Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 28-мартындагы N 10/9 токтому менен бекитилген 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө 

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-октябрындагы № 47/10, 2017-жылдын 23-июнундагы № 2017-П-15/26-3-(НПА), 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 2017-П-15/26-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Бул жобо Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасында (мындан ары - АТС) Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды (мындан ары - БК) депозитардык эсепке алуу тартибин аныктайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Депозитарий эки деңгээлдик түзүлүшкө ээ: Улуттук банктын Башкы депозитарийи (мындан ары - башкы депозитарий) жана өзүнүн баалуу кагаздарынын жана депоненттердин баалуу кагаздарынын кыймылын эсепке алуу боюнча функцияларын аткаруу укугуна ээ Субдепозитарийлер. 

4. Баалуу кагаздарынын Депозитариясында эсепке алуу баалуу кагаздардын саны (ар бир даанасы) боюнча ишке ашырылат. 

2. Аныктамалар жана атоолор 

Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, Улуттук банктын АТС иши жөнүндө жободо белгиленген аныктамалар жана атоолор колдонулат: 

5. Ички позициялык которуулар - бир "депо" субэсебинин алкагында МБКларды которууга байланышкан операциялар. 

6. Башкы депозитарий баалуу кагаздарды эсепке алууну жана сактоону, менчик укуктарын баалуу кагаздарга өткөрүүнү жана тастыктоону каттоону ишке ашыруучу Улуттук банктын бөлүмү

7. Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар - бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталары. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Депозитарий - депозитарийлик эсепке алууну жана сактоону, менчик укуктарын баалуу кагаздарга өткөрүүнү жана тастыктоону каттоону ишке ашыруучу юридикалык жак. 

9. Депонент - келишимге ылайык Депозитарийде "депо" эсебин ачкан жана өзүнүн "депо" эсеби боюнча операцияларды жасоого көрсөтмө берүүгө укуктуу болгон, Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттин юридикалык жагы же жеке адамы. 

10. Депо-эсеби - эсепке алуу жана сактоо максатында ар бир баалуу кагаздар үчүн жазуу (же жазуулардын жыйындысы). 

11. Депозитардык операциялар - депозитарийлерде сакталган, "депо" эсеби жана башка маалыматтар боюнча жазууларга байланышкан депозитардык ишмердүүлүктү ишке ашыруу алкагында депозитарийлер менен жүргүзүлгөн операциялар. 

12. Улуттук банктын репо операциялары - бул, келечекте белгилүү бир күндө жана сүйлөшүлгөн баада кайра сатуу/сатып алуу милдети менен баалуу кагаздардыы сатуу (тике репо)/сатып алуу (кайтарым репо) боюнча операциялар. 

13. Субдепозитарий - Башкы депозитарийде "депо" эсеби бар, баалуу кагаздар кыймылын эсепке алуу функциясын аткаруу үчүн Улуттук банк менен келишим түзгөн депозитарий. 

14. Суб-баланс - "депо" субэсебинин алкагында ачылган депозитардык эсептин минималдык бөлүнбөгөн түзүмдүк бирдиги. 

3. Депозитардык эсепти уюштуруунун формалары жана принциптери 

15. Депозитардык эсеп системасын уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет: 

- баалуу кагаздар менен болгон операциялардын Депозитардык эсебинин толуктугу жана аныктыгы; 

- Убактылуу белгилүүлүк; 

- баалуу кагаздар менен болгон операциялардын эсебинин өзүнчөлүгү

- Түзүмдүк обочолонгондук. 

Депозитардык эсептин толуктугу жана аныктыгы. Баалуу кагаздар менен болгон бардык операциялар депозитардык эсеп системасында өзүнүн толук жана анык чагылышын табат. 

Убактылуу белгилүүлүк принциби. Эсепке алуу жазуулары депозитардык эсеп системасында Башкы депозитарийдин баалуу кагаздар менен болгон операцияларын же АТСте электрондук кепилдикти ишке ашырууну тастыктаган биринчи иш кагазын алуу учурунда аткарылат. Мында, жүргүзүлгөн операциялар жөнүндөгү эсептик жазуулардын сөзсүз түрдөгү элементтери болуп операцияларды ишке ашыруу убактысы жана бул операциялардын депозитардык эсеп системасында кайталануу убактысы болуп саналат. 

Эсептин өзүнчөлүк принциби. Милдеттенмелери түйшүктөнткөн, ар бири өзүнчө эсепке алынган, ар кайсы чыгарылыштагы МБК. 

Түзүмдүк обочолонгондук принциби. Уюмдарды каттоого алуучу эки деңгээлдик системанын - Башкы депозитарийдин жана Субдепозитарийдин болушу. 

