 

6. Системанын иштешинин негизги эрежелери 

7. Системада тобокелдиктерди тескөө ыкмалары 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Электрондук төлөмдөр жөнүндө", "Электрондук цифралык колтамгалар жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы N 420/21/4 токтому менен бекитилген 

"Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

1.2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросттук системасынын (мындан ары - система) иштеши жөнүндө негизги түшүнүктөрдү жана эрежелерди аныктайт. 

1.3. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) лицензия алышкан бардык финансы-кредит мекемелеринин, алардын кардарларынын, Улуттук банкта ачылган эсеп ээлери болгон башка мекемелердин, ошондой эле системага катышуу тууралуу ыктыярдуу негизде Улуттук банк менен келишим түзгөн адистештирилген катышуучулардын ишине таркатылат. 

1.4. Бул жободо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы N 420/21/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жободо, Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы N 7/8 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 28-апрелинде 48-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыргыз Республикасынын Төлөм системасына көзөмөл боюнча саясатта" келтирилген терминдерге жана аныктамаларга дал келет. 

1.5. Бул Жобонун максаты үчүн төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат: 

Төлөмдөр кезеги - анда акыркы эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн төлөөчү банктын эсебинде каражаттар жетишсиз болгон жана төлөөчү банктын төлөмдөрү ыйгарылган мөөнөттүүлүк тартибин эске алуу менен FIFO принциби боюнча кезекке коюлган жагдай. 

"Бардыгы жана эч нерсе" принциби - чекене төлөмдөр системасында эсептелген таза позицияларды акыркы эсептөөнү жүргүзүүдө пайдаланылат. Эгерде системанын катышуучуларынын биринде өзүнүн таза дебеттик позициясын төлөө үчүн каражаттар жетпей жатса, система катышуучулардын таза позициясынын акыркы эсептешүүсүн толук жөнгө салынганга чейин өткөрбөйт. 

 

2. Системанын максаты жана милдеттери 

 

2.1. Дароо жөнөтүлүүчү жана ири төлөмдөрдү, ошондой эле банктар аралык финансы рыногундагы бүтүмдөргө байланыштуу төлөмдөрдү ишенимдүү, коопсуз, натыйжалуу жана токтоосуз акыркы эсептешүүнү камсыз кылуу системанын максаты болуп саналат. 

2.2. Система системалык мааниге ээ болгон төлөм системасы болуп саналат. Система финансы рыногунда бардык төлөм жана эсептешүү системалары үчүн акыркы эсептешүүлөрдү өткөрүүгө пайдаланылат. Система аркылуу Улуттук банк акча-кредит саясаты боюнча операцияларды жана Улуттук банктын кредиттер боюнча эсептешүүлөрүн жүзөгө ашырат. 

2.3. Системанын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: 

- төлөмдөрдү өткөрүүдө финансылык тобокелдиктерди төмөндөтүү

- системанын бардык катышуучуларынын ортосундагы эсептешүүлөрдүн натыйжалуу жана ишенимдүү өткөрүлүшүн камсыз кылуу; 

- төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өткөрүү мөөнөттөрүн кыскартуунун эсебинен эсептешүүлөрдөгү акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн тездетүү

- эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда ликвиддүүлүктү натыйжалуу тескөө механизмдерин камсыз кылуу; 

- системанын катышуучуларынын төлөмдөрдү өткөрүү маселелери боюнча муктаждыктарын канааттандыруу; 

- чекене төлөмдөр системасынан системага келип түшүүчү таза позицияларды акыркы эсептөөнү жүргүзүү

 

3. Системанын курамы 

 

3.1. Система негизги түйүндөн, катышуучулардын автоматташтырылган иш ордунан, коммуникациялык сеттен жана резервдик борбордон турат. 

3.2. Негизги түйүн Улуттук банкта жайгашкан жана төлөм документтерин жана билдирүүлөрүн борбордоштурулган жыйноо жана иштеп чыгуу жана чыгыш электрондук төлөмдөрдү жана билдирүүлөрдү түзүү, берүү боюнча милдетти жүзөгө ашырууга, туташ системалар (соода системалары, чекене төлөмдөр системасы ж.б.) менен өзара аракеттенүүгө каралган аппараттык-программалык комплексти билдирет. 

3.3. Негизги түйүн катышуучулардын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча оператордун кызматын аткарат. 

3.4. Катышуучулардын автоматташтырылган иш орду катышуучулар тарабынан төлөм документтерин жана билдирүүлөрүн даярдоо, алуу жана системага берүү, мониторингди жүзөгө ашыруу, ошондой эле өз ликвиддүүлүгүн тескөө үчүн каралган аппараттык-программалык комплексти билдирет. 

3.5. Коммуникациялык сети негизги түйүндүн жана катышуучулардын автоматташтырылган иш орудунун, ошондой эле негизги түйүн менен резервдик борбордун ортосундагы өзара аракеттерди уюштуруу үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. 

3.6. Резервдик борбор негизги түйүндө авариялык жана штаттык эмес жагдайлар келип чыгуу учурунда негизги түйүндүн ишин камсыздоо (дублирования) үчүн каралган аппараттык-программалык комплексти билдирет. 

 

4. Улуттук банк 

 

4.1. Улуттук банк системанын менчик ээси, оператору жана өзалдынча катышуучусу болуп саналат. 

4.2. Улуттук банк оператор катары системанын иштешин камсыз кылат, системанын катышуучуларынын төлөмдөрү боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жекече дароо өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырат. Оператордун төлөм кызмат көрсөтүүлөрү банктар аралык төлөм документтери боюнча кабыл алууну, иштеп чыгууну жана эсептешүүнү, чекене төлөмдөр системасынын катышуучу банктарынын жыйынтыкталган таза позициялары боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жана финансы рынокторундагы операциялар боюнча эсептешүүлөрдү өткөрүүнү камтыйт. 

4.3. Улуттук банк системада төлөмдөрдү өткөрүү боюнча өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди баа түзүү саясатына жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди белгилөө саясатына ылайык белгилейт. 

4.4. Системаны тейлөө, катышуучулардын төлөмдөрүн өткөрүү боюнча эрежелер жана жол-жоболор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 

 

5. Системанын катышуучулары 

 

5.1. Улуттук банктан лицензия алышкан финансы-кредит мекемелери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банкта ачылган эсеп ээлери болгон башка мекемелер, ошондой эле системага катышуу тууралуу ыктыярдуу негизде Улуттук банк менен келишим түзгөн адистештирилген катышуучулар системанын катышуучулары болуп саналат. 

5.2. Улуттук банкта эсепке жана система менен тике коммуникациялык биригүүгө ээ болгон катышуучу системанын тике катышуучусу болуп саналат. 

5.3. Улуттук банкта эсеби болгон жана система менен тике коммуникациялык биригүүгө ээ болбогон катышуучу системанын тике эмес катышуучусу болуп саналат. Тике эмес катышуучу системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө тике катышуучу аркылуу ээ болот. 

5.4. Улуттук банкта эсепке жана системага тике мүмкүнчүлүккө ээ болбогон катышуучу системанын суб-катышуучусу болуп саналат. Суб-катышуучу системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө тике катышуучу аркылуу ээ болот. 

5.5. Улуттук банкта эсеби болбогон, бирок система менен тике өзара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу катышуучу системанын атайын катышуучусу болуп саналат. Чекене төлөмдөр системасынын операторлору, соода аянтчаларынын операторлору ж.б. атайын катышуучулар болуп санала алат. 

5.6. Системанын тике катышуучусу электрондук төлөм документтерин түзүү жана негизги түйүнгө же резервдик борборго берүү боюнча функцияны аткарат, системада өз төлөмдөрүн өткөрүлүшүнө мониторингди, контролду жүзөгө ашырат, өз төлөмдөрүнүн кезегин тескейт жана Улуттук банктагы эсебинде эсептешүүлөрдү өткөрүү үчүн тиешелүү болгон ликвиддүүлүктү камсыз кылат. 

5.7. Системага катышуу жөнүндө келишимди бузуу системанын катышуучусунун статусуна ээ болбой калууга алып келет. 

