Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын
Көзөмөл боюнча комитетинин
2024-жылдын 20-декабрындагы
№ 51/4 токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын банк секторунда туруктуу каржылоону өнүктүрүү жана ESG принциптерин киргизүү боюнча
ЖОЛ КАРТАСЫ
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
ESG (экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу) принциптерине негизделген туруктуу каржылоо заманбап финансы системасынын ажырагыс бөлүгүнө айланып, туруктуу өнүгүүгө жетишүүдө негизги ролду ойнойт. «Жашыл» экономиканы түптөөгө жана БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууга умтулуп жаткан Кыргыз Республикасы үчүн банк секторуна ESG принциптерин киргизүү өзгөчө мааниге ээ болууда. Бул экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди минималдаштырууга гана жардам бербестен, экономикалык өсүш, инвестиция тартуу жана өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кыргыз Республикасынын банк секторунда туруктуу каржылоону өнүктүрүү жана ESG принциптерин киргизүү боюнча жол картасы (мындан ары – Жол картасы) орто мөөнөттүү мезгилге (2024-2026-жж.) стратегиялык багыттарды жана конкреттүү иш-чараларды аныктайт жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, рыноктук механизмдерге өбөлгө түзүү, климаттык тобокелдиктерди баалоо жана тескөө үчүн жаңы инструменттерди киргизүү, ошондой эле бардык кызыкдар тараптарга жеткирүү жана потенциалын жогорулатуу аркылуу туруктуу каржылоону өнүктүрүү үчүн жагымдуу экосистеманы түзүүгө багытталган.
Жол картасында үч негизги этап аныкталган, анда банк сектору (мындан ары – банк сектору катары банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары (мындан ары - БФКУ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) үчүн чаралар каралган. Ошол эле учурда, Жол картасында банк сектору үчүн ишке ашырууга багытталган чаралар толугу менен берилет, ал эми Улуттук банктын чаралары тууралуу кеӊири маалымат Улуттук банктын ички документтеринде каралышы мүмкүн.
Жол картасын ийгиликтүү ишке ашыруу бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде Улуттук банкын, коммерциялык банктарды, финансы-кредит уюмдарын, “Кыргызстан банктарынын союзу” ЮЖБ, “Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы” ЮЖБ, жеке секторду, эл аралык уюмдар жана коомчулукту кошо алганда, тыгыз иш алып баруусун жана күч-аракеттеринин координациясын талап кылат. Улуттук банк бул процессте натыйжалуу жөнгө салууну, көзөмөлдөөнү жана туруктуу финансы рыногун өнүктүрүүнү камсыз кылуу менен жетектөөчү ролду ойнойт.
Жол картасы туруктуу каржылоо чөйрөсүндөгү глобалдуу тенденцияларды, алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды жана Кыргыз Республикасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан. Анда банк секторунун өнүгүүсүнүн учурдагы деңгээлин жана талаптарды акырындык менен жогорулатууну эске алуу менен ESG принциптерин этап-этабы менен ишке ашыруу каралган.
Жол картасындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу 1-тиркемеде көрсөтүлгөн конкреттүү чаралар жана аткаруу мөөнөттөрү менен Улуттук банк тарабынан кызыкдар тараптар менен биргеликте жүзөгө ашырылат.
2. ДҮЙНӨДӨ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ТУРКТУУ КАРЖЫЛОО
2.1. Туруктуу каржылоонун глобалдуу тенденциялары
Климаттын өзгөрүшү жана анын терс таасирлери менен күрөшүү жана кыйла туруктуу келечекке жетишүү үчүн 2015-жылы дүйнө мамлекеттери БУУнун 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү жагында күн тартибин жана климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж келишимин кабыл алууну макулдашты. БУУнун 2030-жылга чейин күн тартибинин негизинде туруктуулукту, дени сак планетаны, адилеттүү, инклюзивдик жана туруктуу коомду жана гүлдөп өнүккөн экономиканы камсыз кылган келечекке жетүү үчүн планды билдирген 17 туруктуу өнүктүрүү максатын (ТӨМ) түзөт. 2015-жылы декабрда 195 өлкө кол койгон Париж макулдашуусу климаттын өзгөрүшүнө ыӊгайлашуу жана туруктуулукту жогорулатуу жана глобалдуу жылуулукту 2°Cден бир топ төмөн чектөө боюнча амбициялуу аракеттерди ишке ашыруу үчүн дүйнө элдерин жалпы максатка бириктирет. Бул демилгелерди кабыл алуу менен өлкөлөр келечектеги муундардын өз муктаждыктарын канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө доо кетирбестен, азыркы муундун муктаждыктарына жооп берген бир кыйла туруктуу өнүгүү жолун тандап жатышат.
Туруктуу өнүгүү социалдык инклюзивдик жактан көбүрөөк камтылган жана чектелген ресурстарды колдонууга жана жаратылыш чөйрөсүн пайдаланууга азыраак көз каранды болгон узак мөөнөттүү экономикалык гүлдөп-өнүгүүнү билдирет. Туруктуу өнүгүү экологиялык, социалдык, экономикалык жана башкаруу аспектилеринин өз ара байланышын камтыйт.
Париж макулдашуусуна жана Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык туруктуу келечекке өтүү мамлекеттик жана жеке секторлордон олуттуу капиталды талап кылат. Ошол эле учурда өткөөл мезгилди каржылоо зарыл ресурстар менен камсыз кылуу аркылуу көмүртекти көп талап кылган тармактарды трансформациялоодо негизги ролду ойнойт. Ошентип, туруктуу өнүгүүнү колдоо үчүн туруктуу каржылоо принциптерин иштеп чыгуу зарыл.