4. Депозитардык операциялардын катышуучулары 

16. Ушул Жобонун максатында депозитардык операциялардын катышуучулары катары Депозитарийлер жана депоненттер эсептелет. Депозитарийлер Башкы депозитарий жана Субдепозитарий деп бөлүнөт. 

17. Башкы депозитарий катары Улуттук банк турат, ал: 

- баалуу кагаздарды чыгарууда эмиссияга ылайык келген эсеп ачууну ишке ашырат; 

- баалуу кагаздарды чыгаруу жана төлөө жөнүндөгү иш кагаздарын сактайт; 

- Башкы депозитарийдеги депоненттерге "депо" эсептерин ачууну ишке ашырат; 

- баалуу кагаздарды, алардын Субдепозитарийлер менен депоненттер ортосунда экинчи жолку айлануусундагы которууларды ишке ашырат; 

- баалуу кагаздарды төлөө мезгили жеткенде эмиссияга ылайык эсептерди жабууну жүзөгө ашырат; 

- Субдепозитарийинин "депо" эсеби боюнча депоненттерге тийиштүү болгон, ушул Субдепозитарийде эске алынган баалуу кагаздардын жыйындысын жүргүзөт; 

- Субдепозитарийлердин ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт жана баалуу кагаздар менен депозитардык операцияларын жүргүзүү тартибин тактайт; 

- Өзүнүн депоненттерине тийиштүү болгон баалуу кагаздарга менчик укугун тастыктоо укугуна ээ. 

18. Башкы депозитарийлердин депоненттери болуп Субдепозитарийлер, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги, Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилген учурда башка юридикалык жактар эсептелет. 

19. Субдепозитарийлер катары коммерциялык банктар, институционалдык инвесторлор, адистештирилген финансылык-кредиттик уюмдар жана башка Улуттук банк менен тийиштүү келишимдерди түзгөн баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары. Алар: 

- Субдепозитарийге тийиштүү болгон депозитарийлик эсебин жүргүзөт; 

- Өзүнүн депоненттерине тийиштүү болгон баалуу кагаздарды сактоону жана укук эсептерин камсыздайт; 

- АТСте депозитардык операцияларды ишке ашырат; 

- Күрөөгө берилгси депозитардык эсебин жүргүзөт; 

- баалуу кагаздарды биринчи жайгаштырууда өзүлөрүнүн депоненттеринин эсебине киргизет; 

- Ар бир депоненттин баалуу кагаздарына обочолонгон эсеп жүргүзөт; 

- Өзүлөрүнүн депоненттеринин баалуу кагаздарына болгон менчик укуктарын тастыктоо укугуна ээ. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Субдепозитарийдин депоненти болуп Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттин баалуу кагаздарга менчик укугу бар юридикалык жактар жана жеке адамдар, баалуу кагаздарын күрөө кармоочулары, баалуу кагаздарын ишеничтүү башкаруучулары, о.э. Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда баалуу кагаздарды сактоого берилген жактар эсептелет. 

5. "Депо" эсептеринин түрлөрү жана жүргүзүлгөн операциялардын тизмеси 

21. Башкы депозитарийде баалуу кагаздарды эсепке алуу жана сактоо, Улуттук банк менен тийиштүү келишимдерди түзгөндөн кийин Субдепозитарийлерге ачылган "депо" эсептеринде ишке ашырылат. 

22. Аналитикалык эсеп жүргүзүү максатында "депо" эсебинин алкагында ар бир Субдепозитарийге анын өзүнүн баалуу кагаздарын эсепке алуу жана депоненттеринин баалуу кагаздарын эсепке алуу үчүн бир "депо" субэсеби ачылат. 

23. Өзүнүн "депо" субэсеби Субдепозитарийге менчик укугуна ээ болгон баалуу кагаздарды эсепке алуу жана сактоо үчүн ачылат. Субдепозитарийдин депонентинин "депо" субэсеби депонентке өткөрүлгөн же тийиштүү баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн багытталган. 

24. Депоненттин "депо" субэсептеринин түрлөрү

Субдепозитарийдин депонентинин баалуу кагаздарын эсепке алуу, Депозитарийлерде, Субдепозитарийдин депонентинин тибине жараша төмөнкү "депо" субэсептер боюнча ишке ашат: 

- юридикалык жактар - финансылык резиденттер; 

- юридикалык жактар - финансылык эмес резиденттер; 

- юридикалык жактар - финансылык резидент эместер; 

- юридикалык жактар - финансылык эмес резидент эместер; 

- жеке жактар - резиденттер; 

- жеке жактар - резидент эместер. 

25. Депоненттер, алардын операциялары жана баланстары жөнүндөгү эсеп маалыматын жүргүзүү Субдепозитарийлердин жоопкерчилигинде турат. 

26. Суб-баланстар. 

