Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын  Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 27-август күнү  Талас областынын Айматов районунун жергиликтүү калкына жана Айтматов райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине көчмө лекция өткөрүштү.   

Лекциянын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери, финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, заманбап технологияларды колдонуу менен финансылык алдамчылык учурлары, ошондой эле эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди.