Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы 2024-жылдын 17-майында Эл аралык музей күнүнө карата жана улуттук валюта  кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилген күнүн белгилөөнүн алкагында Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнүн өткөрдү

Музейдин коноктору улуттук валютанын түптөлүшү жана өнүгүү тарыхы, банкнотторду жана монеталарды чыгаруу баскычтары, Улуу жибек жолу өркүндөгөн мезгилде Кыргызстандын акча жүгүртүү тарыхына байланыштуу монеталар экспозициясы жана Улуттук банк тарабынан 1995-2024-жылдары аралыгында чыгарылган коллекциялык монеталар менен таанышып чыгышты. 

Ошондой эле келген конокторго улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери тууралуу лекция окулду.