5.8. Катышуучулар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, системага катышуу тууралуу көп тараптуу жана башка макулдашууларды бузган учурларында, Улуттук банк Башкармасынын чечими менен системадан чыгарылышы же анын системага катышуусу убактылуу токтотулушу мүмкүн. 

 

6. Системанын иштешинин негизги эрежелери 

 

6.1. Системанын катышуучуларынын ортосунда төлөм документтерин алмашуу борбордук түйүн аркылуу жүзөгө ашырылат. 

6.2. Системада төлөмдөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү иштелип чыгат: 

- кредиттик төлөмдөр; 

- дебеттик төлөмдөр, алар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген эрежелерге ылайык системада түзүлөт жана иштелип чыгат; 

- чекене төлөмдөр системасынын катышуучуларынын жыйынтыкталган таза позицияларынын файлдары. 

6.3. Система төлөмдөрдү FIFO принциби боюнча жана төмөндөгү белгиленген мөөнөттүүлүк тартибине ылайык иштеп чыгат: 

- Улуттук банктын жана Өкмөттүн төлөмдөрү

- чекене төлөмдөр системасынын катышуучуларынын жыйынтыкталган таза позицияларын эсептөө боюнча төлөмдөр; 

- финансы рынокторундагы бүтүмдөргө байланыштуу төлөмдөр; 

- катышуучулардын дароо жөнөтүлүүчү төлөмдөрү

6.4. Төлөм документтерин жана билдирүүлөрүн иштеп чыгуу иштеп чыгуунун көрсөтүлгөн күнүндө гана жүргүзүлөт. 

6.5. Төлөм документтери же билдирүүлөр системага берилет жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте системадан жекече түрдө келип түшөт. 

6.6. Төлөм документтери жана билдирүүлөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген форматка ылайык, эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге жана макулдашууларга ылайык түзүлөт. Системанын бардык төлөм документтерине жана билдирүүлөрүнө электрондук цифралык колтамгалар коюлат. 

6.7. Система катышуучулардан алынган бардык төлөм документтери жана билдирүүлөр боюнча тастыктамаларды түзөт жана аларга өткөрүп берет. 

6.8. Системадагы ар бир төлөм боюнча эсептешүү FIFO принциби боюнча мөөнөттүүлүк тартибине ылайык, төлөөчү банктын Улуттук банктагы эсебиндеги күндөлүк кредиттик калдыктардын чегинде жүргүзүлөт. Төлөөчү банктын эсебинде төлөмдөрдү өткөрүү үчүн жетиштүү өлчөмдөгү каражаттар жок учурунда, бул төлөм төлөмдөр кезегине жайгаштырылат. 

6.9. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбеген төлөмдөр, ошондой эле системанын жабылуу учурунда алар боюнча эсептешүү өткөрүлбөгөн кезектеги төлөмдөр система тарабынан четке кагылып, иштеп чыгууга кабыл алынбайт. Бардык четке кагылган төлөмдөр система тарабынан катталып, катышуучуларга себептерин көрсөтүү менен кайтарылып берилет. 

6.10. Система катышуучуларга өз төлөмдөрүн тескөөгө мүмкүнчүлүк берет. 

6.11. Төлөөчү банк аларга мурда жөнөтүлгөн төлөмдөрдү, системага аны жокко чыгаруу жөнүндө буйрууну берүү жолу аркылуу кайтара алат. Жокко чыгаруу жөнүндө буйрууну кабыл алуу төлөм документтеринин төлөмдөр кезегинде турган мезгилинде гана жүргүзүлөт. 

6.12. Төлөөчү кардар үчүн төлөм ал тарабынан төлөөчү банкка төлөм документтерин берген жана төлөөчү кардардын эсеби дебеттелгенден кийин же болбосо төлөөчү банкта эсеби болбогон төлөөчү кардар тарабынан төлөөчү банкка накталай акча каражаттары берилгенден кийин акыркы болуп саналат. 

6.13. Улуттук банкта төлөөчү банктын эсебин дебеттөөдөн жана алуучу банктын эсебин кредиттөөдөн кийин төлөм алар үчүн кайтара алынгыс жана акыркы болуп саналат. 

6.14. Алуучу кардар үчүн төлөм алуучу кардардын эсеби алуучу банк тарабынан кредиттелген учурдан же болбосо бул банкта эсеби болбогон алуучу кардарга башка эсептен акча каражаттарын берүүдөн кийин акыркы болуп саналат. 

6.15. Жыйынтыкталган таза позиция акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн системага чекене төлөмдөр системасынан өткөрүлүп берилет. Чекене төлөмдөр системасынын катышуучуларынын таза позициялары боюнча эсептешүүлөр "бардыгы же эч нерсе" принцибинин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш. 

6.16. Системада төлөм документтерин жана билдирүүлөрдү түзүү, кабыл алуу, иштеп чыгуу эрежелери жана тартиби, катышуучуларга тастыктамаларды жана жооп билдирүүлөрүн берүү, системанын ишинин регламенти Улуттук, банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген эрежелер менен аныкталат. 

6.17. Системанын ишинин регламенти так аныкталууга жана алар боюнча Улуттук банкта акыркы эсептешүү жүргүзүлгөн бардык туташ төлөм системалары менен макулдашылууга тийиш. 

 

7. Системада тобокелдиктерди тескөө ыкмалары 

 

7.1. Системага тиешелүү тобокелдиктердин түрлөрү

- финансы тобокелдиктери (ликвиддүүлүк тобокелдиги, кредиттик тобокелдик, системалык тобокелдик); 

- операциялык тобокелдик; 

- укуктук тобокелдик. 

7.2. Катышуучулардын ликвиддүүлүгүн тескөө механизмдерин пайдалануу менен финансылык тобокелдиктерди минимумга жеткирүү чаралары: 

- системада төлөмдөрдү катышуучулардын Улуттук банктагы эсептериндеги кредиттик калдыктардын чегинде гана өткөрүү

- катышуучулардын Улуттук банктагы эсептериндеги калдыктарын айкын убакыт ыргагында карап чыгууну камсыз кылуу; 

- айкын убакыт ыргагында туташ системалар менен өзара аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн каражаттарды резервдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу; 

- төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттүүлүк тартибине ылайык иштеп чыгуу; 

- катышуучулар тарабынан өз төлөмдөрүнүн кезегин тескөөөөнөттүүлүк тартибинин өзгөрүүсүн, төлөмдөрдү кезектен кайтара алуу ж.б.); 

- баалуу кагаздардын күрөөгө коюлуусу астында Улуттук банк тараптан бир күндүк кредитти берүү

- чекене төлөмдөр системасынын катышуучулары таза дебеттик позицияларына лимиттерди катышуучулардын ликвиддүүлүк деңгээлине ылайык белгиленишин камсыз кылуу. 

7.3. Операциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу: 

- төлөм документтерин даярдоодо орчундуу реквизиттердин кош киргизилишин камсыз кылуу; 

- негизги түйүндө аппараттык жана программалык камсыз кылууларды кайталоо; 

- операциялык тобокелдиктерди жана чукул кырдаалдарга байланыштуу тобокелдиктерди (бөөдө кырсыктар, согуш аракеттери ж.б.) минимумга жеткирүү жана системанын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында резервдик түйүндүн бардык маалыматтарын резервдик борбордо камсыздоо; 

- борбордук түйүн менен катышуучулардын автоматташтырылган иш орундарынын ортосунда үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн байланыш каналдарын камсыздоо; 

- негизги жана резервдик түйүндөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну уюштуруу; 

- системанын катышуучуларын жана персоналдарын авторизациялоо жана аутентификациялоо каражаттарын камсыз кылуу, санкцияланбаган мүмкүндүктөн коргонуу үчүн маалыматтарды берүү каналын шифрлөө

- берилүүчү маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун камсыз кылуу үчүн электрондук цифралык колтамгаларды колдонуу; 

- жоготуу коркунучу же аларды кайталоо учурлары келип чыкканда маалыматтарды сактоо жана калыбына келтирүү үчүн системада келтирилген бардык операцияларды резервдик көчүрмөлөөнү камсыз кылуу; 

- системада электрондук документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык жөнөтүлгөн жана келип түшкөн билдирүүлөрдүн архивин жүргүзүү

7.4. Системанын катышуучулары ликвиддүүлүктү тескөө каражаттарын пайдалануу менен (активдердин жана пассивдердин түзүмүнө жана сапатына талдоо жүргүзүү, акча агымынын эсептери ж.б.) өздөрүнүн Улуттук банктагы эсептериндеги зарыл ликвиддүүлүктү өзалдынча камсыз кылышат. 