Кыргыз Республикасы эки демилгенин: Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясы жана Париж макулдашуусу боюнча тең катышуучу болуп саналат. Париж макулдашуусунун негизги элементи болуп улуттук деңгээлде аныкталган салымды (мындан ары – УДАС) даярдоо саналат, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтуу боюнча пландар (максаттар).
- адаптациялоо пландары, финансылык жана технологиялык жардам көрсөтүү пландары.
Кыргыз Республикасы 2015-жылы Париж макулдашуусуна кол коюуда өзүнүн баштапкы УДАСын берген. Жаңыланган УДАС 2021-жылдын октябрь айында сунушталган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын митигациялык максаты - парник газдарынын бөлүнүп чыгышы «адаттагыдай бизнес» сценарийи боюнча 2025-жылга карата 16,63% жана 2030-жылга карата 15,97%га азайтылды. Эл аралык колдоо болгон учурда 2025-жылга карата парник газдарынын бөлүнүп чыгышы 36,61% га жана 2030-жылга карата «адаттагыдай бизнес» сценарийи боюнча 43,62% га кыскарат.
Бул документ парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана Париж макулдашуусунун жоболорун ишке ашыруу боюнча өлкөнүн узак мөөнөттүү улуттук милдеттенмелерин аныктаган Кыргыз Республикасынын негизги улуттук документине шайкеш келет, бул УДАС, ошондой эле өлкөлөрдүн программаларында белгиленген иш-чараларды камтыйт.
Жалпысынан алганда, климатка байланыштуу тобокелдиктер менен күрөшүү жана көмүртектүү-нейтралдуу экономикага өтүү экономиканын бардык секторлоруна тиешелүү түзүмдүк экономикалык өзгөрүүлөрдү жана зарыл инвестицияларды каржылоо үчүн ири көлөмдөгү ресурстарды мобилизациялоону талап кылат. Финансы системасы өткөөл мезгилде бул ресурстарды багыттоодо маанилүү ролду ойнойт.
Климаттын өзгөрүшү дүйнөлүк экономиканы калыптандыруучу эң олуттуу глобалдык милдеттердин бири болуп саналат. Натыйжада, финансы мекемелери алдыдагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана андан да маанилүүсү, климаттын өзгөрүшүнө байланышкан бардык коркунучтарды жана тобокелдиктерди жоюуга даяр болуусу зарыл.
Мүмкүнчүлүктөрдүн көз карашынан алганда, аз көмүртектүү экономикага өтүүнү каржылоо бизнес үчүн мүмкүнчүлүктү билдирет. Банктар финансылык продукттарды (мисалы, жашыл облигациялар, синдикатталган кредиттер жана долбоорлорду каржылоо) жана жашыл каржылоого байланыштуу ар кандай кызматтарды активдүү чыгара башташат.
Ошол эле учурда, климаттын өзгөрүшүнө жана анын потенциалдуу кесепеттери менен митигациясы боюнча аракеттерине байланыштуу финансылык мекемелер үчүн көптөгөн тобокелдиктер бар. Банк сектору үчүн физикалык тобокелдиктер да (климаттык окуялардын жыштыгы жана олуттуулугунун жогорулашынан келип чыккан) жана өтмө тобокелдиктер (климаттын өзгөрүшүнө жооп катары аз көмүртектүү экономикага өтүү менен байланышкан) кредиттик, рыноктук, операциялык тобокелдиктер ж.б. сыяктуу салттуу тобокелдиктердин формасын кабыл алышы мүмкүн. Ошондуктан, банктар үчүн тобокелдиктерди тескөө системасына климаттын өзгөрүшүнө жана аз көмүртектүү экономикага өтүүгө байланышкан тобокелдиктерди интеграциялоо өтө маанилүү. Мындан тышкары, жөнгө салууга, технологияларга жана керектөөчүлөрдүн каалоолоруна өзгөртүүлөр активдердин кеңири спектрин, анын ичинде банктардын жана башка кредиторлордун активдерин кайра баалоого алып келиши мүмкүн.
Туруктуу каржылоо глобалдуу финансы архитектурасын тездик менен өзгөртүп, аз көмүртектүү жана климатка туруктуу экономикага өтүүнүн негизги факторуна айланууда. Климаттын өзгөрүшүнө жана социалдык проблемаларга байланыштуу финансылык тобокелдиктерди аӊдап-түшүнүүнүн жогорулашы инвесторлорду, жөнгө салуучу органдарды жана компанияларды ESG принциптерин жигердүү ишке ашырууга түрткү болууда.
Негизги глобалдуу тенденциялар:
Жөнгө салууну күчөтүү: борбордук банктар жана дүйнө жүзү боюнча финансылык жөнгө салуучулар ESG-факторлору тууралуу маалыматтык ачыкка чыгаруу, климаттык тобокелдиктерди тескөө жана туруктуулукту финансы системасына интеграциялоо боюнча жаңы эрежелерди жана сунуш-көрсөтмөлөрдү жигердүү иштеп чыгууда жана колдонууга киргизүүдө.
ESG инвестицияларынын өсүшү: ESG-фонддоруна инвестициялардын көлөмү жана башка туруктуу финансы инструменттери тездик менен өсүп жатат, бул ESG чөйрөсүндө жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн компанияларга инвесторлордун кызыгуусун чагылдырат.
Жашыл финансылык инструменттерди өнүктүрүү: Парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга, кайра жаӊыртылуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга багытталган долбоорлорду каржылоону камсыз кылуу менен жашыл облигациялар, кредиттер жана башка жашыл финансы инструменттеринин рыногу жигердүү өнүгүп жатат.