Баалуу кагаздардын эсебин жүргүзүү үчүн ар бир "депо" субэсебинин алкагында суб-баланстар ачылат. "Депо" субэсептеринин алкагындагы эсеп төмөнкү суб-баланстар боюнча жүргүзүлөт: 

- арест коюлган баалуу кагаздар; 

- бекитип коюлган баалуу кагаздар; 

- күрөөгө алынган жеткиликтүү каражаттар; 

- инвестициялык; 

- күрөө кармоочунун пайдасына күрөөлүк; 

- улуттук банктын кредиттери боюнча күрөөлүк; 

- камдык. 

"Арест коюлган баалуу кагаздарынын" суб-балансы, Башкы депозитарийдин көрсөтмөсү боюнча же Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилип коюлган же арест коюлган баалуу кагаздарын эсепке алууга багытталган. Ушул суб-баланстагы баалуу кагаздарды депоненттер күндөлүк сатып алуу, сатуу, күрөө жана ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүү үчүн колдоно алышпайт. Ушул суб-баланс боюнча ички позициялык которууларды Башкы депозитарий гана жүргүзө алат. 

"Бекитип коюлган баалуу кагаздардын" суб-балансы, "төлөмгө каршы тапшыруу" транзакциясын аткаруу процессинде бекитилип коюлган баалуу кагаздар үчүн багытталган. Бул суб-баланстагы баалуу кагаздарды катышуучулар күндөлүк сатып алуу, сатуу, күрөө жана ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүү үчүн колдоно алышпайт. 

үрөөгө алынган жеткиликтүү каражаттардын" суб-балансы, репо операциясы боюнча сатылып алынган баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн багытталган. Репо операциясынын алкагында башка катышуучудан алынган баалуу кагаздар катышуучунун күндөлүк операциялары үчүн колдонула алат: репонун шартында кезектеги сатып алуу/сатуу, калдыктардын чегинде чектелүүсүз күрөө жана ички позициялык которуулар. 

"Инвестициялык" суб-баланста, менчик укугуна ээ болгон депонентке тийиштүү баалуу кагаздар эске алынат. Бул суб-баланстагы баалуу кагаздарды күндөлүк сатуу, сатып алуу, күрөө жана калдыктардын чегинде чектөөсүз ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүүгө колдонууга болот. баалуу кагаздарды төлөө "Инвестициялык" суб-баланстан гана жүргүзүлөт. 

БК менчик укугу өтүүсүз күрөөлүк" суб-балансында күрөө кармоочу пайдасына блоктошулган БК эсеби жүргүзүлөт. Ушул суб-баланстагы БК кезектеги сатып алуу, сатуу жана ички позициялык которуу операцияларына колдонууга мүмкүнчүлүгү жок. 

БК менчик укугу өтүүчү күрөөлүк" суб-балансы, бир күндүк жана "овернайт" кредиттеринин алкагында коюлган, кезектеги сатуу, сатып алуу, күрөө жана ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүү үчүн колдонууга болбогон МБКларды эсепке алуу үчүн колдонулат. МКБлар ушул суб-баланска кредиттер берилген учурдан тартып которулат. 

"Камдык" суб-балансы, "овернайт" жана бир күндүк кредиттерин берүү процессинде баалуу кагаздарды камга коюу үчүн багытталган. Бул суб-баланста Улуттук банктын кайра каржылоо ("овернайт жана бир күндүк кредит) операциялары боюнча күрөө катары колдонуу үчүн катышуучу тарабынан камга коюлган баалуу кагаздар эске алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

27. Субдепозитарий АТСтен тышкары "депо" субэсептерине ылайык ар бир депонент боюнча баалуу кагаздардын өзүнчө эсебин жүргүзөт. 

6. Депозитардык операцияларды жүргүзүү үчүн негиздер. Аларды жүргүзүүгө карата чектөөлөр 

28. Бардык депозитардык операциялар АТСте, анын бекитилген иш регламентине ылайык жүргүзүлөт. АТС иштебей калганда же башка учурларда депозитардык операциялар "депо" кагаз кепилдиктеринин негизинде ушул Жобого карата 1, 2-тиркемелерге ылайык ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-октябрындагы № 47/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Депозитарийге баалуу кагаздарды чыгаруу белгилери жөнүндө жазууларды киргизүү боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуп, Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актылары жана келишимге ылайык түзүлгөн: 

- глобалдуу сертификат; 

- Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин протоколунан көчүрмө иш кагаздары эсептелет. 

30. Депозитарийде "депо" эсеби боюнча операция жүргүзүү үчүн негиз болуп, АТСте түзүлгөн жана берилген, электрондук формадагы депо тапшырмалары эсептелет. 

Электрондук формадагы "депо" тапшырмасы АТСте бекитилген формада түзүлгөн электрондук документ болуп саналат. Электрондук "депо" тапшырмасынын аныктыгын тастыктоо үчүн электрондук-сандык кол тамга колдонулат. 

