Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 

2011-жылдын «_21_»_декабрында_ №_69/19

токтому менен бекитилген 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАНК СЕКТОРУН 2014-ЖЫЛГА ЧЕЙИН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ 

I. КИРИШҮҮ 

 

Банк секторун 2014-жылдын акырына чейинки мезгилде өнүктүрүүнүн негизги багыттарында (мындан ары Негизги багыттар) 2012-жылдан тартып 2014-жылга чейинки орто мөөнөттүү мезгил (үч жылдык) аралыгында банк тутумунун алдында турган максаттар жана милдеттер чагылдырылат.  

 

Бул документти иштеп чыгууда банк секторунун учурдагы абалы эске алынды. 

 

Негизги багыттар банк секторунун туруктуулугун күчөтүүгө, Кыргыз Республикасынын экономикасында банк секторунун ролун жогорулатууга, банк ишинин эффективдүүлүгүн, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн колдоого, банк кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жана алардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн шарттарды түзүүгө, финансы ортомчулук деңгээлинин андан-ары өсүшүнө өбөлгө түзүп, ошондой эле коммерциялык банктардын алгылыксыз жана коопттуу банк тажрыйбаларына катышуусуна жол бербөөгө багытталган.  

II. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН РЕСПУБЛИКАНЫН БАНК СЕКТОРУНДАГЫ РОЛУ 

 

Банк секторунун туруктуулугун мыйзамга ылайык, тиешелүү көзөмөл саясатын жүргүзүү аркылуу колдоо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары-Улуттук банк) миссиясы болуп саналат. 

Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын банк секторунун мүмкүнчүлүгүн арттырууну жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө ролун жогорулатууну көздөйт. 

 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасында банк секторунун туруктуулугунун камсыз кылынышына өбөлгө түзгөн көзөмөл саясатын жүргүзгөн жана өз ишин борбордук банктардын эл аралык иш тажрыйбасына ылайык жүзөгө ашырган борбордук банк.  

 

Кыргыз Республикасынын банк секторуна карата ишенимдүүлүктү калыбына келтирүү Негизги багкттардын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Кыргыз Республикасынын банк сектору тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган спектрди жана андан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча иштер жигердүү аткарылууда. Экономиканы мамлекеттик жөнгө салуунун атаандаштык жана жеке ишкердик демилгелеринин рыноктук механизмдерин айкалышта максаттуу колдонуу чараларынын артыкчылыктарын көптөгөн өлкөлөрдүн экономикалык тажрыйбасы тастыктап келет.  

 

Орто мөөнөткө каралган келечекте консолидацияланган көзөмөл системасын өнүктүрүү жана тобокелдикке багытталган көзөмөлдүктүн айрым элементтерин колдонууга киргизүү, банк ишине мүнөздүү болгон тобокелдктерди тескөөнүн шайкеш системасын андан-ары өркүндөтүү, тобокелдиктерди баалоо, иликтөө, эрте көңүл буруу жана алардын алдын алуу системасын жакшыртуу, ошондой эле, коммерциялык банктарда ички башкаруунун, анын ичинде корпоративдик башкаруунун ж.б. системаларды андан-ары өркүндөтүү улантылат.  

 

Бул иштин алкагындагы аракеттер жарандардын социалдык жактан коргоого алынышын гана күчөтүүгө багытталбастан, өлкөнүн экономикасын узак мөөнөттүү каржылоону камсыз кылууга жөндөмдүү, институционалдык инвесторлордун мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө да багытталат.  

 

Улуттук банк, (1) проблемалуу банктарга эрте көңүл буруу жана аларды санациялоонун укуктук негиздерин бекемдөө; (2) Улуттук банктын аракеттерин соттук кайра кароо мүмкүнчүлүктөрүн чектөө; (3) Улуттук банктын кызматккерлеринин жана агенттеринин укуктук жактан коргоого алынышын күчөтүү максатында, өзүнө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана «Банктык сыр жөнүндө» мыйзамдардын нормаларын камтыган, Кыргыз Республикасынын Банк Кодексинин долбоорун даярдоо жана аны Кыргыз Республикасынын парламентинин кароосуна сунуштоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. 

 

III. МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

Кыргыз Республикасынын банк секторун өнүктүрүүнүн негизги максаттары орто мөөнөткө каралган мезгилге төмөнкү негизги максаттарды көздөйт

- банк тутумунун туруктуулугун жогорулатуу жана бекемдөө

- банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү

- банк секторунун алдыга өсүшү үчүн шарттарды түзүү

- Кыргыз Республикасынын экономикасында банк секторунун ролун жогорулатуу

- банк ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жана банк секторунун иштөө натыйжалуулугун колдоо

- Кыргыз Республикасынын банк секторунун субүектилеринин ачык-айкындуулук деңгээлин алардын финансылык отчеттуулугун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын иштеп турган ар бир банкынын кредиттик активдеринин сапаты жөнүндө маалыматты ачык көрсөтүү аркылуу жогорулатуу

- финансылык ортомчулук деңгээлинин андар аркы өсүшү үчүн шарттарды түзүү

- нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү

- кредиторлордун укугун бекемдөө жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын маалыматтуулук деңгээлин жогорулатуу

 

Негизги милдеттери төмөнкүлөр

· банктардын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыгын коргоону күчөтүү

· банк сектору тарабынан жүзөгө ашырылган калктын жана уюмдардын/ишканалардын акча каражаттарын аккумулирлөө боюнча иштердин натыйжалуулугун арттыруу жана аларды кредиттерге жана инвестицияларга трансформациялоо

· коммерциялык банктарды алгылыксыз коммерциялык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн жана мыйзамга каршы келген максаттарга (эң оболу терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо сыяктуу) пайдаланууга жол бербөө; 

· атаандаштык чөйрөсүн өөрчүтүү жана коммерциялык банктардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу

· республиканын банк секторуна карата инвесторлордун, кредиторлордун жана аманатчылардын ишенимин бекемдөө

· калктын кеңири катмарынын банктык продуктулардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу

· төлөм системасын өркүндөтүү

· консервация чарасы киргизилген, проблемалуу коммерциялык банктардагы жагдайларды чечүү

 

Ушул документте каралган максаттарга жетишилгенден кийин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана банк сектору келечекте дүйнөлүк рейтингдик агенттиктерден көз карандысыз кредиттик рейтингди алуу мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, эл аралык финансы рынокторунда кыргыз банк секторун эффективдүү көрсөтүүнү артыкчылыктуу милдет катары санашат.  

Жогоруда белгиленген максаттарга жетүү жана коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Улуттук банк төмөнкүлөр боюнча күч-аракетин жумшайт

· уюмдар/ишканалар жана калайык-калк үчүн, айрыкча аймактарда кредиттөөнүн жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн жана жеткиликтүүлүгн жогорулатуу, төмөнкүлөрдү кошо алганда:  

Кыргыз Республикасында каржылоо жана банк ишин, анын ичинде ислам принциптеринин негизинде каржылоону өнүктүрүү

Микрокаржылоо секторун жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер системасын өнүктүрүү

Кыргыз Республикасынын Борбордук күрөөнү каттоо канторасында кыймылдуу мүлк күрөөлөрүн ыктыярдуу каттоону камсыз кылууга же болбосо чектүү сумманы көбөйтүүгө багытталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү. 