Социалдык факторлорго көңүл буруунун жогорулашы: Экологиялык аспектилерден тышкары, адам укуктары, эмгек стандарттары, көп түрдүүлүк жана инклюзивдүүлүк сыяктуу социалдык факторлор көбүрөөк мааниге ээ болууда. Инвесторлор инвестициялык чечимдерди кабыл алган учурда бул факторлорду көбүрөөк эске алууда.
Технологиялык инновациялар: Финансылык технологияларды өнүктүрүү (FinTech) ESG маалыматтарын топтоо, талдоо жана колдонуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат, бул туруктуу каржылоонун ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууну шарттайт.
Эл аралык уюмдардын ролу: Эл аралык уюмдар глобалдуу стандарттарды өнүктүрүүдө, мыкты практикалар менен алмашууда жана туруктуу каржылоону алдыга жылдыруу боюнча аракеттерди координациялоодо маанилүү роль ойнойт.
Бул тенденциялар финансылык сектор үчүн чакырыктарды да, мүмкүнчүлүктөрдү да жаратат. Жаңы талаптарга ылайыкташа алган жана ESG принциптерин жигердүү ишке ашыра алган банктар атаандаштык артыкчылыктарга ээ болуп, инвестиция тартууга жана кыйла туруктуу келечекти түптөөгө салым кошот.
2.2. Кыргыз Республикасындагы туруктуу каржылоо
Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү чөйрөсүндө улуттук ченемдик укуктук базаны жана институционалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурат.
Жогоруда белгиленгендей, өлкөдө УДАС, «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы», «2019-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасында “жашыл” экономиканы өнүктүрүү программасы» жана башка бир катар маанилүү стратегиялык программалык документтер кабыл алынган жана ишке ашырылууда.
Кыргыз Республикасында 2025-2028-жылдарга жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жашыл таксономиясы – долбоорлордун, иш-чаралардын жана товарлардын талаптарга жооп берген техникалык критерийлерге шайкештигинин улуттук классификатору иштелип чыгууда. Алар туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө көмөктөшүү талаптарына жооп берет.
Учурда республиканын банк секторунда өз алдынча жашыл каржылоо продукттары бар. Эл аралык уюмдар-донорлор тарабынан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары аркылуу долбоорлорду каржылоо боюнча тажрыйба топтолгон. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр өлкөнү туруктуу каржылоого көмөктөшүү аркылуу колдоп жатышат. Бизнес чөйрөсүндө жашыл экономика долбоорлорун каржылоону колдоонун олуттуу үлүшү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан иштелип чыккан KyrsSEFF+ программасына туура келет, анын жалпы кредиттик портфели 55 миллион АКШ доллары. KyrSEFF+ республиканын бардык аймактарында жергиликтүү өнөктөш банктардын катышуусунда ишке ашырылып, ресурстарды үнөмдөөгө багытталган (сууну үнөмдөө, энергияны үнөмдөө, энергиялык натыйжалуулук, ошондой эле турак жайлардын жана ишканалардын энергия натыйжалуулугун жогорулатуу) долбоорлорду каржылоону карайт.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 30-сентябрына карата 10 коммерциялык банк жана 9 микрофинансы уюму жашыл кредитке ээ, алардын жалпы карызы 2,9 миллиард сомду түздү. Жашыл кредиттердин түзүмүн негизинен транспортко кредиттер, жылуулоо, газдаштыруу жана энергияны үнөмдөө үчүн керектөө кредиттери, ошондой эле KyrSEFF программасынын алкагында берилген кредиттер түзөт.
Коммерциялык банктар бардык банктык кредиттик продукттар боюнча каржылоону, анын ичинде жеңилдетилген каржылоонун мамлекеттик программаларынын («Кайра кайтарылуучу финансылык жардам», «Региондорду өнүктүрүү», «Баткен областын жеңилдетилген каржылоо», «Айыл чарбасын каржылоо» программасынын алкагында жүзөгө ашырылат, ж.б. ), ошондой эле эл аралык уюмдар менен макулдашуулардын (ЕРӨБ, IFC, РКӨФ ж.б.) негизинде аялдарды каржылоону жүзөгө ашырат.
Айрым банктар тарабынан гендердик аспектти эске алуу менен атайын банктык продукттар, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча продукттар иштелип чыккан жана ишке киргизилген. Ошол эле учурда коммерциялык банктардын социалдык жана жашыл облигацияларды чыгарууда активдүүлүгү байкалууда.
«Кепилдик фонду» ААК ошондой эле ишкердик менен алектенген аялдарга берилген кепилдиктердин үлүшү жөнүндө маалыматты ачып көрсөтөт жана атайын жашыл кепилдик продуктуну сунуштайт.
Бүгүнкү күндө туруктуу финансыны өнүктүрүүнүн негизги чакырыктары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын жана финансы системасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен туруктуу каржылоо чөйрөсүндө эл аралык стандарттарга жана алдыңкы эл аралык тажрыйбага ылайык ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу зарылчылыгы;
- Туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн финансыга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу;
- ESG принциптери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү адистердин потенциалын жогорулатуу;
- тобокелдиктерди жана салынган инвестициялардын натыйжалуулугун андан ары баалоо максатында ESG боюнча статистикалык маалыматтарды түзүү зарылчылыгы.
Бул Жол картасын ишке ашыруу орун алган чакырыктарды жеңүүгө жана Кыргыз Республикасында туруктуу каржылоону өнүктүрүү үчүн болгон потенциалды ишке ашырууга көмөктөшүүгө багытталган.
3. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ТУРУКТУУ КАРЖЫЛООНУН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЖОЛ КАРТАСЫ
3.1. Жол картасынын максаты
Туруктуу каржылоонун жана Кыргыз Республикасынын банк секторуна ESG принциптерин киргизүүнүн жол картасында Улуттук банк тарабынан орто мөөнөттүү мезгилге ишке ашыруу пландаштырылган иш-чаралардын тизмеги белгиленген. Жол картасынын түпкү максаты ишенимдүү, болжолдуу жана туруктуу ченемдик укуктук базаны камсыз кылуу жана туруктуу каржылоого өтүүгө рынокту даярдоо болуп саналат. Жол картасы Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүүнү тездетүүгө, туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына жетишүүгө жана каржы секторунун экологиялык жана социалдык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга көмөктөшүүчү бирдиктүү жана натыйжалуу туруктуу финансы экосистемасын түзүүгө багытталган. Бул ESG принциптерин каржы институттарынын ишинин бардык аспектилерине интеграциялоону, жашыл финансылык инструменттердин рыногун өнүктүрүүнү жана бардык кызыкдар тараптардын маалымдуулугун жогорулатууну камтыйт. Бул максатка жетүү каржылык агымдарды туруктуу долбоорлорду жана демилгелерди колдоого, узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө жана өлкөнүн бакубаттуулугуна салым кошууга багыттоого мүмкүндүк берет.
Туруктуу каржылоо өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү маанилүү факторлордун бири болуп саналат, ошондуктан жол картасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан «Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн экинчи этабын өнүктүрүүнүн» алкагында Кыргыз Республикасынын 2028-жылга чейинки программасы жана башка өлкөнүн программалык документтеринин алкагында пландаштырылган башка иш-чараларга ылайык түзүлүүдө.
Жол картасы мезгил-мезгили менен каралып, рыноктун өнүгүшүнө жана эң мыкты эл аралык тажрыйбага ылайык түзүлүшү мүмкүн. Жол картасынын пландалган иш-чаралары Улуттук банктын мандатынын жана компетенциясынын чегинде ишке ашырылат.
Жол картасын ишке ашыруунун алкагында ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу (сунуш-көрсөтмөлөр, колдонмолор жана жоболор) этап-этабы менен жана бүтүндөй өлкө боюнча, атап айтканда, банк сектору тарабынан бул жаатта жетишилген прогресске ылайык жүргүзүлөт. Банктар жана БФКУ тарабынан климатты жана ESG тобокелдиктерин башкаруунун толук кандуу системасын ишке ашыруу маалыматтарда, методологияда жана адам ресурстарында орун алган олуттуу кемчиликтерди эске алуу менен бир нече жылдарды талап кылат. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк регулятивдик күтүүлөрдү банк сектору иш жүзүндө жетишкен прогресске ылайык динамикалуу корректировкалоону пландаштырууда.
Иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө Улуттук банк эл аралык уюмдардын: Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин, Финансылык туруктуулук боюнча кеңештин, ошондой эле башка эл аралык стандарттардын жана тажрыйбалардын сунуштарына мониторинг жүргүзөт жана эске алат. Улуттук банк ошондой эле климаттык жана ESG тобокелдиктерин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасын калыптандыруу үчүн потенциалды жогорулатуу максатында эл аралык жана аймактык уюмдар менен үзгүлтүксүз өз ара иш алып барууну улантат.
Улуттук банк башка мамлекеттик органдар жана климат жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча жооптуу тиешелүү ведомстволор менен активдүү өз ара иш алып барат.
Банк секторунун даярдыгынын шайкеш деңгээлине жол картасынын иш-чараларын этап-этабы менен ишке ашыруунун жүрүшүндө Улуттук банктын климатка ESG тобокелдиктерине мамилесин түшүндүрүү, ошондой эле бул чөйрөдөгү акыркы тенденцияларды талкуулоо үчүн Улуттук банк, банк коомчулугу жана микрокаржылоо сектору ортосунда үзгүлтүксүз байланыштарды жүргүзүү пландаштырылууда.
3.2. Жол картасы
3.2.1. Даярдоо этабы
Даярдоо этабы Жол картасын ийгиликтүү ишке ашырууга негиз болот. Ал өлкөдөгү туруктуу каржылоонун учурдагы абалын ар тараптуу баалоого, негизги кызыкдар тараптарды аныктоого, зарыл институционалдык түзүмдү түзүүгө жана иш-аракеттер планын иштеп чыгууга багытталган.
Улуттук банк климатка байланыштуу финансылык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча жалпы максатка натыйжалуу жетишүүнү камсыз кылуу үчүн банк коомчулугу менен өз аракеттерин координациялоону пландаштырууда.
Бул процесстин алкагында биринчи жана маанилүү кадам болуп Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн эксперттеринен жана банк секторунун өкүлдөрүнөн турган көп профилдүү жумушчу топту түзүү саналат.
Алгачкы этапта көп тармактуу жумушчу топтун милдети Улуттук банктын жана банк секторунун компетенциясына тиешелүү жумушчу топтун иш-аракеттер планына иш-чараларды киргизүү үчүн өлкө программаларын жана иш-чаралар пландарын изилдөө жана талдоо саналат. Туруктуу каржылоонун жана ESG принциптеринин учурдагы абалын, анын ичинде УДАСтын жана башка документтердин негизинде изилдеп жана баа берүү менен жумушчу топ туруктуу каржылоону өнүктүрүү жана ESG принциптерин ишке ашыруу үчүн ушул жол картасында көрсөтүлбөгөн зарыл болгон кошумча иш-чараларды иштеп чыга алат.
Ушул этапта жумушчу топтун негизги милдеттеринин бири – Улуттук банктын жана банк коомчулугунун мындан аркы аракеттерин талап кылган туруктуу каржылоону өнүктүрүү үчүн кемчиликтерди, тоскоолдуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо, анын ичинде туруктуу каржылоого көбүрөөк муктаждыкты жараткан артыкчылыктуу секторлорду аныктоо.
