Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 25-сентябрында № 2024-П-12/46-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.