· банк секторуна узак мөөнөттүү жана арзан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын финансы секторун андан ары өнүктүрүүгө жана атаандаштык деңгээлин колдоого өбөлгө түзгөн чет өлкө финансы ресурстарын тартуу үчүн алгылыкту шарттарды түзүү

· банк секторунун инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде салык мыйзамдарын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизүү аркылуу жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү

· лизинг жана ипотеканы өнүктүрүү, анын ичинде банк ишинин бул багыттары боюнча салык салуу жагында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине сунуштарды киргизүү аркылуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү

· калайык-калктын банк тутумуна карата ишенимин арттыруу жана төмөнкүлөрдү кошо алганда, тартылган аманаттардын деңгээлдин жогорулатуу (ички ресурстарды мобилдештирүү)

Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасын өркүндөтүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөл функциясын жана коммерциялык банктардагы ички башкаруу системасын өркүндөтүү

Кыргыз Республикасында банктык көзөмөлдүктү банктык көзөмөл боюнча Базелң комитетинин принциптерине ылайык андан ары айкалыштыруу жана консолидацияланган көзөмөлдүк системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ошондой эле көзөмөлдүккө багытталган тобокелдиктин элементтерин жайылтуу

· банк ишин укуктук жактан камсыз кылууну өркүндөтүү

· Коммерциялык банктардын ишинде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу

· коммерциялык банктардагы корпоративдик башкаруунун, тобокелдиктерди башкаруунун жана ички контролдуктун сапатына талаптарды күчөтүү

· банктардын финансылык ортомчулукка катышусу үчүн алгылыктуу жагдайларды түзүү

· терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча чараларды күчөтүү

· банк чөйрөсүндө рынок дисциплинасын бекемдөө жана бардык коммерциялык банктар үчүн атаандыштыктын бирдей шарттарын камсыз кылуу. 

 

Бул иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу калайык калк үчүн берилүүчү кредиттик ресурстар боюнча пайыздык чендерди турукташтырууга жана төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт. 

 

Улуттук банк кооптуу жана алгылыксыз банктык тажрыйбаны жүзөгө ашырган банктын лицензиясын алып коюуну кошо алганда, мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонууну ниет кылууда. Банктардын Директорлор кеңешинин жана Банк Башкармасынын мүчөлөрү, ошондой эле башка кызмат адамдары укукка жатпаган жана/же шектүү операцияларды жана бүтүмдөрдү санкицялагандыгы жана жүзөгө ашыргандыгы үчүн, ошондой эле банктын негизсиз чыгым тартуулары үчүн жооп беришет. Улуттук банк, зарылчылык келип чыккан шартта, Улуттук банктан лицензия алуучу кайсы болбосун финансы-кредит мекемесинин тиешелүү кызмат ордуна бул адамдардын талапкерлигине макул болуудан баш тартууга укуктуу жана кызмат адамдарын алмаштыруунун талап кылууну кошо алганда, чараларды жана санкцияларды колдоно алат.  

Банктар тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө кредит алуунун, аны пайдалануунун жана кайтарып берүүнүн шарттары, эң оболу кредит боюнча чегерилүүчү пайыздардын өлчөмү жана аларды чегерүү тартиби тууралуу так жана толук маалымат берилбегендиги үчүн чараларды жана санкцияларды күчөтүү болжолдонууда

Банктардын, кредиттик таржымалдын субүектисинин (юридикалык жак сыяктуу эле, жеке адамдын да) укугун милдеттүү түрдө камсыз кылууда кредиттик таржымалдын базасын кеңейтүүнүн алкагында, карыз алуучулардын банктар алдындагы милдеттенмелерин ак ниеттүү аткарып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды алуусу, кредиттик тобокелдиктерди баалоонун жана аларды төмөндөтүүнүн бирден бир инструменти болуп саналат.  

 

Экономиканын реалдуу секторунун акча-кредит саясатынын каражаттары менен банктардын кредиттерине суроо-талаптын өсүшүнө көмөктөшүүсү, инфляцияны алгылыктуу деңгээлде кармап турууга жана финансы рыногунда пайыздык чендерди төмөндөтүүгө, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолдоого боло турган мүмкүнчүлүгүн жана сомдун курсунун ыргактуу динамикасын камсыз кылууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу дегенди түшүндүрөт.  

 

Банк ишин укуктук камсыз кылуу чөйрөсүндө эң оболу коммерциялык банктардын ишинин укуктук шарттары негизинен, Банктык көзөмөл боюнча Базелң комитетинин «Эффективдүү банктык көзөмөлдүктүн негиз болуучу принциптери» документинде аныкталган эл аралык нормаларга ылайык, анын ичинде төмөнкүлөр аркылуу өркүндөтүлөт

 

кредиторлордун укугун, эң оболу, күрөө предметинен соттон тышкары өндүрүүнү жүргүзүү институтун өркүндөтүү маселелерин кошо алганда, алардын күрөө менен камсыздалган талап кылуу укугун бекемдөө

банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын банктын бардык иш багыттары жана алардын ишинин соңку натыйжалары үчүн жоопкерчиликтерин, ошондой эле Улуттук банктын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аткаруу учурундагы жоопкерчиликтерин күчөтүү

банктык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясы кайтарып алынган, коммерциялык банктарды жоюунун укуктук механизмдерин өөрчүтүү

атаандаштык жана банк чөйрөсүндө коммерциялык иш эркиндигин чектөө жагында аракеттерге жол бербөө боюнча укуктук механизмдерди чыңдоо

кара ниет адамдардын коммерциялык банктардын ишине контроддук жүргүзүүсүнө каршы аракеттенүү боюнча укуктук механизмдерди өркүндөтүү

пайда алуучулардын (бенефициардык менчик ээлеринин) банктык акцияларын, банктардын кардарларын, кардарлардын операцияларын жана бүтүмдөрүн, банктардын операцияларын жана бүтүмдөрүн идентификациялоо жана верификациялоо боюнча укуктук механизмдерин өркүндөтүү. 

Финансы ортомчулугу системасында банктардын ролун чыңдоо чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү камсыз кылуу зарыл: 

финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык чарба ишинин финансылык абалы жана көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүүнүн негизинде чарба жүргүзүүчү субүекттердин ишинин ачык-айкындуулугун

банктардын ликвиддүүлүгүн рефинансылоо жана тескөө механизмдерин өркүндөтүү

заманбап маалыматтык жана банктык технологиялардын базасында, финансы рынокторунда жүргүзүлгөн операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашырууда коммерциялык банктардын бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болуусун камсыз кылуу

 

Банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдүк чөйрөсүндө маанилүү багыттар болуп төмөнкүлөр саналат

тобокелдиктерге баа берүүнүн негизинде, коммерциялык банктар тарабынан кабыл алынган таасир этүү чараларын жана көзөмөлдүк жөнгө салуу чараларын колдонуу жана тобокелдиктерди тескөөнүн сапаты

башкаруунун сапатын баалоону камтыган, эрте көңүл буруу жана коммерциялык банктардын ишин комплекстүү баалоону колдонуу системасынын жана ички контролдук системасынын ишин камсыз кылуу

банктык көзөмөлдүктүн чегинде колдонулуучу чечимдердин оперативдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу

 

Улуттук банк, банк секторунун ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу саясатын ишке ашыруунун алкагында, банк секторунун ишинин негизги параметрлерин мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдү Улуттук банктын расмий веб-сайтына жарыялоосун улантат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, учурдагы жана потенциалдуу кардарлар үчүн коммерциялык банктар тарабынан финансылык маалыматтардын чечмеленип берилишин контролдойт. Коммерциялык банктардын ишинин негизги параметрлерин мүнөздөгөн, маалыматтарды андан ары ачып берүү үчүн аракеттер жумшалат. Мындан тышкары, Улуттук банк өзүнүн расмий сайты аркылуу кабыл алынган чечимдер тууралуу коомчулукка мындан ары да маалымдап турууну пландаштырууда.  