7.5. Системада иштөөдө системанын катышуучулары өздөрүнүн ички ченемдик документтеринде тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын (методдорун) иштеп чыгышат. 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 13-июлунда 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 70-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 13-июну N 30/10 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы N 4/3 

"Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын иши 

тууралуу" жобо жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана 

толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 36-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 4/3 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын иши тууралуу" жобо жөнүндөгү" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 4, 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 36-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 4/3 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын иши тууралуу" жобо жөнүндөгү" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Н.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 13-июнундагы 

N 30/10 токтому менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 

25-мартында 36-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2003-жылдын 19-февралындагы N 4/3 "Кыргыз 

Республикасынын аймагында ломбарддардын 

иши жөнүндө" Жобо тууралуу" 

токтомуна өзгөртүүлөр 

жана толуктоолор 

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 36-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы N 4/3 "Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын иши жөнүндө" жобо тууралуу" токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын иши жөнүндө" жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. 1.10 пункту "Күрөө жөнүндө" сөздөрүнөн кийин ""Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө"" сөздөрү менен толукталсын. 

2. 6.2. пункт төмөнкү мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын: 

"- кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалымат Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында (9а тиркеме) белгиленсин жана шектүү бүтүмдөр жана операциялар, ошондой эле милдеттүү контролдоого тийиш болгон бүтүмдөрдүн жана операциялардын критерийлеринин тизмесине туш болгон бүтүмдөр жана акча каражаттары же башка мүлк менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөрдө жана тартипте берилсин. Бул пунктчада көрсөтүлгөн маалымат беш жылдан кем эмес мөөнөттө сакталсын; 

- терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча иш алып барган кызматкерлерди окутуу камсыз кылынсын". 

3. Жобо төмөнкү мазмундагы 6.4 пункту менен толукталсын: 

"6.4. Ломбарддын кызматкерлеринин бирине Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча иштер жүктөлүүгө тийиш". 

4. 7.2 пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

"- бүтүм Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында катталсын". 

5. 7.2 пунктунун төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтары тиешелүүлүгүнө жараша бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтар болуп эсептелсин. 

6. 9.5 пункт төмөнкү мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын: 

"10) терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда". 

7. 9.5 пунктунун 10-пунктчасы 11-пунктча деп эсептелсин. 

8. 2-тиркеменин 2.2 пунктунун төртүнчү абзацында "кошумча" сөзү алынып салынсын. 

9. 2-тиркеменин 3.6 пунктунда "материалдык", "Ломбарддын өндүрүш ишинен каражаттардын келип түшүүсү;", "тышкыэкономикалык ишкердүүлүктөн валюталык келип түшүүлөр;", "баалуу кагаздардан түшкөн кирешелер;" жана "банктардын кредиттери жана ссудалары" сөздөрү алынып салынсын. 

10. Жобо төмөнкү мазмундагы 9а тиркеме менен толукталсын: 

"9а тиркеме 

 

"Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө 

маалыматты каттоо 

ЖУРНАЛЫ 

──────────────────────────────────────────────── 

ЖУРНАЛ 

регистрации информации об операциях с клиентами 

 

┌─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┐ 

Операция Операция-Операция-КардардынПаспорт Жеке Жеке │ 

жүргүзүл-нын түрү нын аты-жөнү/номери, адамдын адамдын │ 

гөн күн/ (1)/ Видсуммасы ФИО берилген жашаган орун │ 

Дата операции / Сумма клиента күнү/ дареги/ алган │ 

соверше- (1) операции Номер Адрес- жеринин │ 

ния паспорта,места дареги/ │ 

операции дата жительст-Адрес │ 

выдачи ва места │ 

физичес- пребыва- │ 

го лица ния лица │ 

├─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤ 

├─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤ 

├─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤ 

└─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┘ 

Ломбарддын жооптуу кызматкеринин колтамгасы/ 

Подпись ответственного работника ломбарда ________________________ 

Ломбарддын жетекчисинин колтамгасы/ 

Подпись руководителя ломбарда ____________________________________ 

 

Эскертүү / Примечание: 

*- операциянын түрү: кредит алуу же күрөөнү сатып алуу/ 

вид операции: получение кредита или выкуп залога". 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 13-июлунда 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 71-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 13-июну N 30/8 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 

30-ноябрындагы N 42/1 "Кыргыз Республикасында 

накталай четөлкө валютасы менен алмашуу 

операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү

жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү 

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2000-жылдын 15декабрында 201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 42/1 "Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 4, 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрында 201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 42/1 "Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Алапаев М.О. 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 15-июнундагы 

N 30/8 токтому менен бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 

2000-жылдын 15-декабрында 201-номеринде каттоодон 

өткөртүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк 

Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы N 42/1 

"Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы 

менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби 

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна 

өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 15-декабрында 201-номеринде каттоодон өткөртүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы N42/1 "Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. 2.5 пункт төмөнкү редакциядагы 26, 27, 28, 29, 30-пунктчалар менен толукталсын: 

"26) Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамынын талаптарын сактоо үчүн жооптуу кызматкер дайындалсын"; 

27) кардар жөнүндө маалыматты кошо алганда, накталай четөлкө валютасы менен жүргүзүлгөн бардык алмашуу операциялары жөнүндө маалыматты Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында белгиленсин, ал номерленүүгө, боолонууга жана юридикалык жактын же жеке ишкердин мөөрү менен бекитилүүгө тийиш (1а-тиркеме). Бул пунктчада көрсөтүлгөн маалымат беш жылдан кем эмес мөөнөттө сакталсын; 

28) айына эки жолу, айдын 1-жана 16-күнүнө карата абал боюнча алмашуу бюросунун коштомо каты менен магниттик алып жүрүүчүдө берилүүчү электрондук документ түрүндө, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында белгиленген маалымат берилет. Алмашуу бюросунун жетекчисинин колу коюлган жана алмашуу бюросунун мөөрү (штампы) менен тастыкталган коштомо кат, ал тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу органга берилүүчү кардарлардын саны жөнүндө маалымат камтылууга зарыл. 

29) эгерде накталай четөлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялардын суммасы 1000000 сомго (четөлкө валютасындагы эквивалентине) барабар же ага барабар болгон учурунда, бул операция тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай операция ишке ашырылган күндөн кийинки жумушчу күнүнөн кечиктирилбестен, магниттик алып жүрүүчүдө берилүүчү электрондук документ түрүндө берилет; 

30) терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча иш алып барган кызматкерлерди окутуу камсыз кылынсын". 

2. 2.5-пунктунун 26-пунктчасы 31-пунктча болуп эсептелсин. 

3. 2.7-пунктунда "1-14-пунктчаларында" сөздөрүнөн кийин ", 27" цифрасы кошулсун. 

4. 3.1-пункту төмөнкү редакциядагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

"- Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамына". 

5. 3.1-пунктунун төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтары тиешелүүлүгүнө жараша бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтар болуп эсептелсин. 

6. 4.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"4.1. Накталай четөлкө валютасын сатып алуу инсандыгын тастыктоочу документинин (фотосүрөтү менен) негизинде кардарды милдеттүү идентификациялоо менен жүргүзүлөт. Кардардын катышуусунда кассир нак сумманы эсептеп чыгат жана кардар тарабынан берилген валютанын аныктыгын текшерет. Ошону менен, банкнотторду иштеп чыгуу кардардын банкнотторду көрүп туруу шартында жүргүзүлүшү керек. Кардар (инсандыгын тастыктоочу документтин негизинде) жана накталай четөлкө валютасын сатып алуу боюнча операциялар жөнүндө маалымат Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында белгиленет". 

7. 4.4. пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"4.4. Накталай четөлкө валютасын сатуу инсандыгын тастыктоочу документинин (фотосүрөтү менен) негизинде кардарды милдеттүү идентификациялоо менен жүргүзүлөт. Кардардын катышуусунда кассир нак сумманы эсептеп чыгат жана кардар тарабынан берилген валютанын аныктыгын текшерет. Ошону менен, банкнотторду иштеп чыгуу кардардын банкнотторду көрүп туруу шартында жүргүзүлүшү керек. Кардар (инсандыгын тастыктоочу документтин негизинде) жана накталай четөлкө валютасын сатуу боюнча операциялар жөнүндө маалымат Кардарлар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты каттоо журналында белгиленет". 

