Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2025-жылдын 9-январынан тартып 23-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:  

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150, 1-бөлүк (үлүш) дареги боюнча жайгашкан «Союз лтд» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 27-январындагы №6698 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 86, №2 кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Стимул Аскат» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 6781 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 182 дареги боюнча жайгашкан «Ават финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 17-ноябрындагы №6637 лицензиясы.