Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору финансы-кредит уюмдарында тейленүүдө жеке ишкерлер тарабынан колдонулуучу документтердин тизмесин кеңейтүүгө багытталган.
Токтом долбооруна ылайык, өзгөчө режимдеги соода аймагында салыктын негизинде иш жүргүзгөн жеке жак өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө салык кызматы органынын чечимин эсеп ачууда же кредит/каржылоо алууда финансы-кредит уюмдарына берүүгө укуктуу.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 30-сентябрынан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.