Атаандаштык чөйрөсүн өркүндөтүүдө жана рынок дисциплинасын бекемдөөдө төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл

аймактарды кошо алганда, банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү үчүн кыйла алгылыктуу шарттарды түзүү

кредиттик уюмдардын ишинин ачык-айкындуулугун, анын ичинде менчик ээлеринин (акционерлердин, катышуучулардын) түзүмүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу

Коммерциялык банктардагы корпоративдик башкаруу чөйрөсүндө төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл бурулат

банктардын өз ишин, анын ичинде байланыштуу жактар менен операцияларды жүзөгө ашыруусунда келип чыккан тобокелдиктерди эффективдүү башкарууну жогорулатууга

ички контролдук системасынын эффективдүүлүгүн арттырууга

акционерлерди (катышуучуларды) эске алганда, кызыкдар жактардын бардык категорияларына коммерциялык банктардын финансылык абалы, менчик ээлеринин түзүмү жана башкаруу жөнүндө маалыматтарды кошо алганда, банктын ишинин маселеси боюнча мыйзамда каралган маалыматтардын өз убагында жана толук ачып берилишин камсыз кылган, корпоративдик башкаруу системасынын ачык-айкындуулук деңгээлине жетишүүгө

коммерциялык банктардын тобокелдик менеджерлеринин, комплаенс-офицерлеринин жана байкоо органынын ишине сертификат берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга

Банк секторун мындан-ары өнүктүрүү республикада орун алган макроэкономикалык жагдайдын туруктуулугу, тышкы таасирлердин Кыргыз Республикасынын экономикасына жана банк секторуна тийгизген таасири менен тыгыз байланыштуу. Ушундан улам, андан-ары өнүктүрүү планын иштеп чыгууда төмөнкү маалыматтар колдонулган

а)  реалдуу ИДөнүн өсүш арымы жылдык эсептөөдө 2011-жылы 7,4 пайызды, 2012-жылы 4,5 пайызды, 2013-жылы 5,0 пайызды, 2014-жылы 5,0 пайызды түзөт, ал эми керектөө бааларынын индекси жылдык эсептөөдө 2011-жылы 6,0 пайыз, 2012-жылы 8-9 пайыз, 2013-жылы 7-8 пайыз, 2014-жылы 7,0 пайыз чегинде болот

б) экономиканын базалык тармактарында өндүрүштүн өсүшкө ык койгон алгылыктуу динамикасы уланат, ал экономикалык өсүштүн негизин камсыз кылат

в) коррупциянын деңгээли төмөндөйт жана экономиканын көмүскө секторун легализациялоо жүрөт

г)  финансы рыногунда жана бүтүндөй экономикада орун алган жагдай, банктардын пландарын алардын жигердүүлүгүн кыскартуу жагында кайра карап чыгууга алып келбейт

д) тышкы таасирлер коммерциялык банктардын ишине жана банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна, ошондой эле калайык-калктын, ишканалардын/уюмдардын экономикалык абалына жана ишине анчалык деле таасирин тийгизбейт

Банк тутуму жакынкы үч жыл ичинде өзүнүн өсүшүн улантат. Коммерциялык банктардын болжолдоолору боюнча капиталдын өсүшү 2012-жылдын акырына чейинки мезгилде салыштырмалуу жогорку арымын сактап турат, бул, банктардын өз финансылык туруктуулугун жогорулатуу аракети тууралуу айтып турат. Көбүнчө капиталдын өсүшүн күндөлүк алынган пайда менен камсыз кылуу пландаштырылууда. 

 

Коюлган милдеттерди ишке ашыруунун жана көрсөткүчтөргө жетишүүнүн алкагында Улуттук банк тарабынан 2012-2014-жылдар аралыгында 1-тиркемеде сунушталган иш-чаралар комплекси жүргүзүлөт. Мында, тышкы олуттуу таасир этүүлөр, болжолдонуп жаткан прогноздук көрсөткүчтөрдүн бир кыйла корректировкаланышына алып келиши мүмкүн экендигин белгилеп кетүү зарыл.  

 

Мындан ары Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууну улантат. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын мындан ары да өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык багыттары дегенден улам, акча агымдарынын жылышын натыйжалуу уюштуруу, финансы рынокторундагы бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүн камсыз кылуу жана улуттук валютага карата ишенимди колдоо максатында төлөм системасынын ишенимдүү жана коопсуз ишин колдоо дегенди түшүнүүгө болот.  

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жетүү үчүн Улуттук банк, банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзгөн, чекене төлөмдөр системасынын инструменттерин өөрчүтүү жана коммерциялык банктарга банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү камсыз кылуу аркылуу, финансы-кредиттик мекемелер тарабынан сунушталуучу банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн кеңейүүсүнө өбөлгө түзүүгө ниеттенүүдө. Финансы рынокторун мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында, 2012-2014-жылдары финансы рынокторунда соода аянттарын Улуттук банктын ири төлөмдөр системасы менен интеграциялоого тиешелүү бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдү эффективдүү жогорулатуу жагында иштер улантылат.  

Ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, республиканын аймагында нак эмес эсептешүүлөр системасын ийгиликтүү өнүктүрүүнүн шарттары менен камсыз кылуунун эң негизги милдеттеринен болуп калат. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк төлөм системасы боюнча методологиялык базаны кеңейтет жана чыңдайт. 

Мындан тышкары, Улуттук банк, төлөм системасында орун алган тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы № 7/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө боюнча саясатка» ылайык ири жана чекене төлөмдөр системасына мониторинг жүргүзүү, контролдоо, иликтөө жана баалоо аркылуу төлөм системасына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат. 2010-жылы болуп өткөн окуялардын негизинде чекене төлөмдөр системасынын маалыматтык коопсуздугун жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр системасына контролдукту күчөтүү боюнча чаралар көрүлөт. Төлөм системасынын операторлору тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын техникалык инфраструктурасынын ишинин контролдукка алынышына өзгөчө көңүл бурулат.  

Көрсөтүлгөн иш-чаралар экономиканын ар кандай секторлорунда эсептешүүлөрдөгү муктаждыктарды камсыз кылган, төлөм системасынын иш натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Улуттук банк тарабынан өлкөнүн төлөм системасына көзөмөлдүктүн (оверсайт) жүзөгө ашырылышы, төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын милдеттерин аткарууга багытталат.  

Конкреттүү иш-чаралар жана ишке ашыруу механизмдери «Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 2012-2014-жылдарга өнүктүрүүнүн негизги багыттарында» жана ага карата тиешелүү Иш-чаралардын планында берилет.  

IV. БАНК СЕКТОРУН ӨНҮКТҮРҮҮДӨН КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖАЛАР 

Кыргыз Республикасынын банк секторун өнүктүрүүнүн негизги натыйжалары төмөнкүлөр

 

1. Кыргыз Республикасынын экономикасында банк секторунун ролун күчөтүү;  

2. Банк секторунун финансылык туруктуулугу жана ачык-айкындуулугу;  

3. Кыргыз Республикасынын банк секторунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү.  

 

Ушул документте каралган иш-чаралар ийгиликтүү жүзөгө ашырылган шартта, 2015-жылдын 1-январына карата кыргыз банк тутумунун чогуу алгандагы көрсөткүчтөрүнүн жогорулоосуна жетишилет. (2-тиркеме

Калктын реалдуу кирешелеринин өсүшүнүн болжолдонуп жатышын, экономикалык өсүш жана банктардын ишкердик жигердүүлүгүн арттыруу үчүн зарыл болгон шарттардын түзүлүшүн эске алганда, чакан бизнести, агрардык секторду жана калкты кредиттөө, анын ичинде ипотекалык кредиттөөнүн көлөмү олуттуу көбөйөт.  

Ошентип, орто мөөнөттүү келечекте акыркы үч жылдык мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдөн улам, Улуттук банк тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн чагылдырган, көрсөткүчтөрдү көбөйтүү пландаштырууда (3-тиркеме)

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктык кызмат көрсөтүүлөр спектрин кеңейтүү, калайык калк үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдлануу мүмкүнчүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу зарылчылыгын негиз кылып алат жана пландаштырылып жаткан көрсөткүчтөргө жетишүүгө өбөлгө түзүүдө, бул, өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүнүн жана өлкөнүн жарандарынын экономикалык жыргалчылыгын арттыруунун катализатору болуп калат.  

V. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАНК СЕКТОРУНУН 2008-ЖЫЛДАН 2011-ЖЫЛДЫН III ЧЕЙРЕГИНЕ ЧЕЙИНКИ ӨНҮГҮШҮ 

 

5.1 Баяндама 

Кыргыз Республикасынын банк тутумун 2008-2011-жылдары өнүктүрүү тышкы сыяктуу эле, ички саясий мүнөздөгү окуялар менен коштолгон. Глобалдуу финансылык-экономикалык кризиске, өлкөдөгү саясий туруксуздукка карабастан, Кыргыз Республикасынын банк тутуму бекемдүүлүгүнүн негизинде, тышкы сыяктуу эле, ички таасирлерге да белгилүү бир деңгээлде туруштук бере алаарын дагы бир жолу далилдей алды. Кароого алынып жаткан мезгилде банк тутуму өлкөнүн экономикасынын пайдалуу тармагы бойдон калган. 2010-жылдагы окуялардын таасиринен улам, айрым бир банктарда аныкталган көйгөйлөрдү эске алганда, банк тутумунун 2010-жылдын апрелине чейинки мезгилдеги жана апрелң айынан кийинки көрсөткүчтөрү олуттуу айырмаланып турат

Банктардын карыз алуучуларынын төлөө жөндөмдүүлүктөрүнүн төмөндөөсү көз карашынан алганда, дүйнөлүк каатчылыктын жана 2010-жылдагы окуялардын кесепеттери бир кыйла эле болгон, бул, проблемалуу кредиттердин жана мүмкүн болуучу жоготууларга жана чыгым тартууларга чегерүүлөрдүн өсүшүнө алып келген.  

2011-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында 22 коммерциялык банк жана алардын 250 филиалы иштеп турган. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын 21, ал эми 2009- жана 2010-жылдарда 22 коммерциялык банк иш жүргүзгөн.  

Ишканалардын/уюмдардын жана калайык-калктын коммерциялык банктардагы депозиттеринин жалпы көлөмүнүн өсүшү 2008-жылдан 2010-жылга чейинки мезгилде 47,1% түзгөн. Депозиттердин жыл сайын өсүшү дүйнөлүк финансылык каатчылыкка жана Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын апрелң жана июнң айларындагы окуяларга карабастан, калктын банк тутумуна болгон ишениминин сакталып калгандыгын тастыктап турат.  

Кардарлардын депозиттерин «долларлаштыруу» деңгээли бүтүндөй алганда, 2011-жылдын башталышына салыштырганда 1,6 пайыздык пунктка төмөндөө менен 2011-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 55,6% (2010-жылдын акырына карата - 57,2%) түзгөн. 2008- жана 2009-жылдарда банк тутумунун кардарларынын депозиттерин «долларлаштыруунун» деңгээли тиешелүүлүгүнө жараша 63,6% жана 68,3% чегинде катталган. 

Ушуну менен бирге эле, 2010-жылы кирешелердин азаюусунун себеби, апрелң жана июнң айында жабыркаган кардарлар тарабынан кредиттер кайтарылып берилбеген шартта резерв түзүүгө кеткен чыгашаларга, ошондой эле туризм боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү түшүүлөргө байланыштуу болгон. Мында, 2011-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча банк тутумунун таза пайдасы 2011-жылдын башталышынан тартып 91,0% көбөйүү менен 1 417,6 млн. сомду түзгөн.  

Капиталдын жеткилитктүүлүк көрсөткүчүнүн ченемдик деңгээли 12% түзө тургандыгын, ошондой эле 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча шайкештүүлүк деңгээли 31% түзүү менен 3,1 пайыздык пунктка гана төмөндөгөндүгүн эске алганда, Кыргызстандын банк тутуму, финансы кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоону кеңейтүү үчүн белгилүү бир потенциалга ээ. Кароого алынып жаткан мезгилдин жыйынтыгы боюнча банк тутумунун капиталынын шайкештигинин көрсөткүчү 29,8% чегинде калыптаган

Банктардын ишине жүргүзүлгөн баалоолор банк секторунун мындан ары да өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн, бир катар позитивдүү жактары бар экендигин белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет. Албетте, финансы-кредиттик уюмдардын финансылык туруктуулугуна терс таасирин тийгизип жаткан же болбосо келечекте алгылыксыз таасир эте турган бир катар факторлор да бар (4-тиркеме)

2008-жылдан 2011-жылдын III чейрегине чейинки мезгилде Кыргызстан банк тутуму, бардык негизги көрсөткүчтөр боюнча (оңдоолорду эске алуу менен) тышкы сыяктуу эле, ички саясий мүнөздөгү окуялардын таасир этүүсүнө карабастан, алгылыктуу өсүш арымда өнүккөн.  

5.2 өнүгүүнүн негизги тенденциялары. Учурдагы абалы.  

Кыргыз Республикасынын банк тутумунун пайдасы 2011-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча 1 417,6 млн. сомду түзгөн. 2011-жылдын башталышына тартып банк тутумунун суммардык активдери 65,1 млрд. сомду түзүү менен 12,4 % көбөйгөн (өсүш 7,2 млрд. сомду түзгөн).  

Активдер түзүмүндө банктардын кассаларында жана алардын Улуттук банктагы корэсептеринде жайгаштырылган каражаттардын үлүшү бардык активдерден 16,8% же 10,96 млрд. сомду түзгөн. 

2011-жылдын башталышынан тартып башка банктардын корреспонденттик эсептеринде жайгаштырылган каражаттардын көлөмү 8,3% же 0,87 млрд. сомго төмөндөгөн, ал эми алардын суммардык активдердеги үлүшү 11,0% түзгөн.  

Коммерциялык банктар тарабынан төлөөгө чейин кармалган баалуу кагаздар портфели отчеттук күнгө карата 5,7 млрд. сомду түзүү менен жыл башынан бери 37,3% көбөйгөн. Баалуу кагаздар портфелинин банк тутумунун чогуу алгандагы активдерине катышы 8,7% түзгөн. 2010-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча бунк тутумунун жалпы депозиттик базасы, 2011-жылдын башталышынан тартып 11,9% көбөйүү менен 39,94 млрд. сом чегинде катталган, алардын ичинде:  

· ишканалардын жана калайык-калктын депозиттери 2011-жылдын башталышынан тартып 17,9% көбөйүү менен 32,53 млрд. сомду түзгөн; 

· банктардын жана башка ФКМдердин депозиттери 2011-жылдын башталышынан тартып 12,8% төмөндөө менен 2,88 млрд. сом чегинде катталган; 

· бийлик органдарынын депозиттери 2011-жылдын башталышына салыштырганда 5,2% төмөндөө менен 4,54 млрд. сомду түзгөн.  

 

Ишканалардын жана калктын депозиттери 2011-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча төмөнкүчө берилген

· юридикалык жактардын депозиттери 17,90 млрд. сомов же ишканалардын жана калктын депозиттеринин жалпы көлөмүнүн 55,0%

· Жеке адамдардын депозиттери 14,63 млрд. сом же ишканалардын жана калктын депозиттеринин жалпы көлөмүнүн 45,0%. 

 

2011-жылдын 30-сентябрына карата юридикалык жактардын депозиттери боюнча өсүш 15,6%, ал эми жеке адамдардын депозиттеринин көлөмүнүн өсүшү 20,8% түзгөн

2011-жылдын сентябрында улуттук валютадагы жаңы кабыл алынган мөөнөттүү депозиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен 11,2% (2010-жылдын ушундай эле мезгилинде 11,2%), чет өлкө валютасында 6,2% (2010-жылдын тиешелүү мезгилинде 6,2%) чегинде калыптанган

2011-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча банк тутумунун жалпы кредит портфели 2011-жылдын башталышына салыштырганда 14,0% көбөйүү менен 30,05 млрд. сомду (анын ичинде дисконттун суммасы 70,9 млн. сомду) түзгөн. 