31. "Депо" электрондук тапшырмалары, кагаз бетиндеги тиешелүү "депо" тапшырмаларына окшош болгон асыл нуска катары таанылат жана баалуу кагаздарды которууну ишке ашырууда жактардын милдеттерин жана алардын бирдей укуктарын жаратат. 

32. Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларына жана келишимге ылайык түзүлгөн иш кагаздары "Депо" эсептерин жабуу боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

33. Субдепозитарийлердин депоненттеринин "депо" эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуп, жүргүзүлгөн операцияга ылайык иш кагаздарынын (депоненттин кепилдиги, келишимдер, көрсөтмөлөр ж.б.) түп нускасы эсептелет. Түп нуска иш кагаздарын сактоонун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик актылары менен аныкталат. 

34. "Депо" эсеби боюнча баалуу кагаздарды которууга "депо" тапшырмасы, жүргүзүлгөн операциялар боюнча баалуу кагаздар туура түзүлгөн жана жетиштүү учурда гана кабыл алынат. 

35. Субдепозитарийлер, депозитардык операцияларды жүргүзүүнүн мыйзамдуулугу жана тууралыгы үчүн жооптуу. 

7. Отчеттуулук 

36. Депозитардык операциялар боюнча отчеттуулук Башкы депозитарий тарабынан АТСте түзүлөт жана берилет. 

37. Субдепозитарий Башкы депозитарийге, баалуу кагаздардын ээлери жөнүндө маалыматты, Башкы депозитарийдин талаптарына ылайык отчеттуулуктун башка түрлөрүн берет. 

8. Жыйынтыктоочу жоболор 

38. Баалуу кагаздарынын депозитардык эсебин ишке ашыруу тартиби ушул Жобо, келишимдер жана Улуттук банктын АТС иши жөнүндөгү Жобосу менен жөнгө салынат. 

39. Депозитардык эсеп процессин жакшыртуу максатында ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды Улуттук банк киргизе алат. 

 

 

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу, Баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө жобого карата 

1-тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бөлүмү 

"ДЕПО" ТАПШЫРУУСУ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

"_________________________" (депоненттин аталышы) 

Операциялардын түрлөрү: баалуу кагаздардын таандуулугу: 1. Өздүк 

(тиешелүүсүнүн алдын (көрсөтүлсүн) 2. Кардардыкы сызып кой)  

1. Сатып алуу 

2. Сатуу 

3. Репо шарттарында сатып алуу 

4. Репо шарттарында сатуу 

5. Өткөрүп берүү 

6. Кабыл алуу 

Банк-контрагент (Өздүк/Кардардыкы) ____________________________  

өрсөтүлсүн) (аталышы) 

Операциялардын N 

Баалуу кагаздардын эмиссиясынын N 

Баалуу кагаздардын саны (даана) 

Суммасы (сом) 

Жыйынтыгында 

 

 

 

"Баштапкы репо" операциялары үчүн: пайыздык чен, бүткөрүлгөн күнүөрсөтүлсүн). 

Операция жүргүзүлгөн күн _______________ 

МО ________________ _________________________________ (колтамгасы) (Аты-жөнү

Аткаруучу: ____________________ 

Тел. __________________________ 

 

 

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу, Баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө жобого карата 

2-тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бөлүмү 

"ДЕПО" ТАПШЫРУУСУ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

"____________________________" (депоненттин аталышы) 

Операциялардын түрлөрү

(тиешелүүсүнүн алдын сызып кой) 

1. Сатып алуу 

2. Сатуу 

3. Репо шарттарында сатып алуу 

4. Репо шарттарында сатуу 

5. Өткөрүп берүү 

6. Кабыл алуу 

______ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы баалуу кагаздарга 

(суб-баланстын аталышы) 

ээлик кылуучулардын Башкы депозитарийиндеги ________алардын төмөнкү эмиссияларын которууну (суб-баланстын аталышы) өтүнөм. 

Операциялардын N 

Эмиссиясынын N 

Баалуу кагаздардын саны (даана) 

Суммасы (сом) 

Жыйынтыгында 

 

 

 

"Баштапкы репо" операциялары үчүн: пайыздык чен, бүткөрүлгөн күнүөрсөтүлсүн) 

Операция жүргүзүлгөн күн __________ 

МО __________ __________________ (колтамгасы) (Аты-жөнү

 

 

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу, Баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө жобого карата 

3-тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Баалуу кагаздарды рефинансылоо жана жайгаштыруу бөлүмү 

Күрөө коюучунун 

ТАПШЫРУУСУ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-октябрындагы № 47/10 токтомуна ылайык 

алынып салынды)