Улуттук банк жана банк сектору инвестиция тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында эл аралык донор уюмдары менен тыгыз кызматташат. Потенциалдуу инвесторлорго өлкөнүн жагымдуулугун жогорулатуу үчүн банк секторунун катышуучуларын ESG стандарттарына ылайык финансы инструменттерин колдонуу жаатында окутууга олуттуу ресурстарды бөлүп берүү маанилүү.
3.2.2. Туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү жөнгө салуу
Натыйжалуу банктык көзөмөл жана жөнгө салуу финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылууда жана банктардын ишине ESG принциптерин интеграциялоого көмөктөшүүдө негизги ролду ойнойт. Жол картасынын бул бөлүмү ESG тобокелдиктерин эске алган жана туруктуу каржылоону өнүктүрүүнү шарттаган көзөмөлдөө жана жөнгө салуу ченемдерин акырындык менен киргизүүгө багытталган. Туруктуу каржылоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу банк секторунун учурдагы даярдыгын эске алуу менен ишке ашырылууга тийиш.
2023-жылдын сентябрь айында Улуттук банк банктар жана БФКУ өз ишинде экологиялык, социалдык жана башкаруу факторлорун (мындан ары – ESG тобокелдиктери) аныктоо, өлчөө, тескөө, контролдоо жана ачып-көрсөтүүдө жетекчиликке ала турган принциптерди белгилеген туруктуу каржылоо факторлору менен байланышкан финансылык тобокелдиктерди аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана ачып көрсөтүү боюнча бекитилген сунуш-көрсөтмөлөрдү (мындан ары – Сунуш-көрсөтмөлөр) жарыялаган. Сунуш-көрсөтмөлөр банктар тарабынан Сунуш-көрсөтмөнүн ченемдеринин өз ишине ылайык келгендиги тууралуу маалыматты ачып көрсөтүүнү караштырат.
Жол картасында банктардын жана БФКУ өз алдынча баа берүүлөрү боюнча маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу, ошондой эле Сунуш-көрсөтмөлөр менен практикада ар кандай айырмаларды баалоо аркылуу финансы секторундагы учурдагы абалды изилдөөдөн баштап, аткарыла турган иш-аракеттер так көрсөтүлгөн. Жумушчу топ тарабынан баалана турган кошумча маанилүү маалымат булагы болуп ESG принциптерин ишке ашырууга багытталган коммерциялык банктардын жана БФКУ иш-аракеттер планы саналат. Бул баа берүү Сунуш-көрсөтмөлөрдү аткаруу үчүн банктар кыска, орто же узак мөөнөттүү келечекте ишке ашырууга тийиш болгон кеӊири берилген иш-аракеттерди аныктоого өбөлгө түзөт.
Зарыл болгон учурда Улуттук банк ESG жана климаттык тобокелдиктерди баалоо жана тескөө үчүн инструменттерди иштеп чыгуу жолу менен ESG жана климаттык тобокелдиктерди аныктоо, мониторинг жүргүзүү, тескөө жана биргелешип контролдоо боюнча Көзөмөл боюнча колдонмону жаңылайт, ошондой эле көзөмөл боюнча колдонмого өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизет.
Бул жол картасында банктык жөнгө салууга климаттык жана ESG тобокелдиктерин тескөө боюнча талаптарды акырындык менен киргизүү каралган: корпоративдик башкаруу, тобокелдиктерди тескөө системасы, кредиттик тобокелдиктерди тескөө, капиталдын жетиштүүлүгүнө талаптар ж.б. Эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгына колдонуудагы жөнгө салуучу талаптарга талдоо жүргүзүлөт. Туруктуу каржылоодогу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жөнгө салуу талаптарын мезгил-мезгили менен жаӊыртуу эл аралык стандарттарга шайкеш келүүнү камсыз кылат.
Жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жол картасы туруктуу өнүктүрүү жана климаттык тобокелдиктер боюнча маалыматты ачыктоо талаптарын киргизүү аркылуу туруктуу каржылоо долбоорлору жөнүндө маалыматтардын ачык-айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Банктар жана БФКУдер үчүн жыл сайын ESG тобокелдиктерин тескөө жана туруктуу өнүктүрүү боюнча сандык жана сапаттык маалыматты, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу физикалык жана өтмө тобокелдиктерге дуушар болушу жөнүндө маалыматтарды жарыялоого милдеттүү.
Бул максатта ФОЭС S1 жана ФОЭС S2 стандарттарын колдонуу боюнча колдонмолорду/сунуш-көрсөтмөлөрдү ыңгайлаштыруу жана иштеп чыгуу, банктар жана БФКУ үчүн ESG принциптерин киргизүүчү (жарыялоочу) жашыл каржылоо долбоорлору жөнүндө отчёттор, ошондой эле регулятивдик банктык отчётторду жашыл долбоорлор жана жеке компоненттер боюнча маалыматты толугу менен ачып берүүчү бөлүмдөр менен толуктоо пландаштырылууда.
Улуттук банк эл аралык өнөктөш уюмдар менен биргеликте туруктуу каржылоо жана ESG принциптери чөйрөсүндө банк секторунун потенциалын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларынын алкагында мезгил-мезгили менен окуу иш-чараларын өткөрөт. Ошондой эле, калктын банк секторун туруктуу өнүктүрүү тууралуу маалымат алуусун жогорулатуу максатында web-баракчаларына материалдарды жана видеороликтерди жайгаштыруу аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып баруу пландаштырылууда. Туруктуу өнүктүрүү жана каржылоо чөйрөсүндө калк үчүн окутуу материалдарын жарыялоо боюнча банктардын жана БФКУ ишинин жигердүүлүгүнө артыкчылык берилет.
