Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын «29» - декабрындагы  

№ 2021-П-35/75-7-(БС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын банк секторун  

2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары 

 

1-ГЛАВА 

Жалпы жоболор  

Бул документте Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталат жана буга чейинки программанын аткарылышына баа берүүлөр, ошондой эле банк секторунун негизги жетишкендиктери жана ага карата тобокелдиктер кыскача чагылдырылган. 

Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарында орто мөөнөттүк келечекте банк системасын өнүктүрүүнүн 6 негизги багыттары аныкталган. Бул багыттардын жүзөгө ашырылышы өлкөнү узак мөөнөттүү келечекте өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына, атап айтканда, банк секторунун туруктуулугун күчөтүүгө, банк системасынын натыйжалуулугун жана коопсуздугун колдоого жетишүүгө, банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле финансылык ортомчулук деңгээлинин андан ары өсүшүнө өбөлгө түзөт. 

Өлкөнүн банк секторунун өнүгүшү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) артыкчылыктуу иш багыттарынын бири болуп саналат. Банктык кызматтардын керектөөчүлөрү үчүн банк чөйрөсүндө сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, көлөмү, наркы, жеткиликтүүлүгү жана тизмеги канааттандырууга тийиш.  

Улуттук банк банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү, калк үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн алгылыктуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүүгө салым кошууга ниеттенүүдө, бул өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүнө жана өлкөнүн жарандарынын экономикалык жыргалчылыгын жогорулатууга шарт түзөт. 

Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын ийгиликтүү ишке ашырылышы рынок катышуучуларынын, анын ичинде Улуттук банктын, “Кыргызстан банктарынын бирикмеси” жана коммерциялык банктардын натыйжалуу, ырааттуу жана координацияланган ишинен көз каранды.  

Өлкөнүн банк системасынын өнүгүшүнө жана туруктуулугуна жооптуу орган катары Улуттук банктын иши алдыңкы эл аралык тажрыйбаны ишке киргизүү аркылуу сектордун өнүгүшүнө дем берүүгө багытталат. 

Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу Улуттук банк тарабынан кызыкдар тараптар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын 1-тиркемесине ылайык конкреттүү чараларды жана аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен аларды ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планына ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

2-ГЛАВА 

Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн  

негизги багыттарынын аткарылышына баа берүү

 

2018-2021-жылдары банк системасынын негизги көрсөткүчтөрү: активдердин, кредит портфелинин, депозиттердин жана капиталдын өсүшү уланган. 

Кароого алынып жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын экономикасында банк секторун туруктуу өнүктүрүүгө жана анын ролун жогорулатууга боюнча чаралар көрүлгөн. Улуттук банк өлкөнүн банк жана финансы системаларында туруктуулукту сактоого жана банктык, төлөм жана микрофинансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында банк секторунда долларлашуу деңгээли төмөндөөнү улантып, 2021-жылдын 1-ноябрына карата кредит портфели боюнча 29,0 пайызды түзүп, тарыхый минимумга жеткен. Банк системасындагы депозиттердин долларлашуу деңгээли да төмөндөөнү улантып, 2021-жылдын 1-ноябрына карата 43,7 пайызды түзгөн. 

Банктык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Улуттук банк 2018-2021-жылдары тобокелдикке багытталган көзөмөлдү жүргүзүүнүн инструменттерин жана механизмдерин өркүндөтүү боюнча жигердүү иштерди уланткан. Негизги басым аралыктан мониторингди жана жеринде текшерүүнү күчөтүү аркылуу банктардын ишмердүүлүгүндөгү тобокелдиктерди баалоого жана алдын алууга, анын ичинде коммерциялык банктардагы тобокелдиктерди алдын алууга көңүл бурулду. 

 

Кредиттер боюнча пайыздык чендердин төмөндөшү

Банк секторун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө багытталган стратегия тандалган. 

Кредиттер боюнча пайыздык чендердин 2018-жылдын башындагы 15,95 пайыздан  

2021-жылдын 1-ноябрына карата 14,31 пайыз деңгээлине чейин төмөндөшү башка факторлор менен бирге калк жана уюмдар үчүн карыздык каражаттардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатты, бул банктар тарабынан каржылоонун көлөмүнүн өсүшүнө таасирин тийгизген.  

Кредиттер боюнча пайыздык чендердин төмөндөшү көптөгөн факторлорго байланыштуу, алардын негизгилери: 

- банктарды капиталдаштыруу; 

- Улуттук банктын акча-кредит механизмдери; 

- мамлекеттик программаларды ишке ашыруу;  

- финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана калктын банк системасына болгон ишенимин жогорулатуу, анын натыйжасында депозиттик базанын өсүшү жаатында иштерди жүргүзүү

- жаңы банктык кызматтарды, онлайн банкингди, мобилдик банкингди ж.б. ишке киргизүүгө байланыштуу банктардын чыгашаларын оптималдаштыруу. 

 

Финансылык ортомчулуктун деңгээлин жогорулатуу. 

Банк секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары программасынын болжолдонгон маанилерине жетишүүнү талдоонун жана 2021-жылдын 1-ноябрына карата иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде ички дүң өнүмгө (мындан ары ИДӨ) карата банк секторунун активдеринин максаттуу маанилери, ошондой эле анын компоненттери (банк секторунун кредиттери ИДӨгө жана банк секторунун депозиттеринин ИДӨгө карата): 

- ИДӨгө карата банк секторунун активдери. Көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси 48,8 пайызды түзсө, 2021-жылдын 31-декабрына болжол 55,0 пайызды түзөт. 

- ИДӨгө карата банк секторунун депозиттери. Көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси 32,3 пайызды түзсө, 2021-жылдын 31-декабрына карата болжол 35,0 пайызды түзөт. 

- ИДӨгө карата банк секторунун кредиттери. Көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси 25,4 пайызды түзсө, 2021-жылдын 31-декабрына карата болжол 30,3 пайызды түзөт. 

 

Жогоруда аталган көрсөткүчтөрдү болжолдуу маанилерден четтөө себебинен болуп мигранттардын акча которууларынын азайышы, саясий туруксуздук, тышкы экономикалык факторлор, өнөктөш мамлекеттердеги абал ж.б сыяктуу экономикадагы көрүнүштөр саналат. 

