Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, атап айтканда, лицензияда каралбаган операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн, Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 146-үй дареги боюнча жайгашкан «Люксор Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 18-августундагы № 6567 лицензиясы 2024-жылдын 6-июнунан тартып кайтарылып алынды.