Кардарларга кредиттердин көлөмү (кредиттер боюнча карыздардын калдыгы) 2011-жылдын башталышына салыштырганда 14,0% көбөйүү менен 2011-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча 29,98 млрд. сом чегинде катталган.  

Таза кредит портфелинин суммасы отчеттук мезгил ичинде 19,8% көбөйүү менен 2011-жылдын 30- сентябрына карата абал боюнча 29,41 млрд. сомду түзгөн. 

2011-жылдын сентябрң айында улуттук валютада жаңы кабыл алынган кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен 25,8% (2010-жылдын ушундай эле мезгилинде 24,2%), чет өлкө валютасында 19,5% (2010-жылдын ушундай эле мезгилинде 19,8%) чегинде катталган

2010-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча классификацияланууга тийиш болгон активдердин көлөмү 58,95 млрд. сомду (2011 жылдын башталышына карата 54,96 млрд. сомду) түзгөн. Активдердин сапаты боюнча, классификацияланууга тийиш болгон активдердин жалпы көлөмүндө классификацияланбаган актвидердин үлүшү 2011-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча 92,0%, ал эми классификациялангандар 8,0% (2011 жылдын башталышына карата бул катыш тиешелүүлүгүнө жараша 90,5% жана 9,5%) чегинде түптөлгөн

Кредит портфелде классификацияланган кредиттердин үлүшү 2011-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча 11,4% же 3,42 млрд. сом чегинде катталган. 

Банк тутумунун Улуттук банк тарабынан белгиленген эконмикалык ченемдерди эсептөө үчүн колдонулган таза суммардык капиталы 2011-жылдын башталышынан тартып 1,31 млрд. сомго же 11,6% көбөйүү менен 2011-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча 12,90 млрд. сомду түзгөн.  

Отчеттук мезгил ичинде таза суммардык капиталдын жеткиликтүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү бүтүндөй банк тутуму боюнча 29,8% чегинде катталган

Баланстык капиталдын өзгөрүүсүндө өсүш тенденциясы байкалган кароого алынып жаткан мезгилде ал 1,2 млрд.сомго же 9,5% көбөйүү менен 13,78 млрд.сомду түзгөн. 

 

5.3 Пайыздык чендер 

Жаңы кабыл алынган жана коммерциялык банктарт тарабынан жайгаштырылган улуттук жана чет өлкө валютасындагы ресурстар боюнча пайыздык чендер айрым бир өзгөрүүлөргө дуушар болушкан. Улуттук валютада жана чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча пайыздык чендердин төмөндөөсү байкалган. Улуттук валютадагы сыяктуу эле, чет өлкө валютасындагы жаңы кабыл алынган мөөнөттүү депозиттер боюнча пайыздык чендердин өсүшү жүргөн.  

Кыргызстанда улуттук валютадагы сыяктуу эле, чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча пайыздык чендердин сакталып турушу, экономиканын жана калайык-калктын кредиттик ресурстарга болгон жогорку муктаждыгы тууралуу кабарлап турат, мында банктар тарабынан сунуштоо артат.  

Кыргыз Республикасында салыштырмалуу жогорку пайыздык спрэд жагында түптөлгөн жагдайга төмөнкү факторлор таасирин тийгизет:  

· Күндөлүк жалпы экономикалык жагдай (кризистик өзгөрүүлөр);  

· Кредиттик каражаттарга карата суроо-талап

· Тартылуучу ресурстардын наркы

· Инфляциянын деңгээли жана башка макроэкономикалык тенденциялар;  

· Банктык эмес ФКМдердин пайыздык чендери

· Тобокелдиктердин жогорку деңгээлде сакталып турушу жана башкалар

 

Салыштыруу үчүн кардарларга кредиттердин калдыктары жана депозиттер боюнча пайыздык чендердин өзгөрүү динамикасы сунушталат. 

 

КМШ өлкөлөрү боюнча улуттук валютада берилген кредиттер жана жаңы кабыл алынган мөөнөттүү депозиттер боюнча орточо пайыздык чендер 

(пайыздар

КМШ өлкөлөрү боюнча чет өлкө валютасында берилген кредиттер жана жаңы кабыл алынган мөөнөттүү депозиттер боюнча орточо пайыздык чендер 

(пайыздар

Улуттук валютада берилген кредиттер жана жаңы кабыл алынган мөөнөттүү депозиттер боюнча пайыздык чендер 

Чет өлкө валютасында берилген кредиттер жана жаңы кабыл алынган мөөнөттүү депозиттер боюнча пайыздык чендер 

 

 

5.4. Депозиттерди коргоо системасы 

Банк секторуна ишенимди арттыруунун маанилүү инструменттеринин бири жана ресурстарды тартууга жана топтоштурууга өбөлгө түзүүчү фактор болуп, депозиттерди коргоо системасынын (ДКС) болушу саналат, ал аманатчыларга - жеке адамдарга банк банкрот болгон учурда алардын акча каражаттарынын белгилүү бир суммасынын кайтарылып берилишин гарантиялайт

ЭВФ миссиясынын баа берүүлөрү боюнча 2010-жылдын апрелинде «Банктардын кудуретсиздик абалын жөнгө салуу механизмдерин жакшыртуу» программасынын алкагында Кыргыз Республикасында банктардын кудуретсиздик абалын жөнгө салуунун колдонуудагы механизми татаал жана бардыгы эле макулдашыла берген эмес. Мыйзам, анын талаптарын аткарууда көп эмгекти талап кыла тургандыгы менен мүнөздөлөт, мында кудуретсиз абалында калган банктар сот инстанциялары тарабынан белгиленген банкроттук процессинин узаккка созулушун башынан кечиришет. Контекстте банктык кудуретсиздик абалда калышы проблемасын ыкчам жөнгө салууга жана аманатчылардын каражаттарын токтоосуз алашын камсыз кылууга мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасындагы банктардын кудуретсиздиги абалын жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү үчүн ЭВФ, өз кезегинде төмөнкүдөй эки маанилүү талапты аткаруу зарыл деп белгилеген

а) банктарга карата кудуретсиздик абалын жөнгө салуунун атайын режимин колдонууга киргизүү; жана 

б) Депозиттерди коргоо агенттигинин проблемалуу банктардын кудуретсиздиги абалын эң баштапкы стадиясынан тартып жөнгө салуу процессине катышуусу. 

 

Депозиттерди коргоо агенттигинин проблемалуу банктардын кудуретсиздиги абалын эң баштапкы стадиясынан тартып жөнгө салуу процессине катышуусун камсыз кылган ченемдик укуктук базаны өөрчүтүүгө көңүл буруу зарыл. Бул, банктардын ишине көзөмөлдүк кылуучу органдын мамлекеттик саясатка жана көзөмөлдүктүн максатына башкача айтканда, ишканалардын кудуретсиздиги абалынын контекстиндегидей, бардык күч- аракетин кредиторллрдун даттанууларын канааттандырууга гана жумшабастан, финансылык туруктуулукту жана аманатчылардын кызыкчылыгынын коргоого алынышын камсыз кылуу маселелерине да токтолуусуна өбөлгө түзөт.  

 

5.5. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери  

Кыргыз Республикасында мурдатан келаткан банк иши менен катар эле, банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин өнүктүрүү, экономикалык укуктук мамилелерди өркүндөтүүгө жана каржылоонун атаандаштык системасын өөрчүтүүгө өбөлгө түзгөн чара катары каралат жана Кыргыз Республикасы менен ислам өнүгүү банкы жана пилоттук банк («ЭкоИсламикБанк» ААКсы) ортосунда өз ара түшүнүшүүлөр жөнүндө мемарандумдун негизинде пилоттук долбоор катары жүзөгө ашырылат.   

