Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 28-январынан 2-февралына чейин Германиянын Берлин шаарында жыл сайын өтүүчү World Money Fair Дүйнөлүк акча көргөзмөсүнө катышты.
Улуттук банктын Дүйнөлүк акча көргөзмөсүнө катышуусунун максаты Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын улуттук валюта аркылуу таанытуу жана жайылтуу болгон.
Көргөзмөдө «Тарыхый окуялар», «Кыргыз каганатынын доору», «Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары», «Улуттук музыкалык аспаптар», «Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар», «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары», «Кыргызстандын Кызыл китеби» серияларында чыгарылган Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдырган улуттук валютанын банкноттору жана коллекциялык монеталары түрүндө Улуттук банктын экспозициясы көрсөтүлдү. Көргөзмөгө жалпысынан улуттук валютадагы банкноттордун жана монеталардын 30дан ашык түрдүү экспонаты коюлган.
Коллекциялык монеталар жана улуттук валютанын банкноттору мурунку жылдардагыдай эле, нумизмат коллекционерлеринин гана эмес, нумизматика тармагынын эксперттеринин, ошондой эле көргөзмөгө келгендердин – эксклюзивдүү буюмдарды сүйүүчүлөрдүн да чоң кызыгуусун жаратты.