Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтомдун долбоору банктарга аудитордук уюмдарды, анын ичинде эл аралык аудитордук фирмалар тармагынын катышуучулары болуп саналган аудитордук уюмдарды кеңири тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 30-сентябрынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.