1. 2024-жылдын 28-августунан 30-августуна чейин жүргүзүлгөн рейддик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун, Ош областынын Араван жана Кара-Суу райондорунун аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 13 жаранынын ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

2. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

3. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош шаары, А. Масалиев пр., 58-үй, 27-квартира дареги боюнча жайгашкан «Рысбек Валюта» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросуна нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 5-декабрында берилген № 6653 лицензиянын аракети 2024-жылдын 31-августунан тартып 14-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.