8. 6-тиркемеде "Банктык көзөмөл башкармалыгы" сөздөрү "Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы" сөздөрү менен алмаштырылсын. 

9. Жобо төмөнкү мазмундагы 1а-тиркеме менен толукталсын: 

 

 

"1а тиркеме 

 

"Накталай четөлкө валютасы менен жүргүзүлгөн 

операциялар жөнүндө маалыматты каттоо 

ЖУРНАЛЫ 

 

ЖУРНАЛ 

регистрации информации об операциях 

с наличной иностранной валютой 

 

┌───────┬─────────┬────────┬─────────┬────────┬───────────┬───────────┐ 

Опера- Опера- Валюта Кардардын Паспорт Жеке Жеке │ 

ция циянын нын аты-жө- номери, адамдын адамдын │ 

жүргү- тү- түрү нү/Юриди-берилген жашаган орун │ 

зүлгөн рү(1)/Вид жана калык күнү/КР даре- алган │ 

күн/Да- опера- суммасы/ жактын ЮМ ги/юриди- жеринин │ 

та ции(1) Сумма и аталы- күбөлүк калык даре- │ 

совер- вид шы/ФИО номе- жактын ги/юри- │ 

шения валюты клиен- ри/бе- катталган дикалык │ 

опера- та/Наиме- рилген жери/Ад- жактын │ 

ции нование күнү/Но- рес места жайгашкан │ 

юридичес- мер жительства жери/Ад- │ 

кого лица паспор-физического рес места │ 

та, даталица/места пребывания │ 

выда- регистрациифизического│ 

чи/Номерюридическо-лица/места │ 

свиде- го лица нахождения │ 

тельства юридическо-│ 

МЮ КР, го лица │ 

дата │ 

выдачи │ 

├───────┼─────────┼────────┼─────────┼────────┼───────────┼───────────┤ 

├───────┼─────────┼────────┼─────────┼────────┼───────────┼───────────┤ 

├───────┼─────────┼────────┼─────────┼────────┼───────────┼───────────┤ 

└───────┴─────────┴────────┴─────────┴────────┴───────────┴───────────┘ 

 

Алмашуу бюросунун жооптуу кызматкеринин колтамгасы/ 

Подпись ответственного работника обменного бюро __________________ 

 

Алмашуу бюросунун жетекчисинин колтамгасы/ 

Подпись руководителя обменного бюро __________________ 

 

Эскертүү/Примечание: 

1-операциянын түрү: четөлкө валютасын сатып алуу же сатуу/ 

вид операции: покупка или продажа иностранной валюты". 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 30-июлундагы 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 74-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 29-июну N 33/1 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы 

N 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин 

пилоттук (алгачкы) долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө

жобо тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчиси - Кыргыз Республикасынан Ислам өнүктүрүү банкындагы башкаруучу Ш.М.Муртазалиевдин (2007-жылдын 20-июнундагы N 124 кат) жана "Экобанк" ААКсынын - Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана "Экобанк" ААКсынын ортосунда өзара түшүнүшүү жөнүндө" Меморандумдун талабын жүзөгө ашыруу боюнча аткаруучу агенттиктин Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоо принциптерин колдонууга киргизүүгө тиешелүү кайрылуусун (2007-жылдын 27-июнундагы N 03-06/1223 кат) карап көрүп, ошондой эле өлкөдө каржылоонун ислам принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду андан ары жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптериң пилоттук (алгачкы) долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобо тууралуу токтомдун 3-пункту алынып салынсын. 

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин пилоттук (алгачкы) долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобо тууралуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин пилоттук (алгачкы) долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобонун 1-бөлүгүнүн 4-пункту алынып салынсын. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук (алгачкы) долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде, Улуттук банктын "Экобанк" ААКсынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин. 

4. Бул токтом Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана "Экобанк" ААКсынын ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоо принциптерин колдонууга киргизүүгө тиешелүү 2006-жылдын 16-майында келишилген өзара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумдун талабын жүзөгө ашыруунун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн жана "Экобанк" ААКсын аны менен тааныштырсын. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

6. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

7. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын Төрагасы М.Алапаев 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 1-августунда 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 76-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 27-июну N 32/4 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары 

менен репо операцияларынын жүргүзүлүшүнүн 

тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу 

 

Сунуш кылынган "Кыргsз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен репо операцияларынын жүргүзүлүшүнүн тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен репо операцияларынын жүргүзүлүшүнүн тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Акчакредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыялангандан кийин, 2007-жылдын 10-сентябрынан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги N 10/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Репо аукциондорун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" токтому (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 17-майында 54-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) күчүн жоготту деп таанылсын. 

6. Акчакредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын тааныштырсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбажы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын Төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 27-июнунда 

N 32/4 токтому менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик 

баалуу кагаздары менен репо операцияларын 

жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө 

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Аныктамалар жана терминдер 

3. Репо операциясын жүргүзүүнүн жалпы шарттары 

4. Репо операциялары боюнча билдирмелерди түзүүнүн жана берүүнүн жалпы шарттары 

5. Тике репо 

6. Кайтарым репо 

7. Корутунду жоболор 

1-тиркеме. Репо-операциялары учурунда МБК баасын эсептччн%н тартиби 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (Улуттук банк) тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары (МБК) менен репо операцияларын жүргүзүүнүн тартибин аныктайт. 

1.2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 5, 20-статъяларына ылайык репо операцияларын жүзөгө ашырат. Улуттук банк репо операцияларын акчакредит саясатын жүзөгө ашыруу максатында жүргүзөт. Репо операциялары банк тутумундагы ликвиддүүлүк деңгээлин жөнгө салуу үчүн Улуттук банк тарабынан пайдаланылуучу акчакредит саясатынын каражаттары болуп саналат. 

1.3. Улуттук банк репо операцияларынын төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырат: 

- тике репо; 

- кайтарым репо. 

1.4.Банк тутумуна улуттук валютадагы ликвиддүүлүктү убактылуу жеңилдетүү тике репо операциясын өткөрүүнүн максаты болуп саналат. Банк тутумунан улуттук валютадагы ликвиддүүлүктү убактылуу алуу кайтарым репо операциясын өткөрүүнүн максаты болуп саналат 

1.5. Аталган Жобонун 1.3-пунктунда көрсөтүлгөн репо операцияларынын ар бири Улуттук банк тарабынан төмөнкү ыкма менен өткөрүлөт: 

- адаттагы репо аукцион; 

- тездетилген ыргактагы репо аукцион. 

Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча, репо операциялары стаңдарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча дагы өткөрүлөт. 

1.6. Репо операцияларынын катышуучулары болуп, бир тараптан, Улуттук банк жана экинчи тараптан, ушул Жобонун 3.3-пунктунун талаптарын канааттандырган "Эсептешүү сактык компаниясы" ачык акционердик коомун кошо алганда, коммерциялык банктар ("банктар"), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду саналат. 

 

2. Аныктамалар жана терминдер 

 

Аталган Жобонун максатында төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

2.1. МБК - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин карыздык баалуу кагаздары жана (мамлекеттик казына векселдери (МКВ), калыбына келтирүүчү мамлекеттик казына векселдери (жөнгө салуу) (МКВ) ж.) жана Улуттук банктын баалуу кагаздары (ноталар жана башка). 

2.2. Репо операцияларын өткөрүү күнү - репо операцияларынын параметрлеринде Улуттук банк тарабынан жарыяланган күн, анда билдирмелерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу, ошондой эле репо операцияларынын жыйынтыктарын жарыялоо жүзөгө ашырылат. 

2.3. Репо операцияларын аткаруу күнү - репо операцияларынын параметрлеринде Улуттук банк тарабынан жарыяланган күн, анда акча каражаттарын чегерүү/алып салуу аркылуу МБК (мындан ары текст боюнча "репо операциясынын баштапкы бөлүгү") иш жүзүндө сатып алуу/сатуу жана менчик укугунун МБКга өтүшү жүзөгө ашырылат. 

