Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү 

 

2023-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы К. Бөкөнтаев менен коммерциялык банктардын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү

Жолугушуунун жүрүшүндө 2022-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айтылган банк тутумунун ишмердүүлүгүнүн айрым багыттары боюнча иш-аракеттер тууралуу маселе талкууланды.  

Улуттук банктын Төрагасы тарабынан коммерциялык банктар чет өлкө валюталарын нак акчага айландыруудагы учурдагы комиссиясын карап чыгуусу, алардын негиздүүлүгү менен калктын бул кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн эске алуусу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле, нак жана нак эмес чет өлкө валюталары менен иштөө талаптарын эске алуу, Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД (терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жөнүндө) мыйзамдарын сактоону жана банктардын ишинде ички контролдук системасын күчөтүү зарылдыгы айтылды.  

Коммерциялык банктарга кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана банктардын бардык бөлүмдөрүндө банктык кызматтардын талаптагыдай көрсөтүлүшүнө көзөмөлдү камсыздоо боюнча баардык зарыл чараларды көрүү, ошондой эле кардарлардын арасында өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды. 

«Учурдагы шарттарда коммерциялык банктар өз стратегиясын кайра карап чыгып, активдердин сапатын жакшыртууга, кардарларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде пайыздык ченди төмөндөтүү жолу менен кардарлар базасын сактоого жана көбөйтүүгө басым жасашы зарыл. Анын ичинде кредиттер боюнча пайыздык чендерди азайтуу менен, тарифтер жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссияларды, атап айтканда, чет өлкө валютасындагы каражаттарды конвертациялоо жана накталай чыгарып алуудагы комиссияларды карап чыгуу керек», - деп баса белгиледи К.Бөкөнтаев. 

Жолугушууда ошондой эле банктар тарабынан мыйзам талаптарынын сакталышын Улуттук банк туруктуу негизде көзөмөлдөп турары жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда тийиштүү чаралар көрүлө тургандыгы кошумчаланды.