Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталат
2024-жылдын 28-октябрынан баштап Кыргызстанда «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» иш-чарасы башталат. Бул кеңири масштабдуу иш-чара Кыргызстанда 2015-жылдан бери Улуттук банк тарабынан координацияланып, мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин жана башка катышуучулардын көмөктөшүүсү менен жүргүзүлүп келет.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн негизги максаты - калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн алкагында 28-октябрдан 1-ноябрга чейин Бишкек шаарында жана аймактарда мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компанияларынын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен биргеликте ар кандай иш-чаралар, атап айтканда ачык сабактар, лекциялар, интерактивдүү оюндар, экскурсиялар, ачык эшик күндөрү, сынактар жана викториналар өткөрүлөт. Иш-чаралардын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилет.
Финансылык кызматтар боюнча консультация берүү жана банктык, микрофинансылык жана башка финансылык кызматтар жөнүндө маалымат берүү максатында 2024-жылдын 31-октябрында саат 10.00-14.00гө чейин Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү 547 дареги боюнча Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн алкагында финансы-кредит уюмдары жана мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулуп жаткан финансылык жарманке өтөт. Финансылык жарманкеге бардык каалоочулар катышса болот (кирүү акысыз).
Иш-чаралар тууралуу кененирээк маалымат Финсабат маалымат-билим берүү порталынынhttps://finsabat.kg/ «Жаңылыктар» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Иш-чаралардын планы шилтемеде жайгаштырылган.