1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы чечими менен «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коомуна электрондук акчаны чыгарууга уруксат берилгендигин билдирет. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы чечими менен «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коомуна башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттуу жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдары менен накталай жана накталай эмес формада операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берилгендигин билдирет.