Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2024-жылдын 10-сентябынан тартып төмөнкү алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиялары кайтарылып алынды: 

- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 18-үй, 1-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «БМД ГРУП» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 30-апрелиндеги №6799 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129-үй дареги боюнча жайгашкан «КЖ ноль бир» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 6288 лицензиясы.