Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

2024-жылдын 27-августунан тартып 5-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Ош шаары, Навои көчөсү, номери жок (болжолу: «Келечек» базары) дареги боюнча жайгашкан «Арууке ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2021жылдын 26-октябрындагы № 6215 лицензиясы; 

- Ош шаары, Навои көчөсү, номери жок, «Келечек» базары, 10 а соода түйүнү дареги боюнча жайгашкан «Улук-Мукай» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023-жылдын 22-февралындагы № 6470 лицензиясы; 

2024-жылдын 27-августунан тартып 2-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Ош областы, Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү, номери жок (болжолу: «Туратали» базары) дареги боюнча жайгашкан «Хан-Тенири Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2021-жылдын 16-декабрындагы № 6237 лицензиясы; 

- Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, номери жок (болжолу: борбордук базар, күрүч сатылган катар) дареги боюнча жайгашкан «Валюта ММА» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2022-жылдын 21-сентябрындагы № 6362 лицензиясы. 

Ошондой эле, тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, номери жок (болжолу: «Мээрчөп» дарыканасы) дареги боюнча жайгашкан «Фахридин» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросуна нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 16февралында берилген № 6466 лицензиянын аракети 2024-жылдын 27-августунан тартып 2сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.