2024-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү.  

Семинардын максаты  Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча Улуттук банктын иши менен тааныштыруу, ошондой эле жеке финансыны башкаруу, каражат топтоо, карыз алышуу, улуттук финансы инструменттерине инвестициялоо жана финансылык коопсуздук боюнча билимди арттыруу.  

Семинар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы №119-т тескемеси менен бекитилген 2022-2026-жылдарга финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.