3.2.3. Туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү
Туруктуу каржылоонун динамикалык жана ликвиддүү рыногун өнүктүрүү жашыл жана социалдык долбоорлорго инвестицияларды тартуунун негизги шарты болуп саналат. Жол картасынын бул бөлүмү ар кандай туруктуу финансылык инструменттерди өнүктүрүү үчүн алгылыктуу шарттарды түзүүгө, алардын жеткиликтүүлүгүн жана инвесторлор үчүн артыкчылыгын жогорулатууга багытталган.
УДАС максаттарына жетүү үчүн терс таасирлерди жоюу жана адаптациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жетиштүү жана тиешелүү финансылык ресурстарды мобилизациялоо мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасында жашыл (климаттык) каржылоону өнүктүрүү үчүн негиз болуп саналат. Бул максатка жетүү үчүн Улуттук банк туруктуу финансыларды натыйжалуу көзөмөлдөө жана жөнгө салуу аркылуу экологиялык жактан туруктуу финансы секторун түзүүгө көмөк көрсөтүү менен процесске жетекчилик кылат. Жол картасында банктардын жана БФКУ ишинде ESG жана климаттык тобокелдиктердин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүү жол-жоболорун камтыган тиешелүү методологияны киргизүү каралган.
Банк сектору жана микрокаржылоо сектору үчүн Кыргыз Республикасынын Жашыл таксономиясына жана эл аралык стандарттарга ылайык келген жашыл банктык продукттардын так критерийлерин ыңгайлаштыруу жана иштеп чыгуу туруктуу финансы рыногун өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат. Мындан тышкары, жол картасында жашыл каржылоону верификациялоого карата талаптарды, экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкарууга карата талаптарды жана ченемдерди, эл аралык стандарттарга ж.б. ылайык парник газдарынын бөлүнүп чыгарылышынын эсепке алуу боюнча колдонмолорду/көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана киргизүү каралган.
Бул процесс туруктуу өнүгүүнүн жана каржылоонун динамикалык мүнөзүн эске алуу менен үзгүлтүксүз болуп саналат. Ошентип, жол картасында кемчиликтерди жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо үчүн эл аралык тажрыйбага жана стандарттарга туруктуу мониторинг жүргүзүү, колдонуудагы ченемдик талаптарга талдоо жүргүзүү жана зарыл болгон учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы так белгиленген.
4. КОРУТУНДУ
Кыргыз Республикасынын банк секторунда туруктуу каржылоону өнүктүрүү жана ESG принциптерин киргизүү боюнча жол картасы өлкөнүн банк системасын трансформациялоого багытталган комплекстүү иш-аракеттер планы болуп саналат. Бул туруктуу каржылоону өнүктүрүү үчүн алгылыктуу шарттарды түзүү, финансы институттарынын ишинде ESG факторлорун интеграциялоо жана климаттык тобокелдиктерге туруктуулукту жогорулатуу үчүн зарыл болгон негизги стратегиялык багыттарды жана конкреттүү иш-чараларды аныктайт.
Жол картасы динамикалык документ болуп саналат жана прогрессти, тышкы чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдү жана жаңы чакырыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн пайда болушун эске алуу менен үзгүлтүксүз каралып жана жаңыланып турат. Улуттук банк жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү, процесстин ачык-айкындуулугун жана ал тууралуу отчёт берилишин камсыз кылуу боюнча жыл сайын отчётторду жарыялайт. Бул жол картасын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын туруктуу келечегине инвестиция болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын банк секторунда туруктуу каржылоону өнүктүрүү жана ESG принциптерин киргизүү боюнча
ЖОЛ КАРТАСЫ
№ |
Иш-чаралардын аталышы |
Иш-чаранын этаптары/милдеттери |
Иш-чаранын максаты |
Аткаруу индикатору |
Мөөнөтү |
Ресурстар |
Бюджет |
1. Банк секторунда туруктуу каржылоону өнүктүрүүнү жана ESG принциптерин киргизүүнү илгерилетүүдөгү иштин даярдоо этабы |
|||||||
1.1 |
Банк секторунда туруктуу каржылоону өнүктүрүү жана ESG принциптерин киргизүү боюнча эксперттик жумушчу топту түзүү. |
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн эксперттеринен жана банк секторунун өкүлдөрүнөн жумушчу топту түзүү; 2) эксперттик жумушчу топтун милдеттерин аныктоо, анын ичинде жашыл экономикага өтүү боюнча банк секторунун стратегиясын иштеп чыгууга катышуу. |
Бул жол картасын ишке ашыруу максатында эксперттик жумушчу топту түзүү жана ведомстволор аралык жумушчу топторго катышуу (зарыл болгон учурда). |
Банк секторунда туруктуу каржылоону өнүктүрүү жана ESG принциптерин киргизүү боюнча эксперттик жумушчу топту түзүү жөнүндө буйрук. |
2025-жылдын I чейреги |
Аткаруучу: Улуттук банк, «Кыргызстан банктарынын союзу» (макулдашуу боюнча) жана «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмелери (макулдашуу боюнча) |
Өз каражатынын эсебинен |
1.2 |
Кыргыз Республикасында туруктуу каржылоону өнүктүрүүгө жана ESG принциптерин киргизүүгө багытталган, мурда кабыл алынган иш-чаралар пландарына, анын ичинде мамлекеттик органдардын пландарына талдоо жүргүзүү. |
1) мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган иш-чаралар пландарынын ишке ашырылышын изилдөө; 2) Улуттук банктын компетенциясына тиешелүү бөлүгүндө мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо. |