«ЭкоИсламикБанк» ААКсы жогоруда аталган Меморандум менен регламенттелген пилоттук долбоордун кийинки баскычын ишке ашыруу максатында, ислам банкына трансформациялоону аяктоо үчүн зарыл болчу иш-чараларды жүргүзүүсүн улантат.  

 

2009-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын «"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна сунушталган өзгөртүүлөр күчүнө кирди, булар банк секторунун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жылдыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган. 

Мыйзамдардын ченемдердин ишке ашыруунун алкагында, операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктардын ишин жөнгө салуучу бир катар ченемдик укуктук актылар иштелип чыгып, алар Улуттук банк Башкармасынын токтомдору менен бекитилген. Мындан тышкары, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүүнүн алкагында, ошондой эле аларды жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык келтирүү үчүн Улуттук банктын колдонуудагы ченемдик актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.  

 

5.6 Төлөм системасы 

Аймактарда ишканалар жана калайык-калк үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуунун алкагында, банктар банк тутумунун инфраструктурасын кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзгөн. 

2010-жылдын акырына карата абал боюнча 2008-жылдын акырындагыга салыштырганда коммерциялык банктардын филиалдарынын жалпы саны 22 бирдикке же 9,9% төмөндөгөн жана 211 бирдикти, ал эми аманат кассаларынын саны 34 бирдикке же 8,4% көбөйүү менен 452 бирдикти түзгөн.  

Таблица. Коммерциялык банктардын региондор боюнча филиалдарынын жана аманат кассаларынын саны боюнча маалымат 

 

Областтар 

2008-жылдын  

31-декабрына карата 

2009-жылдын  

31-декабрына карата 

2010-жылдын  

31-декабрына карата 

2010-жылдын  

30-сентябрына карата 

21 коммерциялык банк  

22 коммерциялык банк 

22 коммерциялык банк 

22 коммерциялык банк 

филиалдар 

Аманат кассалары 

филиалдар 

Аманат кассалары 

филиалдар 

Аманат кассалары 

Көчмө кассалар  

филиалдар 

Аманат кассалары 

Көчмө кассалар  

Чүй 

32 

39 

33 

43 

29 

38 

 

36 

38 

Бишкек шаары 

49 

167 

50 

193 

46 

187 

10 

53 

203 

16 

Ош 

38 

93 

42 

105 

39 

97 

43 

110 

Жалал-Абад 

39 

63 

39 

74 

33 

73 

 

41 

86 

  

Ысык-Көл 

36 

22 

35 

27 

30 

21 

35 

22 

Нарын 

17 

17 

14 

 

17 

  

Талас 

10 

 

11 

  

Баткен 

13 

28 

13 

30 

11 

28 

 

14 

41 

  

БАРДЫГЫ БОЛУП  

233 

418 

239 

481 

211 

452 

12 

250 

515 

30 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын реформалоо боюнча стратегиялык максаттарга жетүү жана 2009-2011-жылдар аралыгына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Улуттук банк тарабынан пакеттик клиринг системасынын чекене жана утурумдук төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча инструменттерин өнүктүрүү жана коммерциялык банктарга банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшүү аркылуу, финансы-кредит мекемелери тарабынан сунушталуучу чекене төлөм кызмат көрсөтүүлөр спектрин кеңейтүү боюнча иш-чаралар өткөрүлгөн.  

Төлөм системасынын иш-аракети жана өнүктүрүү, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана республиканын бардык аймакңтарына жайылтылышынын деңгээлин жогорулатуу аркылуу анын эффективдүүлүгүн арттырууга багытталган

2010-жылдын декабрынын акырына карата абал боюнча Улуттук банк, иштеп турган 22 коммерциялык банк жана алардын филиалдары, Мамлекет аралык банк, Борбордук казыналык, ошондой эле атайын катышуучу - «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК эсептешүүлөрдүн банктар аралык системасынын катышуучуларынан болушкан

Кыргызстандын карттар рыногунда алдыга озуп бараткан банктарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп, эл аралык системанын (Visa&Master card), аймак аралык системанын (Золотая Корона), локалдык системанын (Алай кард) жана «Элкарт» эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын карттарынын базасында «эмгек акы» долбоорлорун ишке ашыруу саналат. 2011-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасында 253 981 карт чыгарылган

 

· «Элкарт» улуттук системасы боюнча - 53 548 

 

· Төмөнкү эл аралык системалар боюнча - 128 338: 

- Visa 111 541 

- Master Card 445 

-Золотая корона 22 100 

· «Алай-Кард» локалдык системасы боюнча - 72 095 

 

Иштеп турган терминалдардын жана банкоматтардын жалпы саны 2011-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча системалардын түрлөрү боюнча төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн:  

· «Элкарт» улуттук системасы боюнча 127 банкомат жана 431 терминал

· «Visa & MasterCard Int.» эл аралык системалары боюнча 125 банкомат жана 659 терминал; 

· «Алай-Кард» (Золотая Корона) локалдык системасы боюнча 109 банкомат «Золотая Корона» системасынын карттарын сыяктуу эле, «Visa» эл аралык төлөм системасынын карттарын кабыл алуунун жана тейлөөнү камсыз кылган. 265 терминалдын ичинен 97 терминал «Золотая корона» системасынын карты сыяктуу эле, «Visa» эл аралык төлөм системасынын карты сыяктуу кабыл алууну жана тейлөөнү камсыз кылат

 

Республиканын аймактарында банктардын филиалдык түйүндөрүнүн дале болсо жетишсиздиги нак эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүүнү кармап турган негизги факторлордун бири. Улуттук банк тарабынан чекене агенттерди ишке тартуу жана аларга калкка банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүнчө түрлөрүн сунуштоо, Кыргыз Республикасынын төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча иштерди жөнгө салуу, ошондой эле финансы-кредит мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылган төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө (процессинг) байланышкан финансылык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктарды чегерүү аркылуу, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кабыл алынган ченемдик укуктук базаны эффективдүү ишке ашыруу зарыл.  

VI. БАНК СЕКТОРУНУН НЕГИЗГИ ПРОБЛЕМАЛАРЫ, ТОБОКЕЛДИКТЕРИ ЖАНА КОРКУНУЧТАРЫ  

өлкөнүн банк секторунун алдында проблемалуу банктарга тиешелүү маселелерди чечүү жана финансылык ортомчулук деңгээлин жогорулатуу боюнча милдеттер турат, финансы ортомчулугунун төмөн деңгээлде болушу, көбүнчө, кредиттерге пайыздык чендердин жогору болушуна жана калк үчүн депозиттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликсиздигине шартталган, бул калайык-калктан тартылган ресурстардын жеткиликтүүлүк деңгээлине терс таасирин тийгизет. Дүйнөлүк экономиканын республиканын банк секторуна таасирин тийгизүүсү уланууда, мындан тышкары, банк секторунун өнүгүүсүнө Кыргыз Республикасынын Бажы союузунун катарына кириши жана Бажы союзуна кирген өлкөлөргө Кыргыз Республикасы аркылуу товарларды реэкспорттоонун кыскаруусу жагында маселелердин чечиле электиги да олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн.  

 

6.1 Кыргыз Республикасынын банк секторуна тышкы кескин таасирди тийгизиши ыктымалдыгы  

Учурда коммерциялык банктар тобокелдиктер боюнча, аларды шайкеш тескөөгө алуу максатында, өзүн-өзү баалоо системасын өнүктүрүү зарыл. Учурда байкалып жаткан дүйнөлүк экономикадагы жана негизги тышкы соода өнөктөштөрдөн болгон өлкөлөрдүн экономикасында кризистен кийинки көрүнүштөр Кыргыз Республикасынын банк тутумуна да кыйыр түрдө таасирин тийгизет, ушуга байланыштуу ата-мекендик банк тутумунун туруктуулугун арттыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында тобокелдикке багытталган айрым элементтерди колдонууга киргизүү багытында иштерди күчөтүү өзгөчө актуалдуу болууда.  