2.4. Репо операцияларын аяктоо күнү - репо операцияларынын параметрлеринде Улуттук банк тарабынан жарыяланган күн, анда акча каражаттарынын тиешелүү түрдө мурда макулдашылган суммасын чегерүү/алып салуу аркылуу МБК кайтарым сатып алуу/сатуу (мындан ары текст боюнча "репо операциясынын аяктоочу бөлүгү") жана менчик укугунун МБКга өтүшү жүзөгө ашырылат. 

2.5. Депозитарий - МБК эсепке алууну жана сактоону жүзөгө ашыруучу уюм. 

2.6. Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби - банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун банктагы эсеби. 

2.7. Кайтарым репо - Улуттук банктын анын колундагы менчиктерди келечекте белгилүү бир күндө (аяктоо күнү) жана алдынала макулдашылган баа менен кайтарым сатып алууга милдеттенме менен сатуу боюнча операциясы. 

2.8. Адаттагы репо аукциону - Улуттук банктын демилгеси боюнча, эрежеге ылайык, аптанын бир эле ошол күнү өткөрүлүүчү аукцион. Параметрлер адаттагы репо аукционун өткөрүүгө чейинки бир жумуш күн мурда жарыяланат. Адаттагы репо аукционун өткөрүүдө аткаруу күнү аны өткөрүү күнү менен дал келбей калышы мүмкүн. 

2.9. Репо операциясы, репо - МБК келечекте белгилүү бир күнү (аяктоо күнү) жана алдынала макулдашылган баа менен кайтарым сатып алуу милдеттенмеси менен аларды сатып алуу/сатуу боюнча эки тараптуу операция, ал Улуттук банк тарабынан ушул Жобонун 1.5-пунктунда көрсөтүлгөн ыкмалардын бири аркылуу өткөрүлөт. 

2.10. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чендер боюнча репо операциялары - Улуттук банктын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү репо операциялары, аларды өткөрүү жөнүндө чечимди Улуттук банк Башкармасы кабыл алат. Репо операцияларынын параметрлери аларды өткөрүүгө чейинки бир жумуш күн мурда жарыяланат. Мындай операциялар репо операцияларынын параметрлеринде жарыяланган, катышуучулардын бардыгы үчүн бирдей болгон жана аларды өткөрүү күнү гана колдонулуучу катталган пайыздык чен боюнча өткөрүлөт. Бул операциялар боюнча аткаруу күнү аларды өткөрүү күнү менен дал келет. 

2.11. Тике репо - Улуттук банктын келечекте белгилүү бир күндө (аяктоо күнү) жана алдынала макулдашылган баа менен МБК кайтарым сатуу милдеттенмеси менен сатып алуу боюнча операциясы. 

2.12. Репо операцияларынын мөөнөтү - календардык күн жана репо операцияларын аткаруу күнүнөн кийинки күндөн тартып репо операцияларын аяктоо күнүнө (кошо алганда) чейин эсептелген убакыт аралыгы. 

2.13. Репо операциялары боюнча акча каражаттарынын суммасы - МБК санын бир МБК баасына көбөйтүү катары эсептелет. 

2.14. "Депо" эсеби - Депозитарийдеги "депо" эсеби, ал репо операцияларынын предмети болуп саналган МБК эсепке алат. 

2.15. Сүйлөшүүлөрдү жазуу системасы - бул Улуттук банктын сүйлөшүүлөрдү белгилүү телефон аппараттары менен автоматтуу түрдө жазуу жана аларды архивдөө үчүн багытталган, сүйлөшүүлөрдүн аталган жазууларды андан ары табууга жана калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү программалык-техникалык комплекси. Бул система финансы рынокторунда бүтүмдөр боюнча сүйлөшүүлөрдү жазууга багытталган. 

2.16. Соода системалары - Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын финансы рынокторунда операцияларды жүргүзүүнү автоматизациялоо үчүн багытталган программалык-техникалык комплекстери. 

2.17. Тездетилген ыргакта репо аукциону - Улуттук банктын демилгеси боюнча, эрежеге ылайык, аптанын кайсы болбосун иш күнү өткөрүлүүчү аукцион. Параметрлер тездетилген ыргактагы репо аукционун өткөрүү күнү, минимум катары, ал башталганга чейинки эки саат мурда жарыяланат. Тездетилген ыргакта репо аукционун өткөрүүдө аткаруу күнү аны өткөрүү күнү менен дал келет. 

2.18. Репо операциясынын катышуучусу - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен репо операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Улуттук банк менен келишим ("келишим") түзгөн банк жана/же Кыргыз Республикасынын социалдык фонду. 

 

3. Репо операциясын жүргүзүүнүн жалпы шарттары 

 

3.1. Репо операциясынын катышуучуларынын Улуттук банк менен өзара мамилелери ушул Жобо жана тиешелүү эки тараптуу келишимдер менен жөнгө салынат. 

3.2. Репо операцияларынын катышуучуларынын МБК депозитардык эсепке алуу боюнча өзара мамилелери тиешелүү эки тараптуу келишимдер менен жөнгө салынат. 

3.3. Репо операцияларын өткөрүү күнүнө карата төмөнкү талаптарга жооп берүүчү банктар репо операцияларына катыша алышат: 

- банктык операцияларды өткөрүүгө Улуттук банктын лицензиясына ээ; 

- Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсепке ээ; 

- репо операциялары боюнча сатып алуу/сатуу пердмети кызматын аткарган МБК сактоо жана эсепке алуу үчүн Депозитарийде "депо" эсебине ээ; 

- Улуттук банк менен түзүлгөн келишимге ээ; 

- Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамында каралган процесстерге жана жол-жоболорго дуушар болбогон. 

3.4. Репо операциясын келишүү үчүн негиз болуп келишимдин болушу жана катышуучунун репо операциясына катышуу үчүн Улуттук банкка берген билдирмеси саналат. 

3.5. Репо операциясы боюнча сатып алуу-сатуу предмети болуп саналган МБКга менчик укугу төмөнкү учурларда өтөт: 

- репо операцияларынын баштапкы бөлүгүнүн аткарылышынын натыйжасында-алгачкы сатуучудан алгачкы сатып алуучуга; 

- репо операцияларынын аяктоочу бөлүгүнүн аткарылышынын натыйжасында-алгачкы сатып алуучудан алгачкы сатуучуга. 

3.6. Репо операцияларын өткөрүү түрү, ыкмалары жана параметрлери Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

3.7. Улуттук банк репо операцияларын өткөрүү түрүнө жана ыкмасына жараша төмөнкүдөй параметрлерди белгилейт жана жарыялайт: 

- репо операцияларынын түрү (тике же кайтарым репо); 

- репо операцияларын өткөрүү ыкмалары (адаттагы репо аукциону, тездетилген ыргактагы репо операциясы же стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча репо операциялары); 

- МБК түрү (МКВ, МКВ (ж.) ж.б.); 

- МБК эмиссия номери; 

- сатылып алынуучу/сатылуучу МБК саны; 

- репо операциясынын аткарылуу күнүнө карата ар бир эмиссиядагы бир МБК баасы; 

- репо операцияларын жүргүзүү күнү

- билдирмелерди кабыл алуу убактысы; 

- репо операцияларынын мөөнөтү

- репо операцияларын аткаруу күнү

- репо операцияларын аяктоо күнү

- репо операциясы боюнча акча каражаттарынын жалпы суммасы; 

- билдирменин лотундагы МБК минималдуу саны жана так бөлүнгөн саны; 

- МБК төлөөгө чейинки мөөнөт (тике репо учрунда); 

- дисконттоонун катталган чени (тике репо учурунда); 

- төмөнкүчө эсептелген репо операциялары боюнча пайыздык чен; 

- тике реподо минималдуу; 

- кайтарым реподо максималдуу; 

- стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча репо операцияларында катталган. 

3.8. Аталган Жобонун 3.7-пунктунда көрсөтүлгөн параметрлер Улуттук банк тарабынан маалыматтарды Улуттук банктын веб-сайтында жана соода системаларында адаттагы репо аукционунун ыкмаларын пайдалануу менен жана стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча репо операцияларын өткөрүү күнүнө чейинки бир иш күнүнөн кечиктирбестен, ошондой эле тездетилген ыргактагы репо аукционунун ыкмасын пайдалануу менен репо оцерацияларын өткөрүү башталганга чейинки минимум 2 саат ичинде жарыяланат. 

