Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында төмөнкү талаптар боюнча ачык сынак жарыялайт:
Сериясы |
Темасы |
Металлы |
Салмагы (г) |
Диаметри (мм) |
Формасы |
Кыргыздын салттары жана үрп-адаттары |
Тушоо кесүү |
Күмүш 925° |
28,28 |
38,61 |
Тегерек |
Тарыхый окуялар |
Эгемен Кыргыз Республикасына - 35 жыл |
Алтын 999° |
7,78 |
22,00 |
Тегерек |
Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш:
- берилген темага шайкеш келүү;
- жогорку деңгээлде көркөм аткаруу;
- маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келүү;
- жеке чыгармачылык.
Сынактын шарттары:
1. Монетанын жасалгасына коюлган талаптар
«Тушоо кесүү» коллекциялык монетасы:
- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Тушоо кесүү»;
- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2025», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш.
Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.
«Эгемен Кыргыз Республикасына - 35 жыл» коллекциялык монетасы:
- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (100 сом) жана «Эгемен Кыргыз Республикасына – 35 жыл» / Независимой Кыргызской Республике – 35 лет» жазуулары;
- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2026», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш.
Монетанын металлы жана сапат белгиси (Au 925), салмагы (7,78 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.
2. Эскиздин долбоорлорун тариздөөгө талаптар:
- А4 форматындагы фотокагаз, барактын жогору жагында монетанын аталышы, монетанын аверс/реверсинин көрсөтүлүшү, рельефтин нукура көлөмдө иштелип чыккан монетанын сүрөтү, чоңойтулган түрдө монетанын сүрөтү (150 мм) көрсөтүлөт;
- эскиздик долбоорлорду JPG форматында kartykova@nbkr.kg эл. дарегине жөнөтүү.
Ар бир эскиздин долбооруна сунушталган коллекциялык монетанын дизайнынын маанисинин мазмуну боюнча комментарийлер тиркелиши керек.
3. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлорун тапшыруу мөөнөтү 2024-жылдын 5-декабрына чейин.
4. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын 117 иш бөлмөсүнө тапшырылат.
Кошумча маалыматты 0312 66 92 26, 0312 66 92 25 телефон аркылуу алсаңыздар болот.