Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) 

токтому менен бекитилген 

 

 

«Милдеттүү камдар жөнүндө» 

ЖОБО 

1-глава. 

Жалпы жоболор 

1Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштуруу боюнча банктарга карата талаптар, милдеттүү кам өлчөмү, коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары банк) тарабынан милдеттүү камдык талаптарды эсептөө жана аткаруу тартиби, ошондой эле милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө жана өндүрүү тартиби аныкталган. 

Бул жобонун талаптары операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде банк операцияларын ишке ашырууда алар колдонгон иш өзгөчөлүгүн жана терминдерди эске алуу менен «ислам терезесинин» алкагында операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга таркатылат

2. Милдеттүү камдар акча-кредит саясатынын инструменттеринин бири болуп саналат жана ал Улуттук банк тарабынан банк тутумундагы жалпы ликвиддүүлүк деңгээлин, кыска мөөнөттүү пайыздык чендерди жана акча топтомдорунун көлөмүн жөнгө салуу максатында колдонулат. 

3. Акча-кредит саясатынын максаттарына ылайык Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечимдери менен төмөнкүдөй милдеттүү камдык талаптардын ченемдери белгиленет: 

- милдеттүү кам өлчөмдөрү (эсептик базанын курамына кирген милдеттенмелердин ар кандай категориялары үчүн ар башка пайыздык маани белгилениши мүмкүн); 

- милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээлинин өлчөмү

милдеттүү камдарды аткаруу максатында камдык активдерге киргизилген активдердин катышы жана өлчөмү

- милдеттүү камдарды аткаруу үчүн компенсациялоо чени; 

- милдеттүү камдык талаптардын жана милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлинин сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмдөрү

4. Милдеттүү камдык талаптарды аткаруунун базалык мөөнөтү төрт календардык жуманы түзөт (28 күн).  

5. Эсептик базага кирген милдеттенмелердин тизмеси жана түзүмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет

6.  Банктар банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны колдонгон мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптарды аткарууга милдеттүү

2-глава. 

Аныктамалар жана терминдер 

7. Ушул жобонун максаттарында төмөнкү терминдер колдонулат: 

Базалык мезгил  банк ошол мезгил ичинде бул жободо белгиленген тартипте милдеттүү камдык талаптарды аткарууга милдеттүү болгон мезгил аралыгы. 

Эсептик мезгил  милдеттүү камдар көлөмүн аныктоо үчүн эсептик база эсептелинүүчү мезгил аралыгы. 

Милдеттүү камдар  банк базалык мезгилде Улуттук банк тарабынан белгиленген шарттарда камдык активдерде депондоштурууга милдеттүү болгон акча каражаттардын суммасы

Милдеттүү камдык талаптар  бул банкка карата милдеттүү камдарды камдык активдерде белгиленген талаптарга ылайык депондоштуруу боюнча талаптар.

Милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээл  банк милдеттүү камдык талаптарды аткаруу үчүн күндөлүк негизде камдык активдерде сактоого милдеттүү болгон акча каражаттардын көлөмү.  

Милдеттүү камдардын өлчөмү  милдеттүү камдарды эсептөө үчүн эсептик базага карата колдонулган коэффициент (пайыз түрүндө).  

Эсептик база  бул банктын депозиттик жана башка эсептеринде эсепке алынган улуттук жана чет өлкө валюталарындагы милдеттенмелери, ошондой эле башка милдеттенмелер. 

Камдык активдер  бул, банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттарынын, банктын Улуттук банктагы жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептериндеги алтын түрүндөгү активдеринин, ошондой эле банктын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак калдыктарынын суммасы. 

3-глава. 

Милдеттүү камды эсептөө тартиби 

8. Милдеттүү кам төрт жумада бир жолу, өтүп жаткан базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү эсептелинет жана өткөн базалык мезгилдеги орточо күндүк эсептик базанын жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү кам өлчөмүнүн негизинде аныкталат.  

Милдеттүү камдардын белгиленген мааниси базалык мезгилдин төрт жумасы ичинде Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген тиешелүү жылга карата милдеттүү кам графигине ылайык колдонулат. 

9. Милдеттүү камдарды эсептөөдө

эсептик базага кирген валюталык милдеттенмелердин сом түрүндөгү эквиваленти отчеттук күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген чет өлкө валютасынын сомго карата расмий курсу боюнча эсептелинет;  

кардарлардын жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча сом түрүндөгү эквиваленти отчетту даярдоо күнүнө чейинки бир күн мурда Улуттук банк тарабынан белгилеген АКШ долларынын сомго карата расмий курсунун кросс-курсу аркылуу эсептелинген, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан акыркы фиксинг (баа аныктоо) боюнча эсептелет

10. Милдеттүү кам төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында OРт өтүп жаткан базалык мезгилдеги милдеттүү кам;  

ОБт-1 өткөн базалык мезгилдин ар бир күнү үчүн эсептик базага кирген банктын милдеттенмеси;  

Р Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү кам өлчөмү;  

Дт-1 милдеттүү камды эсептөөдө эске алынган жана ушул жобонун 4-пунктунда аныкталган өткөн базалык мезгилдеги календардык күндөрдүн саны.  

11. Ушул жобонун 10-пунктуна ылайык эсептелген, банк жетекчисинин кол тамгасы менен тастыкталган эсептөөлөр, жаңы базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү саат 12.00гө чейин Улуттук банкка ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык формада сунушталат.  