Айкын көрсөткүчтөрдүн максаттуу индикаторлорго жетпей калгандыгына кошумча фактору болуп банк системасына коронавирустук инфекциянын жайылышынын терс таасири саналат (карантиндик чараларга байланыштуу кредит берүүнүн токтотулушу, кредиттердин өсүшүнүн басаңдашы, ошондой эле классификацияланган кредиттердин үлүшүнүн көбөйүшү). 

 

Ислам каржылоо принциптери боюнча каржылоонун үлүшүн көбөйтүү

Ислам принциптери боюнча каржылоонун үлүшүн ФКОнун кредит портфелинин 5 пайызга чейин көбөйтүүгө багытталган чараларга карабастан, банк системасынын кредит портфелинен ислам принциптеринин үлүшүнүн көрсөткүчүнө жетишүү мүмкүн болгон жок. Бул, негизинен, потенциалдуу инвесторлордун ички экономикасын чыңдоо сыяктуу COVID-19 кесепеттеринин көрүнүшү, ошондой эле жергиликтүү коммерциялык банктар тарабынан ислам терезелерин ачуу жол-жоболорунун басаңдашы менен шартталган. Белгилей кетсек,  

2021-жылдын октябрынын башында бир коммерциялык банк «ислам терезеси» аркылуу ислам принциптери боюнча каржылоо операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алган. 2021-жылдын акырына карата ислам каржылоо принциптери боюнча кызматтарды көрсөткөн банктардын саны 3, БФКУлар 7. 

 

Банк системасынын туруктуулугун жогорулатуу жана чыңдоо. 

Капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттеринин маанилеринин жогорку деңгээлин кармап туруу, ошондой эле банк системасынын учурдагы ликвиддүүлүгү банк системасынын туруктуулугун жогорулатууга жана чыңдоого оң таасирин тийгизген. 

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү

Финансылык ортомчулуктун деңгээлинин акырындык менен жогорулашы жана кредиттер боюнча пайыздык чендердин төмөндөшү, ошондой эле кредит рыногун өнүктүрүү, финансы-кредит системасына ишенимди калыбына келтирүү жана ички ресурстарды мобилизациялоо боюнча иш-чаралардын ишке ашырылышы банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү, алдыга коюлган максаттардын аткарылышы жөнүндө ырастайт.  

 

 

3-ГЛАВА 

Өлкөнүн банк секторунун учурдагы абалы 

§ 3.1. Макроэкономикалык чөйрө - негизги параметрлер жана тобокелдиктер 

 

Банк жана төлөм системаларынын натыйжалуу жана коопсуз иштеши, финансы секторун туруктуу өнүктүрүү Улуттук банктын ишинин негизги максатына баалардын туруктуулугун сактоого жетишүүгө өбөлгө түзүүчү маанилүү факторлор болуп калууда. Дал ушул алгылыктуу инфляциялык чөйрөнү камсыз кылуу калктын бакубаттуулугун жогорулатуунун жана Кыргыз Республикасынын финансы системасына бизнестин ишенимин бекемдөөнүн негизги элементи болуп саналат.

COVID-19 пандемиясынын жайылышы жана көпчүлүк өлкөлөр тарабынан кабыл алынган чектөө чаралары, ошондой эле товардык жана чийки зат рынокторунда дүйнөлүк баалардын туруксуздугу Улуттук банк тарабынан 2020-2021-жылдарга карата жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына оңдоолорду киргизди. Акча-кредит саясатынын чаралары коронавирустук пандемиядан улам тышкы жана ички чөйрөнүн начарлашынын фонунда өлкөдөгү инфляциялык процесстерди чектөөгө багытталган.

Мында акча-кредит инструменттери экономикалык жигердүүлүктү дем берүүгө багытталган. Улуттук банк коммерциялык банктар аркылуу экономиканы ресурстар менен камсыз кылуу боюнча операцияларды жүргүзгөн.

Мында финансы системасына орун алган факторлордун терс таасирин текшилөө үчүн макропруденциалдык саясаттын чаралары көрүлгөн.

Орто мөөнөттүү келечекте Улуттук банк баанын туруктуулугун сактоого багытталган акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантат. Бул максатка жетүү үчүн Улуттук банк тескөөсүндө болгон акча-кредит саясатынын бардык инструменттерин колдонот.

Кыргыз Республикасынын банк сектору COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына жана 2020-2021-жылдары түптөлгөн алгылыксыз макроэкономикалык шарттарда иштеп, өзүнүн туруктуулугун жана белгилүү бир финансылык бекемдик запасын сактап калды. 

Жүргүзүлгөн макропруденциалдык талдоолордун жана коммерциялык банктардын кайтарым стресс-тесттеринин натыйжалары банк секторунун туруктуулугунун жетиштүү деңгээлин, финансылык бекемдик запасынын бар экендигин жана айрым макроэкономикалык таасирлерге туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп турат. Ошол эле учурда айрым банктар айкалышкан макроэкономикалык таасирлерге көбүрөөк дуушар болгон. Банк секторунун учурдагы системалуу тобокелдиктери «орто» деп бааланган. 

Банк сектору капитал шайкештигинин жогорку деңгээлине ээ, бул келечекте финансылык ортомчулуктун деңгээлин, банк секторунун иш натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылууну мындан ары жогорулатуу үчүн потенциалдын бар экендигин айгинелейт. 

 

§ 3.2. Банк системасынын учурдагы абалы жөнүндө жалпы маалымат 

2018-жылдан 2021-жылдын 1-ноябрына чейинки мезгилде өлкөнүн банк системасы тышкы жана ички саясий мүнөздөгү окуялардын таасирине карабастан өнүгүүсүн улантып, бардык негизги көрсөткүчтөр боюнча өсүштү көрсөттү.

2018-2021-жылдары банк секторунун ишинин негизги көрсөткүчтөрү туруктуулукту жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сунушун андан ары кеңейтүү потенциалын сактоо менен акырындык менен өнүгүүнү көрсөттү.

Финансылык туруктуулукту сактоо үчүн Улуттук банк COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышынын терс кесепеттерин жоюуга багытталган ыкчам чечимдерди кабыл алды, бул финансы-кредит секторунун туруктуулугуна оң таасирин тийгизди.