6.2 Берилүүчү кредиттер боюнча пайыздык чендердин жогорку деңгээли жана пайыздык чендердин чоң спрэди 

Учурда, коммерциялык банктарда колдонулуп жаткан пайыздык чендердин деңгээли, төмөндөөгө ыктоосуна карабастан, дале жогору бойдон калууда, бул бүтүндөй экономиканын өсүшүнө жана көбүнчө финансы ортомчулугунун деңгээлине терс таасирин тийгизет. Мындан тышкары, кредиттер жана депозиттер боюнча пайыздык чендердин жогорку спрэди сакталып калып, ал төмөнкүлөр менен шартталган

кредиттик каражаттарга жогорку суроо-талап;  

тобокелдиктердин жогорку деңгээлинин сакталып калышы

6.3 . Калктан тартылуучу ресурстардын салыштырмалуу төмөнк деңгээли 

Тамак-ашка, күйүүч-майлоочу материалдарга, электрге ж.б. баалардын өсүшүнө байланыштуу, инфляциялык күтүлөрдүн жогору болушу, жашоо наркынын жогорулашы жана калктын аманат топтоо деңгээлинин төмөндөшү, ошондой эле орун алган башка тобокелдиктер калктын депозиттеринин деңгээлинин төмөн бойдон калышына алып келүүдө.  

6.4 . Республиканын экономикасында финансылык ортомчулук деңгээли 

Коммерциялык банктар экономикалык потенциалы боюнча башка финансылык ортомчулардан озуп кетүү менен институционалдык планда финансылык ортомчулук системасында негизги ролду ойнойт.  

Ошондой болсо да, төмөндөгү таблицада келтирилген көрсөткүчтүн алгылыктуу динамикасына карабастан, финансылык ортомчулуктун көрсөткүчү салыштырмалуу төмөн деңгээлде калууда. 

Кыргыз Республикасынын банк секторунда финансылык ортомчулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн динамикасы (бир мезгилдин акырына карата): 

(пайыздарда

Көрсөткүчтөр 

2000 

2001 

2002 

2003 

2004 

2005 

2006 

2007 

2008 

 2009 

2010 

30.09.2011 

ИДөгө карата активдер 

7,2 

6,8 

10,4 

13,6 

18,8 

21,7 

24,8 

30,1 

30,6 

34,6 

27,3 

25,6 

ИДөгө карата кредиттер 

2,2 

2,1 

2,7 

3,5 

6,2 

7,6 

9,9 

14,9 

13,8 

12,8 

12,4 

11,8 

ИДөгө карата депозиттер 

4,2 

3,4 

4,8 

6,0 

8,7 

12,9 

14,5 

16,3 

12,6 

13,2 

13,0 

12,8 

 

 

1-тиркеме: 2012-2014-жылдар аралыгында тиешелъъ кёрсёткъчтёргё жетишъъ ъчън иш-чаралар

 6-тиркеме: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин негизги параметрлери

 7-тиркеме: Кыргыз Республикасынын ИДЁнън тъзъмъ


Банк секторун 2014-жылдын акырына чейинки мезгил ичинде өнүктүрүүнүн  

негизги багыттарына карата 

2-тиркеме (млн. сом/%

 

2008-жылдын 31-декабрына карата 

2009-жылдын 31-декабрына карата (корр) 

2010-жылдын 31-декабрына карата 

2011-жылдын 31-декабрына карата 

2012-жылдын 31-декабрына карата 

2013-жылдын 31-декабрына карата 

2014-жылдын 31-декабрына карата 

 

айкын 

айкын 

айкын 

болжолдуу көрсөткүч 

болжолдуу көрсөткүч 

болжолдуу көрсөткүч 

болжолдуу көрсөткүч 

ИДө 

185 014 

196 423 

212 177 

264 292 

292 739 

329 356 

373 367 

Активдер 

51 108 

62 608 

57 931 

74 002 

83 431 

95 513 

112 010 

Кредиттер  

25 607 

25 121 

26 311 

30 521 

39 436 

47 425 

56 171 

Депозиттер 

23 337 

27 791 

27 598 

31 600 

43 911 

52 023 

59 610 

Капитал (ТСК) 

11 912 

13 911 

11 562 

13 009 

13 943 

15 067 

16 398 

Пайда 

1 789 

1 592 

741,0 

1 447 

1 869 

2 248 

2 662 

ROA, % 

3,7 

3,1 

1,1 

2,0 

2,2 

2,4 

2,4 

ROE, % 

15,0 

11,4 

7,1 

11,1 

13,4 

14,9 

16,2 

 

2010-жылга банк секторунун жана финансылык ортомчулук деңгээлинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолдуу маанилери 

 

 

2008-жылдын 31-декабрына карата 

2009-жылдын 31-декабрына карата (корр) 

2010-жылдын 31-декабрына карата 

2011-жылдын 31-декабрына карата 

2012-жылдын 31-декабрына карата 

2013-жылдын 31-декабрына карата 

2014-жылдын 31-декабрына карата 

ИДөгө карата активдер (%) 

30,6 

34,6 

27,3 

28,0 

28,5 

29,0 

30,0 

Активдердин өткөн жылга салыштырмалуу өсүшү (%) 

29,1 

23,4 

-7,5 

14,8 

12,7 

14,5 

17,3 

Кредиттердин өткөн жылга салыштырмалуу өсүшү (%) 

28,4 

-1,9 

4,7 

16,0 

29,2 

20,3 

18,4 

Депозиттердин өткөн жылга салыштырмалуу өсүшү (%) 

4,2 

83,6 

-0,7 

14,5 

39,0 

18,5 

14,6 

 

 

Банк секторун 2014-жылдын акырына чейинки мезгил ичинде өнүктүрүүнүн  

негизги багыттарына карата 

3-тиркеме 

 

 

№ 

 

2008 

2009 

2010 

2011-жылдын  

9 айы үчүн  

2012-жылга болжолдоолор 

2013-жылга болжолдоолор 

2014-жылдан болжолдоолор 

Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн Гросстук системасы боюнча төлөмдөрдүн көлөмү, (млрд. сом

375,5 

417,6 

383,0 

357,7 

450,0 кем эмес 

450,0 кем эмес 

450,0 кем эмес 

Пакеттик клиринг системасы боюнча төлөмдөрдүн саны 

(млн.төлөмдөр

2,5 

3,3 

1,5 

1,1 

1,6  

1,7  

2,00 

Төлөм карттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялардын саны 

(даана

1 589 248 

2 836 233 

3 371 078 

 

 

3 408 929 

4 012 500  

5 212 480  

6 435 570  

Төлөм карттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялардын көлөмү 

(млн. сом.) 

6 846,1 

10 000,0 

14 560,1 

16 915,9 

20 560,8 

24 368,2 

28 755,3 

Калктын ар бир адамына эсептелинген карттар менен операциялардын орточо көлөмү (сом.) 

1290,7 

1862,9 

2658,4 

3088,2 

3 700,9 

4 321,0 

5 024,0 

1 банкоматка туура келген адамдардын саны  

30 482,7 

17 041,3 

19 548,2 

13 199,0 

10 870,9 

8 680,7 

7 366,3 

1 терминалга туура келген адамдардын саны

4,8 тыс. 

3,8 тыс. 

3,07 тыс. 

2,8 тыс. 

1,9 тыс. 

0,9 тыс. 

