Глобалдуу акча жумалыгы 2025 иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы 2025-жылдын 8-11-апрель күндөрү Каракол шаарындагы жогорку класстын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук, улуттук валюта  кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери жана финансылык шылуундар боюнча лекция өткөрдү

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар боюнча көргөзмө уюштурулду.