Ар башка милдеттүү камдык талаптар өлчөмү колдонулган милдеттенмелердин ар кандай категориялары үчүн эсептөөлөр ушул жобого карата 1тиркемеге ылайык ар бир милдеттенме боюнча өз-өзүнчө сунушталат. Мында милдеттүү камдардын жалпы көлөмү милдеттенмелердин бардык категориялары боюнча милдеттүү кам суммасы катары эсетелет.  

12. Эсептөөлөр өз убагында берилбесе, ошондой эле такталбаган маалымат сунушталган учурда банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.  

4-глава. 

Милдеттүү камдык талаптарды аткаруу тартиби 

13. Бүтүндөй базалык мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптардын аткарылышына контролдук төрт жуманы камтыган мезгилдин акырында жүргүзүлөт. Эгерде базалык мезгил ичинде камдык активдер менен милдеттүү кам өлчөмүнүн ортосундагы суммардык айырма оң чыкса же нөлгө барабар болсо, милдеттүү камдык талаптар аткарылган катары таанылат. 

14. Мында банк күндөлүк негизде камдык активдеринин, бирок банктын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак калдыктарын эске албаганда, көлөмүн милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлинен төмөн эмес өлчөмдө колдоого милдеттүү

15. Банктын Улуттук банктагы металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин сом түрүндөгү эквиваленти, Улуттук банк тарабынан белгиленген АКШ долларынын сомго карата расмий кросс-курсунун негизинде эсептелген эсептешүүлөрдү жүргүзүлгөнгө чейинки күнү белгиленген, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан аныкталган акыркы фиксинг боюнча эсептелет. 

16. Банк милдеттүү камдык талаптарды аткарган учурда милдеттүү камдарды колдоого алгандыгы үчүн ага төлөм чегерилет. Камдык активдердеги милдеттүү камдарды аткаргандыгы үчүн төлөм өлчөмү компенсациялоо ченинин жана милдеттүү кам көлөмүнүн негизинде аныкталат.  

17. Банк тарабынан бүтүндөй базалык мезгил ичинде сыяктуу эле, күнүмдүк негизде да милдеттүү камдарды сактоо талабы аткарылбаган учурда, андан ушул жобонун 5-главасында аныкталган шарттарда милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм өндүрүлөт

5-глава. 

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү 

эсептөө жана өндүрүү тартиби 

18. Милдеттүү камдык талаптарды аткарбагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы айыптык төлөм ченинин жана базалык мезгил ичинде банктын камдык активдеринин суммасынын милдеттүү камдардан орточо күндүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет.  

19. Милдеттүү камдык талаптардын аткарбагандыгы үчүн айыптык төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында Шн милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм;  

Ос камдык активдердин милдеттүү камдан орточо күндүк четтөөсү;  

Рш  Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү;  

Д ушул жобонун 4-пунктунда аныкталган өткөн базалык мезгилдеги календардык күндөрдүн саны.  

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасын эсептөө мисалы ушул жобого карата 2-тиркемеде келтирилген. 

20. Милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлинин сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы милдеттүү камдардын минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмүнүн жана банктын Улуттук банктагы корреспондентик эсебиндеги каражаттар суммасынын жана банктын Улуттук банктагы жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин күндөлүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет.  

21. Милдеттүү камдардын минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:

мында Шн милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм

Ом Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинин жана жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдердин милдеттүү камдан күн ичинде орточо четтөөсү

Рш Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү

Д милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээли сакталбаган күндөрдүн саны. 

Милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасын эсептөө мисалы ушул жобого карата 2-тиркемеде келтирилген. 

22. Банк тарабынан банкоматтардагы улуттук валютадагы нак акча калдыктары боюнча такталбаган маалыматтар берилген шартта, базалык мезгилдин башталышынан берки милдеттүү кам көлөмү, банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктарды эске алуусуз кайрадан эсептелинет жана кемчилик аныкталгандан кийинки бир жыл ичинде банкоматтардагы улуттук валютадагы нак акча калдыктары милдеттүү камдык талаптардын сакталышын эсептөөдө эске алынбайт.  

23. Банктын Улуттук банк менен түзүлгөн корреспонденттик мамилелер жөнүндө келишиминде башкасы белгиленбесе, банкка тиешелүү билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки эки жумуш күнү ичинде милдеттүү камдык талаптардын жана милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн андан акцептсиз тартипте айыптык төлөм өндүрүлөт.  

24. Банктын милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы анын ишине максаттуу текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат. 

25. Милдеттүү камдык талаптарды бир нече жолу (экиден көп жолу) кайталап же үч ай ичинде бир нече ирет бузууга жол берүү ошол банкка атайы режим киргизүү үчүн негиз болуп саналат. 

6-глава. 

Өзгөчө шарттар  

26. Эгерде Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомунда башкасы каралбаса, банкка тике банктык көзөмөлдүк режими же болбосо убактылуу администрация режими киргизилген мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн андан айыптык төлөм өндүрүлбөшү мүмкүн.  

27. Улуттук банк Башкармасы банк тутумунун бүтүндүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу, система тобокелдигине жол бербөө, банктын ликвиддүүлүгүн колдоого алуу жана аманатчылардын кызыкчылыгын коргоо максатында, аманатчылардын каражаттары жана банк тутумунун туруктуулугуна потенциалдуу коркунучтарды жаратышы мүмкүн болгон финансылык кыйынчылыктарга дуушарланган айрым коммерциялык банктарга карата милдеттүү камдык талаптар өлчөмүн, эсептөө регламентин жана милдеттүү камдык талаптардын сакталышын кайра карап чыгууга укуктуу.