3.9. Улуттук банк өткөрүлгөн репо операцияларынын жыйынтыктарын Улуттук банктын веб-сайтында жана соода системаларында маалыматтарды жайгаштыруу жолу менен жарыялайт жана ал ар бир мөөнөтүүлүк боюнча төмөнкүдөй маалыматты камтыйт: 

- репо операцияларынын катышуучуларынан алынган билдирмелердин жалпы суммасын; 

- репо операцияларынын катышуучуларынан канааттандырылган билдирмелеринин жалпы суммасын; 

- репо операцияларынын катышуучуларынын канааттандырылган билдирмелери боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендер; 

- чек коюлган ченди (адаттагы жана тездетилген ыргактагы репо аукциону учурунда); 

- репо операцияларынын катышуучуларынан жалпы саны. 

3.10. Өткөрүлгөн репо операцияларынын жыйынтыктары Улуттук банктын расмий мезгилдүү басылмаларында дагы жарыяланат. 

3.11. Адаттагы жана тездетилген ыргактагы репо аукционун өткөрүү учурунда баалардын көптүгү (ар түрдүү) принциби пайдаланылат, ага ылайык атаандаштыкты камтыган бардык билдирмелер аларда көрсөтүлгөн пайыздык чен боюнча канааттандырылууга тийиш. 

3.12. Репо операцияларын стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча өткөрүүдө билдирмелер Улуттук банк тарабынан жарыяланган катталган пайыздык чен боюнча канааттандырылат. 

3.13. Аларды төлөө убактысы репо операциялары аяктаганга чейинки күндө келип жетсе МБК репо операциялары боюнча сатып алуу/сатуу Предмети болуп саналбайт. 

3.14. МБК репо операцияларын аткаруу күнүнө карата баасы Жобого карата 1-тиркемеге ылайык формула боюнча эсептелет. 

3.15. Билдирмелери канааттандырылган катышуучуларга Улуттук банк менен аталган катышуучулардын ортосунда келишилген репо операцияларынын шарттары жөнүндө тиешелүү маалымат жөнөтүлөт. 

3.16. Өткөрүлгөн репо операцияларынын жыйынтыгы боюнча билдирмелери канааттандырылбаган катышуучуларга Улуттук банк сүйлөшүүлөрдү жазуу системасын пайдалануу менен телефон байланышы аркылуу маалымдайт. 

3.17. Репо операциясын жүргүзүү күнү Улуттук банктын жана катышуучуларынын бэк-офистердин милдетин аткаруучу бөлүмдөрү репо операциялары боюнча акыркы эсептешүүлөрдү өткөргөнгө чейин келишилген репо операциялары боюнча тастыктамаларды алмашууга тийиш. 

3.18. Репо операцияларын аткаруу күнү иш эмес күнү болуп жарыяланган учурда репо операцияларын аткаруу кийинки иш күнү жүргүзүлөт. Мында репо операцияларын аяктоо күнү жылдырылбайт жана репо операцияларынын аяктоо бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасын кайрадан эсептөө жүргүзүлбөйт. 

3.19. Репо операцияларын аяктоо күнү иш эмес күнү болуп жарыяланган учурда репо операцияларын аяктоо кийинки иш күнү жүргүзүлөт, мында репо операцияларын аяктоо бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасын кайрадан эсептөө жүргүзүлбөйт. 

3.20. Кайтарым репо учурунда банк тарабынан сатылып алынган МКВ (ж.) ушул жобонун 3.3-пунктунда жазылган талаптарга сатып алуучу банк ылайык келген ошондой эле эки тарап (банк жана сатып алуучу банк) тарабынан Улуттук банкка МКВ (ж.) которуу жөнүндө "депо" тапшырмасы берилген учурда репо шарттарында башка банкка (мындан ары текст боюнча "сатып алуучу банк") сатылышы мүмкүн. 

3.21. Ушул жобонун 3.20-пунктуна ылайык банк менен сатып алуучу банктын ортосунда келишилген репо операциялары аяктаган кун банк менен Улуттук банктын репо операцияларынын аяктоо күнүнөн мурда болууга тийиш. 

3.22. Эгерде сатып алуучу банк МКВ (ж.) Улуттук банк менен банктын ортосунда келишилген репо операция аяктаган күнгө чейин кайтарып бербесе, анда Улуттук банк сатып алуучу банктан МКВ (ж.) кайтарым сатып алууну алардын ортосунда репо операциялары келишилген учурда Улуттук банк менен банк макулдашкан баа боюнча жүзөгө ашырат. 

3.23. Банк ушул жобонун 3.22-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар жөнүндө сатып алуучу банкка кабарлоого милдеттүү

 

4. Репо операциялары боюнча билдирмелерди түзүүнүн 

жана берүүнүн жалпы шарттары 

 

4.1. Репо операцияларын өткөрүү күнүндө билдирмелерди кабыл алуунун Улуттук банк тарабынан жарыяланган убактысында катышуучулар кагаз жүзүндөгү, ыйгарым укуктуу адамдардын колтамгалары коюлуп, конвертке салынып чапталган билдирмелерди беришет. Билдирмелер Улуттук банктын соода системалары аркылуу электрондук түрдө дагы берилиши мүмкүн, мында билдирүү электрондук цифралык колтамгалары менен тастыкталууга тийиш. 

4.2. Билдирүү репо операцияларынын Улуттук банк тарабынан жарыяланган параметрлерди канааттандырууга тийиш. 

4.3. Билдирмеде репо операциялары боюнча акча каражаттарынын суммасы жана пайыздык чендер үтүрдөн кийинки эки белгиге чейинки тактык менен көрсөтүлөт. МБК баасы үтүрдөн кийинки үч белгиге чейинки тактык менен көрсөтүлөт. 

4.4. Билдирме кайтарылып алынгыс болуп саналат. 

4.5. Туура эмес толтурулган же таризделген, ошондой эле билдирмелерди кабыл алуу убактысын бузуу менен берилген билдирмелер анык эмес деп таанылат жана репо операциясына катыштырылбайт. 

4.6. Ушул Жобонун 4.5-пунктуна ылайык билдирмелери анык эмес деп таанылган катышуучуларга Улуттук банк бул тууралуу кабарды сүйлөшүүлөрдү жазуу системасын пайдалануу менен телефондук байланыш аркылуу, андан ары аларга жазуу жүзүндө кабар жөнөтүү менен билдирет. 

4.7. Улуттук банк катышуучунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун сактоону камсыз кылат. 

 

5. Тике репо 

 

5.1. Адаттагы жана тездетилген ыргакта тике репо аукционун өткөрүү тартиби 

 

5.1.1.Тике репо аукционунун катышуучусу аткаруунун тиешелүү күнү менен ар бир мөөнөттүүлүк боюнча бир гана билдирме бере алат, мында билдирме бештен көп болбогон лотту камтууга тийиш. Тике репо аукционун катышуучусунан бирден көп билдирме же аткаруунун тиешелүү күнү менен бир мөөнөттүүлүк боюнча бештен көп лотту камтыган билдирмелер келип түшкөн учурда ал тике репо аукционуна катыштырылбайт, ал эми ал тарабынан аткаруунун тиешелүү күнү менен аталган мөөнөттүүлүк боюнча берилген бардык билдирмелер анык эмес деп табылып, аукционго катыштырылбайт. 

5.1.2. Билдирмедеги лоттор пайыздык чендердин өлчөмүнүн азайуусу тартибинде көрсөтүлүүгө тийиш. 

5.1.З. Билдирмелердин бардык лотторунун МБК суммардык саны аткаруунун тиешелүү күнү менен ошол мөөнөттүүлүк боюнча МБК Улуттук банк тарабынан жарыяланган сатып алынуучу санынан артпоого тийиш. 

5.1.4.Тике репо аукционуна Улуттук банк тарабынан жарыяланган минималдуу пайыздык ченден жогору же ага барабар пайыздык ченди камтыган билдирмелердин лоттору катыштырылат. 

