Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 4-июлунда Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун тургундарына «Финансылык сабаттуулук» боюнча пландаштырылган көчмө лекция өткөрүштү

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансы маселелерин талдоо менен жагдайлар, орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргоо, ошондой эле финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу айтып беришти.