2018-2021-жылдары Улуттук банк тобокелдикке багытталган көзөмөлдү жүргүзүүнүн инструменттерин жана механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштерди уланткан.

2021-жылдын 1-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 23 коммерциялык банк жана алардын 310 филиалы иш алып барган.

1.1-график. Банк секторунун активдеринин динамикасы (млрд сом) 

 

Банк системасынын активдери

2021-жылдын 1-ноябрына карата 334,6 млрд сомду түзүп, 2018-жылдын башына салыштырмалуу 69,0 пайызга же 136,6 млрд сомго көбөйгөн.

2021-жылдын 10 ай ичиндеги активдердин өсүш арымы 15,7 пайызды түзөт.

Активдердин динамикасын талдоонун жыйынтыгы боюнча өсүштүн жылдык оң тенденциясы 12,0 пайыздан 16,0 пайызга чейинки диапазондо сакталып жатканы белгиленген.

2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча активдердин түзүмүндөгү эң чоң үлүш кредит портфелине (52,8 пайыз) туура келет, ал эми 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүчтүн мааниси 54,7 пайыздын деңгээлинде болгон.

 

1.2-график. Банк секторунун кредит портфелинин динамикасы (млрд сом) 

Банк системасынын кредит портфели 2021-жылдын 1-ноябрына карата 176,8 млрд сомду түзүп, 2018-жылдын башына салыштырмалуу 63,2 пайызга же 68,5 млрд сомго көбөйгөн.

2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча кредит портфелинин өсүш арымы 8,8 пайызды түздү.

2020-жылдан бери кредит портфелинин өсүш арымынын салыштырмалуу төмөндөшү байкалган, бул COVID-19 кесепеттеринин банк секторуна тийгизген таасирине байланыштуу.

 

1.3-график. Мөөнөттүүлүгү боюнча кредит портфелинин түзүмү (млрд сом)

 

Кредит портфелинин түзүмүндө эң чоң көлөм 3 жылдан ашык мөөнөткө берилген кредиттерге туура келет 76,3 млрд сом же кредиттердин жалпы көлөмүнүн 43,4 пайызды, андан кийин 73,4 млрд сом менен 1 жылдан 3 жылга чейинки кредиттер турат же жалпы кредиттердин көлөмүнүн 41,5 пайызын түзөт.

2018-жылдын башына салыштырмалуу 3 жылдан ашык мөөнөттөгү кредиттердин жалпы көлөмү 83,7 пайызга, ал эми үлүшү 41,7 пайыздан 76,7 пайызга чейин өскөн, бул коммерциялык банктардын ресурстарынын салыштырмалуу узартылганын көрсөтүп турат.

 

1.4-график. Банк секторунун милдеттенмелеринин динамикасы (млрд сом) 

 

Банк системасынын милдеттенмелери 2021-жылдын 1-ноябрына карата 282,7 млрд сомду түзүп, 2018-жылдын башына салыштырмалуу 70,5 пайызга же 116,9 млрд сомго көбөйгөн.

2021-жылдын 10 ай ичиндеги милдеттенмелердин өсүш арымы 16,1 пайызды түзөт.

Милдеттенмелердин динамикасын талдоонун жыйынтыгы боюнча өсүштүн жылдык оң тенденциясы 10,0 пайыздан 17,0 пайызга чейинки диапазондо сакталып жатканы белгиленген.

2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча милдеттенмелердин түзүмүндө эң чоң үлүш жеке адамдардын депозиттерине 38,2 пайызы жана юридикалык жактардын депозиттерине 34,3 пайызы туура келет.

2018-жылдын башына карата жеке адамдардын депозиттеринин жана юридикалык жактардын депозиттеринин үлүшү тиешелүүлүгүнө жараша 38,5 пайызды жана 31,3 пайызды түзгөн.

1.5-график. Мөөнөттүүлүгү боюнча банк секторунун депозиттеринин түзүмү (млрд сом) 

 

 

2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча депозиттик базанын түзүмүндө эң чоң үлүштү эсептешүү эсептериндеги каражаттар 36,4 пайыз же 79,4 млрд сом жана мөөнөттүү депозиттер 35,8 же 78,1 млрд сом үлүшү менен ээлейт.

Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер 60,8 млрд сомду түзөт, же алардын депозиттик базанын түзүмүндөгү үлүшү 27,9 пайызды түзөт.

Учурдагы күнгө карата мөөнөттүү депозиттердин 34,7 пайызы 6-12 айга

(2018-жылдын башына 33,1 пайыз), 31,5 пайызы

1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө (2018-жылдын башына 29,6 пайыз) жайгаштырылган.

Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди эсептөө үчүн колдонулган банк секторунун таза суммардык капиталынын көрсөткүчү 52,8 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 9,4 пайызга өскөн (2021-жылдын башына 46,9 млрд сом).

Суммардык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти 12,0 пайыз ченеми менен 22,8 пайызды (2018-жылдын 1-январына 24,2 пайыз) түздү.

Банк системасы боюнча ликвиддүүлүктүн коэффициенти 45,0 пайыз ченеми менен

66,1 пайызды (2018-жылдын 1-январына карата 65,1 пайыз) түздү.

Банк секторунун активдеринин кирешелүүлүгү (ROA) 1,4 пайызды (2017-жылдын акырына карата 1,2 пайыз), ал эми салынган капиталга кирешелүүлүк (ROE)

9,2 пайызды (2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 7,6 пайыз) түздү.

2021-жылдын 1-ноябрына карата финансылык ортомчулуктун жалпы деңгээли: 

- активдер/ИДӨ 48,8 пайызды түздү (2017-жылдын аягына карата 37,3 пайыз);

- кредиттер/ИДӨ 25,4 пайызды түздү (2017-жылдын аягына карата 20,4 пайыз);

- депозиттер/ИДӨ 32,3 пайызды түздү (2017-жылдын аягына карата 22,9 пайыз).

 

 

1-таблица. Банк секторунун негизги индикаторлору (пайыздар менен

 

 

4-ГЛАВА 

 

Банк системасын 2022-2025-жылдары өнүктүрүү:  

максаттар жана негизги багыттар 

 

 

§ 4.1.1. Банк системасын өнүктүрүүнүн максатары 

Банк системасын өнүктүрүүнүн максаты өлкөнүн ички финансылык ресурстарын натыйжалуу мобилизациялоого жана алардын керектөөчүлөрүнүн (калк, чарбалык субъекттер, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары) муктаждыктарын канааттандырган банктык кызматтарды көрсөтүүгө жөндөмдүү болгон туруктуу жана ишенимдүү системаны калыптандыруу болуп саналат. 

Кыргыз Республикасынын банк секторун орто мөөнөткө каралган мезгил ичинде өнүктүрүүнүн негизги багыттары төмөнкүлөр: 

- банк секторунун туруктуулугун жогорулатуу жана чыңдоо;  

- банк секторунун акырындык менен өсүшү үчүн шарттарды түзүү;  

- банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;  

- банк ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жана банк секторунун иш натыйжалуулугун колдоо;  

- финансылык ортомчулуктун деңгээлин андан ары жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;  

- Кыргыз Республикасынын экономикасында банк секторунун ролун жогорулатуу;  

- банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик трансформациялоону өнүктүрүү 

- кредиторлордун укуктарын бекемдөө жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу. 

Кызмат көрсөтүүнүн санариптик негиздерине өтүү аркылуу калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында Улуттук банк финансы технологиялар тармагында инновацияларды киргизүү жана өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү боюнча иштерди улантат.  

Атап айтканда, санариптик чөйрөдө кардарлар менен финансы-кредиттик мекемелердин өз ара аракеттенүүсүнүн коопсуз ыкмаларын аныктоо бөлүгүндө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик трансформациялоону өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылат. 

 

§ 4.1.2. Кыргыз Республикасынын банк системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары 

 

1-максат. Финансылык ортомчулуктун деңгээлин жогорулатуу үчүн, анын ичинде банк секторуна инновацияларды киргизүү аркылуу өбөлгөлөрдү түзүү

Заманбап жана келечектүү макроэкономикалык шарттарды эске алуу менен салттуу банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул багытта иш алып баруу менен ЕАЭСке мүчө өлкөлөрүнүн сыяктуу эле, башка өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан чет өлкөлөрдүн да тажрыйбаларын колдонуу зарыл, ошол эле учурда Кыргызстан банк секторуна сыяктуу эле, өлкөнүн бүтүндөй экономикасына алгылыктуу таасирин тийгизе ала турган банктык продукттар жагында жаңычыл болушу мүмкүн экендигин унутпоого тийишпиз.  

Калктын басымдуу бөлүгү банк түшүнүгүн да, анын негизги кызматтарын (депозиттер жана кредиттер) жакшы билген азыркы шарттарда, сунушталуучу ушул кызмат көрсөтүүлөрдү дифференциациялоо жана сапатын жогорулатуу зарыл.  

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү процесстерди оптималдаштырууга жана калктын банктык кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде өлкөнүн алыскы региондоруна жеткиликтүүлүгүн жеңилдетет жана онлайн транзакциялардын өсүшүнө, банктык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана аралыктан сатуу каналдарын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. 

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү өнүктүрүү менен бирге коммерциялык банктар эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык автоматташтырылган банк модернизациялоосу зарыл. 

Финансылык ортомчулук деңгээлинин жогорулашы ИДӨгө карата банк системасынын активдеринин үлүшүнүн өсүшүн болжолдойт, бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө алып келет. Банк секторунда активдердин “ИДӨгө карата активдер” күтүлүүчү көрсөткүч 2025-жылга карата 54 пайызга жетиши керек. Бул көрсөткүч ИДӨгө карата активдердин өсүү динамикасын талдоонун негизинде, ошондой эле тышкы саясий өзгөрүүлөрдү жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн кабыл алынган курсун эске алуу менен болжолдонгон. 

Инновациялык банктык операцияларды жана кызматтарды/технологияларды ишке киргизүү 

Улуттук банк жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды адаптациялоо, ошондой эле калкка финансылык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын санын кеңейтүү зарылчылыгынын шартында мурда Кыргыз Республикасынын банк ишинде жана төлөм системалары көрсөтүлбөгөн финансылык кызмат көрсөтүүчүлөрдөн арыздарды кабыл алууну улантат. 

Инновациялык банктык операцияларды жана кызматтарды/технологияларды атайын регулятивдик «кум мейкиндигин» түзүү контекстинде тестирлөө талапкерлерге аларды сынап көрүүгө, оң жана терс жактарын аныктоого, чыгымдарды талдоо жана аларды даяр бизнес-кейстер менен ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Өз кезегинде Улуттук банк тобокелдиктерге баа бере алат, бул операцияларды/кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салууну өзгөртүү зарылдыгын талдай алат. 

 

 

2-максат. Кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү 

Улуттук банк зарыл болгон учурда банк системасынын керектөөлөрүн эске алуу менен ликвиддүүлүктү колдоо жана экономиканын айрым секторлорун кредиттөө үчүн коммерциялык банктарга улуттук валютадагы кредиттик ресурстарды берүү максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Бул чара акыркы карыз алуучулар үчүн рыноктук ченден төмөн пайыздык чен боюнча экономиканын реалдуу секторуна кредит берүүнүн кеңейишине өбөлгө түзөт, бул жалпысынан кредиттик ресурстар рыногунда пайыздык чендердин төмөндөшүнө алып келет жана ошону менен финансы-кредит системасына инвестициялык шарттарды жакшыртат. 

Кредиттик аукциондордун алкагында экономиканы кредиттөөгө сунушталган каражаттар так максаттуу багытына ээ жана коммерциялык банктардын карыз алуучуларынын арасында төмөнкү багыттар боюнча жайгаштырылышы мүмкүн: өнөр жай, айыл чарбасы, курулуш, туристтик чөйрө, транспорт, байланыш жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү.  

Кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү маселесине кошумча чечим катары туруктуу каржылоо принциптерин ишке ашыруу же банктык кызматтардын керектөөчүлөрүнө «жашыл» кредиттерди берүү болуп саналат, бул пайыздык ченди туруктуу өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн динамикасына байланыштыруу мүмкүнчүлүгүн караштырат. 

Кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүнүн дагы бир фактору банктык кызматтарды көрсөтүүдө санариптик технологияларды колдонуу болуп саналат. Санариптик технологияларды колдонуу аркылуу кредиттөө мүмкүнчүлүгү процессти кыйла тездетет, кредиторлордун жана карыз алуучулардын чыгымдарын азайтат жана бул өз кезегинде банктарга аралыктан форматта берилген кредиттер боюнча чендерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары, банктардын капиталдык базасындагы ресурстар да кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү үчүн маанилүү булак болуп саналат. Зарыл учурда Улуттук банк коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле банк тутумунун финансылык туруктуулугун жана банктык тобокелдиктерди жабуу үчүн зарыл болгон капиталдык базаны колдоо максатында коммерциялык банктардын капиталын этап-этабы менен көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат. 

Жалпысынан инвестициялык климатты жакшыртуу банк сектору тарабынан тартылган ресурстардын наркына таасирин тийгизет, ошондой эле коммерциялык банктардын өздөрүнүн инвестициялык объекти катары жагымдуулугун жогорулатат. Бул чаралардын бардыгы ийгиликтүү ишке ашырылса, алардын баасын төмөндөтүү аркылуу банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзөт жана финансылык ортомчулукту жогорулатуу аркылуу өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатат. 

Кредиттер боюнча пайыздык чендердин мааниси калктын банк системасына болгон ишенимин жогорулатуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына түздөн-түз көз каранды экенин түшүнүү керек. 

Улуттук банк финансылык жактан сабаттуу жарандык коомду тарбиялоо максатында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды улантат. Финансылык сабаттуулук финансылык инструменттерди пайдалануунун натыйжалуулугун, финансылык продуктылардын пайдалары артыкчылыктары жана тобокелдиктери жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга жардам берет.  

Мындан тышкары, финансылык сабаттуулук банк системасындагы депозиттердин өсүшүнө, кредит портфелинин сапатын жакшыртууга жана инвестиция үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде кредиттер боюнча пайыздык чендердин калыптанышына оң таасирин тийгизет. 

Калктын жана рыноктун катышуучуларынын ишенимин жогорулатуу үчүн Улуттук банк коммуникация саясатынын инструменттерин өркүндөтүү жолу менен маалыматтык ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу саясатын улантат. Бул коомчулуктун ичинде Улуттук банктын акча-кредит чөйрөсү, банктык көзөмөл жана жөнгө салуу, финансылык туруктуулук, төлөм системасы боюнча алып барган саясатын жана иш-аракеттерин адекваттуу түшүнүктү калыптандырууга жана актуалдуу маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү жолдорун издөөгө өбөлгө түзөт. 

 

3-максат. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү 

Кыргыз Республикасында финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу боюнча стратегияны ишке ашырууга катышуу 

 

Кыргыз Республикасында финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү (инклюзивдүүлүк) чектелүү бойдон калууда, айрыкча айыл жериндеги, алыскы жана калкы сейрек жерлерде калктын аз камсыз болгон катмарынын арасында туруктуу негизде кызматтарды алуу кыйынга турат. 

Финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында, ошондой эле “Борбордук Азияда финансылык инклюзивдүүлүктү кеңейтүү” долбоорунун алкагында Улуттук банк Эл аралык финансы корпорациясы (Дүйнөлүк банк тобу) жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте 2020-жылы Финансылык жеткиликтүүлүк боюнча стратегиянын долбоорун (мындан ары Стратегиянын долбоору) иштеп чыккан. 

Стратегиянын долбоору каржылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча улуттук максаттарды белгилеген документ болуп саналат жана мамлекеттик органдар жана бизнес-ассоциациялар менен макулдашылган жана ырааттуу иш-аракеттердин комплексин камтыйт. 

Дүйнөлүк практиканын тажрыйбасынын негизинде жана Кыргыз Республикасында финансылык жеткиликтүүлүктүн абалын эске алуу менен Стратегиянын долбоору төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды болжолдойт: 

- санарип финансылык кызматтар; 

- финансылык продуктыларды диверсификациялоо; 

- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо; 

- калктын финансылык сабаттуулугу. 

 

Стратегиянын долбоорунда каралган финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча чаралар өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет жана инклюзивдүү өсүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшөт. 

Кыргыз Республикасынын региондорунда банк продуктыларынын жана кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү

Өлкөнүн региондорунда банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу Улуттук банктын актуалдуу жана маанилүү милдети бойдон калууда. Ушуга байланыштуу Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймактарында банк продуктыларынын жана кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча иштерди улантат. 

Бул максатка жетүү үчүн Улуттук банк аралыктан тейлөөнү өнүктүрүү аркылуу калк жана чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн банк жана төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, инновациялык төлөм технологияларын, анын ичинде банк карталары, контаксыз, алдын ала төлөнүүчү карталар, мобилдик банкинг, интернет банкинг электрондук акча, QR коддорду колдонуу менен төлөм жасоо, ошондой эле төлөм кызматтарын көрсөтүү географиясын кеңейтүүчү жана калк жана чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн алардын наркын төмөндөтүүчү технологиялык жана башка чечимдерди камтыган технологияларды кеңири жайылтууга көмөк көрсөтүүгө багытталган иш-чараларга катышат.  

 

Туруктуу каржылоо принциптерин ишке киргизүү («жашыл» каржылоо) 

Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын  

14-ноябрындагы №605 токтому менен бекитилген 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасында (мындан ары Программа) белгиленген милдеттерди ишке ашыруу аркылуу жашыл экономиканын артыкчылыктарын алдыга жылдыруу боюнча жигердүү саясатты жүргүзүүдө

Улуттук банк жашыл экономиканын артыкчылыктуу багыттарын илгерилетүү аркылуу туруктуу өнүгүүгө умтуларын билдирет жана финансы секторунун жөнгө салуучусу катары Программада аныкталган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында туруктуу каржылоо жагында изилдөө жана окутуу программаларын ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн ичинде бул чөйрөдө потенциалды жогорулатууга багытталган чараларды көрүүгө ниеттенүүдө. Мындай программалар анын ичинде төмөнкүлөрдү камтыйт: 

Мындай программаларга төмөнкүлөр киргет:  

(i) финансы системасындагы климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан тобокелдиктердин таасирлерин аныктоо жана баалоо методологиясын иштеп чыгуу;  

(ii) туруктуу каржылоо продуктыларын ишке киргизүүнүн экономикалык жана экологиялык таасирин баалоо; жана  

(iii) финансылык мекемелердин кызматкерлерин жана тобокелдик-менеджерлерин климаттын өзгөрүшү менен байланыштуу тобокелдиктер боюнча окутуу. 

 

Ишкердик субъекттерди каржылоодо гарантиялык колдоону кеңейтүү

Кыргыз Республикасында финансы-кредит уюмдар чакан жана орто ишкердик субъекттерин кредиттөөнү жогорку тобокелдиктер менен коштолгон катары карашат жана алардын күрөөлүк камсыздоосуна карата тиешелүү талаптарды коюшат.

Кепилдик фонддор кредит боюнча ликвиддүү камсыздоо катары гарантияларды берүү жолу менен финансы-кредит мекемелердин кредиттик ресурстарына чакан жана орто ишкердик субъекттеринин жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Ишкердик субъекттерди, атап айтканда, чакан жана орто бизнес секторун кредиттөөдө кепилдик фонддордун ролун күчөтүү зарыл. Ушуга байланыштуу Улуттук банк ишкердик субъекттери үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында жаңы кепилдик инструменттерин киргизүүгө жана ислам принциптери боюнча каржылоого кепилдиктерди колдонууга көмөк көрсөтөт.

Ишкердик субъекттеринин каржылоо жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча жогоруда көрсөтүлгөн саясатты ишке ашыруу максатында Улуттук банк кепилдик фонддор жөнүндө мыйзамдарды жана анын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүүгө көңүл бурат.

Натыйжада, жүргүзүлүп жаткан саясат гарантияларды берүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнө жана ошого жараша банк системасынын кредит портфелинде гарантиялык камсыздоо менен кредиттердин үлүшүнүн өсүшүнө өбөлгө түзүүгө тийиш.

 

4-максат. Ислам каржылоо принциптерин кеңейтүүгө көмөктөшүү

Улуттук банк калкка банктык кызматтарды көрсөтүүнүн келечектүү багыты катары ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүнү улантат. Бул максатта Улуттук банк тең укуктуу укуктук чөйрөнү түзүү аркылуу өлкөдөгү иштеп жаткан финансы-кредит уюмдарында жана толук кандуу ислам финансы-кредит уюмдарында ислам терезелерин ачууга көмөк көрсөтөт жана бул акча-кредит саясатын жана ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерин иштеп чыгууну камтууга тийиш.

Мындан тышкары, дүйнөдө ислам банкингинин продуктыларынын жана аларды берүү эрежелеринин өнүгүшүнө байланыштуу мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасындагы ишкердик жүгүртүүнүн белгиленген салттарын эске алуу менен ислам банктык операцияларын ишке ашыруунун эң мыкты эл аралык стандарттарынын элементтерин жана тажрыйбаларын киргизүү улантылат.

Ислам каржылоо инфраструктурасы ислам камсыздандыруу рыногун жана ислам баалуу кагаздар рыногун да камтууга тийиш экендигин эске алуу менен Улуттук банк бул багыттарды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү улантат.

Кыргыз Республикасында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана ислам каржылоо принциптерин жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатты эске алуу менен Улуттук банк ислам каржылоо принциптери жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларга көңүл бурат. Узак мөөнөттүү келечекте калктын маалымдуулугунун жана ислам финансылык продуктылар рыногуна тартуунун деңгээлин жогорулатуу калкка экономикада жакшы багыт алууга жана альтернативалуу финансылык кызматтарды пайдаланууга мүмкүндүк берет, бул банк ишин колдонууда өз алдынча тандоо жасоого мүмкүндүк берет.

Жалпысынан алганда, кабыл алынган чаралардын натыйжасы катары ислам каржылоо принциптери боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган финансы-кредит уюмдарынын санын көбөйтүү жана ислам каржылоо принциптери боюнча финансы системасынын кредит портфелиндеги үлүшү 5 пайызга чейин жетишүү күтүлүүдө.

 

5-максат. Банк системасынын туруктуулугун жогорулатуу жана чыңдоо. 

Базель II жана III элементтерин ишке ашыруу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу жана тобокелдикке багытталган ыкмага негизделген принциптерди андан ары өркүндөтүү

Улуттук банк банктык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин эл аралык стандарттарына, атап айтканда Базель II жана III, ошондой эле өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келтирүү жана банк системасынын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, банктардын капиталдык базасын колдоо жана банктык тобокелдиктерди азайтуу максатында өлкөнүн мыйзамдары өркүндөтүүдө.

Коммерциялык банктардын капиталдык базасын чыңдоо 

2018-2021-жылдары коммерциялык банктар капиталдын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) бардык ченемдери чоң запас менен сакташкан. Мисалы, жалпы капиталдын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенти (К 2.1.) 12 пайыздан кем эмес мааниде сакталышы зарыл болсо, 2018-жылы банктар тарабынан 14,2 пайыздан 50,3 пайызга чейин (өзгөчө режимдеги банктарды жана чет өлкөлүк банктардын филиалдарын кошпогондо), 2019-жылы 13,7 пайыздан 50,4 пайызга чейин жана 2020-жылы 16,2 пайыздан 57 пайызга чейин байкалган.

Бүтүндөй банк секторунун капиталынын шайкештигинин акыркы жылдарда калыптанган деңгээли капиталдын шайкештигинин белгиленген ченемдик деңгээлин сактоо менен тобокелдүү активдердин көлөмүн кошумча эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Ушул эле мезгилде таза тобокелдүү активдердин көлөмү 22,6 пайызга өстү, анын ичинен таза тобокелдик активдеринин эң чоң өсүшү 2019-жылы болуп, 17,99 пайызды түздү.

Банктардын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенттери жөнгө салуучу тарабынан белгиленген минималдуу талаптардан ашып кеткендигине карабастан, банктын тобокелдиктерге дуушар болушун жогорку сапаттагы капиталдык база менен колдоого алуу өтө маанилүү.

Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясына жана Кыргыз Республикасынын финансы системасына жана экономикасына таасирин тийгизген экономикалык кризистерге байланыштуу келип чыккан кырдаалдарды эске алуу менен капиталдын жетиштүү запасынын болушу зарыл болуп саналат жана тиешелүү чаралар көрүлбөсө, анын кесепеттери келечекте өнөкөткө айланып кетиши мүмкүн.