5.1.5. Тике репо аукционуна катыштырылган билдирмелердин лоттору пайыздык чендин өлчөмү боюнча алардын азаюусу тартибинде бөлүштүрүлөт жана биринчи кезекте, эң жогорку пайыздык ченди (Улуттук банк тарабынан жарыяланган минималдуу пайыздык ченге салыштырмалуу) сунуштаган катышуучулардын билдирмелеринин лотгору канааттандырылат. Билдирмелердин лотторун канааттандыруу эң жогорку чек менен сунушталган пайыздык ченден баштап, андан ары кемүү тартибинде, анда аткаруунун тиешелүү күнү менен ошол мөөнөт боЮнча коюлган сатылып алынуучу МКВлардын жалпы саны түгөнгөн чек коюлган чен менен аяктоо аркылуу жүзөгө ашырылат. 

5.1.6. Эгерде чек коюлган чен боюнча бирден көп катышуучудан билдирме берилген болсо, анда МКВлардын калган санын бул билдирмелердин ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдык негизде жүзөгө ашырылат. 

 

5.2. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча тике репо өткөрүү тартиби 

 

5.2.1. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча тике репонун катышуучусу катталган пайыздык чен боюнча ар бир мөөнөттүүлүк боюнча бир гана билдирме бере алат, ал бир гана лотту камтууга тийиш. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча тике репонун катышуучусунан бирден көп билдирме же бир нече лоттор менен бир билдирме келип түшкөн учурда, ал стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча тике репого катыштырылбайт, ал эми алар тарабынан берилген бардык билдирмелер анык эмес деп таанылат. 

5.2.2.Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча тике репого катыштырылган бардык билдирмелер канааттандырылат

 

5.3. Тике репонун жыйынтыктары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү 

 

5.3.1. Тике репонун баштапкы бөлүгүн аткарууда катышуучунун милдеттенмелерди тиешелүү түрдө жүзөгө ашырышы тике репону аткаруунун белгиленген күнүндө катышуучунун "депо" эсебинде МБК тиешелүү санынын бар экендиги болуп саналат. Келишилген тике репонун жыйынтыктары боюнча Депозитарий тике репону аткаруу күнүндө Улуттук банк тарабынан сатылып алынган (менчикке сатылып алынган) МБК катышуучунун "депо" эсебинен Улуттук банктын Депозитарийдеги "депо" эсебине которот. 

5.3.2. Тике репонун баштапкы бөлүгүн аткарууда Улуттук банктын милдеттенмелерди тиешелүү түрдө жүзөгө ашырышы тике репону аткаруунун белгиленген күнүндө катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарынын суммасын өз убагында жана толук чегерүү болуп саналат. 

5.3.3. Тике репонун аяктоочу бөлүгүн аткарууда катышуучунун милдеттенмелерди тиешелүү жүзөгө ашырышы тике репону аяктоонун белгиленген күнүндө катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен Улуттук банктын тиешелүү эсебине акча каражаттарынын тиешелүү суммасын өз убагында жана толук чегерүү болуп саналат. Депозитарий тике репону аяктоонун белгиленген күнүндө Улуттук банктын "депо" эсебинен тиешелүү МБК катышуучунун Депозитарийдеги "депо" эсебине которот . 

5.3.4. Катышуучунун тике репо боюнча өз милдеттенмелерин аткарбоосу же тиешелүү эмес түрдө аткаруусу төмөнкүдөй болуп эсептелет: 

- тике репонун баштапкы бөлүгүн аткарууда катышуучунун "депо" эсебинде МБК тиешелүү санынын жок экендиги; 

- Тике репонун аяктоочу бөлүгүн аткаруудагы билдирүүдө көрсөтүлгөн каражаттарынын суммасы Улуттук банктын эсебине чегерилбеген же Улуттук банктын эсебине акча каражаттарынын суммасы анда көрсөтүлгөндөн аз чегерилген. 

5.3.5. Тике репо боюнча Улуттук банктын өз милдеттенмелерин аткарбоосу же тиешелүү эмес түрдө жүзөгө ашыруусу катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарынын суммасы чегерилбеген же катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттары тике репонун баштапкы бөлүгүн аткаруудагы билдирүүдө көрсөтүлгөндөн аз суммада чегерилген болуп саналат. 

5.3.6. Катышуучу тарабынан өз милдеттенмелерин аткарбоосу же тиешелүү эмес түрдө жүзөгө ашыруусу учурунда, катышуучу Улуттук банкка тике репонун аяктоочу бөлүгүндөгү акча каражаттарынын суммасынан бир пайыз өлчөмүндө бир жолку жазапул төлөйт. 

5.3.7. Улуттук банк тарабынан өз милдеттенмелерин аткарбоосу же тиешелүү эмес түрдө жүзөгө ашыруусу учурунда, Улуттук банк катышуучуга тике репонун баштапкы бөлүгүндөгү акча каражаттарынын суммасынан бир пайыз өлчөмүндө бир жолку жазапул төлөйт. 

5.3.8. Тике репонун аяктоочу бөлүгү боюнча катышуучу тарабынан өз милдеттенмелерин аткарбоосу же тиешелүү эмес түрдө жүзөгө ашыруучу учурунда Улуттук банк катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттарын суммасын келишимдин шарттарына ылайык аткарылбаган милдеттенмелердин өлчөмүндө, акцептсиз (талашсыз) тартипте алып салууга укуктуу. 

 

6. Кайтарым репо 

 

6.1. Кайтарым репонун адаттагы жана тездетилген аукционун өткөрүү тартиби 

 

6.1.1. Кайтарым репо аукционун катышуучусу аткаруунун тиешелүү эмиссиясы жана күнү менен ар бир мөөнөттүүлүк боюнча бир гана билдирме бере алат, мында билдирме бештен көп болбогон лотту камтууга тийиш. Кайтарым репо аукционун катышуучусунан бирден көп билдирме же аткаруунун тиешелүү эмиссиясы жана күнү менен бир мөөнөттүүлүк боюнча бештен көп лотту камтыган билдирмелер келип түшкөн учурда ал кайтарым репо аукционуна катыштырылбайт, ал эми ал тарабынан аткаруунун тиешелүү эмиссиясы жана күнү менен аталган мөөнөттүүлүк боюнча берилген бардык билдирмелер анык эмес деп табылып, аукционго катыштырылбайт. 

6.1.2. Билдирмедеги лоттор пайыздык чендердин өлчөмүнүн азайуу тартабинде көрсөтүлүүгө тийиш. 

6.1.3. Билдирмелердин бардык лотторунун МБК суммардык саны аткаруунун тиешелүү эмиссиясы жана күнү менен аталган мөөнөттүүлүк боюнча МБК Улуттук банк тарабынан жарыяланган сатылуучу санынан артпоого тийиш. 

6.1.4. Кайтарым репо аукционуна Улуттук банк тарабынан жарыяланган максималдуу пайыздык ченден төмөн же ага барабар пайыздык ченди камтыган билдирмелердин лоттору катыштырылат. 

6.1.5. Кайтарым репо аукционуна катыштырылган билдирмелердин лоттору пайыздык чендин өлчөмү боюнча алардын өсүү тартибинде бөлүштүрүлөт жана биринчи кезекте, эң төмөнкү пайыздык ченди (Улуттук банк тарабынан жарыяланган максималдуу пайыздык ченге салыштырмалуу) сунуштаган катышуучулардын билдирмелеринин лоттору канааттандырылат. Билдирмелердин лотторун канааттандыруу эң төмөнкү чек менен сунушталган пайыздык ченден баштап, андан ары өсүү тартибинде, анда аткаруунун тиешелүү эмиссиясы жана күнү менен ошол мөөнөттүүлүк боюнча коюлган сатылуучу МКВлардын жалпы саны түгөнгөн чек коюлган чен менен аяктоо аркылуу жүзөгө ашырылат. 

6.1.6. Эгерде чек коюлган чен боюнча бирден көп катышуучудан билдирме берилген болсо, анда МКВлардын калган санын бул билдирмелердин ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдык негизде жүзөгө ашырылат. 

