2025-жылдын 7-мартында Улуттук банкта Дүйнөлүк банктын экспертинин катышуусунда «ФАТФ стандарттары жана тобокелдиктерге баа берүү жана тобокелдикке негизделген мамилени колдонуу боюнча эл аралык практика» темасында семинар болуп өттү.  

                  Иш-чарага коммерциялык банктардын, төлөм уюмдарынын, төлөм системасынын операторлорунун, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана алмашуу бюролорунун өкүлдөрү катышты. 

         Мындан тышкары, семинардын жүрүшүндө Улуттук банктын кызматкерлери банк секторунда, төлөм уюмдары секторунда, банк эмес финансы-кредит уюмдарында жана алмашуу бюролорунда террористтик ишти каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо тобокелдиктерин сектордук баалоонун алдын ала жыйынтыктары менен тааныштырышты.