Кыргыз Республикасынын банк секторунда туруктуу каржылоону өнүктүрүү жана ESG принциптерин киргизүү максатында зарыл болгон мурда каралбаган иш-чараларды аныктоо. |
Мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган иш-чаралардын пландарын ишке ашыруу (мисалы, каттар, кабыл алынган ченемдик укуктук актылар ж.б.). |
2025-жылдын I чейреги |
Аткаруучу: эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү |
Өз каражатынын эсебинен |
1.3 |
Каржылоого көбүрөөк муктаж болгон артыкчылыктуу секторлорго көбөйтүлгөн финансылык агымдарды багыттоо жана учурдагы иш-аракеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн аныктоо |
1) Өлкөдөгү туруктуу каржылоонун, анын ичинде кабыл алынган документтердин (аманаттардын улуттук деңгээлинде аныкталган ж.б.) учурдагы абалына баа берүү, кемчиликтерди, тоскоолдуктарды жана андан ары кийлигишүүнү жана иш-аракеттерди талап кылган аймактарды аныктоо. |
Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын каржылоонун зарыл деңгээлин аныктоо |
Банк секторунун учурдагы капиталына аналитикалык катты даярдоо |
2025-жылдын II чейреги |
Аткаруучу: эксперттик жумушчу топтун катышуучулары, эл аралык уюмдар |
Өз каражатынын эсебинен |
1.4 |
Банк секторунун катышуучуларын жашыл инструменттерди колдонууга үйрөтүү |
1) Жашыл инструменттер темасында банк сектору үчүн тренингдерди өткөрүү; 2) жашыл инструменттерди колдонуу маселелерин талкуулоо үчүн банк сектору, мамлекеттик органдар жана эксперттер менен жолугушууларды өткөрүү; 3) Жашыл инструменттерди колдонуу боюнча методикалык материалдарды/колдонмолорду иштеп чыгуу; 4) банк секторунда жашыл инструменттерди колдонуу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке киргизүүнү колдоо (зарыл учурда) 5) Калктын туруктуу каржылоо жана туруктуу өнүктүрүү жөнүндө маалымат алуусун жогорулатуу үчүн маалыматтык материалдарды даярдоо |
Жашыл инструменттер боюнча банк секторунун потенциалын жогорулатуу |
1) Окутуу өткөрүлдү 2) Жолугушуулар өткөрүлдү 3) Жашыл инструменттерди колдонуу боюнча методикалык материалдар иштелип чыгып, бекитилген 4) Жашыл инструменттерди колдонуу боюнча пилоттук долбоорлор ишке киргизилди 5) Маалыматтык материалдар чыгарылды |
2024 - 2026 |
«Кыргызстан банктарынын союзу» (макулдашуу боюнча) жана «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмелери (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар |
Өз каражатынын эсебинен |
2. Банктык көзөмөл жана жөнгө салуу |
|||||||
2.1 |
ESG тобокелдиктерин аныктоо/талдоо/баалоо үчүн финансы секторундагы учурдагы абалды изилдөө (коммерциялык банктар, банк эмес адистештирилген финансы-кредит уюмдары (мындан ары - БЭАФКУ) |
1) Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 37/1 токтому менен кабыл алынган Туруктуу каржылоо факторлоруна байланыштуу финансылык тобокелдиктерди (ESG тобокелдиктери) аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана ачып көрсөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрү менен тажрыйбада орун алган кандай болбосун айырмаларды банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары – БФКУ) өз алдынча баалоосу боюнча маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу. 2) 1-пункттагы иш-чаранын жыйынтыктары боюнча финансы сектору боюнча (коммерциялык банктар, БЭАФКУ) жалпы/аналитикалык маалыматты даярдоо |
Кыргыз Республикасынын финансы секторунда ESG тобокелдиктерин аныктоо/талдоо/баалоо боюнча учурдагы абалга баа берүү |
ESG тобокелдиктери боюнча финансы секторунун учурдагы абалын баалоочу аналитикалык катты даярдоо |
2024-жыл (2024-жылы аткарылган) |
Аткаруучу: Улуттук банк, эксперттик жумушчу топтун катышуучулары |
Өз каражатынын эсебинен |
2.2 |
ESG принциптерин киргизүүгө багытталган коммерциялык банктардын жана БФКУ иш-аракеттеринин пландарын изилдөө |
1) Сунуш-көрсөтмөлөрдү бара-бара аткарууга багытталган коммерциялык банктардын жана БЭАФКУ иш-аракеттер пландарын топтоо жана иштеп чыгуу 2) 1-пункттагы иш-чаранын жыйынтыктары боюнча финансы сектору боюнча (коммерциялык банктар, БЭАФКУ) жалпы/аналитикалык маалыматты даярдоо |
Сунуш-көрсөтмөлөрдү аткаруу үчүн банк тарабынан кыска мөөнөттүү же орто мөөнөттүү же узак мөөнөттүү келечекте ишке ашырылууга тийиш болгон толук иш-аракеттерге баа берүү. |
ESG тобокелдиктери боюнча финансы секторунун иш- пландарын баалоочу аналитикалык катты даярдоо |
2024 (2024-жылы аткарылган) |
Аткаруучу: Улуттук банк (макулдашуу боюнча), эксперттик жумушчу топтун катышуучулары |
Өз каражатынын эсебинен |
2.3 |
Маалыматтарды ачыкка чыгаруу максатында коммерциялык банктар жана БФКУ үчүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ESG факторлорун жана климаттык тобокелдиктерди интеграциялоо |
1) коммерциялык банктар жана БФКУ тарабынан ФОЭСтин S1 жана S2 стандарттарын колдонуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү/нускоолорду изилдөө жана иштеп чыгуу; 2) ESG принциптерин ишке ашыруучу (билдирген) коммерциялык банктар жана БФКУ үчүн жашыл каржылоо долбоорлору боюнча милдеттүү же ыктыярдуу отчёт түзүүнү киргизүү; 3) зарыл болгон учурда коммерциялык банктардын регулятивдик банктык отчётуна өзгөртүүлөрдү киргизүү. |
Жашыл каржылоо долбоорлору боюнча маалыматтардын ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. |
