Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 2024-жылдын 28-октябрында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун № 63 кесиптик лицейинин окуучуларына көчмө лекция өткөрүштү.  

Лекциянын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилген.   

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө, улуттук валютабыз  сомдун өнүгүү этаптары жана эскилиги жеткен жана жараксыз банкнотторду жарактуу банкнотторго алмаштыруу жөнүндө маалымат берилди.