Кайта келүү

«Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө”  

Кыргыз Республикасынын мыйзам талабын аткаруу үчүн  

финансы-кредит мекемелеринин кредиттери боюнча орточо салмактанып  

алынган пайыздык чендерди эсептөө ыкмасы 

 

1. Бул ыкма «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесинин талабын аткаруу максатында, финансы-кредиттик мекемелердин (ФКМ) кредиттери боюнча пайыздык чендердин жол берилген чектүү деңгээлин белгилөө үчүн кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендерди эсептөө тартибин аныктайт. 

2. Орточо салмактанып алынган пайыздык чендерди эсептөө үчүн Улуттук банктан лицензия алышкан, иши ал тарабынан жөнгө салынган ФКМдер тарабынан (коммерциялык банктар, микро финансылык уюмдар жана кредиттик союздар) чейректин акырына карата бал боюнча улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредиттердин калдыгы боюнча айкын пайыздык чендерге тиешелүү отчеттук маалыматтар колдонулат. 

3. “Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесине ылайык, пайыздык чендердин чектүү жол берилген деңгээлинин өлчөмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечмелөөлөрүнө ылайык (жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2013-жылдын 10-сентябрындаыг №6-6490 жана /13 каты), тиешелүү мезгил үчүн Улуттук банк тарабына аныкталган, ФКМдердин орточо алынган пайыздык чендерине 15 базистик пунктту кошуу аркылуу эсептелинет. 

3. ФКМдердин кредиттери боюнча пайыздык чендердин чектүү жол берилген деңгээлин белгилөө үчүн орточо салмактанып алынган пайыздык чен жарым жылдык негизде эсептелинип, Улуттук банктын расмий сайтында жарым жылдык башталган чейин бир ай мурда жарыяланат. Биринчи жарым жылдыкка орточо алынган пайыздык чендер өткөн жылдын 3-чейрегинин акырына карата алынган маалыматтар боюнча эсептелинип, 30-ноябрда жарыяланып, 1-январдан 30-июнга чейинки мезгил ичинде колдонулат. Экинчи жарым жылдыкка орточо алынган пайыздык чен өтүп жаткан жылдын 1-чейрегинин акырына карата алынган маалыматтар боюнча эсептелинип, 31-майда жарыяланып, 1-июльдан 31-декабрга чейинки мезгил аралыгында колдонулат. 

4. ФКМдердин кредиттери боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен отчеттук чейректин акырына карата улуттук жана өлкө валюталарындагы кредиттердин калдыгы боюнча ФКМдердин орточо алынган пайыздык чендеринин көбөйтүндү суммасынын ФКМдердин отчеттук чейрекке карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредит портфелинин калдыгынын суммасына карата катышынын ФКМдердин улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредит портфелинин калдыгынын жалпы көлөмүнө карата катышы катары эсептелинет.  

ФКМдердин кредиттери боюнча пайыздык чендердин чектөө жол берилген деңгээлин белгилөө үчүн орточо алынган пайыздык чен төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

C = (Ck*Vk+Cm*Vm+Cu*Vu) / (Vk+Vm+Vu), мында 

Ck коммерциялык банктардын тиешелүү чейректин акырына карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредиттер боюнча айкын орточо салмактанып алынган пайыздык чени; 

Cm микрофинансылык уюмдардын тиешелүү чейректин акырына карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредиттер боюнча айкын орточо салмактанып алынган пайыздык чени  

Cu кредиттик союздардын тиешелүү чейректин акырына карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредиттер боюнча айкын орточо салмактанып алынган пайыздык чени; 

Vk коммерциялык банктардын тиешелүү чейректин акырына карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредит портфелинин көлөмү

Vm микрофинансылык уюмдардын тиешелүү чейректин акырына карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредит портфелинин көлөмү

Vu кредиттик союздардын тиешелүү чейректин акырына карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредит портфелинин көлөмү