Туруктуу/жашыл каржылоонун алкагында отчёттуулуктун стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү. |
2025-жыл |
Улуттук банк (макулдашуу боюнча), эксперттик жумушчу топтун катышуучулары |
Өз каражатынын эсебинен |
2.4 |
Жашыл каржылоо маселелери боюнча банк секторун окутуу жана квалификациясын жогорулатуу |
1) жашыл каржылоо боюнча билим берүү программаларын жана материалдарды иштеп чыгуу; 2) жашыл каржылоо маселелери боюнча банк кызматкерлери үчүн окуу программаларын жана семинарларды уюштуруу. |
Банк секторунун жана калктын компетенттүүлүгүн жана маалымат алуусун жогорулатуу. |
Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн окуу программаларын жана материалдарды даярдоо, ошондой эле банк кызматкерлери үчүн окуу семинарларын жана вебинарларды өткөрүү. |
2024-2025 |
Улуттук банк (макулдашуу боюнча), «Кыргызстан банктарынын союзу» (макулдашуу боюнча) жана «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмелери (макулдашуу боюнча) эл аралык уюмдар |
Өз каражатынын эсебинен жана техникалык жардам катары эл аралык донорлордон тартылглган каражаттардын эсебинен |
2.5 |
Көзөмөл боюнча колдонмолорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо. |
1) ESG жана климаттык тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу үчүн инструменттерди иштеп чыгуу; 2) көзөмөлдөө боюнча колдонмого өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү (зарыл болгон учурда). |
ESG жана климаттык тобокелдиктерди аныктоо, мониторинг жүргүзүү, башкаруу жана контролдоо боюнча көзөмөлдөө боюнча колдонмону жаңыртуу. |
Улуттук банктын токтому |
2025-2026 |
Улуттук банк (макулдашуу боюнча), Дүйнөлүк банктын эксперттери |
Өз каражатынын эсебинен |
2.6 |
Сунуш-көрсөтмөлөргө ылайык иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө коммерциялык банктар жана БФКУ тарабынан сунушталган маалыматты топтоо жана иштеп чыгуу |
1) коммерциялык банктардын иш-аракеттер планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү; 2) зарыл болгон учурда ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо. |
ESG жана климаттык тобокелдиктерди аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча сектордогу банктардын учурдагы абалына баа берүү. |
1) ESG тобокелдиктери боюнча финансылык сектордун иш-аракеттер планына баа берүүчү аналитикалык катты даярдоо 2) ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо (зарыл болгон учурда). |
2025-жылдын I чейреги |
Улуттук банк (макулдашуу боюнча), эксперттик жумушчу топтун катышуучулары |
Өз каражатынын эсебинен |
3. Туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү |
|||||||
3.1 |
Климаттык тобокелдиктерди эске алуу менен туруктуу каржылоону ишке ашыруу боюнча колдонмо жана Кыргыз Республикасынын Жашыл таксономиясына ылайык верификациялоо |
1) туруктуу каржылоо максаттарында, анын ичинде гендердик аспектилерди эске алуу менен банк продукттарынын толук критерийлерин иштеп чыгуу; 2) туруктуу/жашыл долбоорлордун Жашыл таксономиясына шайкештигин верификациялоо үчүн ченемдерди жана/же талаптарды иштеп чыгуу; 3) Эл аралык талаптарга ылайык толук критерийлерди жаңыртуу (зарыл болгон учурда). |
Жашыл каржылоону натыйжалуу көзөмөлдөө жана жөнгө салуу аркылуу экологиялык жактан туруктуу финансы секторунун ишин илгерилетүү. |
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана/же Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актысын бекитүү. |
2025-2026 |
Улуттук банк (макулдашуу боюнча), «Кыргызстан банктарынын союзу» (макулдашуу боюнча) жана «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмелери (макулдашуу боюнча), эксперттик жумушчу топтун катышуучулары |
Өз каражатынын эсебинен |
3.2 |
ESG жана климаттык тобокелдиктердин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жол-жоболорун киргизүү. |
ESG жана климаттык тобокелдиктердин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоонун тиешелүү методологиясын иштеп чыгуу (экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу), парник газдарынын бөлүнүп чыгарылышын эсепке алуу (GHG Protocol) |
Коммерциялык банктардын жана БФКУ ишинде ESG жана климаттык тобокелдиктердин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо. |
ESG жана климаттык тобокелдиктердин айлана-чөйрөгө таасирин баалоо үчүн тиешелүү методологияны иштеп чыгуу жана бекитүү. |
2025-2026 |
Коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча), БФКУ (макулдашуу боюнча), Улуттук банк (макулдашуу боюнча) |
Өз каражатынын эсебинен |
3.3 |
Туруктуу/жашыл каржылоо өнүктүрүү динамикасын эске алуу менен жөнгө салуучу талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү. |
Өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аларды эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү зарылчылыгына учурдагы жөнгө салуучу талаптарга талдоо жүргүзүү. |
Жашыл каржылоодогу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен учурдагы жөнгө салуучу талаптарга талдоо жүргүзүү жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү. |
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү. |
2025-2026 |
Улуттук банк (макулдашуу боюнча), эксперттик жумушчу топтун катышуучулары |
Өз каражатынын эсебинен |