Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 2024-П-09/46-4-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому (мындан ары – токтом) менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
- коммерциялык банктарга 2025-жылдын 1-январына чейин эскилиги жеткен жана эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилсин.
Токтом Улуттук банктын расмий сайтынын «Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.