0,2 тыс. 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктын саны (миң адам

5 303,8 

5 367,7 

5 473,5 

5 477,6 

5 555,6 

5 638,5 

5 723,5 

 

 

Банк секторун 2014-жылдын акырына чейинки мезгил ичинде өнүктүрүүнүн  

негизги багыттарына карата 

4-тиркеме 

 

Коммерциялык банктардын ишине SWOT-иликтөө  

Бул бөлүктө сунушталган, коммерциялык банктардын ишине баа берүүлөр, Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн эксперттик иликтөөлөргө негизденген.  

SWOT-иликтөө, коммерциялык банктардын алгылыктуу жана алгылыксыз жактарын аныктоого, ошондой эле иштин андан аркы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана банктар үчүн потенциалдуу тобокелдиктерди камтыган кокунучтарга баа берүүгө мүмкүнчүлүк берет.  

А. Коммерциялык банктардын алгылыктуу жана алгылыксыз жактары 

Коммерциялык банктардын алгылыктуу жагы 

Коммерциялык банктардын алгылыксыз жагы 

Ш Кредит портфелинин сапатын жакшыртуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү; 

Ш Материалдык жана техникалык жабдылышы; 

Ш Бир катар банктардын туунду компаниялардын анча баалуу эмес ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү; 

Ш Депозиттерди коргоо системасына катышуу; 

Ш Тобокелдиктерди тескөөгө алуу системасынын өнүгүшү; 

Ш Кредиттөөнүн консервативдүү саясаты; 

Ш Учурдагы ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээли; 

Ш Банк системасында көп жылдык иш тажрыйбага жана жогорку квалификацияга ээ персонал; 

Ш Бир катар коммерциялык банктардын ишине ал аралык аудит жүргүзүү; 

Ш Ири долбоорлорду каржылоо жана орун алган тобокелдкитердин ордун жабуу мүмкүнчүлүгүнө ээ коммерциялык банктардын капиталдаштыруусунун өсүшү; 

Ш Банктык продуктылардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн ишке киргизүү; 

Ш Жөнгө салынган операциялык иш; 

Ш Корреспонденттик мамилелердин өнүккөн жана натыйжалуу иштеген түйүнүнүн болушу; 

Ш Сатуунун эффективдүү жана ар түрдүү каналдары; 

Ш Кардарларды тейлөө сапатын жакшыртуу жана бул багытта өркүндөтүү иштерин туруктуу жүргүзүү; 

Ш Туруктуу кардарлардын болушу; 

Ш Банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда көп жылдык иш тажрыйбанын болушу; 

Ш Персоналдын квалификациясын жогорулатууга дайыма көңүл буруу жана окуу борборлорунун болушу.  

Ш Олуттуу капиталды мобилдештирүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүсү (Кыргыз Республикасынын көз карандысыз рейтингинин жоктугу, натыйжада республиканын банктары жана башка чарба субүекттери кредит рейтингин ала алышпайт жана финансылык ресурстардын тышкы рынокторуна кирүү мүмкүнчүлүгү жок); 

Ш Ички рынокто ишканалардан, өзгөчө калктан, каражаттарды тартуунун төмөн деңгээли; 

Ш Коммерциялык банктарды көпчүлүгүндө филиалдарынын жана аманат кассаларынын өнүккөн түйүнүн жоктугу, өзгөчө алыскы региондордо; 

Ш Көпчүлүк коммерциялык банктарда эскилиги жеткен маалыматтык технологияларды жана автоматташтырылган системаларды пайдалануу; 

Ш Чет өлкө банктары менен атаандашуу мүмкүнчүлүгү көз карашынан алганда, төмөнкү деңгээлде сакталып калган капиталдаштыруу деңгээли; 

Ш Бир катар коммерциялык банктарда фонд түзүүнүн булактарынын балансташпаган түзүмү; 

Ш Банктардын кредиттик ресурстарынын «соода жана коммерция» тармагына концентрациялануусу; 

Ш Бир катар банктарда тиешелүү тобокелдик-мененджментинин жоктугу; 

Ш Чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн франчайзингинин өнүкпөгөндүгү; 

Ш Кардарлардын банктык продукталар жөнүндө төмөн деңгээлде маалымдуулугу; 

Ш Узак мөөнөттүү финансы ресурстарынын жетишсиздиги

Ш Институционалдык жана инфраструктуралык өнүгүү үчүн каражаттардын жетишсиздиги. 

Б. Коммерциялык банктардын ишиндеги мүмкүнчүлүктөр жана коркунучтар

Коммерциялык банктардын ишинде болгон мүмкүнчүлүктөр 

Коммерциялык банктардын ишинде кездешүүчү коркунучтар 

Ш Сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн жана продуктылар (төлөм карттары, чекене кредиттер, жаңы аманаттар, Интернет-банкинг, MasterCard, American Express системалары ж.б.) спектрин кеңейтүү, бул, банктык кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын жогорулатууга жана чекене багытты ийгиликтүү өнүктүрүүгө алып келиши мүмкүн; 

Ш Активдерди көбөйтүү, өзгөчө кредит портфелин, ошондой эле алардын сапатын андан ары жакшыртуу; 

Ш Кызматкерлердин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу; 

Ш Колдонулуп жаткан маалыматтык технологияларды өркүндөтүү; 

Ш Сатуу каналдарын диверсификациялоо, анын ичинде, өзгөчө региондордогу филиалдык түйүндү кеңейтүү; 

Ш Локалдык рынокто эл аралык кредиттик институттардын тажрыбасын иликтөөгө алуу жана ыңгайлаштыруу; 

Ш Банктык процесстерди автоматташтыруунун заманбап технологияларын жигердүү пайдалануунун жана кардарлардын өзүн-өзү тейлөө каналдарын пайдалануунун эсебинен продуктылардын наркын төмөндөтүү; 

Ш Эл аралык аудитти көз карандысыз тышкы аудит катары тартуу, бул кардарлардын ишенимин жогорулатат жана банктын максаттуу топтору боюнча стратегиясын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет; 

Ш Жаңы рынокторго чыгуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштоо; 

Ш Кардарлардын максаттуу керектөөлөрүнө багытталган продуктылардын түрлөрү; 

Ш Ресурстук базаны кеңейтүү; 

Ш Уставдык капиталды көбөйтүү; 

Ш Экономиканы узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү каржылоонун мамлекеттик програмаларын жүзөгө ашырууда катышуу; 

Ш Банктын түзүмүн оптималдаштыруу. 

Ш Инфляциянын өсүшү

Ш Улуттук валютанын курсунун кескин өзгөрүшү; 

Ш Резкое изменение курса националңной валюты; 

Ш Кризистик жагдайлардын дүйнөлүк экономикада жана өлкөлөр экономикасында Кыргыз Республикасынын негизги тышкы соода өнөктөштөрү арасында, жайылып кетиши ыктымалдыгы; 

Ш Макроэкономикалык жагдайдын начарлашы, бул банктын ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн; 

Ш Операциялык чыгымдардын өсүшү; 

Ш Тышкы соода шарттарынын начарлашы; 

Ш Саясый жана экономикалык туруксуздуктан улам, аманаттардын агылып чыгуусу, ошондой эле эл аралык рыноктордо валюталардын курстарынын өзгөрүүсү, акча каражаттардын экономиканын башка секторлоруна же кыймылсыз мүлк рыногуна которулушуна алып келет; 

Ш Потенциалдуу карыз алуучулардын так эмес финансылык отчет берүүсү, потенциалдуу карыз алуучуларга шайкеш (адекватного) финансылык иликтөө мүмкүнчүлүгүнө чек койгон иштин ачык-айкын жүргүзүлбөшү

Ш Мыйзам актылары өнүгүү стадиясында болгондуктан, өзгөрүүлөргө дуушар болушу ыктымалдыгы; 

Ш Кадрлардын иштен кетүүлөрүнүн санынын көбөйүшү

Ш Форс-мажордук жагдайлар

Ш Бир катар коммерциялык банктарда ички контролдуктун жетишсиз деңгээлде болушу.