Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынЧенемдик актылары” 

журналынын 2007-жылдын 1 саны 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 19-январында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 06-07 

 

Бишкек шаары 

2006-жылдын 13-декабры N 39/9 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

өлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун" 

бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-майындагы N 313 "Кыргыз Республикасынын технико-экономикалык жана социалдык маалыматтарын классификациялоонун жана кодировкалоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү жөнүндө" Токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун" карап көрүү менен токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификатору" бекитилсин (кошо тиркелет). 

2. Төлөө системалары Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, белгиленген тартипте расмий жарыяланып, Улуттук Статистика комитети тарабынан 2007-жылдын 1-мартынан тартып кабыл алынган шартта, ошол учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 3-сентябрындагы N 27/10 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтому (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 26-сентябрында 100-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) күчүн жоготту деп таанылсын. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыялангандыгы) тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдалсын. 

6. Төлөө системалары Башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Маалымат бөлүмүөлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун" белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистикалык комитетине жөнөтсүн. 

8. Маалымат бөлүмүөлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун" иштин жүрүшүндө колдонуусу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна жөнөтсүн. 

9. Маалымат бөлүмүөлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун" колдонууга киргизүүнү жүзөгө ашырсын. 

10. Ушул токтомдун аткарылышына, контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары М.Б.Ишенбаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев