Кайта келүү

«Манас» эпосуна арналган монеталар 

 

«Айкөл Манас» монетасынын алдыңкы бетинде ак мөңгүлүү Ала-Тоонун алкагында соот кийип, Аккула атын чаап бараткан Манас баатырдын образы чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө: «Айкөл Манас / Aikol Manas» жазуусу, ал эми оң жагында металлдын сапаты (Au 999) жана монетанын салмагы (15,55 г) түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында анын номиналы (200) жана сомдун графикалык белгиси (С) көрсөтүлгөн. 

Монетанын арткы бетинде кыргыз жоокерлерин символдоштурган улуттук орнаменттердин алкагында Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл - «2024» жазуусу түшүрүлгөн

 

«Манас» эпосунун 1000 жылдыгын даңазалап Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 1995-жылдын 11-августунда коллекциондук алтын жана күмүш монеталарын жүгүртүүгө чыгарган.  

Коллекциондук «Манас» монеталар көз карандысыз Кыргыз Республикасынын тарыхындагы алгачкы монеталардан болуп саналат. Алар, Кыргызстанда казылып алынган алтын жана күмүштөн чегилип басылган жана эл аралык «пруф» сапатына ээ.  

Монеталардын алдынкы бетинде 1000 деген рельефтик сандын айкалышында аргымагын атырылткан, жоо жарагы шайма-шай эр Манастын элеси жайгаштырылган. Бул композициялык сүрөттөлүш, Манастын образын кыргыз эли көп кылымдар бою чет жердик баскынчыларга каршы кыргыз элинин элдешпес күрөшүндөгү биримдиктин жана каармандыктын символу катары тутуп келгендигин чагылдырат. Муну монетанын жогорку бөлүгүндөгү «Айкөл Манас» деген жазуу да далилдеп тургансыйт.   

Монеталардын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби жана эки жагынан улуттук оюм-чийим менен камтылган монетанын чыккан жылы берилген. Гербдин чок ортосунда көгүлтүр көлдүн жана тоо кыркаларынын айкалышында Кыргызстандын азаттыгын жана көз карандысыздыгын символдоштурган канатын кере жайган ак шумкардын элеси түшүрүлгөн. 

 

 

 

Монеталардын мүнөздөмөлөрү   

Монетанын 

аталышы 

Номиналы 

Металлы 

(пробасы) 

Салмагы (г) 

Диаметри 

(мм) 

Сапаты 

Нускасы 

(даана) 

Сатуу баасы 

(сом) 

Айкөл Манас 

200 сом 

Алтын 999 

15,55 

25,00 

Proof 

1 000 

123 400 

Манас

100 сом 

Алтын 999 

6,22 

22,00 

Proof 

1 000 

Сатуу аяктаган 

Манас

10 сом 

Күмүш 925 

28,28 

38,60 

Proof 

5 000 

Сатуу аяктаган