Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилген күнүнө карата, 2024-жылдын 17-майында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө лекция өткөрүштү.  

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге улуттук валютабыз сомдун калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары тууралуу айтып беришти. 

Ошондой эле, үй-бүлө бюджетин пландаштыруу, акчаларды туура топтоо жана инвестицияга жумшоо боюнча маалыматтар берилди.