Ошентип, банктар минималдуу стандарттардан ашкан чыгымдарды ордун жабуу үчүн капиталга ээ болушу керек.

Банктардын капиталдык базасын тийиштүү деңгээлде кармап туруу үчүн Улуттук банк 2021-жылы банктардын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) ченемдеринин жаңы маанилерин белгилеген жана аларды 2024-жылга чейин этап менен жогорулатууну караган. Бул чара банктарга жөнгө салуучунун жаңы талаптарын ишке ашырууга ырааттуу даярданууга мүмкүндүк берет.

Банктардын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) талаптарды күчөтүүнүн өбөлгөлөрүнүн бири ЕАЭСтин жалпы финансы рыногун түзүүнүн алкагында банктарды атаандаштыкка даярдоо милдети да болуп саналат.

Адекваттуу капиталга ээ, жакшы башкарылган банктар жоготууларга туруктуураак жана (капиталдашпаган банктарга салыштырмалуу) экономикалык ишмердүүлүктүн бүткүл циклинде экономиканы каржылоону камсыз кылууга жөндөмдүү, өзгөчө экономикалык ишмердүүлүктүн төмөндөгөн мезгилинде.

Ушуга байланыштуу банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу маселелеринде банктардын капиталдык базасын, анын ичинде абсолюттук мааниде чыңдоо да маанилүү. Ошентип, кийинки мезгилдерге Улуттук банк банк тутумунун капиталдык базасын чыңдоо боюнча чараларды көрүүнү пландаштырууда.

Капиталдын шайкештигин баалоонун ички жол-жоболору (ICAAP) 

Банктын негизги функцияларынын бири өзүнүн тобокелдиктерин тескөө болуп саналат. Стратегияны иштеп чыгууда, бизнес максаттарын калыптандырууда, бүтүмдөрдү макулдашууда жана ал тургай кызматкерлердин сый акы деңгээлин аныктоодо тобокелдикти жана капиталды тескөөгө тиешелүү аспектилер чогуу каралат, бул өз кезегинде корпоративдик башкаруу процесстеринин натыйжалуулугуна жана банкты жалпы башкарууга таасирин тийгизет.

Коммерциялык банктарга капиталдын шайкештигин баалоонун ички жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча талаптарды белгилөө II Базелдин экинчи компонентинин маанилүү элементи болуп саналат, тобокелдиктерди тескөөнүн сапатын жана коммерциялык банктардын туруктуулугун андан ары жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Банк тарабынан өз алдынча ишке ашырылуучу ICAAP анын тобокелдик профилине жана стратегияларына негизделген капиталдын шайкештигинин учурдагы жана келечектеги деңгээлине баа берүүнү камсыз кылууга жана банктын ички капиталын банкка мүнөздүү болгон бардык банктын ишмердүүлүгүндөгү тобокелдиктерди жабууга жетиштүү деңгээлде кармап туруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга тийиш.

ICAAP негизги чабалдыгы факторлорун, банктын капиталына олуттуу тобокелдиктердин потенциалдуу терс таасиринин өлчөмүн, анын ичинде стресстик шарттарда аныктоо үчүн стресс-тестирлөө процесстерин камтууга тийиш.

Капиталдын шайкештигин баалоонун ички жол-жоболорунун ишке ашырылышы отчетто чагылдырылышы керек, ал мезгил-мезгили менен банктар тарабынан жөнгө салуучуга берилет. ICAAP отчеттуулугу банктар өз алдынча олуттуу тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, стресс-тестирлөө жана тобокелдиктерди жабуу үчүн капиталды бөлүштүрүү боюнча иштерди жүргүзө турган ыкманы болжолдойт.

Көзөмөлдүк карап чыгуу жана баалоо процесси 

Банктык көзөмөлдүн негизги милдеттеринин бири банк системасынын туруктуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат. Өзүнүн үзгүлтүксүз жана узак мөөнөттүү ишмердүүлүгүн колдоо үчүн банктарга баарыдан мурда төмөнкүлөр зарыл:

- натыйжалуу бизнес модели;

- тобокелдиктерди тескөөнүн шайкеш системасы;

- жетиштүү капиталдык база;

- шайкеш ликвиддүүлүк жана кайра каржылоонун туруктуу схемалары.

Ар бир банк стратегияга жана көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрине жараша ар кандай тобокелдик профилдерине, ошондой эле капиталдын деңгээлине ээ экендигин эске алып, көзөмөл тарабынан тобокелдикке багытталган көзөмөлдү жүргүзүүдө эволюциялык ыкмаларды колдонуу зарылдыгы келип чыгат.

Көзөмөлдүк карап чыгуу жана баалоо процесси бизнес моделдерин, корпоративдик башкарууну жана менеджмент тобокелдигин, капиталдын тобокелдигин жана ликвиддүүлүктү баалоо чөйрөлөрүндө сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү талдоонун негизинде банктык тобокелдиктерге баа берүүнүн жана өлчөөнүн бирдиктүү методологиясы болуп саналат.

Тобокелдикти баалоонун натыйжасы банктын өздүк капиталы жана ликвиддүүлүгү учурдагы же келечектеги тобокелдиктерди ишенимдүү жабууну камсыз кылуу үчүн жетиштүү экендигин аныктайт. Процесс жалпы баа берүү менен аяктайт, ал андан аркы көзөмөлдүк иш-аракеттердин жана кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштардын негизин түзөт.

Банктардын ишинде кризистик кырдаалдарга даярдыкты камсыз кылуу 

Жөнгө салуучу тарабынан банктарга белгиленген ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо банктардын ишенимдүү жана коопсуз ишин камсыз кылуунун маанилүү факторлорунун бири болуп саналат. Ошол эле учурда, бүтүндөй банк системасынын туруктуулугу банктардын ишинин туруктуулугуна жана натыйжалуулугуна түздөн-түз көз каранды.

Сапаттуу ченемдик укуктук база банктардын ишине эффективдүү көзөмөл жүргүзүү үчүн зарыл шарт болуп саналат. Ошол эле учурда көзөмөл органы тарабынан тиешелүү чараларды жана инструменттерди өз убагында кабыл алуу банктардын ишинде кризистик кырдаалдардын алдын алуунун жана жокко чыгаруунун маанилүү фактору болуп саналат.

Мыйзамда каралган банк системасынын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Улуттук банк көзөмөлдүк иш-чаралардын алкагында банктардын ишинде олуттуу тобокелдиктер келип чыккан жана алар тарабынан экономикалык талаптар бузулган учурда, таасир этүү чараларын колдонот, анын ичинде банкты финансылык чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү тууралуу талап кылууга укуктуу.

Улуттук банк көзөмөл инструменттерин, атап айтканда, таасир этүү чаралары боюнча, ошондой эле өзгөчө режимдерди мыкты эл аралык тажрыйбанын талаптарына ылайык өркүндөтүүнү улантат.

Калктын банк тутумуна болгон ишенимин жогорулатуунун инструменттеринин бири болуп банкрот болгон учурда жеке аманатчыларга белгилүү бир суммадагы каражаттарды кайтарып берүүнү кепилдеген депозиттерди коргоо тутумунун болушу саналат. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги банктын кудуретсиздигин чечүү процессинин алгачкы этаптарына Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин катышуусун камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны андан ары өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзөт. Зарыл болгон учурда банктык депозиттерди жабуунун тиешелүү деңгээлин жана ошого жараша депозиттерди камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын төгүмдөрүнүн эсебинен фондду көбөйтүүнү камсыз кылуу зарыл.

Биргелешкен макулдашылган иш-чараларды иштеп чыгуу, ошондой эле Улуттук банктын Банктарды жоюу боюнча агенттикке коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин атайын администраторунун функцияларын ишке ашырууда, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин кредиттерин (анын ичинде агенттик келишимдер боюнча) өндүрүү боюнча иштерди жүргүзүү күтүлүүдө.

Бул иш-чаралар банктардын ишиндеги тобокелдиктерди алдын алууга жана кризистик кырдаалдарды натыйжалуу жөнгө салууга өбөлгө түзөт.

6-максат. Киберкоопсуздукту жогорулатуу. 

Банктардын ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу үчүн актуалдуу ченемдик укуктук базага ээ болуу зарыл, анын негизинде банктардын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички документтер иштелип чыгышы керек. Ушуга байланыштуу маалымат коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү зарылчылыгы келип чыгат.

Ошондой эле маалымат коопсуздугунун тобокелдиктерин алдын алуу жана азайтуу максатында маалымат коопсуздугунун коркунучтары жана инциденттери жөнүндө маалымат алмашуу үчүн банк секторунун адистери менен өз ара аракеттенүү үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү зарыл.

Ошону менен бирге маалымат коопсуздугук чөйрөсүндө ички кызматташтыкты чыңдоо максатында маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик органдар жана башка жеке субъектилер менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маанилүү.

Ошол эле учурда калктын жана банктык кызматтарды колдонуучулардын арасында кибергигиенаны түшүнүү жана сактоо маселеси курч турат, тренингдерди өткөрүү, макалаларды жана пресс-релиздерди чыгаруу аркылуу калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу зарыл.

Бул иш-чаралар банктардын ишиндеги маалымат коопсуздугу тобокелдиктерин минималдаштырууга жана алдын алууга көмөктөшүүгө тийиш.

§ 4.2. Банк системасынын өнүктүрүүнүн күтүлүп жаткан натыйжалары жана андан аркы келечектери 

Пандемиянын узактыгы жана жаңы чектөө чараларын киргизүүнүн уланып жаткан ыктымалдыгы негизги белгисиздик бойдон калууда. 2020-2021-жылдардагы пандемиянын таасирин экономиканын бардык субъекттер тигил же бул түрдө сезишти, ал эми алардын айрымдарынын абалынын начарлашы банк тармагына кечиктирилген таасирин тийгизиши мүмкүн.  

Өлкөнүн калкы да пандемиянын кесепеттерин сезип жатат, калктын реалдуу кирешеси төмөндөөнү улантууда, бул керектөөнүн мүнөзүнө таасирин тийгизүүдө

Чарбалык турмушту нормалдаштыруу процесси, кыязы, бир катар факторлордун аракетинен улам бир кыйла узакка созулат. 

Экономиканы колдоо боюнча мамлекеттик программаларга банктардын агент катары катышуусу оң натыйжа берип, экономикалык жигердүүлүктүн төмөндөөсү шартында бизнестин көлөмүн сактап калууга мүмкүндүк берет. 

Бул документте каралган чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу менен 2026-жылдын 1-январына карата банк системасынын чогуу алгандагы көрсөткүчтөрүн жогорулатууга жетишилет деп болжолдонууда. 

Бул документте каралган иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу менен 2026-жылдын 1-январына карата банк системасынын чогуу алгандагы көрсөткүчтөрүнүн жогорулатууга жетишилет деп болжолдонууда.  

Орто мөөнөттүү келечекте Улуттук банк өткөн төрт жылдык мезгилдин көрсөткүчтөрүнүн негизинде банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн чагылдырган көрсөткүчтөрдү жогорулатууну, банк системасынын финансылык ортомчулук деңгээлин жогорулатууну, б.а. банк системасынын активдери ИДӨгө карата 54 пайызды, банк системасынын кредиттери ИДӨгө карата 28,0 пайызды, банк системасынын депозиттери ИДӨгө карата 33,0 пайызды түзүүгө тийиш

Ислам каржылоо принциптеринин негизинде банктык операцияларды жүргүзүүнүн так эрежелерин белгилөө менен ислам банктарын же “ислам терезелери” бар банктарды түзүү процессине көмөктөшүү ислам каржылоо принциптеринин алкагында иш алып барган финансы-кредит уюмдарын каржылоонун үлүшүн финансы секторунун жалпы кредит портфелинин 5 пайызына чейин көбөйтүүгө көмөк көрсөтөт.  

 

2025-жылга карата банк системасынын негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолдоосу.  

 

КӨРСӨТКҮЧТӨР 

ФАКТ (01.12.2021) 

БОЖОМОЛ (31.12.2025) 

Банк секторунун

ИДӨгө карата активдери

48.9%

54.0%

Банк секторунун

ИДӨгө карата кредиттери

25.8%

28.0%

Банк секторунун

ИДӨгө карата депозиттери

31.9%

33.0%

Финансы системасынын кредит портфелиндеги ислам каржылоо принциптери боюнча кредиттердин үлүшү 

1.7%

5.0%