 

6.2. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча кайтарым репо өткөрүү тартиби 

 

6.2.1. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча кайтарым репонун катышуучусу катталган пайыздык чен боюнча тиешелүү эмиссия менен ар бир мөөнөттүүлүк боюнча бир гана билдирме бере алат, ал бир гана лоту камтууга тийиш. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча кайтарым репонун катышуучусунан бирден көп билдирме же бир нече лоттор менен бир билдирме келип түшкөн учурда, ал стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча кайтарым репого катыштырылбайт, ал эми ал тарабынан берилген бардык билдирмелер анык эмес деп таанылат. 

6.2.2. Билдирмеде көрсөтүлгөн МБК саны тиешелүү эмиссия менен аталган мөөнөттүүлүк боюнча коюлган МБК Улуттук банк тарабынан жарыяланган сатылуучу санынан артпоого тийиш. 

6.2.3. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча кайтарым репого катыштырылган билдирмелер тиешелүү эмиссия менен аталган мөөнөттүүлүк боюнча коюлган сатылуучу МБК жалпы санынын негизинде канааттандырылат. 

6.2.4. Стандарттык шарттарда катталган пайыздык чен боюнча кайтарым репого катышкан бардык МБК саны тиешелүү эмиссия менен аталган мөөнөттүүлүк боюнча жарыяланган сатылуучу МБК санынан арткан учурда сатылуучу МБК бардык санын бул билдирмелердин ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдык негизде жүзөгө ашырылат. 

 

6.3. Кайтарым репонун жыйынтыктары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү 

 

6.3.1 Кайтарым репонун баштапкы бөлүгүн аткарууда катышуучулардын милдеттенмелерди тиешелүү түрдө жүзөгө ашырышы кайтарым репону аткаруунун белгиленген күнүндө өзүнүн Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын тиешелүү эсебине өз убагында жана толук чегерүү болуп саналат. Келишилген кайтарым репонун жыйынтыктары боюнча Депозитарий кайтарым репону аткаруу күнүндө Улуттук банк тарабынан сатылган МБК Улуттук банктын "депо" эсебинен катышуучунун тиешелүү "депо" эсебине которот. 

6.3.2. Кайтарым репонун аяктоочу бөлүгүн аткарууда катышуучунун милдеттенмелерди тиешелүү түрдө аткарышы кайтарым репону аяктоонун белгиленген күнүндө катышуучунун "депо" эсебинде МБК тиешелүү саны бар экендиги болуп саналат. Депозитарий кайтарым репону аткаруунун белгиленген күнүндө катышуучунун "депо" эсебинен тиешелүү МБК Улуттук банктын "депо" эсебине которот. 

6.3.3. Кайтарым репонун аяктоочу бөлүгүн аткарууда Улуттук банктын милдеттенмелерди тиешелүү түрдө аткарышы кайтарым репону аяктоонун белгиленген күнүндө катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарынын тиешелүү суммасын өз убагында жана толук чегерүү болуп саналат. 

6.3.4. Катышуучунун кайтарым репо боюнча өз милдеттенмелерин аткарбоосу же тиешелүү эмес түрдө аткаруусу төмөнкүдөй болуп эсептелет: 

- кайтарым репонун аяктоочу бөлүгүн аткаруудагы билдирүүдө көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасы Улуттук банктын эсебине чегерилбеген же Улуттук банктын эсебине акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлгөндөн аз чегерилген; 

- кайтарым репонун аяктоочу бөлүгүн аткарууда катышуучунун "депо" эсебинде МБК тиешелүү санынын жок экендиги. 

6.3.5. Кайтарым репо боюнча Улуттук банктын өз милдеттенмелерин аткарбоосу же тиешелүү эмес түрдө жүзөгө ашыруусу кайтарым репонун аяктоочу бөлүгүн аткаруудагы билдирүүдө көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасы катышуучунун корреспонденттик эсебине чегерилбеген же катышуучунун корреспонденттик эсебине акча каражаттарынын суммасы анда көрсөтүлгөндөн аз чегерилген болуп саналат. 

6.3.6. Катышуучу тарабынан өз милдеттенмелерин аткарбоосу же тиешелүү эмес түрдө жүзөгө ашыруусу учурунда катышуучу Улуттук банкка кайтарым репонун баштапкы бөлүгүндөгү акча каражаттарынын суммасынан бир пайыз өлчөмүндө бир жолку жазапул төлөйт. 

6.3.7. Улуттук банк тарабынан өз милдеттенмелерин аткарбоосу же тиешелүү эмес түрдө жүзөгө ашыруусу учурунда Улуттук банк катышуучуга кайтарым репонун аяктоочу бөлүгүндөгү акча каражаттарынын суммасынан бир пайыз өлчөмүндө бир жолку жазапул төлөйт. 

6.3.8. Кайтарым репонун баштапкы бөлүгү боюнча катышуучу тарабынан өз милдеттенмелерин аткарбоосу же тиешелүү эмес түрдө жүзөгө ашыруусу учурунда Улуттук банк катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттарын суммасын келишимдин шарттарына ылайык аткарылбаган милдеттенмелердин өлчөмүндө, акцептсиз (талашсыз) тартипте алып салууга укуктуу. 

6.3.9. Эгерде сатып алуучу банк МКВ (ж.) Улуттук банк менен банктын ортосунда келишилген операция аяктаган күнгө чейин банкка кайтарып бербесе, анда Улуттук банк ушул Жобонун 3.22-пунктунун негизинде банктан МКВ (ж.) репо шарттарында сатып алган сатып алуучу банктан МБК кайтарым сатып алууга укуктуу. 

 

7. Корутунду жоболор 

 

7.1. Репо операциялары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби ушул жобо жана келишим тарабынан жөнгө салынат. 

7.2. Репо операцияларын бухгалтердик эсепке алуу Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик актылары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

7.3. Аталган Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор репо операцияларын жүргүзүү процесстерин өркүндөтүү максатында Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат

 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 

2007 жылдын 27-июнундагы 

N 32/4 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы тарабынан 

Кыргыз Республикасынын 

мамлекеттик баалуу кагаздары 

менен репо операцияларын 

жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө 

жобого карата 1-тиркеме 

 

Репо-операциялары учурунда МБК баасын эсептөөнүн 

ТАРТИБИ 

 

1. Тике Репо-операциялары учурунда дисконттук МБК үчүн. 

Эсептөөнүн максаты үчүн төмөндөгүдөй белгилер пайдаланылат: 

df-Репо операцияларынын аяктоо күнүнөн МБКлар төлөө күнүнө чейинки калган тиешелүү мөөнөт үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген дисконттоонун катталган чени. 

r -репо операциялары боюнча пайыздык чен. 

dr-репо операциялары боюнча дисконттоонун чени. 

Pm-МБК номиналуук наркы. 

P2-репо операцияларын аяктоо күнүнө карата 1 МБК баасы. 

P1-репо операцияларын аткарууда 1 МБК сатып алуу баасы. 

tm-репо операциясын аяктоо күнүнөн МБК төлөө күнүнөүндөрдө) чейинки мөөнөт. 

t2-репо операцияларынын мөөнөтү

 

1. репо операциясын дисконттоонун чени dr төмөндөгү формула боюнча эсептелинет

dr = ------ 

1 - r 

2. репо операциясынын аяктоо баасы P2 төмөндөгү формула боюнча эсептелинет: 

Pm 

P2 = ----------- 

df x tm 

1 + ----------- 

360 x 100 

 

3. МБКларды сатып алуу P1 төмөндөгү формула боюнча эсептелинет: 

 

P2 

P1 = ------------- 

dr x t2 

1 + ----------- 

360 x 100 

 

2. Кайтарым репо учурунда купондук МБК үчүн 

Кайтарым репо-операциялары учурунда купондук МБК үчүн репо операцияларынын баштапкы бөлүгүн аткарууда МБК сатуу баасы кошо эсептелинген купонду эске алуу менен МБК учурдагы наркына барабар болот. 

Эсептөө максаты үчүн төмөнкүдөй белгилер пайдаланылат: 

P1 - репо операциясын аткаруу күнүнө карата 1 МБК баасы; 

Р2 - репо операциясын аяктоо күнүнө карата 1МБК баасы; 

r - репо операциясы боюнча пайыздык чен; 

t - репо операциясынын мөөнөтү

1. Репо операциясын аяктоо баасы Р2 төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

 

P1 x r x t 

P2=-------------- + P1 

360